2026-жылдын 27-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Кезексиз сессияга Бишкек шаардык кеңешинин төраганын орун басарлары Жылдызбек Абдраимов, Алмаз Шананов жана Алмаз уулу Аскар, фракциялардын лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жайнак Ибрагимов, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин аткарылышы менен башталды. Андан соң күн тартибиндеги «Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Участкалык шайлоо комиссияларынын резервин комплектөө үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору каралып, депутаттар тарабынан колдоого алынды.Ушуну менен Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы өз ишин аяктады.
Жаңылыктар
2026-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынында 2026-жылдын 18-декабрында өтүүчү кезектеги V Элдик Курултайга катышуу үчүн шайланган делегаттардын тизмеси
2026-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынында кезектеги V Элдик Курултайга (2026-жылдын 18-декабрында) катышуу үчүн шайланган делегаттардын тизмеси:
1. Орозалиев Джумалы Бейшекеевич
2. Бактыбаева Айдайкан Нуржановна
3. Токоев Иса Насыралиевич
4. Молдалиев Турар Турсунбекович
5. Калилов Кадыр
6. Чекиров Мамбеткерим Беккелдиевич
7. Шамиева Замира Ишенбаевна
8. Бакиева Айгуль Алтымышевна
9. Кадыров Мелисбек Элчибаевич
10. Айдарбек кызы Айзада
11. Айтикеев Кеңешбек Ороскулович
12. Турапов Майрамбек Акматбекович
13. Курманбеков Айтбек Койчуманович
14. Джузубалиева Асылкан Кемелбековна
15. Иманбердиев Досаалы Чоюбекович
16. Кермалиев Таалайбек Жунушевич
17. Жолдошбаев Камчыбек
18. Осмонов Мирбек Лисбекович
19. Чынарбекова Алтынкүл
20. Джанботоева Зинат Алдамуратовна
21. Садыкбекова Айгүл Асановна
22. Муканбектова Жумагүл Бекбоевна
23. Боромбаева Токтокан Жолуевна
24. Орозматов Гаарба Куручбекович
25. Алибеков Болотбек Раевич
26. Аскаров Максатбек Калбаевич
27. Үсөнбаева Загипа Бейшеевна
28. Чойбеков Малик Алымович
29. Курманов Нурлан Сүйменалиевич
30. Апсаматов Гудус Арстанкулович
31. Кыштообаев Кайрат Дарканбаевич
32. Нургазиева Гулнина Шайлооевна
33. Каракозиева Самарбүбү Ишенбаевна
34. Казыбаев Орокбай Мамасалиевич
35. Иманалиев Курманбек Белекович
36. Усупов Тилек Сабырович
37. Турдакматова Тамара Табалдиевна
38. Бешкемпирова Гульмира Аламановна
39. Курманкулова Гульмира Сапаровна
40. Кабылбеков Аскарбек Акылбекович
41. Эрмекбаев Жээнайым Аманжановна
42. Жумалиев Эмлис Азимжанович
43. Жээналиев Марат Субанбекович
44. Ажыбеков Шаршенбай Усеналиевич
45. Шаршеев Эржан Өткүлбекович
46. Шамбетов Бактыбек Абдылдабекович
47. Кыдырмаев Боскун Эсеналиевич
48. Лепесов Эркин Карпаевич
49. Кулмамбетов Бакытбек Чолпонбекович
50. Мусабаева Динара Абдумаликовна
51. Төрөбеков Муххамед Аязбекович
52. Дюшеева Гульмира Самтыевна
53. Исаев Эдилбек Жолочиевич
54. Шадыканова Венера Маркабековна
55. Аюпов Джамалдин Пазилович
56. Ураимова Насыхат Акбаркановна
57. Баргыбаев Жаныбек Додонович
58. Албакова Айжан Ормонбековна
59. Тихонова Татьяна Витальевна
60. Сарыбаев Таалайбек Сагынович
61. Абыканова Толкун Салимбековна
62. Бакиров Амирбек Жеентаевич
63. Жумабеков Канат Мамытович
64. Осокеева Аида Сайырбековна
65. Оторова Лаазым Раскуловна
66. Дондоева Гүлбүбү Жунусалиевна
67. Чодонов Нурлан Бакытович
68. Жукеев Мирлан Медетбекович
69. Тулендыбаев Пархат Розымович
70. Шаршеков Нурлан Карыпбекович
71. Кусегенов Садатбек Түлкүевич
72. Асанбеков Жаныбек Асанбекович
2026-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарынынжергиликтүү коомдоштугунун жыйынында шайланышкан кезектеги V Элдик Курултайдын делегатынын резерви:
1. Эгимбаев Назик Ашымович
2. Ташполотова Махабат Мурзабековна
3. Кулжабаева Арина Талапбековна
4. Искандаров Мурат Сатиевич
5. Асангожоева Чолпон Имеровна
6. Айжигитов Уланбек Исмагуллаевич
7. Субанов Айбек Манасбекович
8. Жукешов Тыныбек Шаршенбиевич
9. Тогузбаева Гаухар Абылгазиевна
10. Сафронова Лия Николаевна
11. Бирюшев Денис Туратбекович
12. Садыбакасова Гүлзат Төлөнбаевна
13. Конушбаева Айзада Каратаевна
14. Раева Чинара Баишбековна
15. Абдыров Төлөнбек Шакирович
16. Титова Екатерина Владимировна
17. Токтогожоев Таалайбек Самудинович
18. Дастан уулу Адилет
19. Турдубаев Жолдошбек Мамаражапович
20. Абдрахманова Чынара Үсөналиевна
21. Мендибаев Нуратбек
