БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
"Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана
турак эмес жайларынын муниципалдык лифттерди жана лифт
жабдууларды ээлерине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп
берүү тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 106 "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын ээлерине муниципалдык лифттерди жана лифт жабдууларды жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Жобону иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин лифттерди жана лифт жабдууларынын сакталышын жана эксплуатациялоо үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын ээлерине жалпы үлүштүк менчикке муниципалдык лифттерди жана лифт жабдууларды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары (Осмоналиев А.Ш., Салиев С.С., Алиев А.Т., Чылабаева А.Т.) турак жай ээлеринин шериктештиктерин (мындан ары - ТЖЭШ) түзүүдө көп квартиралуу турак жай үйлөрдүн турак жана турак эмес жайлардын ээлерине көмөк көрсөтсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (Бейшенбаев Р.К.) "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы (Азат Бекназар) менен бирдикте "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын ээлерине жалпы үлүштүк менчикке муниципалдык лифттерди жана лифт жабдууларды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Жобого ылайык лифттерди жана лифт жабдууларды өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.Б.Токторбаевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.Суракматов
Бишкек шаары
2010-жылдын 29-марты N 170
Бишкек шаардык кеңешинин
2010-жылдын 29-мартындагы
N 170 токтомуна
тиркеме
Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак
жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине муниципалдык
лифттерди, лифт жабдуусун жалпы үлүштүк менчикке
өткөрүп берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин
2010-жылдын 3-декабрындагы N 198 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Муниципалдык лифттерди, лифт жабдуусун өткөрүп берүү
тартиби
III. Жыйынтыктоочу жоболор
1-тиркеме. Муниципалдык лифттерди өткөрүп берүү келишими
2-тиркеме. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы
I. Жалпы жоболор
1.1. "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине муниципалдык лифттерди, лифт жабдуусун жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" жана "Турак жай ээлеринин шериктештиги жөнүндө" жана башка Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул жобо көп квартиралуу турак үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине көп кабаттуу турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди, лифт жабдууларын жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү тартибин аныктайт.
Бул жобо көп кабаттуу турак үйдүн менчик ээлери Турак жай ээлеринин шериктештигин (мындан ары - ТЭШ) түзүп жаткан учурда пайда болгон мамилелерде колдонулат.
II. Муниципалдык лифттерди, лифт жабдуусун
өткөрүп берүү тартиби
2.1. Муниципалдык менчиктин реестринде турган, 25 жылдан кем эмес мезгил иштетилген көп кабаттуу турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди, лифт жабдууларын көп кабаттуу турак үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү муниципалдык лифттерди, лифт жабдууларын модернизациялоо жана капиталдык-калыбына келтирүү ремонт жүргүзүлгөндөн кийин кайтарымсыз негизде ишке ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы N 198 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Муниципалдык лифттерди, лифт жабдууларын модернизациялоо жана капиталдык-калыбына келтирүү ремонтун жүргүзүү кезеги жана мөөнөттөрү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилүүчү "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк программалары менен жыл сайын аныкталат.
2.3. Бишкек шаарынын турак жай фондунун муниципалдык лифттерин, лифт жабдууларын модернизациялоо жана капиталдык-калыбына келтирүү ремонтун жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өнөр жай коопсуздук көзөмөлү боюнча жана тоо көзөмөлү боюнча Мамлекеттик инспекциянын жазма буйругу (Мамтоотехкөзөмөл);
- лифттерге өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү адистештирилген уюмдун корутундусу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укук берилген органына ТЭШинин кат жүзүндөгү кайрылуусу (арыз).
2.4. Жазуу түрүндөгү кайрылууга (арызга) төмөнкү документтер тиркелет:
- уюмдаштыруучу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- арыз берген ыйгарым укуктуу өкүлдү тастыктаган документ;
- көп кабаттуу турак үйдүн турак-жай менчик ээлеринин жалпы чогулушунун протоколу.
Менчик ээлеринин жалпы чогулушу менен төмөнкү чечим кабыл алынат:
- турак жана турак эмес жайдын менчик ээлеринин (жалпы санынан 51%дан кем эмес) муниципалдык лифти, лифттик жабдууну менчикке кабыл алуу жана ТЭШдин балансына коюу жөнүндө макулдугу;
- муниципалдык лифти, лифттик жабдууну ТЭШтин балансына кабыл алуу, техникалык абалын изилдөө, техникалык күбөлөндүрүү, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу боюнча иш-чараларга катышуу үчүн ТЭШтен өкүлдөрдү шайлоо (ыйгарым укуктуу өкүлдү делегат кылып шайлоо).
