Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар

министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө келишимин жактыруу жөнүндө

 

Өзгөчө жана экстремалдык кырдаалдарда Бишкек шаарынын калкына өз убагында тез жана комплекстүү жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө келишим (мындан ары - Кызматташуу жөнүндө келишим) жактырылсын (тиркелет).

2. Бишкек шаарынын мэриясы (Ибраимов А.С.):

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен белгиленген тартипте Кызматташуу жөнүндө келишим түзсүн;

жыл сайын Бишкек шаарынын бюджетинде жогоруда көрсөтүлгөн Кызматташуу жөнүндө келишимге ылайык Куткаруу кызматынын чыгымдарын каржылоо үчүн акча каражаттарын кароого уруксат берсин;

Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар кызматын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыксын, жобосун жана чыгымдар сметасын Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы жана Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2001-жылдын 9-апрелиндеги № 26/26 "Бишкек шаарында Куткаруу кызматын түзүү жөнүндө" биргелешкен токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Лисниченко В.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Г.А.Милицкийге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 13-майы, №185

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
2016-жылдын 13-майындагы
№ 185 токтомуна
тиркеме

Кызматташуу жөнүндө
КЕЛИШИМ

Бишкек шаары

 

____-ж. "___" _______________

1. Келишимдин тараптары

1.1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде иштеген Бишкек шаарынын мэри "________________________" Бишкек шаарынын мэриясынын атынан (мындан ары - Мэрия) бир тараптан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" жобонун негизинде иштеген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри "________________________" Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан (мындан ары - Министрлик) экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп бирге аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

2. Келишимдин предмети

2.1. Бишкек шаарынын тургундарынын кайрылууларына ыкчам чара көрүү, шаар тургундарынын жашоосуна жана ден соолугуна, ошондой эле ири материалдык зыян коркунучун алып келүүчү өзгөчө жана экстремалдуу кырдаалдарда калкка тез жана комплекстүү жардам көрсөтүү максатында, мэрия жана министрлик Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынын (мындан ары - Кызмат) күжүрмөн даярдыгын жана күндөлүк ишмердигин биргелешип камсыз кылуу жөнүндө макулдашышты.

3. Тараптардын милдеттенмелери

3.1. Келишимди аткаруу максатында, Мэрия жана Министрлик өздөрүнө төмөнкү милдеттенмелерди алышат:

3.1.1. Мэрия:

- Мэриянын "185" ыкчам чара көрүү кызматы аркылуу авариялык кызматтардын жана тез арада чара көрүү кызматтарынын иш-аракеттерин камсыз кылат жана ар тараптуу көмөк көрсөтөт жана координациялайт;

- шаардын бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө жараша, Бишкек шаарынын бюджетинде жыл сайын акча каражаттарды карасын жана Кызматтын тийиштүү ишин, тактап айтканда, байланыш кызматтарын, транспорттук чыгымдарын, атайын жабдуу жана инвентарын сатып алууну төлөөнү каржылайт;

- Кызматтын өнүгүүсүнө, Бишкек шаарынын боордош шаарларынын тез чара көрүү кызматтары менен кызматташууну жөнгө салууга көмөк көрсөтөт.

3.1.2. Министрлик:

- анын алдына коюлган милдеттерди чечүү үчүн кызматтын кызматкерлеринин штаттык санын бөлүп берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аларды күтүүнү, мүлк, турак жай жана керектүү нерселердин бардыгы менен камсыз кылат;

- Кызматтын турмуш тиричилигин камсыз кылуу үчүн кызматтык жана уктоочу жайларды, боксторду жана курулмаларды бөлүп берет жана аларды күтүүнү камсыз кылат;

- Кызматтын жайларын тийиштүү жабдуу жана мүлк менен камсыз кылат;

- Кызматтын алдына коюлган милдеттерди чечүү жана Кызматтын турмуш тиричилигин камсыз кылуу үчүн автомобилдик жана атайын техникаларды бөлүп берет, аларды күтүүгө жана ремонтуна, күйүүчү-майлоочу материалдарга финансылык каражаттарды бөлүп берет;

