Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 5-октябрь № 91

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, ошондой эле Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий  мурасын сактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

 «он» деген сөз «жыйырма» деген сөз менен алмаштырылсын;

“Кыргызстан - Азербайжан достугу сейилбагына” деген сөздөрдөн кийин “  , “Пригородный 30га конушун” жана ушул конуштун көчөлөрүн” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча, муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияларына жана тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына  жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                    К. Конгантиев