2.5. ТЭШтин өкүлү модернизациялоо же капиталдык-кайра калыбына келтирүү ремонту жүргүзүлгөнгө чейин лифтин, лифттик жабдуунун техникалык абалын изилдөөгө катышат (бузулган жерлери жөнүндө акт түзүлөт).
2.6. Муниципалдык лифти, лифттик жабдууну модернизациялоо же капиталдык-калыбына келтирүү ремонту аяктагандыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен уюштурулган комиссия модернизацияланган, ремонттолгон (капиталдык-калыбына келтирүү ремонту) муниципалдык лифтти, лифттик жабдууну толук техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзөт. Бул комиссияга ТЭШтин өкүлү да катышат.
2.7. Лифти кабыл алуу боюнча комиссияга Мамтоотехкөзөмөлдүн өкүлү катышат, ал техникалык даярдыктын жана лифти кабыл алуунун актыларынын негизинде кайра орнотулган лифти каттоого, модернизацияланган же ремонттолгон лифтти кайра каттоого жана лифттин паспортунда аны эксплуатацияга киргизүүгө уруксат берилгендиги жөнүндө жазууга милдеттүү. Бул жазуу Мамтоотехкөзөмөлдүн кол тамгасы жана штампы менен күбөлөндүрүлөт.
2.8. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан муниципалдак лифттердин, лифттик жабдууларын баланстык наркын жана өткөрүлгөн модернизациялоонун же капиталдык-калыбына келтирүү ремонттоо чыгымдары аныкталат, бул муниципалдык мүлктүн реестринде чагылдырылат. Модернизацияланган же оңдолгон (капиталдык-калыбына келтирүү ремонттоо) муниципалдык лифт, лифттик жабдуу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан муниципалдык лифтти өткөрүп берүү келишими боюнча ТЭШтин балансына өткөрүлүп берилет. Келишимге төмөнкүлөр тиркелет:
- лифттин техникалык паспорту;
- кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
- тийиштүү техникалык документтер (жабдуунун жерге түшүүсүнүн (нөлгө түшүүсүнүн) элементтерин кароо жана текшерүү протоколу, техникалык күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү, техникалык даярдык актысы жана башка керектүү документтер жана буйруктар).
2.9. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлган учурдан тартып муниципалдык лифт жана муниципалдык жабдуу турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өткөрүлөт.
2.10. Модернизацияланган же ремонттолгон (капиталдык-калыбына келтирүү ремонттоо) лифтти же лифттик жабдууну ишке киргизүү лифттерди техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча атайын уюм (ишкана) менен ТЭШтин келишими бар болгондо ишке ашырылат.
2.11. Турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ТЭШтин атынан лифттин жана лифттик жабдуунун менчик ээси - лифттерди, лифттик жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонуудагы эрежелерге ылайык аны бузуксуз оң абалда жана тийиштүү көрүнүштө, тийиштүү техникалык тейлөөнү уюштуруу жана өз убагында сапаттуу оңдоо жолу менен тике дайындоо боюнча коркунучсуз пайдаланууну камсыздоого тийиш.
2.12. Лифтти, лифттик жабдууну сапаттуу жана өз убагында оңдоо жана модернизациялоо үчүн ТЭШ тийиштүү чогултулган фондго (валюталык жана сомдук) ээ болушу керек. Мында алар боюнча каражаттарды башка чарбалык муктаждыктарга пайдаланууга болбойт.
2.13. Лифттин, лифттик жабдуунун менчик ээси (ТЭШ) аны толугу менен эксплуатациялоону уюштурат жана ишке ашырат, ошондой эле лифттерди техникалык тейлөөгө жана ремонттоого карата кызматтын бул түрүн көрсөтүү боюнча өз иш-аракетине камсыздандыруу полиси бар, үчүнчү жак алдында жоопкерчилиги болгон, ошондой эле техникалык базасы жана тийиштүү адистери бар адистештирилген уюм (ишкана) менен гана келишим түзөт.
