Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы №126

“Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө”

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын борборунда шаар курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү саясаттын натыйжалуу ишке ашуусун жогорулатуу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын  Салык кодексинин 52-1, 108, 112 жана 131-беренелерине ылайык салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын мындан ары ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.                     Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы №126 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» токтому менен бекитилген 1-тиркемеге төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

«Түзүмдүк бөлүмдөр» графасындагы:

2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

«2. Жер ресурстар башкармалыгы (43 шт. бирдик)»;

3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

«3. Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы (49 шт. бирдик)»;

22 жана 23-пункттар менен толукталсын:

«22. Муниципалдык мүлк башкармалыгы (29 шт. бирдик)»;

«23. Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгы (16 шт. бирдик)».

2.                     Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

3.                     Ушул токтомдун   аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев), бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу  Э. З. Зарлыковго жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  А. М. Кененбаев                                                                                                      

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

О внесении изменений и дополнений

в  постановление Бишкекского городского кенеша

«Об утверждении структуры и штатной численности

мэрии города Бишкек» от  20 мая 2015 года № 126

 

 

         В соответствии с Законом Кыргызской Республики «О статусе столицы», в целях повышения эффективной реализации политики в сфере градостроительства и архитектуры в столице Кыргызской Республики, а также дальнейшей реализации полномочий органов местного самоуправления в сфере налоговых правоотношений, в соответствии со статьями 52-1, 108, 112 и 131 Налогового кодекса Кыргызской Республики, Бишкекский городской кенеш

 

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

         1. Внести в приложение 1, утвержденное постановлением Бишкекского городского кенеша «Об утверждении структуры и штатной численности мэрии города Бишкек» от  20 мая 2015 г. №126, следующие изменения и дополнения:

          в графе «Структурные подразделения»:

             пункт 2 изложить в следующей редакции:

         «2. Управление земельных ресурсов (43 шт. ед.)»;

              пункт 3 изложить в следующей редакции:

          «3. Управление землепользования и строительства (49 шт. ед.)»;

         дополнить пунктами 22 и 23 следующего содержания:

         «22. Управление муниципального имущества (29 шт. ед.)»;

         «23. Управление доходов местного бюджета города Бишкек (16 шт. ед.)».

         2. Зарегистрировать настоящее постановление и направить  в Министерство юстиции Кыргызской Республики для включения в Государственный реестр нормативных правовых актов Кыргызской Республики.

         3. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянные комиссии Бишкекского городского кенеша по муниципальной собственности, земельным вопросам, градостроительству и архитектуре (Конгантиев К. К.), по бюджету и финансам (Докенов Э. Ш.),  исполняющего обязанности  первого вице-мэра города Бишкек Зарлыкова Э. З. и вице-мэра города Бишкек Дюшембиева Б. О.

Председатель Бишкекского

городского кенеша                                                                А. М. Кененбаев

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарында жыйымдарды, токтотмолорду

жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын бирдиктүү токтотмо мейкиндигин түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Бишкек шаарында жыйымдарды, токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана  Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин:

а)   Бишкек шаарынын аймагында өз ишмердигин жүргүзүүчү

акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын реестри жөнүндө жобону;

б)   Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолордун

жана унаа туруктардын реестрин жүргүзүү тартибин;

в)   токтотмолорду жана унаа туруктарды  уюштуруу тартибин,

ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга жер участокторун пайдаланууга (ижарага) берүү тартибин жана шарттарын;

г)                          акы төлөнүүчү (акысыз) токтотмолордун жана унаа

туруктардын агенттери үчүн жыйымдардын суммасын эсептөө жана төлөө тартибин;

д)    акы төлөнүүчү (акысыз) токтотмолордун жана унаа

туруктардын агенттери үчүн жыйымдын эсептик коюмун эсептөө тартибин;

е)     шаардык токтотмолорду, унаа туруктарды пайдалануу жана

аларда транспорттук каражаттарды жайгаштыруу эрежелерин;

ж)    акы төлөнүүчү токтотмолордун токтотуу орундарына

автотранспорттук каражаттарды жайгаштыруу тартибин;

з)                           акы төлөнүүчү унаа туруктарга автотранспорттук

каражаттарды жайгаштыруу тартибин;

и)      Бишкек шаарынын аймактык баа зоналарын;

к)         Бишкек шаарынын аймагындагы адистештирилген унаа

туруктарга талаптарды;

