Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,   Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүү менен байланышкан ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү жана оптималдаштыруу, административдик-уюштуруу процесстерди жакшыртуу, жеке жана юридикалык жактардын арыздарын өз убагында кароону камсыздоо, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтому менен белгиленген мораторий үч жылдык мөөнөткө узартылсын.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттагы:

экинчи абзац “муниципалдык менчиктин объекттеринен” деген сөздөрдөн кийин “, банкттык күркөлөрдөн, өзүнчө турган электр генераторлорунан, аялдама комплекстеринен, нан азыктарын сатуу боюнча муниципалдык объекттерден, жарнамалык көрсөткүчтөрдөн» деген сөздөр менен толукталсын, “уюлдук байланыш мунараларын (бийик секилерин)” деген сөздөрдөн кийин “, жарнамалык конструкцияларды, батуттарды” деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзац “желимдөөнү” деген сөздөн кийин  “, автотранспорттук каражаттарды сатуу алдында даярдоо пункттарын” деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: «2. Өз алдынча бирдикке бөлүүгө жана кийин тоорукка коюуга тийиш болгон жаңы муниципалдык жер участокторун түзүүгө жана берүүгө бир жылдык мораторий белгиленсин.”;

3-пункттагы:

биринчи жана экинчи абзацтар төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: “3. Ушул токтомдун 1-пункту тарабынан белгиленген мораторий Бишкек шаарынын төмөнкү проспекттеринин, бульварларынын жана көчөлөрүнүн жээктериндеги муниципалдык менчиктин жерлерин берүүгө таркатылат:”;

үчүнчү абзацта:

бардык текст боюнча “Тынчтык” деген сөз “Чынгыз Айтматов” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Чүй проспекти” деген сөздөрдөн кийин “,.Шабдан Баатыр проспекти” деген сөздөр менен толукталсын;

“Шабдан Баатыр көчөсүнөн” деген сөздөр “7-апрель көчөсүнөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Шабдан Баатыр көчөсү (И. Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектине   чейин” деген сөздөр “7-апрель көчөсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Ж. Турусбеков көчөсү (Чуйков көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин” деген сөздөр алып салынсын;

“Ю. Гагарин көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Чынгыз Айтматов проспектинен Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин)” деген сөздөр менен толукталсын;

“Б. Юнусалиев көчөсүнө чейин” деген сөздөр “7-апрель көчөсүнө чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“, Анкара көчөсү” деген сөздөр “(Шабдан Баатыр проспектинен Токмок көчөсүнө чейин), Сүйөркулов көчөсү, Сүйүмбаев көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин), Михаил Фрунзе көчөсү (Сүйүмбаев көчөсүнөн  Жаш Гвардия бульварына чейин), Нуркамал көчөсү, Айтиев көчөсү, Куттубаев көчөсү, Профсоюз көчөсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

алтынчы абзац төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: “белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган уруксат документтери бар болсо, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жеңилдетилген типтеги объекттерге жана башка объекттерге ушул токтомдун күчү таркатылбайт;”.

3. Ушул токтомдун 1-пункту менен белгиленген үч жылдык мораторий жана 2-пункту менен белгиленген бир жылдык мораторий ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эсептеле тургандыгы аныкталсын.

4. Мораторий төмөнкүлөргө муниципалдык жер участокторду берүүгө таркатылбастыгы белгиленсин:

- мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга;

- мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн мамлекеттик үлүштө катышкан чарба жүргүзүүчү коомдорго;

- газ-, энергия-, суу- жана жылуулук менен жабдуу объекттери үчүн чарба жүргүзүүчү коомдорго.

5. Бишкек шаарынын мэриясы:

2019-жылдын 6 айынын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго укуктарды берүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзсүн, ачык-айкын процесстерди түзүү максатында башкаруу тутумун кайра карасын жана Бишкек шаардык кеңешке сунуштарды киргизсин;

Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн  жакшыртуу боюнча талдоо жүргүзсүн жана тийиштүү чараларды көрсүн;

жерлерди ижаралоо боюнча болгон дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча белгиленген тартипте чара көрсүн.

6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б. К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                           Ж. Б. Абиров

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо максатында, транспорттук айрылыш маселелерин чечүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 “Автомобилдерге май куюучу станцияларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: “2. Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялар үчүн жер участогун бөлүүгө жана аларды курууга он жылдык мораторий белгиленсин.”.

