Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

09.01.2024-ж. жарыяланды

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30- июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин, Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек", "Өнүгүү-Прогресс", "Ишеним" депутаттык фракцияларынын каттарынын жана чечимдеринин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

1) регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан:

Исмаилов Сайдахмат Аблезович - "Ишеним" фракциясынын мүчөсүн;

Абдыллабек уулу Манас - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсүн;

2) муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан:

Шаршенбай уулу Руслан - "Эмгек" фракциясынын мүчөсүн;

3) турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиядан:

Досалиев Эльмир Акуналыевич - «Эмгек» фракциясынын мүчөсүн;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан:

Абдиев  Бактыбек Кемелович – «Эмгек» фракциясынын мүчөсүн.

2. Төмөнкү Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:

1) турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссияга:

 Шаршенбай уулу Руслан  –  «Эмгек» фракциясынын мүчөсүн;

Исмаилов  Сайдахмат  Аблезович –   «Ишеним» фракциясынын мүчөсүн;

Абдыллабек уулу Манас – «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсүн;

2) муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга:

   Абдиев Бактыбек Кемелович –  «Эмгек» фракциясынын мүчөсүн;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга:

Досалиев Эльмир Акуналыевич - «Эмгек» фракциясынын мүчөсүн.

 

3. Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3

"XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. 1-пункттагы 5, 7-саптары алынып салынсын;
  2. 4 – пункттагы  «Шаршенбай уулу Руслан» деген  сөздөр «Абдиев

Бактыбек Кемелович» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  1. 5- пункттагы:

1 - саптагы «Досалиев Эльмир Акуналыевич» деген сөздөр 

«Шаршенбай уулу Руслан» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкү мазмундагы  6, 7 – саптартар менен толукталсын;

«Исмаилов Сайдахмат Аблезович –   «Ишеним» фракциясынын мүчөсү;

Абдыллабек уулу Манас  –   «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү»;

4) 6-пункттагы  «Абдиев Бактыбек Кемелович» деген сөздөр   «Досалиев Эльмир Акуналыевич» деген сөздөр  менен алмаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                          К. Конгантиев