III. Жыйынтыктоочу жоболор
3.1. Лифттерди, лифттик жабдууну эксплуатациялоо боюнча эрежелерди сактабагандыгы үчүн, ошондой эле лифттерге, лифттик жабдууга зыян келтиргендиги үчүн күнөөлүү жак мыйзамда белгиленген тартипте жоопко тартылат. Калыбына келтирүү көп квартиралуу турак үйдүн жайларынын менчик ээлеринин (ТЭШ) каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси Ю.Шкуропатов
"Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак
үйлөрүнүн турак жана турак эмес
жайларынын менчик ээлерине муниципалдык
лифттерди, лифт жабдуусун жалпы
үлүштүк менчикке өткөрүп берүү
тартиби жөнүндө" жобосуна
1-тиркеме
Муниципалдык лифттерди өткөрүп берүү
КЕЛИШИМИ
2010-жылдын "__" ________ Бишкек шаары
Бишкек шаарынын ыйгарым укуктуу органы, мындан ары "1-тарап" деп аталуучу жана жобонун негизинде иштөөчү, ______________________________ атынан, бир тараптан, жана Турак жай ээлеринин шериктештиги, __________ _______________________________________________________________________ мындан ары "2-тарап" деп аталуучу, уставдын негизинде иштөөчү төрага __ __________________________ атынын, экинчи тараптан, төмөнкү жөнүндө бул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамына ылайык "1-тарап" лифттерди жана лифттик жабдууларды "2-тарапка" жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берет, "2-тарап" __________________________ дарегиндеги ___________ сандагы лифтти(терди) жана лифттик жабдууну балансына кабыл алууга милдеттүү.
1.2. Өткөрүп берүү учурунда өткөрүлүп берилген лифттердин жана лифттик жабдуунун баланстык наркы __________________________ сом түзөт.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. "1-тарап" төмөнкүгө милдеттендирилет:
2.1.1. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык капиталдык-калыбына келтирүүчү оңдоо же модернизациялоо ишке ашырылгандан кийин лифттерди, лифттик жабдууну техникалык документтери менен "2-тарапка" жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүүгө.
2.2. "2-тарап" төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.2.1. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык лифттерди, лифттик жабдууну балансына жалпы үлүштүк менчикке кабыл алууга.
2.2.2. Лифттерди, лифттик каражаттарды эксплуатациялоо боюнча эрежелерге ылайык көп квартиралуу турак үйдүн жайларынын менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен кабыл алынган лифттерди жана лифттик жабдууну күтүүгө.
2.2.3. Өткөрүлүп берилген лифт жабдуусуна этияттык менен мамиле кылууга, зыян келтирбөө үчүн чараларды көрүүгө.
2.2.4. Берилген үйдө лифттик жабдууну пландуу жана капиталдык-калыбына келтирүүчү оңдоолорду жүргүзүү, ошондой эле модернизациялоо (керек болгондо) үчүн керектүү акча каражаттарын чогултууну жана аккумуляциялоону камсыз кылууга.
2.2.5. Максаттуу расчеттук эсеп ачуу менен амортизациялык (акчалай жана сомдук) фонд ачууга. Ошону менен бирге алар боюнча каражаттар башка ички чарбалык муктаждыктарга чыгымдоосу мүмкүн.
2.2.6. Багыты боюнча лифттерди, лифттик жабдууну оң абалда күтүүнү жана коопсуз пайдаланууну камсыздоого жана лифттерди техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча техникалык базасы жана тийиштүү адистери бар адистештирилген уюм менен лифттерди тейлөөгө келишим түзүүгө.
2.3. "2-тарап" төмөнкү укукка ээ:
2.3.1. Кыргыз Республикасынын Мамтоотехкөзөмөл инспекторлору жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү лифттерди контролдук текшерүүлөрдөн өткөрүүгө катышууга.
3. Тараптардын жоопкерчиликтери
3.1. Бул келишим боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Тараптар бул келишим жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте жоопко тартылат.
4. Талаштарды чечүү тартиби
4.1. Бул келишим боюнча же ага байланыштуу тараптар ортосунда пайда болгон бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
4.2. Сүйлөшүүлөр жолу аркылуу келишпестиктерди чечүү мүмкүн болбогондо алар мыйзамда каралган тартипте сотто каралат.
