Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

2015-жыл үчүн Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол-кайгуул кызматынын отчёту жөнүндө

 

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол-кайгуул кызматынын (мындан ары - Бишкек шаарынын ИИББнын ЖККсы) начальниги З.М.Джанабаеванын 2015-жыл үчүн отчётун, ошондой эле, "Ата-Мекен" фракциясынын лидеринин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын ИИББнын ЖККсынын начальниги З.М.Джанабаеванын 2015-жыл үчүн иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

2. Бишкек шаарынын ИИББсы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

а) Бишкек шаарынын ИИББнын ЖККсынын натыйжалуу ишин камсыздасын;

б) жол-транспорттук кырсыктардын санын азайтуу боюнча кошумча чараларды көрсүн;

в) төмөнкүлөргө контролду күчөтсүн:

жалпы пайдалануудагы транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелердин сакталышына;

автомобилдик транспортту токтотмо эрежелеринин сакталышына;

кыймылдын бардык катышуучулар тарабынан жол кыймыл эрежелеринин сакталышына.

3. Бишкек шаарынын мэриясы 2016-жылдын 1-июнуна чейин Бишкек шаардык кеңешке ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга (Лисниченко В.М.) жана Бишкек шаарынын мэри А.С.Ибраимовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 23-марты, №178