2. Бишкек шаарынын мэриясына  (Азыгалиев У. Ш., Алымкулов А. Э.) 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө техногендик жана экологиялык коопсуздукту эске алуу менен Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялардын ишин жөнгө салуу маселесин деталдуу талдап чыгуу жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Абдраев Б. К.) жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                  Ж. Б. Абиров

Бишкек шаары

2006-жылдын 31-январы N 158

ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарындагы турак жай фондун техникалык

тейлөө менен камсыз кылуу тармагында иштердин

абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар

жөнүндө

Бишкек шаарындагы турак жай фондун техникалык тейлөө менен камсыз кылуу тармагында иштердин абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө жумушчу комиссиянын маалыматын угуп, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши мурунку мамлекеттик көп квартиралуу турак жай үйлөрдү эксплуатациялоо жана оңдоо тутуму талкалангандан кийин анын ордуна башка үзүрдүү тутум түзүлбөгөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын турак жай фондусун тийиштүү деңгээлде күтүү жана техникалык тейлөө маселелери курчуп кеткендигин белгилейт. Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайлардын жаңы менчик ээлери адистештирилген мекемелерге жана уюмдарга (көбүнчө жеке менчиктеги) кызмат акысын төлөө менен бирге аталган үйлөрдү күтүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча убада кылынган жумуштарды жана кызматтарды ала алышпайт. Натыйжада Бишкек шаарындагы турак жай фонду тездик менен талкаланууда. Жарандардын арыздары жана нааразылыктары өсүүдө.

Ошону менен бирге, көп квартиралуу үйлөрдүн, мектептердин, бала бакчалардын, ооруканалардын, поликлиникалардын жана шаардын социалдык инфраструктурасынын башка объектилеринин техникалык тейлөөсүнүн жана оңдоосунун уюштуруу жана технологиялык негизин түзгөн Бишкек шаарынын муниципалдык өндүрүштүк ишканаларынын жана уюмдарынын реорганизациясы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдерин (86, 87, 93, 94, 230-статьялары) жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамын (29-статья) бузуу менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк Фондусунун, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилеринин түздөн түз катышуусу менен жүргүзүлгөн. Муниципалдык ишканаларды жана уюмдарды бир нече өзгөртүүлөрдүн жана трансформациялоонун натыйжасында Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусу 1997-жылда жүргүзүлгөн баа боюнча ондогон миллион сомдук мүлкүнөн (кыймылдуу жана кыймылсыз), имараттарга жана курулмаларга караштуу шаардык 10 гектир жеринен ажыраган. Сантехникалык жана электротехникалык жабдыктарды монтаждоо жана оңдоо боюнча адистештирилген ишканалар, өндүрүштүк-техникалык комплектациялоо башкармалыгы, ошондой эле өз курамында 150дөн ашык анча көп эксплуатацияланбаган жүк ташычуу жана атайын автомобилдердин бирдиктерин камтыган курулуштук механизациялаштыруу базасы жана башка көптөгөн техника, запастык тетиктер, материалдар жоюуга учураган.

"Бишкектуракжайоңдоо" муниципалдык туракжай-оңдоо ишканасынын негизинде түзүлгөн менчик ЖЧК-нын көп квартиралуу үйлөрдү техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча керектүү жабдыктары, өндүрүштүк аянттары, курулуш материалдардын кору жана тийиштүү квалификациядагы адистери жок. Бул айтылгандар мурдагы ведомстволордун туракжай-эксплуатациялоо уюмдарынын негизинде түзүлгөн ишканаларга жана уюмдарга дагы тийиштүү.

Адистештирилген ЖЧК-лар, үйбашкармалары (мындан ары - ҮБ) тарабынан колдонулуп жаткан көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн күтүү жана техникалык тейлөө боюнча келишимдер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекстин ченемдерине (130, 386, 653, 657-статьялар) жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына (4, 15-статьялар) ылайык келбейт. Ошону менен бирге аталган уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2002-жылдын 22-июлундагы N 198 "Көп квартиралуу турак жай үйдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча Келишимдин формасын бекитүү жөнүндө" буйругу менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Координациялык кеңеши тарабынан туура деп табылган Типтүү келишим эске алынган эмес.

Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 1998-жылдын 23-декабрындагы N 136 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун турак жай фондусун техникалык тейлөө боюнча тарифти көбөйтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген турак жайды техникалык тейлөө боюнча тарифти азыркы учурда тараптардын өз ара мамилелеринде колдонулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине жана базар экономикасынын шарттарына ылайык келбейт.

