Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 5-октябрь № 94

2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин баштапкы долбоорун макулдашуу жана 2025-2026-жылдарга пландуу мезгил жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесинин 3-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34- жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 19 711 968,4 миң сом - кирешелер боюнча, 19 711 968,4 миң сом - чыгашалар боюнча 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин баштапкы долбооруна макулдук берилсин.

2. 1, 2 - тиркемелерге ылайык, 2024-2026-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү аныкталсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы алдын ала параметрлер боюнча түзүлгөн 2024-2026-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                     К. Конгантиев

 

Тиркеме 1 (xlsx. 21kb)
Тиркеме 2 (xlsx. 21kb)