л)         Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө Бишкек

шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, токтотмолор жана унаа туруктар дирекциясын киргизсин;

м)        жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды

каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы (Р. К. Макенов) менен биргеликте чарба жүргүзүүчү субъекттерге токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу үчүн берилген жер участокторун реестрден бөлсүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, токтотмолор жана унаа туруктар дирекциясынын балансына өткөрүп берсин;

н)         Бишкек шаары боюнча иштеп жаткан токтотмолорду жана

унаа туруктарды инвентаризациялоону жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзсүн;

о)    муниципалдык жерди пайдалануу үчүн тийиштүү

төлөмдөрдү төлөбөгөн, башаламан иштеп жаткан токтотмолорду жана унаа туруктарды аныктоо жана жоюу боюнча чара көрсүн;

п)      мыйзамсыз иштеп жаткан токтотмолордун жана унаа

туруктардын ишмердигин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Администрациялык кодексинин ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын.

3. Токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга (ижарага) берилген муниципалдык жер участоктору максаттуу мааниге ээ жана багыты боюнча так пайдаланышы керек деп белгиленсин.

4. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, токтотмолор жана унаа туруктар дирекциясына төмөнкү иш-милдеттер жүктөлгөнү белгиленсин:

а)       шаардык токтотмолордун жана унаа туруктардын токтотмо

орундарында транспорттук каражаттарды жайгаштырууга (токтотмо орундарын пайдаланууга) төлөм алуудан кирешелердин түшүү бөлүгүндө Бишкек шаарынын бюджеттик кирешелеринин башкы администраторунун;

б)      шаардын администрациялык-аймактык чектеринде акы

төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды түзүү жана эксплуатациялоо менен байланышкан иш-чараларды пландоодо жана өткөрүүдө Бишкек шаарынын аткаруу бийлик органдарынын жана ага караштуу ведомстволук мекемелердин ишмердигин координациялоо боюнча;

в)  шаардык акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа

туруктардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, токтотмолор жана унаа туруктар дирекциясы (К. Кыдыралиев) белгиленген тартипте:

а)       өткөрүлүп берилген жана табылган башаламан иштеп

жаткан токтотмолорду жана унаа туруктарды баланска кабыл алсын;

б)      муниципалдык, жеке жана меймандык токтотмолордун

ишмердигин иретке келтирүү жана муниципалдык жерди пайдаланууга тийиштүү төлөмдөрдү төлөөнү камсыздоо боюнча чара көрсүн;

в)       чарба жүргүзүүчү субъекттер менен автотранспортту

токтотуу жана коюу боюнча кызмат көрсөтүү ишмердигин жүргүзүүгө агенттик макулдашууларды түзүүгө уруксат берсин.

6. “Бишкек шаарынын аймагында автотранспорт орду токтотуу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө” жобонун “Жыйымдардын чени” III главасынан тышкары, Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 “Бишкек шаарынын аймагында таштанды ташып чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө” жана “Бишкек шаарынын аймагында автотранспортту токтотуу үчүн жыйымды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө” жоболорун бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.

7.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына                        (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу Э. З. Зарлыковго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин  төрагасы                                                         А. М. Кененбаев

Бишкек ш.

30-июнь 2016-жыл, №197

Бишкек шаардык кеңештин

2016-жылдын  «30» июнундагы

           №197  токтомуна тиркеме

Бишкек шаарынын аймагында жыйымдарды, токтотмолорду  жана

унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

         I. Жалпы жоболор

 

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

          2. Ушул жобо Бишкек шаарынын аймагында токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартибин белгилейт, Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу жана иштетүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт.

          3. Ушул жобо Бишкек шаарынын аймагында токтотмолордун жана унаа туруктардын бирдиктүү жалпы шаардык тутумун башкаруу боюнча негизги багыттарды аныктайт. 

4. Ушул жобо Бишкек шаарынын токтотмо мейкиндигин башкаруу маселелеринде бирдиктүү тартипти белгилөө, шаардык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жаатында жалпы шаардык саясатты жүзөгө ашыруу, жол кыймылынын коопсуздугунун талаптагыдай шарттарын камсыздоо, салыктык эмес төлөмдөрдүн өз убагында түшүүсүн координациялоо максатында иштелип чыкты.