ЖЧК, ТКК, туракжай-эксплуатациялык кооперативдер (мындан ары ТЭК), туракжай менчик ээлеринин шериктештиктери (мындан ары - ТМЭШ), ҮБ, курулуш жана аскердик квартираларды жайгаштыруу башкармалыктар (мындан ары - КБ жана АКЖ) тарабынан калкка жылуулук, электроэнергияны-, ичүүчү сууну кайра сатууда жана жарандардык каттоо жүргүзүү, жашаган жерлеринен мааалымкаттарды берүүдө "Лицензиялоо жөнүндө" (9-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" (18-1-статьялары), "Ичичүү суу жөнүндө" (6-статья), "Ички миграция жөнүндө" (15-статья) мыйзамдарын бузуу улантылууда. Көп квартиралуу үйлөрдө жайгашкан турак жай эмес жайлардын ээлеринин жалпы мүлктү санитардык күтүүдө жана оңдоодо катышуудан баш тарткан учурлар кездешет.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, прокуратура тарабынан башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, башкаруу же пайдаланууга байланышкан мыйзам бузууларга тыюу салынбайт, күнөөкөрлөр болсо мыйзам менен аныкталган жоопкерчиликке тартылбайт.

Бишкек шаарынын мэриясы, райондук администрациялары, аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдары (мындан ары - АКӨБ) турак жай ээлеринин жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара мамилелери арасында топтолгон маселелерди чечүүдөн иш жүзүндө өзалдынча четтеп калышкан, турак жай менчик ээлеринин бирикмелерин түзүү жана калыптандыруу ишине жардам беришпейт, ЖЧК-лар тарабынан турак жайларды тейлөөдөгү аларды дискредитациялоо боюнча мыйзамсыз аракеттерине тыюу салбайт.

Бишкек шаарынын мэриясы ушул убакытка чейин көп квартиралуу үйлөрдө жашаган калк, ошондой эле, жергиликтүү өзалдынча башкаруу, аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдарынын кызматтык жактары арасында көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнө жана үйлөргө караштуу жер участокторго менчик укугун ашыруу маселеси боюнча системалуу жана максатка багытталган маалыматтык-түшүндүрүү ишин уюштурган эмес.

Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн объектилерин (жертөлөө, көмөкчү бөлмөлөр, үйлөргө караштуу жер участоктордун бөлүгү) үчүнчү жактардын пайдасына берүү боюнча аракеттери, ошондой эле турак жай үйлөрдүн ичине ишкерлик объектилерин жайгаштырууга берген уруксаттары Жарандык кодексине (245, 247, 249-статьялар), Жер кодексине (46-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" мыйзамына (15-1-статья), Курулуштук ченемдерге жана эрежелерге (КР КчжЭ 31-01:2001, 7.3.пункт) каршы жүргүзүлгөн жана турак жайлардын менчик ээлеринин мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууда. Ошондой эле, көп квартиралуу үйлөрдө сауналардын, химиялык тазалоонун, барлардын, ресторандардын, көңүл ачуу мекемелердин жана башка өндүрүшкө багытталган объектилердин жайгашкандыгы имараттардын курулуштук конструкциялардын жана жылуулук-, суу- жана электрокамсызкылуу инженердик коммуникациялардын тез эскиришине алып келет.

Ушул убакытка чейин Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү белгиленген ченемдерге жана эрежелерге ылайык күтүүнү камсыз кылган процессти квалификациялуу башкара алган жана ошондой башкарууга милдеттүү болгон көп квартиралуу үйлөрдү профессионалдуу башкаруу институту түзүлгөн эмес. Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамын (2, 9, 15, 16, 23, 28, 30-статьялар) жетектеп, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Жумушчу комиссиянын Бишкек шаарынын туракжай фондусун техникалык тейлөөсүн камсыз кылуу тармагындагы иштердин абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкү сунуштар менен кайрылсын:

- Бишкек шаарынын туракжай фондусун техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун, борбордун социалдык багыттагы объектилеринин өндүрүштүк негизин түзгөн, 1997-2000-ж.ж. менчиктештирилген муниципалдык менчик объектилер, анын ичинде жер участоктор, боюнча аларды кайтарып алуу же алар үчүн акчалай компенсация алуу максатында терең жана ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган жактарды белгиленген жоопкерчиликтерге тартуу жөнүндө;

- "Гнездо" ЖЧК, "Туракжайэкспо" ЖТАК, "Туракжайсервис" ЖТАК, ошондой эле, алардын туунду ишканалары - (ТЭБ-1, ТЭБ-2, ТЭБ-4, ТЭБ-6, ТЭБ-7, ТЭБ-10, ТЭБ-12, ТЭБ-14, ТЭБ-15, ТЭБ-18, ТЭБ-21) ЖЧК түзүлүшүнүн жана мамлекеттик каттоосунун мыйзамдуулугун текшерүүнү уюштуруу жөнүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ээлери дүйнөдөн кайткан же дайынсыз болуп кеткен квартираларды мыйзамсыз ээлеп алган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүү жөнүндө кайрылуу берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнө, анын ичинде үйлөргө караштуу жер участокторго, жарандардын менчик укуктарын коргоо иштери боюнча соттук практиканын биримдигин белгиленген тартипте камсыз кылуу өтүнүчү жиберилсин.

5. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин сессиясынын бул маселе боюнча материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

6. Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын көп квартиралуу үйлөрдүн техникалык абалын жана өз убагында оңдолушун контролдоо, ошондой эле туракжай үйлөрдүн ээлеринин жана ЖЧК, ҮБ-лар менен туракжай фондун техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча өз ара мамилелеринде жыйналган маселелерди чечүү иштери канааттандырарлык эмес деп эсептелсин.

7. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Бишкек шаарынын ШИИБ (шаардык ички иштер башкармалыгы) менен биргелешип 2006-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын "Ички миграция жөнүндө" Мыйзамына ылайык (13, 15-статьялар) жеке ишканалардын жана уюмдардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын милдеттерин аткарууга катышуусун чыгарып таштап, жарандардын жашаган же турган жери боюнча каттоого же жашаган жеринен маалымкаттарды берүүгө байланышкан маселелерди карап чыксын жана чечсин;

- "Бишкекжылуулуктармак" АК, "Бишкексууканал" ӨЭБ (өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы), "Түндүкэлектро" АК, "Бишкекжылуулукэнерго" КИ, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын райондук комбинаттарына Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин (383, 386-статьялары), "Лицензиялоо жөнүндө" (9-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" (18-3-статьялар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен калкка жылуулук жана электроэнергияны, ичичүү сууну берүүгө жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга келишимдерди ортомчу ишканалар жана уюмдар, анын ичинде ЖЧК, ТКК, ТЭК, ТЭШ, ҮБ - аркылуу түзүүгө мүмкүнчүлүк бербеген чараларды кабыл алсын;

- "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасын жана "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасын I997-2005-ж.ж. мезгилинде үй ичиндеги жылуулук жана суу менен камсыз кылуунун инженердик коммуникацияларын тийиштүү күтүү үчүн ар түрдүү ишканаларга жана уюмдарга контролсуз төлөнгөн каражаттарды Бишкек шаарынын туракжай фондусуна кайтарып берүүгө милдеттендирсин;

- көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлк объектилерин, анын ичинде үйгө караштуу жер участокторду, үчүнчү жактардын пайдасына берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин (245, 247, 269-статьялары), Жер кодексинин (46-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" мыйзамынын (15-1-статьялар), Курулуштук ченемдердин жана эрежелердин (КР КЧжЭ 31-01:201) талаптарын бузуу менен ишкерлик объектилерин жайгаштыруу үчүн турак үйдүн бөлмөлөрүнүн арналышын өзгөртүүгө, реконструкциялоого уруксат берүүнү токтотсун.

Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши тарабынан мыйзам бузуу фактылары белгиленген учурда кабыл алынган токтомдор жана берилген уруксаттар жокко чыгарылсын:

- шаардык жана ведомстволук туракжай фондусунун туракжай-эксплуатациялык уюмдарын (үйбашкармалыктарын) кайра түзүүнүн негизинде түзүлгөн менчик ишканалардын (ЖЧК) көп квартиралуу үйлөрдүн бардык техникалык, ошондой эле учеттук-каттоо документацияларын (квартираларды жана турак эмес жайларды менчиктештирүү жөнүндө) кайтарып алсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы N 330 "Кыргыз Республикасында туракжай-коммуналдык чарбага жана туракжай мамилелерге тийиштүү нормативдик актыларды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" жана 2003-жылдын 12-мартындагы N 127 "Кондоминиумдарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Жалалабат шаарынын мэриясынын иштери жөнүндө" токтомдорун аткаруу үчүн 2006-жылдын 1-апрелине чейин ар бир көп квартиралуу үйдүн жалпы мүлк объектилерин инвентаризациялоону аяктасын жана менчик ээлерине үйлөргө караштуу, жер участоктор менен бирге, жалпы мүлккө ээлик кылуу укугунун документтеринин толук комплектисин (үлүшүн көрсөтүү менен) өткөрүп берсин;

