Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кызматташуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

2016-жылдын 14-январындагы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык кеңеши жана Корея Республикасынын Сеул шаарынын шаардык советинин ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, тиркемеге ылайык (корей жана англис тилдеринде);

Бишкек шаардык кеңеши жана Бишкек жана Поханг шаарларынын ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча коомдук ассоциациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу, тиркемеге ылайык (кыргыз, орус жана корей тилдеринде).

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

А.Кененбаев

Бишкек ш.,

27-февраль 2016-жыл, №176