 

         II. Негизги атоолор жана түшүнүктөр

 

          5. Ушул жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги атоолор жана түшүнүктөр колдонулат:

         Унаа турук – атайын белгиленген, жер участогунун менчик ээсинин/жер пайдалануучунун же имараттын, курулуштун же курулманын бар болгон бөлүктөрүнүн менчик ээлеринин чечими боюнча акы төлөнүүчү же төлөнбөөчү негизде автомототранспорттук каражаттарды уюштурулган кайтаруу үчүн орундарга убактылуу ээлик кылууга (пайдаланууга) берүү үчүн жер катары пайдаланылуучу, анын ичинде эстакада жана көпүрө алдындагы мейкиндиктин, аянтчалардын жана башка көчө-жол тармактарынын, имараттардын, курулуштардын же курулмалардын объекттеринин бөлүгү болуп саналган, курулган жана жабдылган аянт (ачык жана жабык аянтча).

         Машина оруну– атайын белгиленген, бөлүнгөн аянттын чегинде бир автомототранспортту жайгаштыруу үчүн арналган авто коюу жайдагы түзүлгөн жана жабдылган орун.

          Кооперативдик гараждар, гараж– белгиленген тартипте, бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн орундар жер участокторунда жайгашкан автотранспорттук каражаттарды коюу жана сактоо үчүн уюштурулган, же өзүнчө алынып түзүлгөн жана жабдылган жайлар.

         Токтотмо– атайын белгиленген, анын ичинде автомобилдик жолдун жана (же) өтмө бөлүккө, тротуарга, жолдун четине, эстакадага же көпүрөгө кошулган, же эстакада жана көпүрө алдындагы мейкиндиктин, аянтчалардын жана башка көчө-жол тармактарынын, имараттардын, курулуштардын же курулмалардын объекттеринин бөлүгү болуп саналган жана менчик ээсинин, жер участоктун менчик ээсинин же имараттын, курулуштун же курулманын тийиштүү бөлүктөрүнүн менчик ээсинин чечими боюнча акы төлөнүүчү же төлөнбөөчү негизде автомототранспорттук каражаттардын уюштурулган авто коюу жайы үчүн арналган,  түзүлгөн жана жабдылган орун.

         Токтотмо оруну– атайын белгиленген, бир автотранспорттук каражатты жайгаштыруу үчүн автотоктотмодо түзүлгөн жана жабдылган орун.

         Атайын жабдылган орун– Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган, тийиштүү белгилер, жол чиймелери менен белгиленген, автотранспортту талаптагыдай күтүү үчүн убактылуу тосмосу жана/же башка каражаттары бар автотранспортту токтотуу жана коюу үчүн аянтча.

          Акы төлөнүүчү токтотмо– атайын бөлүнгөн аянтчаларда токтотмо үчүн акы төлөө менен автотранспорттук каражаттарды убактылуу жайгаштыруу үчүн токтотмо. Токтотмолор (токтотмо орундары) автотранспорттук каражаттарды сактоого арналган эмес.

         Акысыз (меймандык) токтотмо – чарба жүргүзүүчү субъекттин объектисине чектешкен, жалпы пайдалануу аймагында меймандык автотранспорттук каражаттарды убактылуу жайгаштыруу жана токтотмо максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жана токтотуу үчүн төлөмгө байланышпаган токтотмо.

         Муниципалдык токтотмолор жана унаа туруктар– муниципалитеттин кызматкерлери тарабынан токтотуу боюнча кызматтар жүргүзүлгөн аймактагы токтотмолор же унаа туруктар.

         Такси токтотмосу – шаардын жүргүнчүлөрдү уюштурган пункттарындагы өтмө бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык жабдылган жана жүргүнчүлөрдү салуу (түшүрүү) жана автомашина-таксилеринин турушуна арналган, тийиштүү жол белгилери жана чиймелери менен белгиленген аянтча.

         Кызматтык токтотмолор– мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык имараттарынын жана курулмаларынын жанында атайын бөлүнгөн аймакта жайгашкан токтотмолор. Кызматтык  токтотмолордо автотранспортту токтотуу үчүн жыйым алынбайт.

         Авто токтотуу – бул максаттар үчүн атайын белгиленген жерлерде транспорттук каражатты жайгаштыруу боюнча кызматтын түрү. Авто токтотуу кызматты пайдаланып жаткан жактардын автотранспорттук каражаттарын жана башка мүлкүн сактоо боюнча кызмат көрсөтүү болуп саналбайт.

