Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

15.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 27-декабрь № 103

Транспорт чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

         Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, муниципалдык коомдук транспорт менен ташуу кызматтары үчүн акы төлөө тутумун өркүндөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 «Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 69-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн төлөмдөрдү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген дифференцияланган тариф боюнча накталай формада алууга жол берилет.».

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                                       К. Конгантиев