Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 5-октябрь № 95

Бишкек шаарында жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды түзүү жана берүү тартибин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер, Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

2-тиркемеге ылайык, Жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участогун ижаралоонун типтүү келишими.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери  боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                         К. Конгантиев