22. Темирбек кызы Махабат
23. Джаманкулов Жанат Медетович
24. Арапов Эркинбек Какиевич
25. Айтбаев Жоошбай Абдамитович
26. Нааматбекова Назгүл Капрановна
27. Карымшакова Дилара Шамбетовна
28. Курсантов Урмат Караевич
29. Конушев Омурбек
30. Самтыров Койчуман Эсенгелдиевич
31. Мамытова Динара Асековна
32. Мамыров Ашыраалы Тургунбаевич
33. Эрманбетов Сынчыбек Темирканович
34. Шерматов Абдиназар Батырбекович
35. Самиева Альфия Халимовна
36. Мамакеева Замира Токторбековна
37. Рудов Сергей Александрович
38. Кожогулова Алмагулл Бутабаевна
39. Муктарова Нуржамал Муктаровна
40. Молдалиева Жыпаркүл Юсуповна
41. Токтобаев Рустам Мамашарипович
42. Купешев Эрлан
43. Оморов Асыкбек Мамбетакунович
44. Койчуманов Айбек Мааметович
45. Абылов Ажыбек Ибраимбекович
46. Сатаров Токтобек Мурсалиевич
47. Турдумамбетов Мухаммет
48. Абдыбеков Алыбек Сыдыкович
49. Эсенгелдиев Айбек
50. Токтосунов Алтынбек Токтосунович
51. Сулайманкулов Олжобай Бейшенбекович
52. Мамытканова Дильбара Урказиевна
53. Конурбаев Бактыгул Чүкүшович
54. Салимова Алия Рахметуллаевна
55. Бабашева Кулюсун Бегалыевна
56. Джумагулова Татьяна Советовна
57. Алиев Тельман
58. Захарова Алла Николаевна
59. Турганбаева Бурулсун Алымкуловна
60. Болотбекова Марал Таштанбековна
61. Исакова Кыял Асыранкуловна
62. Асылбеков Акылбек
63. Токталиев Айбек Болотбекович
64. Чомоева Уулбүбү Туратбековна
65. Нарматов Алтынбек Абибиллаевич
66. Эсенгазиева Иса Токтобекович
67. Ботонбаев Мирлан Сакунович
68. Чотбаев Абдыгул Абдырашитович
69. Ибрагимов Рустам Рахимович
70. Агалыкова Равза Маратовна
71. Мамыталиев Мурат Абдыназарович
72. Базаркулов Буркутаалы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 24-октябрында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жана коомдук бирикмелердин тургундар жыйындарында шайланган активисттери катышты. Жыйында 500 шайланган өкүлдүн ичинен 459 катышып, кворум камсыздалды.
Жыйынды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев расмий түрдө ачып, ага төрагалык кылды. Иш-чарага төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү да катышышты.
Бекжан Усеналиев Бишкек шаарынын өкүлдөрүнө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, шайланган 72 делегатты куттуктап, алдыда боло турган V Элдик Курултайда ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып баруусун каалады.



2026-жылдын 20-октябрында Бишкек шаардык кеңешинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Аталган иш-чараны Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов жетектеди. Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана жумушчу топтун мүчөлөрү, Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынын лидери Эркин Салымбеков, «Ынтымак» фракциясынын лидери Дүйшөн Бектемиров, «Адилет» фракциясынын лидери Эркин Бахтияров жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 24-октябрында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда өтө турган Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына даярдык көрүү жана аны уюштуруу маселелери каралды.
Катышуучулар алдыдагы иш-чараны белгиленген талаптарга ылайык өткөрүү боюнча уюштуруу иштеринин жүрүшүн талкуулап, тиешелүү маселелерге көңүл бурушту.
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыгына, 2025-жылдын 25-декабрында IV Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуну, кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 1 протоколу менен бекитилген Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык, ошондой эле XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин XV кезексиз сессиясынын чечиминин негизинде, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйындарынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйындарынын жыйынтыгы боюнча 2026-жылдын 24-октябрында, саат 10:00дө, Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 197 (Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору) дарегинде Кезектеги V Элдик Курултайга Бишкек шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өткөрүлөт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине тапшырылуучу документтердин тизмеси:
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу;
- макулдук формасы.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтардын типтүү формасы.
Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 61-34-65
2026-жылдын 5-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы болуп өттү
2026-жылдын 5-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Кезексиз сессияга Бишкек шаардык кеңешинин төраганын орун басарлары Алмаз Шананов жана Алмаз уулу Аскар, фракциялардын лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэрдин орун басарлары, Бишкек шаарынын төрт районунун акимдери, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин аткарылышы менен башталып, андан соң Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары Ренат Солтонов жана Арафат Исмаилов депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришип, ант беришти. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Ренат Солтонов “Жаңы күч – Новая сила” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп таанылды. Ал эми Арафат Исмаилов “Адилет” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп таанылып, депутаттык мандаттарын алышты.
Ошондой эле кезексиз сессиянын жүрүшүндө “Адилет” фракциясынын лидери Таалайбек Дайырбеков өз каалоосу менен фракция лидерлигинен баш тартты. “Адилет” фракциясынын жаңы лидери болуп депутат Эркин Бахтияров шайланды.
Кезексиз сессиянын күн тартибине ылайык депутаттар төрт маселени карашты:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө.
2. “Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 163 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
3. “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
4. “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
Күн тартибиндеги бардык маселелер каралып бүткөндөн кийин кезексиз XV сессия өз ишин жыйынтыктады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 Жарлыгын аткаруу максатында 2026-жылдын 8-октябрынан 16-октябрына чейин Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйындары өткөрүлөт
Сессиянын жүрүшүндө 2026-жылдын 18-декабрында өтө турган V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүүгө байланыштуу маселелер каралат.16:06
Сессия Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага төраганын орун басарлары Жылдызбек Абдраимов жана Алмаз уулу Аскар, фракциялардын лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, Бишкек шаарынын төрт райондук администрациядарынын башчылары, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Сессиянын башталышында Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары - Алмаз Шананов («Ынтымак» фракциясы) жана Шаршенбай уулу Руслан («Эмгек» фракциясы) салтанаттуу түрдө ант берип, расмий түрдө депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Андан кийин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Бектемиров «Ынтымак» фракциясынын лидери болуп шайлангандыгына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз берди. Депутаттар анын арызын колдошуп жашыруун добуш берүү аркылуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына депутат Алмаз Шанановду шайлашты.
Күн тартибиндеги бардык маселелер эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, анын жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы өз ишин ийгиликтүү аяктады.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Президиумдун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Дүйшөнбек Бектемиров, Алмаз уулу Аскар, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэрдин орун басарлары жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары катышты.
Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралып, түзүлдү.
2026-жылдын 31-мартында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы аяктады.
Сессия Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун, фракция лидерлеринин, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин, Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын, Бишкек шаарынын төрт райондук администрациясынын акимдеринин, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Жалпысынан, депутаттар 17 маселе карашты. Бардык маселелер добуш берүүдө колдоо тапты, XIII сессия өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Президиумдун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэрдин орун басарлары жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары катышты. Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралып, түзүлдү.
Урматтуу борбор калаабыздын тургундары, мекендештер!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Жаркыраган жаз менен эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди. Нооруз майрамы - токчулуктун, ырыскынын, жаңылануунун майрамы! Байыртадан бул күн жаңы көктөмдүн башталышын жар салган өзгөчө күн катары белгиленип келген. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, күн түн менен теңелип, табият ойгонот.
Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, ар бир үйгө бакыт, кубаныч алып келсин! Ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими болсун.
Шаарыбыздын өнүгүшү, ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу - биздин башкы максатыбыз. Биргелешкен аракет, жоопкерчилик жана жарандык активдүүлүк аркылуу борбор калаабызды мындан да көрктүү, ыңгайлуу жана коопсуз шаарга айландыра алабыз деп ишенем.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Нооруз жүрөгүбүздү кубанычка, жаркын келечекке болгон үмүткө толтурсун. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жанырып, бакыт менен ырыскыга толсун, өлкөбүздө тынчтык, токчулук болсун!
Урматтоо менен,
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев.
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбор калаанын коноктору!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Орозоңуздар кабыл болсун жана бардык жакшы тилектер орундалсын!
Ыйык Орозо айында жасалган бардык жакшы иштер улантылсын! Элибиздин биримдиги бекем болуп, өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсун. Ар бирибиз жакшы иштерди жасап, коомубуздун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо берели.
Бул куттуу күн ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана жылуулук алып келсин. Жараткан ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, ырыскы-насип жана үй-бүлөлүк бакыт берсин. Үйлөрүңүздөрдө дайыма кубаныч, ынтымак жана береке орносун.
Айтыңыздар маарек болсун!
Урматтоо менен,
Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиев.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети





