- 2006-жылдын февралынан баштап Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери менен бирге жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мэриянын райондук администрацияларынын, аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, туракжай-курулуштук кооперативдер, туракжай-эксплуатациялык мекемелер үчүн көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнө менчик укук маселелери жана аны күтүү милдеттери боюнча тажрыйбалуу адистерди тартуу менен окуу-консультациялык семинарлары уюштурулсун;

- иштеп жаткан туракжай менчик ээлеринин шериктештиктеринин ("Эркин үй", "Алмаз", "Ак-Бура") жана көп квартиралуу үйлөрдүн туракжайларынын менчик ээлери тарабынан түзүлгөн жалпы мүлктү башкаруу боюнча фирмалардын (мисалы, "Эмика" ЖЧК) туура тажрыйбаларын колдонуу менен жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү заказчы жана бирдиктүү акы төлөөчү принциптеринде негизделген, Бишкек шаарынын туракжай фондусун башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүү программасын (көп квартиралуу үйлөрдү жана аларга караштуу аймактарды санитардык күтүү, аларды техникалык тейлөө жана оңдоо) 2006-жылдын 1-майына чейин иштеп чыксын. Ушул максат үчүн компетенттүү адистерди, анын ичинде жеке ишканалардан жана коомдук уюмдардан тартсын жана бул көрсөтүлгөн программаны Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- көп квартиралуу үйлөрдө жайгашкан турак эмес жайлардын ээлерин (ижарачылардын) "Кыргыз Республикасында турак жай фондун приватташтыруу жөнүндө" (12-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" (13, 15, 26-статьялары) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп квартиралуу үйдүн жалпы мүлкүн күтүүсүнө, техникалык тейлөөсүнө жана оңдоосуна кеткен чыгымдарды төлөөгө катышуусун камсыз кылган аракеттүү чараларды кабыл алсын;

- 2006-жылдын 1-мартына чейин көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларды жана уюмдарды туракжайлардын менчик ээлеринин катышуусу менен ар бир көп квартиралуу үй боюнча өзүнчө иш жүзүндө 1997-2005-жылдар мезгилинде аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын, ошондой эле 2006-жылдын 1-январына карата жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн салыштырма текшерүүсүн жүргүзүүгө жана тийиштүү актысын жолжоболоштурууга милдеттендирсин;

- Керектөөчүлөрдүн укуктарын чектөөгө жол берген шарттарды жоюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын (Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 400-статьясы) бузган кызмат адамдарын администрациялык жоопкерчиликке тартуу максатында көп квартиралуу үйлөрдү санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча калкка кызмат көрсөтүүчү ишканалар жана уюмдар тарабынан түзүлгөн келишимдерди "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык (53-статья) талдап чыксын;

- 2006-жылдын 1-январынан тартып квартиралардын менчик ээлерине жана көп квартиралуу үйлөрдү санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканаларга (уюмдарга) өз ара мамилелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын 2002-жылдын 22-июлундагы "Көп квартиралуу туракжай үйдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча Келишимдин формасын бекитүү жөнүндө" N 198 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Координациялык Кеңеш тарабынан жактырылган көп квартиралуу үйдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча Типтүү келишимди колдонууну сунуш кылсын;

- Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешине бул токтомдун ишке ашырылышы жөнүндө отчетторду 2006-жылдын 1-апрелине, 2006-жылдын 1-июлуна жана 2007-жылдын 1-январына карата берсин;

- бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

8. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары (Байло Н.И., Исаев Ж.О., Карабаев А.Д., Рахманов П.П.):

- көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлк объектилерим пайдаланууда же күтүүдө пайда болгон чыр-чатактарды квалификациялуу чечүү үчүн райондук администрацияларга караштуу администрациялык комиссиялардын курамында иштөө үчүн туракжай-коммуналдык чарбанын жана башкармалардын компетенттүү адистерин, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын өкүлдөрүн тартсын;

- администрациялык комиссиялардын ишине катышуу үчүн прокуратуранын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырсын;

- администрациялык комиссиялардын отурумдарында көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн (жер төлөө, үйгө караштуу жер участогу жана башкалар) юридикалык жана жеке жактар тарабынан уруксатсыз пайдаланган фактыларды кечиктирбестен карасын, мыйзам бузууларды жойсун жана күнөөлүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык (487-1-статьясы) жоопкерчиликке тартсын;

- 2006-жылдын 15-февралына чейин көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн жаңы келишимди түзүү, ошондой эле анын шарттарынын аткарылышын контролдоо маселеси боюнча тийиштүү материалдарды таркатуу менен көп квартиралуу үйлөрдүн үй комитеттери жана тийиштүү ЖӨБ кеңештери менен биргелешип маалымат-усулдук кеңешмелерди уюштурсун жана өткөрсүн;

- көп квартиралуу үйлөрдүн туракжай жана турак эмес жайлардын менчик ээлерин, ошондой эле калкка көп квартиралуу үйлөрдү санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү бардык ишканалардын (уюмдардын) жетекчилерин аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүү фактыларды ченемдер жана эрежелер тарабынан белгиленген тийиштүү тастыктоосуз, суммасы жайлардын ээлеген аянты боюнча төлөө методу менен эсептелген калктан жыйналган каражат мыйзамсыз экендигин эскертсин.

9. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана конкуренцияны өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине төмөнкү сунуштар жиберилсин:

- 1997-2005-жылдар мезгилинде үй ичиндеги жылуулук-, суу- жана электрокамсыз кылуу инженердик коммуникацияларды тийиштүү деңгээлде күтүү үчүн ар кандай ишканаларга жана уюмдарга контролсуз төлөнгөн каражаттарды "Түндүкэлектро" жана "Бишкекжылуулуктармак" акционердик коомдорунун Бишкек шаарынын туракжай фондусуна кайтарып берүүсү жөнүндө;

- газды пайдалануу Эрежелерин, электроэнергиясын пайдалануу Эрежелерин, жылуулук энергиясын пайдалануу Эрежелерин, ошондой эле үй ичиндеги жылуулук-, газ- жана электрокамсызкылуу инженердик коммуникациялардын тийиштүү техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдерди камтыган калкка жылуулук энергиясын, жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимдерди тезинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө жана квартиралар ичиндеги жылуулук-, суу- жана электрокамсызкылуу тутумдарынын элементтерин күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн Прейскурантын иштеп чыксын.

10. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин "Бишкек шаарынын өзалдынча башкаруусунун туракжай фондусун техникалык тейлөө тарифинин көбөйүшү жөнүндө" N 136 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрайымы Н.С.Байболовага жана Бишкек шаарынын мэри А.И.Ногоевге жүктөлсүн.

Депутаттардын Бишкек шаардык

Кеңешинин Төрайымы Н.Байболова

         Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 8 538 622,5 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде:

         4 699 350,7 миң сом - шаардык бюджет;

         1 012 285,6 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;

         939 796,3 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;

         912 777,8 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;

         974 412,1 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.

2. Бишкек шаарынын 2020-2021-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:

         1) 2020-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол – 9 139 047,1 миң сом суммада, 2021-жылга – 9 798 327,1 миң сом суммада;

         2) 2020-2021-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдук параметрлери, аларды кабыл алууда ар бир конкреттүү мезгилде такталууга тийиш.

         3. Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгү жана     2020 – 2021 - жылдарга болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3,1-4 тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджетинен чыгашаларды жана    2020-2021-жылдарга болжолун каржылоого каражаттар 2, 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5. 2019-жылга чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чектеринде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (маяна, Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.

         Бюджеттик мекемелерде бош кызмат орундарынын пайда болушу, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынуусу менен байланышкан корголгон статьяларга каралган суммалардын азайтылышына жол берилет.

         Каражаттын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

         6. 2018-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2019-жылга Бишкек шаарынын бюджети тарабынан каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

         7. 2019-жылдын 1-январына карата Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 600,0 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 200,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча 100,0 миң сомдон бекитилсин.

         8. 2019-жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченеми бекитилсин:

           1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы, роялти, сатуудан салык, чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык, патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:

         - Ленин администрациялык районуна    -        47,0%;

         - Октябрь администрациялык районуна -        45,6%;

         - Биринчи май администрациялык районуна -         21,1 %;

         - Свердлов администрациялык районуна        -        42,7 %.

         2) ар кандай салыктар жана жыйымдар, калктуу конуштарда жер ижарасы жана мүлк ижарасы үчүн акы төлөмдөр жана мүлктү ижаралоо үчүн акы, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетке;

         3) Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык салынуучу айып пулдар боюнча административдик райондордун тийиштүү бюджетине 100% багытталсын.

9. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.

10. Бюджеттик уюмдар жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.

11. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгондо, ага тиешелүү оңдоолорду кабыл алганга чейин Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча аткарылышы мүмкүн.

12. Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

         1)      жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларына ай сайын айлык акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик эсебинде 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);

         2)      балдар музыкалык мектептердин жаш адистерине ай сайын 500 сом үстөк акы;

         3)      карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана «Ардагер» шаардык геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы;

         4)      Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 4000 сом эсебинде үстөк акы;

         5)      Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин жана «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик - техникалык персоналынын айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 2500 сом эсебинде үстөк акы;

6)      билим берүү жана маданият уюмдарынын борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине айлык акыга ай сайын 3000 сомдон үстөк акы;

         7)      шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ай сайын айлык акыга төмөндөгүдөй үстөк акы:

         мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине 1000 сомдон;

         материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине 2000 сомдон;

шаардык бюджеттен каржылануучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, мэриянын, шаардык кеңештин башка кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын кызматкерлерине жана башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга 4000 сомдон;

         муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине, жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына жана кызматкерлерине 3000 сомдон.

         8)      райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акысына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

         администрациялык райондордун жетекчилерине 1000 сомдон;

         райондук билим берүү борборлорунун, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, финансы органдарынын жана муниципалдык администрациялардын аппаратынын, МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын (мындан ары- МСКБ) начальниктеринин орун басарларына 3000 сомдон;

         9)      райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик - учеттук персоналдарынын айлык акыларына ай сайын 500 сомдон үстөк акы;

         10)    билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт уюмдарынын башка кызматкерлеринин айлык акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;

         11)    саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

         дарыгерлерге, орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон ашык эмес суммада;

         кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон ашык эмес суммада;

Бишкек шаарынын тез медицина борборунун сутка бою иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын фельдшерлерине жана санитарларына 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде;

         тез кечиктирилгис жардам көрсөтүү кызматынын дарыгерлерине жана педиатр-дарыгерлерине, дарыгер-неонатологдорго, дарыгер-реаниматологдорго, дарыгер-анестезиологдорго, дарыгер-комбустиологдорго 1 кызматкерге 4000 сом эсебинде;

         12)    Билим берүү башкармалыгынын медициналык - педагогикалык комиссиясынын методисттеринин айлык акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

         13)    тез медицина автомашиналарынын айдоочуларынын айлык акыларына 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде ай сайын үстөк акы.

         13. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактандырууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

         1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

         3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 29 сом,

         3 төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 30 сом;

         2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 60 сом, балдар сутка бою болгон топтордо – 80,0 сом;

         3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 95 сом;

         4) жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5 - 7-класстагы балдары үчүн - 14 сом;

         5) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1 - 4-класстардын балдары үчүн    - 14 сом;

         6)      жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 28 сом;

         7)      Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда, Октябрь районунун № 71 орто мектеп интернатындагы интернаттык топтордо жана № 1 гимназия - интернатында - 110 сом;

         8)      ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 60 сом;

         9)      жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 60 сом;

         10)    белгилүү жашаган орду жок адамдарды тамактандырууга - 35 сом;

         11)    мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44 сом.

         14.    Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:

1)      Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда 12,80 сомго чейин;

         2)      шаардык реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн 0,55 сомго чейин;

         3)      белгилүү жашаган орду жок адамдар үчүн 12,50 сомго чейин.

15.    2019-жылга төмөнкү чыгашалар бекитилсин:

1)      жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бир ставкасын күтүүгө;

         2)      Бишкек шаарынын тез медицина борборунун «медициналык кызматкердин депозитине» 40,0 штаттык бирдикке бир дарыгерге айына 6000 сом эсебинде жана үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир орто медициналык кызматкерге ай сайын 5000 сом;

         3) Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында, балдарга дарылоо алдын-ала жардам көрсөтүүнү камсыздоочу "Бишкек шаарынын врач-педиатрынын депозитине” үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир дарыгерге айына 5000 сом эсебинде;

         4)      Биринчи май районунун «Коломто» муниципалдык мекемесин күтүүгө;

         5)      Ленин, Октябрь администрациялык райондору боюнча 2 кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов администрациялык районунун №35 жана №94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдында кечки класстарды күтүүгө;

         6)      SOS – Герман Гмайнер орто мектебинин, Бишкек шаарынын балдар айылынын SOS – бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;

         7)      «Сезим» кризистик борборунун, «Оберег» реабилитациялык борборунун, «Рука в руке» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин чыгымдарын төлөөгө;

         8)      Бишкек шаарынын согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер жана оорук эмгекчилер кеңешинин чыгымдарын төлөөгө;

         9)      зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;

         10)    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын                          23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому менен бекитилген типтүү штаттардан сырткары киргизилген кошумча штаттык бирдиктерди,       3-тиркемеге ылайык 589,25 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;

         11)    Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктуралар, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка  жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