         Токтотмону пайдалануучулар– автотранспорттук каражаттарды акы төлөө же акысыз токтотуу кызматтары менен пайдаланган адамдар.

         Токтотмо үчүн төлөм – автотранспорттук каражаттарды токтотуу боюнча кызматтарды пайдаланган адамдардан милдеттүү түрдө алынган акча каражаттар.

         Акы төлөнүүчү унаа турук– күнү-түнү иштеген, бул максаттар үчүн гана каралган аянтчаларда автотранспорттук каражаттарды узакка жайгаштырууга атайын жабдылган, түзүлгөн жай.

         Унаа турукту пайдалануучулар– акы төлөнүүчү унаа туруктарда көрсөтүлгөн кызматтарды пайдаланган адамдар.

         Унаа туруктун аймагы– автотранспорттук каражаттардын түз аралап өтүүсү үчүн арналбаган, тосмосу бар жана автотранспортту коюу үчүн арналган аймак. 

         Унаа турук үчүн төлөм – автотранспорттук каражаттарды коюу боюнча кызматтарды пайдаланган адамдардан алынуучу акча каражаттар.

         Токтотмо жана унаа турук үчүн жыйым– Бишкек шаарынын администрациялык-аймактык чектеринин чегинде токтотмо орундарын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн мыйзам тарабынан белгиленген милдеттүү акчалай төгүм.

         Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы – Бишкек шаарынын токтотмолорунун жана унаа туруктарынын ишмердигин башкарууга ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.

         Транспорттук каражаттын орун которуусу  – анын мындан ары эксплуатациялоо мүмкүн болбоосун камсыздоо максатында, транспорттук каражаттын  жайгашкан ордун өзгөртүү.

         Акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын агенттери– Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу, жер участокторунун менчигинде/жер пайдалануусунда (ижарада) же имараттардын, курулуштардын же курулмалардын тийиштүү бөлүктөрүнүн, же бул максаттар үчүн бөлүнгөн жайлардын менчигинде турган атайын жабдылган аймактарда автотранспорттук каражаттарды токтотуу жана коюу боюнча кызматтарды жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар.

         Жүк ташуучу транспорт үчүн атайын токтотмо оруну– көрсөтүлгөн уруксат берилген максималдуу салмагы менен жүк ташуучу автотранспорттук каражаттарды жайгаштыруу үчүн арналган токтотмодогу токтотмо орун.

         Адистештирилген уюм – адистештирилген унаа турукта транспорттук каражаттардын ордун алмаштырууну, аларды кайтарууну жана кайтарып берүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жак.

         Адистештирилген унаа турук – мажбурлап эвакуациялоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, мажбурлап эвакуацияланган  транспорттук каражаттарды кайтаруу үчүн арналган атайын бөлүнгөн орун.

 

         III. Токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартибин белгилөөдө Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

 

            6. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары токтотмолордун жана унаа туруктардын ишмердигин башкаруу  маселелеринде Бишкек шаарынын аймагында токтотмолорду жана унаа туруктарды иштетүүнүн жалпы принциптерин белгилөөдө укуктарга ээ.

  

         IV. Токтотмолордун аймактары

 

          7.  Акы төлөнүүчү токтотмолорду жайгаштыруунун аймактык (баа) зоналарын Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

          8. Токтотмонун аймагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү жол белгилери жана чиймелери менен белгиленет.

          9. Токтотмодо белгиленген жол кыймылын уюштуруунун бардык техникалык каражаттары, токтотмонун иштөөсү үчүн арналган бардык стационардык жана мобилдик объекттер, анын ичинде төлөм алуунун объекттери токтотмонун бөлүгү болуп саналат.

  

          10. Үчүнчү жактар тарабынан токтотмодо (токтотуу орунунда) автотранспорттук каражаттарды уурдоо жана зыян келтирүү коркунучтарына автотранспорттук каражаттардын ээлери өз алдынча жооп беришет.

           11. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы Бишкек шаарынын администрациялык чектеринде турган токтотмо орундары менен жайгашкан токтотмолордун реестрин жүргүзөт.

  

V. Токтотмо уюштурууга негизги талаптар

  

           12. Билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо мекемелеринин жанында жүргүнчүлөрдүн чыгуусу жана түшүүсү үчүн жерлер каралган. Көрсөтүлгөн жерлерде транспорттук каражаттарды токтотууга жана коюуга тыюу салынат.