- Кызматты табелге ылайык атайын шаймандар жана мүлк менен камсыз кылат;

- Кызматты байланыш жана маалымат өткөрүп берүү мобилдик каражаттары менен камсыз кылат;

- "Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматы жөнүндө" жобого ылайык, Кызматтын күжүрмөн даярдыгы, ыкчам чара көрүүсү, тарбия иши жана багыттар боюнча ишине контроль жүргүзөт;

- шаар тургундарынын жашоосуна жана ден соолугуна, ошондой эле ири материалдык зыян коркунучун алып келүүчү өзгөчө жана экстремалдуу кырдаалдарда Бишкек шаарынын калкына тез жана комплекстүү жардам көрсөтүүнү камсыз кылат;

- Кызматтын күжүрмөн даярдыгын, күндөлүк турмуш тиричилигин камсыздоо жана кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүү үчүн чараларды көрөт.

4. Жалпы жоболор

4.1. Ушул келишимди аткарууга, өзгөртүүгө же бузууга тиешелүү талаш тартыштар жана келишпестиктер пайда болгондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сүйлөшүү жолу менен же сот тартибинде чечилет.

4.2. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алар жазуу жүзүндө берилген жана эки тараптын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кол коюлган, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан жактырылган учурда гана жарактуу болот.

4.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.

5. Келишимдин иштөө мөөнөтү

5.1. Ушул келишим 1 жылдык мөөнөткө түзүлөт, эки Тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана эгерде тараптардын бири экинчисине келишимди бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама менен кайрылбаса. ал жыл сайын узартылган болуп эсептелинет.

5.2. Келишим тараптардын биринен аны бузуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлама жөнөтүлгөндөн кийин бузулат жана келишимди токтотуу жөнүндө экинчи тарапка кабарлама жөнөтүлгөн күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин өзүнүн иштөөсүн токтотот.

6. Тараптардын кол тамгалары

Бишкек шаарынын мэриясы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Мэр ________________________________

Министр ____________________________

2016-жылдын "___" __________________

2016-жылдын "___" __________________

М.О.

М.О.

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

2014-жылда Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңеш 2014-жылы атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттен алынган расмий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине 6759774,0 миң сом суммадагы же такталган планга карата 95,0% киреше түшкөндүгүн белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 6694231,0 миң сомду же такталган планга карата 93,1% түздү.

Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 18-мартындагы № 77 "2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.

Отчеттук мезгил ичинде республикалык бюджеттен 15916,2 миң сом түштү, анын ичинде Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын утурумдук ремонтун каржылоого 9157 миң сом сумма, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 3480,9 миң сом сумма, № 60 орто мектебинин азык-түлүк блогу жана ашканасы үчүн эмеректерди жана жабдууларды сатып алууга 320,0 миң сом сумма, коргоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 1458,3 миң сом сумма, № 2 стоматологиялык бейтапкананы ремонттоо үчүн 1500,0 миң сом сумма.

Бюджеттик мекемелердин кредитордук карызы 2015-жылдын 1-январына карата абал боюнча 350665,2 миң сом түздү, анын ичинен:

- шаардык бюджет боюнча - 252908,8 миң сом, анын ичинен дары-дармектерди сатып алуу боюнча - 427,9 миң сом, тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 713,1 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 627,9 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 9275,2 миң сом, капиталдык салымдар боюнча - 6559,3 миң сом, жылуулук энергиясына дотациялар боюнча (БЖЭ, ведомстволук отканалар) - 5990,8 миң сом, жол куруу боюнча - 24475,1 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча - 2327,6 миң сом, жол чуңкурларын ремонттоо боюнча - 1592,0 миң сом, бюджеттик мекемелерди капиталдык ремонттоо боюнча - 323,9 миң сом;

- Ленин району боюнча - 21550,5 миң сом, анын ичинен тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 2279,0 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 7757,0 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча - 8040,2 миң сом;

- Октябрь району боюнча - 29692,7 миң сом, анын ичинен тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 1087,6 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 4711,1 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 20221,6 миң сом;

- Биринчи май району боюнча - 33564,3 миң сом, анын ичинен тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 1592,5 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 839,1 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 13063,1 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча - 16360,1 миң сом;

- Свердлов району боюнча - 12948,9 миң сом, анын ичинен тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 1158,2 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 11747,2 миң сом.

Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана кирешелер менен чыгашалар боюнча милдеттерди эске алуу менен 6934826,3 миң сом суммада бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн 2016-жылдын 9-февралындагы актысында көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын аудитинин жыйынтыктары, ошондой эле 2014-жылга шаардык бюджеттин бюджеттик, атайын жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу боюнча бардык сын-пикирлерди эске алсын жана аларды мындан ары жол бербөө боюнча таасирдүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ш.Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу Э.3.Зарлыковго өтөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 13-майы, №184

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 119 "Концепцияны жана "2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу" комплекстүү шаардык программаны бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-тиркемесине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 30-августундагы № 390 "Балдарды коргоо жана колдоо жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 119 "Концепцияны жана "2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын-алуу" комплекстүү шаардык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 119 "Концепцияны жана "2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын-алуу" комплекстүү шаардык программаны бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-тиркемеси "Селсаяктыкты жана кайырчылыкты алдын алуу" 5-главасы менен, ушул токтомдун тиркемесине ылайык толукталсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Лисниченко В.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 23-марты, №180

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 180 токтомуна
тиркеме

5. Жашы жетпегендердин арасында селсаяктыкты жана кайырчылыкты алдын алуу

Иш-чаралар

Мөөнөтү

Аткаруучулар

Жыйынтык/индикаторлор

Каржылоо

1

Селсаяктык жана кайырчылык менен алектенген көзөмөлсүз, кароосуз калган жашы жетпегендер менен жеке алдын алуу иштерин уюштуруу

Дайыма

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы (мындан ары - Бишкек шаарынын мэриясынын СӨБы), Бишкек шаарынын ИИББсынын жашы жетпегендердин иши боюнча инспекциясы, (мындан ары - Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖЖИси), Бишкек шаарынын административдик райондору

Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн (мындан ары - ҮБКБ) маалыматын угуунун жыйынтыгы боюнча балдар иши боюнча комиссиянын (мындан ары - БИК) чечимин кабыл алуу

Бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде

2

Жайсыз үй-бүлөлөрдү эрте табуу жана социалдык жетимдикти алдын алуу маселелери боюнча кызыкдар кызматтар жана ведомстволор менен өз ара аракеттенишүүнү уюштуруу

Дайыма

Бишкек шаарынын мэриясынын СӨБы, Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖЖИси, Бишкек шаарынын административдик райондору, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы (мындан ары - Бишкек шаарынын мэриясынын БББсы), Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаменти (мындан ары - Бишкек шаарынын ССДсы)

Жайсыз үй-бүлөлөрдү табуу. Үй-бүлөгө алдын алуу таасиринин чараларын иштеп чыгуу

Бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде

3

Рейддик иш-чараларды өткөрүү. Балдар арасында көзөмөлсүз, кароосуз, селсаяктык жана кайырчылык табылган фактылар жөнүндө кызыкдар кызматтарды өз ара маалымдоо

Квартал сайын

Бишкек шаарынын мэриясынын СӨБы, Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖЖИси, Бишкек шаарынын административдик райондору, Бишкек шаарынын мэриясынын БББсы

Кароосуз калган балдар боюнча маалыматтар топтомун түзүү

Бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде

4

Үй-бүлөлөрдүн ордун алмаштырган үй-бүлөлөр (мыйзамдуу өкүлдөр) менен реабилитациялык жана түзөтүү иштерин уюштуруу. Үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу

Дайыма

Бишкек шаарынын мэриясынын СӨБы, Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖЖИси, Бишкек шаарынын административдик райондору, Бишкек шаарынын ССДсы, Бишкек шаарынын мэриясынын БББсы

