Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

15.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 27-декабрь № 103

Транспорт чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

         Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, муниципалдык коомдук транспорт менен ташуу кызматтары үчүн акы төлөө тутумун өркүндөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 «Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 69-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн төлөмдөрдү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген дифференцияланган тариф боюнча накталай формада алууга жол берилет.».

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                                       К. Конгантиев

 

 

15.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 27-декабрь № 106

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине элүү жүргүнчүлөр автобусун акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы          № 291 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине тиркемеге ылайык Жалал-Абад шаарынын мэриясына акысыз өткөрүп берүүсү үчүн элүү жүргүнчүлөр автобусун акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  К. Конгантиев

15.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 27-декабрь № 105

Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү, аларды жеке жактардын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырууга уруксат берилүүчү өзгөчө учурларды аныктоого карата толуктоолорду киргизүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

1-пункт төмөнкү мазмундагы 5-, 6-, 7-абзацтар менен толукталсын:

“2023-жылдын Азия оюндарынын чемпиону болгон Бишкек шаарынын ОРБӨАМсынын тарбиялануучулары жана өзүнүн менчигинде же  аны менен бирдикте жашаган үй бүлө мүчөлөрүнүн, жакын тууганынын  менчигинде кыймылсыз объекти жоктор;

Бишкек шаарынын мэринен Бишкек шаарында муниципалдык батир алууга сертификат алган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары;

2023-жылдын Азия оюндарынын чемпиону болгон Бишкек шаарынын ОРБӨАМсынын тарбиялануучулары жана өзүнүн менчигинде же  аны менен бирдикте жашаган үй бүлө мүчөлөрүнүн, жакын тууганынын  менчигинде кыймылсыз объекти жоктор.”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                   К. Конгантиев 

 

15.01.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 27-декабрь № 104

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине бир жүргүнчү автобусту акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы  № 291 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине улуттук коопсуздук органдарына өткөрүп берүүсү үчүн завод номери LCK6105HGC, VIN  коду LDYGCSIUIPOO31969, баланстык наркы  8893880 (сегиз миллион сегиз жүз токсон үч миң сегиз жүз сексен) сом, инвентаризациялык номери 1317 “ZHONG TONG BUS” бир жүргүнчү автобусун  акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  К. Конгантиев

 

 

09.01.2024-ж. жарыяланды

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Усубалиев Таалайбек Болотбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.

 2. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

6 – пункттун 3 – абзацындагы "Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна" деген  сөздөр "Усубалиев Таалайбек Болотбекович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.


Төрагасы                                                                                       К. Конгантиев