          13. Акы төлөнүүчү токтотмолордун токтотмо орундарында автотранспорттук каражаттарды жайгаштыруу тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

         14. Токтотмолордо төмөнкүлөргө тыюу салынат:

         а) токтотмо орундарында автотранспорттук каражаттарды эркин жайгаштырууга тоскоолдуктарды түзүүгө;

         б) белгилүү бир түрдөгү автотранспорттук каражаттар үчүн, эгер бул тийиштүү жол белгилери жана (же) чиймелери менен каралса, башка түрдөгү автотранспорттук каражаттарга арналган токтотмо орундарында жайгаштырууга;

          в)токтотмо орундарынын чектерин бузуу менен автотранспорттук каражаттарды жайгаштырууга.

        

VI. Унаа туруктарды уюштурууга негизги талаптар

 

         15. Акы төлөнүүчү унаа туруктарда автотранспорттук каражаттарды жайгаштыруу тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

          16. Унаа туруктун курамына автотранспорттук каражаттарды сактоо үчүн жайлардан тышкары, авто коюу жайларын тейлеген инженердик жабдууларды, анын ичинде өрткө каршы шаймандарын сактоо үчүн техникалык жайлар гана кирет.

          17. Унаа турукту мектепке чейинки мекемелердин, мектептердин, балдар үйлөрүнүн  жана стационардык дарылоо мекемелеринин имараттарынын алдына жайгаштырууга жол берилбейт.

         18. Унаа туруктун ээси, токтотмодо сактоого жайгаштырылган автотранспорттук каражаттын ээси менен түзүлгөн келишимге ылайык, автотранспорт каражатынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Авто коюу жайында сактоо учурунда автотранспорттук каражатка келтирилген зыян үчүн, анын ичинде бул автотранспорттук каражат уурдалган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык унаа туруктун ээси тарабынан төлөнөт.

 

         VII. Жыйым төлөөчүлөр

 

         19. Жыйым төлөөчүлөр  болуп ушул максаттар үчүн атайын жабдылган же бөлүнгөн жерлерде автомашиналарды токтотмолорду жана коюу боюнча кызматтарды көрсөткөн, юридикалык жана жеке жактар саналат. 

          20. Жыйымдын объектиси болуп автотранспорттук каражаттарды токтотуу жана коюу  боюнча кызматтарды көрсөтүүдөгү ишмердикти жүзөгө ашыруу укугу саналат.

  

         VIII. Жыйым суммасын эсептөө жана төлөө тартиби

 

         21. Жыйым суммасын эсептөө тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

          22. Жыйымдын эсептик коюму ишмердиктин түрүнө ылайык белгиленет.

          23. Жыйымдын базасы болуп токтотмолордогу жана унаа туруктагы  токтотмо машина орундарынын саны эсептелет.

 

24.Жыйым суммасын эсептөө үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген төмөндөгү база жана жыйымдын эсептик коюму колдонулат:

 

Ишмердиктинтүрү

Жыйымбазасы

Жыйымдын эсептөө коюму, бир айда/жылда (сом)

1

Унаа туруктардын кызматтары

(күнү-түнү)

1 машина оруну

_____

2

Акы төлөнүүчү токтотмонун кызматтары

1 токтотмо оруну

_____

3

Меймандыктоктотмолордун кызматтары (кооперативдик гараждардын)

1 токтотмо оруну

1 машина оруну

_____

4

Такси кызматтарынын токтотмосу

1 автотранспорт

_____

5

Адистештирилгенунаа туруктардынкызматтары

1 машина оруну

_____

6

Жүргүнчүлөр автотранспорту үчүн токтотмолордун жана унаа туруктардын кызматтары

1 токтотмо оруну

_____

 

         25. Эсептик коюмдун чегинде, Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча, жылына бир жолудан көп эмес, объекттердин жайгашкан жерин жана/же көрсөтүлгөн кызматтардын наркын эске алуу менен жыйымдын коюмун өзгөртүүгө укуктуу.

         26. Жалпы пайдалануудагы аймактарда жайгашкан үй алдындагы гараждар, токтотмолор, унаа туруктар боюнча жеке жактардан жыйымдын суммасын эсептөө милдети Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.

         27. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан төлөөгө жаткан жыйымдын суммасын эсептөө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

         28. Жыйымдын суммасы бир календардык жылга белгиленет жана Бишкек шаарынын аймагында автотранспортту токтотуу жана коюу кызматтарын көрсөтүү боюнча ишмердикти жүзөгө ашырууга укук берүүчү Агенттик келишимге кол коюлган күндөн тартып жергиликтүү бюджетке төлөнөт.