БИКнын отурумунда үй-бүлөлөр менен алдын алуу иштер боюнча иши жөнүндө отчет:

- алдын алуу иши жүргүзүлгөн балдардын саны;

- приюттардан, реабилитациялык борборлордон үй-бүлөлөргө кайтарылып берилген балдардын саны тууралуу

Бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде

5

Жетим балдардын жана ата-энелерден кароосуз калган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо:

- балдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу жөнүндө фактыларды табуу жана аныктыгын текшерүү;

- балдарды тарбиялоо, багуу боюнча камкорчулардын (көзөмөлчүлөр менен) милдеттерин аткарбагандыгына байланыштуу камкордукту (көзөмөлчүлүк) жокко чыгаруу жөнүндө маселени чечүү;

- жетим балдар категориясына кирген өспүрүмдөрдү жана ата-эненин камкордугусуз калган балдарды, шарттуу түрдө кесилген жана тарбиялоо колонияларынан келген балдарды жайгаштыруу жана коштоо;

- балдардын укуктарына арналган маселелер боюнча консультациялар, жашы жетпегендердин укуктары жана коргоо маселелер боюнча ачык кабыл алуу күндөрүн уюштуруу

 

Бишкек шаарынын мэриясынын СӨБы, Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖЖИси, Бишкек шаарынын мэриясынын БББсы, Бишкек шаарынын административдик райондору, Бишкек шаарынын ССДсы

Жазалоо жөнүндө токтом кабыл алуу.

Балдардын кайра калыбына келтирилген укуктары жөнүндө маалымат.

Камкордукка алынган балдардын административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо.

Жашы жетпеген балдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулуш фактылары боюнча чара көрүү

Бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде

6

Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда, ага-энелик укуктарын чектөө жана ата-энелик укуктарынан ажыратуу маселелери боюнча сотко кайрылууларды даярдоо

Келип түшкөн кайрылууларга жараша

Бишкек шаарынын мэриясынын СӨБы

Сот тартибинде ата-энелик укуктарынан ажыратылган жашы жетпегендер жөнүндө БИКке маалымат жөнөтүү

Бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде

7

Балдарды тарбиялоо жана окутуу, багуу шарттары, ошондой эле жашы жетпегендердин көзөмөлсүздүгүн жана укук бузууларын алдын алуу тутумунун мекемелериндеги балдар үчүн координациялоону жана контролду жүзөгө ашыруу

Дайыма

Бишкек шаарынын мэриясынын СӨБы, Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖЖИси, Бишкек шаарынын административдик райондору, ҮБКБы

Ишмердиктин анализи, инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымкат даярдоо.

БИКтин жыйынында жыйынтыктарды талкуулоо.

Сунуштарды жана жазма буйруктарды иштеп чыгуу

Бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде

8

Жашы жетпегендердин, эгерде алар жетим болсо, же ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калышса алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча жарандардын кайрылууларын кароо

Жумасына бир жолу

БИКтин жыйындары

БИКтин жыйындарында үй-бүлө менен БИКтин иш планына ылайык алдын алуу иштер боюнча иши жөнүндө отчет

Бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде

9

Ата-эненин камкордугусуз калган жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн укуктарын камсыздоо.

Кесип тандоо, ишке орношуу, кесиптик окуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, жашы жетпегендердин кесиптик багыты боюнча иштерди уюштуруу

Дайыма

Бишкек шаарынын мэриясынын СӨБы, Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖЖИси, Бишкек шаарынын мэриясынын БББсы

Жашы жетпегендерди ишке орноштуруу боюнча иш уюштуруу.

Жашы жетпегендерди кесиптик багыт, ишке орноштуруу, кесиптик окутуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча акысыз кызмат көрсөтүү

Бекитилген бюджеттик каражаттардын чектеринде

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 4 ''Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын түзүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин фракцияларынын лидерлеринин каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр чыгарылсын:

а) Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан:

Болотканов Кубатбек Болотканович - "Республика" фракциясынын мүчөсү;

б) Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан:

Шейшекеева Чынара Казаковна - "Замандаш-Современник" фракциясынын мүчөсү;

в) Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан:

Кулбаева Аида Абдирейимовна - "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" фракциясынын мүчөсү";

г) Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан:

Имангазиева Адиса Асановна - "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" фракциясынын мүчөсү.

