БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жыл 25-апрель № 78
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине объектти кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Төрага К. Конгантиев
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жыл 25-апрель № 78
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине объектти кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Төрага К. Конгантиев
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жыл 25-апрель № 80
Бишкек шаарынын прокуратурасынын каршылыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т. Б. Усубалиевдин Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2023-жылдын 16-февралындагы №11/9-0-2-23 Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 61 «Бишкек шаарында жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 1-абзацына жана 2-пунктуна каршылык билдирүүсү боюнча баяндамасын, ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын, муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага К. Конгантиев
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жыл 25-апрель № 83
Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137 “Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Жер участокторунун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 17-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“17. Комиссия 7 жумушчу күндүн ичинде жер участоктун чек араларына, функционалдык багытына же алмашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат.”;
б) 20-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“20. Ыйгарым укуктуу органдын буйругунун негизинде, арыз ээси менен 7 жумушчу күндүн ичинде кошумча макулдашуу түзүлөт.
Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”;
в) 28-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“28. Комиссия 7 жумушчу күндүн ичинде коомдук же мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынып жаткан жер участоктун ордуна жер участокту алмаштыруу же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат.”;
г) 31-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“31. Ыйгарым укуктуу органдын буйругунун негизинде арыз ээси менен 7 жумушчу күндүн ичинде кошумча макулдашуу түзүлөт.
Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 138 “Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“25. Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жер участогун берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган 7 жумушчу күндүн ичинде тийиштүү буйрук чыгарат жана арыз ээси менен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттала турган жер участогун ижаралоо келишимин түзөт. Жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда ижара келишимин каттоо боюнча чыгымдар ижарачыга жүктөлөт.
Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 “Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө” жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 30-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“30. Комиссия баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчетко ылайык, ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга көп батирлүү үйлөрдү курууга мурда берилген жер участогун сатып алуу же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган 3 жумушчу күндүн ичинде жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзүү үчүн негиз боло ала турган тийиштүү буйрук чыгарат.
Жер участогун сатып алуу-сатуу келишими укук белгилөөчү документтин күчүнө ээ.
Баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”;
б) 31-пункттагы:
“комиссиянын чечиминин протоколунда” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу органдын буйругунда” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“протоколдун көчүрмөсү” деген сөздөр “буйруктун көчүрмөсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө” жобонун 17-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“17. Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын чечиминин негизинде 10 жумушчу күндүн ичинде тийиштүү буйрук чыгарат жана маселе оң каралган учурда жер участогун ижаралоо келишимин түзүү жолу менен жер участогун пайдалануу укугун узартат.
Чечим терс кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.
5. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө” жобонун 64-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“64. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде, ыйгарым укуктуу орган тарабынан аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол кол тамга коюлган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттала турган, ыйгарым укуктуу орган ага ылайык жер участокту ижаралоо келишимин түзө турган буйрук чыгарат.
Ыйгарым укуктуу органдын буйругу утулган тараптарга 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.
6. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө” жобонун 28-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын чечиминин негизинде 10 жумушчу күндүн ичинде тийиштүү буйрук чыгарат жана маселе оң каралган учурда жер участогун ижаралоо келишимин түзүү жолу менен жер участогун пайдалануу укугун берет же узартат.
Чечим терс кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.
7. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобо төмөндөгүдөй мазмундагы 135-1-пункт менен толукталсын:
“135-1. Муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун акы төлөп берүү, узартуу же токтотуу менен байланышкан комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат.
Чечим терс кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.
8. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы К. Конгантиев
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жыл 25-апрель № 76
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 «Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө» мыйзамдарын аткаруу үчүн, Чернобыль АЭСинде болгон аварияны жоюуга катышуучулардын жана Бишкек шаарынын жарды тургундарынын материалдык абалын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 «Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө жобого төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
8-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 6-абзац менен толукталсын:
«Бул Жобого ылайык, жарды жарандарга жана үй-бүлөлөргө даректүү социалдык жардамдын түрлөрү турак жайды жалдоого же ижарага берген, менчигинде бир турак жайдан көп турак жайы, 5 соткадан ашык бир жер үлүшү, узак пайдалануудагы товарлар: даярдоочу завод чыгарган жылын кошо алганда эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан аз эмес болгон автомобиль, айыл чарба техникалары (трактор, комбайн), жүк ташуучу автомобиль, чакан автобус бар болгон учурда, ошондой эле Бишкек шаарында катталган, бирок Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашабаган тургундарга берилбейт.»;
8-пункттун 3-абзацындагы “жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу маалымкат” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;
10-пункттун 7-абзацындагы “жашаган жеринен маалымкат” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;
12-пунктта:
1-абзацтагы «500 сом өлчөмүндөгү» деген сөздөр жана цифралар «1000 сом өлчөмүндөгү» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
«г» пунктчасы күчүн жоготту деп эсептелсин;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«ЧАЭС авариясынын катышуучуларына жана анын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон адамдарга квартал сайын 2000 сом өлчөмүндө стипендия берилет.»;
14-пункттун 12-абзацындагы “жашаган жеринен маалымкатты” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;
16-пунктта:
1-абзацтагы «2020-2021-жылдагы жылуулук берүү убагынан тартып үй-бүлөгө 5000 сом өлчөмүндө» деген сөздөр жана цифралар «2023-2024-жылдагы жылуулук берүү мезгилинен тартып бир үй-бүлөгө 6000 сом өлчөмүндө» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
«д» пунктчасында:
1-абзацтагы «конуштарга чейин жашагандар үчүн 500 сом, конуштарда жашагандар үчүн 700 сом» деген сөздөр жана цифралар «конуштарга чейин жашагандар үчүн 700 сом, конуштарда жашагандар үчүн 900 сом» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
3-абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«РСӨБнын начальниктери кол тамга коюшат, мөөр менен күбөлөндүрүшөт жана үстүдөгү жылдын 1-августуна чейин компенсация төлөө үчүн Бишкек почтамтка же банктарга жөнөтүшөт. Үстүдөгү жылдын 15-июлунан кийин кайрылган адамдарга катуу отун алуу үчүн компенсация төлөө өзгөчө учурларда Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыгынын өтүнүч каты боюнча жана комиссиялардын чечимдеринин негизинде үстүбүздөгү жылдын 31-октябрына чейин жүргүзүлөт.»;
17-пунктта:
1-абзацтагы «эң» деген сөз алып салынсын, “жашаган жеринен үй-бүлө курамы” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөндөгүдөй мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:
«Бир учурда эки жана андан көп бала төрөлгөн учурда, АИВ/КИЖС менен ооруган энелерден балдар төрөлгөндө сүт азыктары үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешесин эсепке албастан, балдар төрөлгөн учурдан тартып 4 жашка чейин берилет.»;
22-пункттун «д» пунктчасы «Бала төрөлгөн учурда,» деген сөздөрдөн кийин, «үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешесин эсепке албастан,» деген сөздөр менен толукталсын;
22-пункттун 7-абзацындагы “үй-бүлөнүн курамы” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;
23-пункттагы “жашаган жеринен маалымкаттын” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы 2023-жылдын 31-июнуна чейин ушул токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзсүн жана 2023-жылдын 15-июлуна карата Бишкек шаардык кеңешине маалымат берсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы К. Конгантиев
Бишкек шаардык кеңешинин токтому
2023-жылдын 25-апрели № 77
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2
токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине толуктоо киргизүү тууралуу
Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын ишин активдештирүү жана натыйжалуулугун камсыздоо максатында, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларынын кайрылууларынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Бишкек шаардык кенешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын курамына азыркы депутаттык чакырылыш тарабынан түзүлгөн ар бир фракциядан бирден өкүл кириши зарыл.”.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага К. Конгантиев