         29. Жыйымды төлөө мөөнөттөрү Агенттик келишим тарабынан аныкталат жана бөлүп-бөлүп, бирок айына бир жолудан кем эмес жана отчёттук мезгилдин кийинки айынын 20сынан кеч эмес которулушу мүмкүн.

IX. Төлөөчүлөрдүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын милдеттери жана жоопкерчилиги

 

          30. Төлөөчүлөр жыйымды өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүү. Тартип бузуулар болгон учурда, төлөөчү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

          31. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жыйымды эсептөө тартибин сактоону камсыздайт жана Бишкек шаарынын бюджетине жыйымдын суммасынын өз убагында киргизилишин контролдойт.

          32. Токтотмо орундарын уюштуруу, алары күтүү жоопкерчилиги автомашиналардын токтотмолорун жана унаа туруктарын берүү боюнча кызматтарды жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарга жүктөлөт.

         33. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жергиликтүү бюджетке жыйым суммасынын толук төлөнүүсүнө жана өз убагында которулуусуна контролду жүргүзөт.

 

         X. Токтотмолордун жана унаа туруктардын орундарын уюштуруу тартиби

 

          34. Бишкек шаардык кеңеш токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча бекитет.

          35. “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы” муниципалдык ишканасы токтотмолордун жана унаа туруктардын орундарынын жалпы шаардык схемасын иштеп чыгат. Токтотмолордун жана унаа туруктардын жалпы шаардык схемасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаардык кызматтардын табыштамаларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

          36. Бишкек шаарында автотранспортту токтотуу тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы аныктайт.

          37. Токтотмо үчүн өтүү бөлүктөрүн пайдалануу тартиби тийиштүү жол белгилери, жол чиймелери жана тийиштүү ченемдер тарабынан аныкталат.

         38. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы анда жайгашкан токтотмо орундары менен Бишкек шаарынын администрациялык чектеринде турган токтотмолордун реестрин жүргүзөт.

         39. Токтотмолордун жана унаа туруктардын реестрин жүргүзүү тартиби, ошондой эле акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу үчүн жер участокторун пайдаланууга (ижарага) берүү тартиби жана шарттары өзүнчө жобо менен белгиленет жана Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

 

XI. Такси токтотмосу

         40. Такси токтотмолору ташуучулардын ишин уюштуруу жана координациялоо, таксинин иш-милдетин аткарган жеңил автомобилдик транспортту өнүктүрүү максатында түзүлөт жана жеңил автомобилдик такси менен жүргүнчүлөрдү салуу (түшүрүү) жана күтүү үчүн кызмат кылат.

         41. Муниципалдык такси токтотмолорду жайгаштыруу үчүн жер участок бөлүү Бишкек шаарынын мэриясынын аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

         42. Такси токтотмосун пайдалануучулары болуп Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен белгиленген тартипте агенттик келишим түзгөн, “такси” деген таанылган жазмасы менен автотранспорту бар жеке жана юридикалык жактар саналат.

         43. Такси токтотмосунда башка түрдөгү автотранспортту токтотууга тыюу салынат.

 

         XII. Башкаруу жана координациялоо

 

          44. Токтотмолор жана унаа туруктар тутумун башкаруу жана координациялоо, жалпы шаардык программаны (долбоорлорду) жайылтуу, ошондой эле төлөмдөрдүн толук жана өз убагында төлөнүшүнө жеринде контроль жүргүзүү, өзүнүн ишмердигин жобонун негизинде жүзөгө ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.

          45. Салык тартибин сактоо бөлүгүн контролдоо иш-милдеттери жергиликтүү салык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

  

         XIII. Акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын орундарын пайдаланууга төлөмдүн формасы

 

          46. Бишкек шаарында акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын орундарын пайдаланууга төлөмдүн формасы болуп автотранспортту токтотуу жана коюу боюнча кызматтарга тиркемеге ылайык формада бекитилген дүмүрчөк сатып алуу саналат. Дүмүрчөктүн формасын белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

          47. Пайдалануучулар тарабынан автотранспортту токтотууга жана коюуга дүмүрчөктөрдү сатып алуу накталай эсептешүү менен жүргүзүлөт.