         12)    «Мурас-Ордо» конушунун балдарын Аламүдүн районунун Степное айылынын «Келечек» мектебине ташууну уюштурууга;

         13)    Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;

         14)    Октябрь администрациялык районунун №34 адистештирилген көмөкчү мектебиндеги акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн узартылган күн топторуна тарбиячылардын 5,0 ставкасын күтүүгө;

         15)    карыздарын төлөөгө жана милдеттенмелерин аткарууга шаардык бюджеттен Бишкек шаарынын административдик райондоруна өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча;

         16)    балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктарга айына 100 литрден бензин сатып алууга;

         17) райондордун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын балансында турган жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларын күтүүгө;

         18)    райондук МСКБнын начальниктеринин орун басарларын, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 60,0 штаттык бирдигин, Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча МСКБнын начальнигинин орун басарын жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ИСТК МСКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин күтүүгө.

         19) зыяндуу жумуш шарты менен иш үчүн айлык акысына карата 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөөгө;

         20) Бишкек шаарынын муниципалдык кызматчыларына квартал сайын сыйлык акы төлөөгө.

         16.    Кварталдык, үй комитеттеринин жана аксакалдар сотторунун төрагаларына келишимдик негизде 4-тиркемеге ылайык ай сайын акы төлөө белгиленсин.

         17.    Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

         18.    «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин футболчуларына келишимдик негизде ай сайын стипендия белгиленсин.

         19.    5-тиркемеге ылайык, «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.

         20. 6-тиркемеге ылайык, “Алтын-Булак пансионаты” муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.

         21. 2018-жылы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен 403 525,2 миң сом суммасындагы чыгашаларды 7-тиркемеге ылайык багыттоого уруксат берилсин.

         22. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгынын чыгашаларын багыттоо, 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.

23.    Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйлык акы берүү жана кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.

24. Бишкек шаарынын мэриясы:

1)      2019-жылда “Бишкекжылуулукэнерго” КИси жана Бишкек ЭЭЗнын ведомстволук отканасы боюнча калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан республикалык бюджеттен максаттуу трансферт түрүндөгү чыгымдарды компенсациялоо маселесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен иштеп чыксын. Иштин жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө маалымат киргизсин;

2)      Кыргыз Республикасынын социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен коомдук транспортто жүрүүдө Бишкек шаарынын аймагында жашаган пенсионерлер жана ден соолугу чектелген жактар үчүн жеңилдиктерди берүүнүн натыйжасында келип чыккан 2019-жыл үчүн чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө маселени иштеп чыксын. Иштин жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 1-июнуна чейин маалымат киргизсин;

3)      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Бишкек шаарынын аймагындагы профессионалдуу спорт мекемелерин жана уюмдарын каржылоо жаатындагы функцияларын чектөө жөнүндө маселе боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;

4)      Бишкек шаарынын массалык спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү концепциясын иштеп чыксын жана киргизсин;

5)      Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөө функцияларды жүзөгө ашыруу маселеси жана алардын аткарылышы менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо маселеси боюнча ишти жүргүзсүн;

6)      Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен №1 жана №71 интернат тибиндеги 2 мектепти республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берүү жөнүндө маселе боюнча иш жүргүзсүн;

7)      административдик райондордун жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишин функционалдык анализ жүргүзсүн жана 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө алардын ишин оптимизациялоо боюнча сунуш киргизсин;

8)      үй жана кварталдык комитеттердин төрагаларынын ишине жана укуктук негизине анализ жүргүзсүн, төлөм жүргүзүлө турган кызматтардын конкреттүү түрүн көрсөтүү менен типтүү келишим иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин кароосуна 2019-жылдын 1-июнуна чейин киргизсин;

9)      Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалардын чарбалык эсептеги ишине, кирешенин эсебинен Бишкек шаарынын бюджетин толтурууга багытталган, анализ жана эффективдүүлүгүнүн аудитин               2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө жүргүзсүн жана мындан ары өнүктүрүү жана жогорулатуу боюнча сунушту Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;

10)    “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруудан, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында токтотмолорду уюштуруудан жана тартипке келтирүүдөн түшүүлөр жаатында эсепти жүргүзсүн жана 2019-жылга Бишкек шаарынын бюджетине корректировка киргизсин;

11)    Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык муниципалдык бөлүмдөрдүн жана башкармалыктарынын программалык бюджеттөөгө өтүү графигин киргизсин.

25. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

26.    Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абировго жана Бишкек шаарынын мэри                            А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы               Ж. Б. Абиров

Тиркеме: (doc. 126Кб)