5. Форс-мажор
5.1. Тараптардын бирөөсү да башка тарап алдында милдеттерди аткарбагандыгы же кечиктиргендиги үчүн, тараптардын эркинен жана каалоосунан тышкары пайда болгон жана дайын болбогон, кутула албаган кырдаалдар, анын ичинде, жарыяланган же чыныгы согуш, жарандык толкундоолор, эпидемиялар, блокада, эмбарго, жер титирөөлөр, ташкындоолор, өрттөр жана башка жаратылыш кырсыктар менен шартталган кырдаалдар үчүн жооптуу эмес.
5.2. Тийиштүү компетенттүү орган тарабынан берилген күбөлүк каршы тура алгыс күчтүн бар экендигин жана иш-аракетинин созулгандыгын тастыктаган күбөлүк жетиштүү болуп саналат.
5.3. Өз милдетин аткарбаган тарап келишим боюнча экинчи тарапка тоскоолдуктар жана милдеттерди аткарууга анын тийгизген таасири жөнүндө билдирүүсү керек.
6. Өзгөчө шарттар
6.1. Бул келишимге кандай гана өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбосун, алар жазуу түрүндө жол-жоболоштурулганда жана эки тарап тарабынан кол коюлганда гана күчкө ээ болот.
6.2. Мөөнөтүнөн мурда келишимдин күчүн жоготуу тараптардын макулдашуусу боюнча же Кыргыз Республикасынын аймагындагы колдонуудагы жарандык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча келтирген чыгымдарын кайтарып берүү менен гана болуусу мүмкүн.
6.3. Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, ар бир тарап үчүн бирден нускадан эки нускада даярдалды.
6.4. Бул келишим ага Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Тараптардын өз ара каалоосу боюнча кайра каралышы мүмкүн. Тараптардын реквизиттери өзгөргөн учурда, алардын уюмдаштыруучулук документтери өзгөргөн учурда, менчик ээсинин, уюштуруу-укуктук формасынын ж.б. өзгөргөн учурду кошуп, бирок аны менен чектелбестен, келишим өз күчүндө кала берет.
7. Юридикалык даректер, төлөм реквизиттер жана тараптардын кол коюулары:
"2-тарап": "1-тарап":
"____________" ТЭШи "Бишкекшаарлифт" МИси
Дареги: Бишкек шаары Дареги: Бишкек шаары, Чүй
проспекти, 30, тел.: 437853
ОКПО: 26605404
ИНН: 01604200910026
Код ГНИ: 003
э/с: 1210120003010661
"Дос-Кредобанк" ААКсы
БИК 121001
_____________________ ______________ (А.Бекназар)
"Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак
үйлөрүнүн турак жана турак эмес
жайларынын менчик ээлерине муниципалдык
лифттерди, лифт жабдуусун жалпы
үлүштүк менчикке өткөрүп берүү
тартиби жөнүндө" жобосуна
2-тиркеме
__________________________________________________________________ ___________________________________________________________ дарегиндеги лифтти ________________________________________________________________
(кабыл алуучу юридикалык жактын аталышы)
Кабыл алуу-өткөрүп берүү
АКТЫСЫ
__________________________________________________________________
(кабыл алуучу юридикалык жактын жетекчисинин
_______________________________________________________________________
аты-жөнү)
уставдын негизинде иштөөчү жана _______________________________________ _______________________________________________________________________
(өткөрүп берүүчү уюмдун жетекчисинин аты-жөнү)
уставдын негизинде иштөөчү,
өткөрүп берүүчү тараптын башкы бухгалтеринен __________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________ жана кабыл алуучу тараптын башкы бухгалтеринен ________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________ турган комиссия: төмөнкү жөнүндө бул актты түздү:
_______________________________________________________________________
(менчик ээсинин аталышы)
баланстык наркы ________________________________________ миң сом болгон _____________________________________________________________ көлөмүндө
(лифттердин санын эсептөө, алардын мүнөздөмөсү)
_______________________________________________________________________
(кабыл алуучу юридикалык жактын аталышы)
жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берет.
Өткөрүп алуу 20__-жылдын "__" ____________________________________ _____________________________________ негизинде жүргүзүлдү.
Өзгөчө шарттар:
__________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(тараптардын юридикалык даректери)
Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына тиркеме:
1. Өткөрүлүп берилүүчү лифттердин техникалык абалынын актылары.
2. Техникалык документтерди өткөрүп берүү актысы (өткөрүп берүү учурунда техникалык документтер жок болсо, өткөрүп берүүчү уюм жетпеген документтерди өзүнүн эсебинен калыбына келтирип берүүгө милдеттүү).