Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

19.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИ
ТОКТОМУ

2023-жыл 27-декабрь № 108

Бишкек шаарындагы гүлбакчага “Кыргыз Республикасынын Эл артисти Төлөгөн Томотоев атындагы гүлбакча” аталышын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 09-3/1318 өтүнүч катын, 2022-жылдын 2-июнундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарындагы  “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароо жөнүндө” кеңешмесинин № 18-2137 протоколун, Бишкек шаарында топонимика жана элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын   2022-жылдын 12-октябрындагы № 4 протоколун эске алуу менен,   шаардыктардын жана борбордун меймандарынын эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген чиймеге ылайык, Бишкек шаарындагы Анарбек Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүлбакчага “Кыргыз Республикасынын Эл артисти Төлөгөн Томотоев атындагы гүлбакча” аталышы ыйгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

үч айлык мөөнөттө  тиркелген чиймеде белгиленген жер участокту бөлүүнүн жана аны  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтаруунун мыйзамдуулугу маселени карап чыксын;

жасалган иштин жыйынытыгы боюнча,  тийиштүү Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорун киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев

 

15.01.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 27-декабрь № 102

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, жүргүнчүлөр транспортунун муниципалдык ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомунун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаарынын аймагында жол жүрүү акысы үчүн жаңы тарифтер менен экспресс каттамдарды уюштуруу жөнүндө маселени иштеп чыксын;

б) жол жүрүү билеттеринин түрлөрүн (суткалык, жумалык, айлык, жылдык) көбөйтүү жөнүндө маселени карасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                           К. Конгантиев

 

15.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-ЖЫЛДЫН 27-ДЕКАБРЫНЫН № 110

2023-жылдын 9 айы үчүн Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын иши тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, “Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 9 айы үчүн Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын иши тууралуу маалыматты” угуп, Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 5-ноябрындагы №18 корутундусун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 9 айы үчүн Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын иши боюнча отчету эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэри:

Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы                                         Ж. А. Орозалиевге карата чара көрсүн жана ишиндеги кемчиликтерди  четтетсин;

бул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты 2024-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешине берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине  (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                  К. Конгантиев

15.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-ЖЫЛДЫН 27-ДЕКАБРЫНЫН № 100

Бишкек шаарынын мэриясынын ведомствого караштуу бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды  көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-1-тиркемеге ылайык, акы төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар);

- 2- тиркемеге ылайык, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар);

-3- тиркемеге ылайык, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар).

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана  Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев)  жүктөлсүн.

Төрага                                                                                       К. Конгантиев

 

15.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 27-декабрь № 112

Нан жана нан азыктары менен камсыздоо жөнүндө

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу муниципалдык социалдык мекемелерди, ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарды нан жана нан азыктары менен камсыздоо максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-жана  3-пункттарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу социалдык мекемелер, ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн нан жана нан азыктарын өндүрүүчү болуп аныкталсын.

2.   Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                                                        К. Конгантиев