2. Төмөнкүлөр киргизилсин:

а) Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:

Имангазиева Адиса Асановна - "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" фракциясынын мүчөсү";

б) Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:

Абдырасулова Билимкан Маратовна - "Замандаш-Современник" фракциясынын мүчөсү;

в) Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:

Жакышов Русланбек Шергазиевич - "Республика" фракциясынын мүчөсү;

Шермур Марианна Владимировна - "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" фракциясынын мүчөсү.

3. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 4 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 1-пункттун 5-сабы төмөнкү редакцияда берилсин: "Имангазиева Адиса Асановна - "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" фракциясынын мүчөсү";

б) 3-пункттун 2-сабындагы "Шейшекеева Чынара Казаковна" деген сөздөр "Абдырасулова Билимкан Маратовна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 6-пункттун 3-сабы төмөнкү редакцияда берилсин: "Жакышов Русланбек Шергазиевич - "Республика" фракциясынын мүчөсү";

г) 6-пункттун 4-сабындагы "Кулбаева Аида Абдирейимовна" деген сөздөр "Шермур Марианна Владимировна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Бишкек шаары, 2016-жылдын 23-марты,

№183

 

А. М. Кененбаев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

"Жашылкурулуш" муниципалдык ишкананын отчёту жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы 2016-жылдын 26-февралында Медеров-Элебаев, Медеров-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде, Гоголь көчөсүндө жана Чүй проспектинде массалык кыюу жүргүзүлгөн жерге комиссиялык барууну жүргүздү. Жашыл бак-дарактарды кесүү "Жашылкурулуш" муниципалдык ишкананын (мындан ары - "Жашылкурулуш" МИ) уруксаты боюнча жүргүзүлгөн.

Маселени кароонун жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында көп санда жалбырактуу жана ийне жалбырактуу ири көлөмдүү бак-дарактарды (кара жыгачтар, арчалар, бадалдар, теректер) мыйзамсыз кесүү фактылары табылды.

Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар тарабынан бактарды, бадалдарды, кара бактарды мыйзамсыз кыюуда контролду күчөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жашылкурулуш" МИнин 2015-жыл үчүн отчёту эске алынсын.

2. "Жашылкурулуш" МИнин 2015-жыл мезгили үчүн иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

3. Бишкек шаарынын аймагында бак-дарактарды массалык кесүү менен байланышкан тартип бузуулардын, Бишкек шаардык кеңештин кабыл алган токтомдорунун, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жазма буйруктарынын аткарылбагандыгынын негизинде, "Жашылкурулуш" МИнин директору А.М.Атантаевдин ээлеген кызмат орунунун ылайыктуулугу каралсын.

4. Медеров-Элебаев, Медеров-Матросов көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Гоголь көчөсүндөгү жана Чүй проспектиндеги бак-дарактарды кыюу боюнча материалдар тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматтык адамдарынын иштерине укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлсүн.

5. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) бак-дарактарды кыюуга түздөн-түз тиешеси бар "Жашылкурулуш" МИнин кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карап чыксын;

б) 2014-2015-жылдар мезгилине "Жашылкурулуш" МИнин бюджеттик жана чарбалык эсептик каражаттардын пайдаланылышы, ошондой эле, муниципалдык ишкананын 2016-жылга бюджетинин түзүлүүсү боюнча анализ жүргүзсүн;

в) Бишкек шаарынын жашыл чарбасын өнүктүрүү концепциясын жана жашылдандыруу башкы планын иштеп чыксын;

г) Бишкек шаардык кеңешке ай сайын көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П.Н.Десятников) жана Бишкек шаарынын мэри А.С.Ибраимовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 23-марты, №179