          48. Акы төлөнүүчү токтотмонун бөлүнгөн жеринде жайгашкан соода-оюн-зоок тармагынын, банктардын, кафелердин, кеңселердин ж.б. объекттеринин ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен бир жылга чейинки мөөнөткө акы төлөнүүчү автотоктотмо орундарын эксплуатациялоого, ай сайын акы төлөө жана кардарлардан төлөм алууга укугу жок шартында, келишимдерди түзө алышат. 

          49. Акы төлөнүүчү токтотмолордун иш шарттамы күн сайын 8:00дөн 20:00гө чейин белгиленет.

          50. Акы төлөнүүчү унаа туруктун иш шарттамы күн сайын күнү-түнү болуп саналат.

         51. Автотранспорттук каражаттарды токтотуу үчүн жерлерде төлөмдү толук жана өз убагында төлөөгө контроль автотоктотуучу, авто коюу жайларында – күзөтчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

         XIV. Бишкек шаарынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча каражаттарын бөлүштүрүү жана аларды пайдаланууга болгон контроль

 

          52. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан автотранспортту токтотуу боюнча кызматтар үчүн алынган акча каражаттар бюджеттик каражат болуп саналат жана шаардын бюджетине толук которулууга тийиш.

          53. Атайын каражаттарды чыгымдоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык, бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдалануу боюнча отчётторду квартал сайын берүү менен Бишкек шаардык финансы башкармалыгы тарабынан бекитилген кирешелер жана чыгымдар сметасынын негизинде жүргүзүлөт (кирешелер жана чыгымдар сметасын аткаруу).

  

         XV. Акы төлөнүүчү токтотмо орундарын пайдалануудагы жеңилдиктер

 

          54. Токтотмо төлөмүнөн “Майып” деген таанылуучу белгиси жана каттоо документтеринде тийиштүү белгиси бар автотранспорттук каражаттардын 1-2-топтогу майып ээлери бошотулат. 

         55. Кызматтык транспортторду токтотмого жеңилдетип коюу маселелери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан чечилет.

 

         XVI. Токтотмолор жана унаа туруктар тутумун инвестициялоо, өнүктүрүү, жабдуу

 

         56. Бишкек шаарында автотранспорттук каражаттарды акы төлөп токтотууну контролдоонун автоматташтырылган тутумун киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттик жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу алкагында, сынактык негизде жүзөгө ашырылат. 

 

        

XVII. Башка жоболор

 

          57. Коомдук-саясий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүдө, аларды өткөрүү жайларында транспорттук каражаттарды токтотууга тыюу салынат.

          58. Бишкек шаарында акы төлөнүүчү токтомолор тутумунун ишмердиги жөнүндө шаардын калкын маалымдоо жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлөт.

  

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчисинин

убактылуу милдетин аткаруучу                                           Р. К. Садыралиев

 

ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2006-жылдын 28-ноябры N 266

Бишкек шаарынын

Күнү жөнүндө

Шаар салттарын өнүктүрүүнү улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын Тарых институту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги жана Кыргыз мамлекеттик тарых музейи тарабынан берилген объективдүү, тарыхый ишенимдүү документтерге таянып, Бишкек шаары негизделген датасы анык көрсөтүлгөн тарыхый материалдардын негизинде Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     29-апрель Бишкек шаарынын Күнү деп эсептелсин.

 

2. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Төрайым                                                                     Н. С. Байболова

         Бишкек шаардык кеңеши

Токтом  № 187  

2016-жыл  30-июнь

 

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жунай Мавляновдун

ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында географиялык аталыштары жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында топонимика жана ысымды түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2014-жылдын      22-апрелиндеги отурумунун № 2 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын «Көк-Жар», «Улан» кичи райондорундагы «Аламедин» дарыясынын бойлой өткөн, чыгыш чоң Чүй каналынан              И. Ахунбаев көчөсүнө чейинки аты жок көчөгө Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жунай Мавляновдун аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), «Бишкек шаарынын архитектура жана шааркурулушу боюнча башкы башкармалыгы» муниципалдык ишканасы (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин  төрагасы                                                 А. М. Кененбаев

Об увековечении памяти

народного писателя  Кыргызской

Республики Жунай Мавлянова

         В соответствии с Законом Кыргызской Республики «О географических названиях в Кыргызской Республике», учитывая протокол заседания комиссии по топонимике и увековечению памяти в городе Бишкек от 22 апреля  2014 года № 2, Бишкекский городской кенеш

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

        1. Присвоить безымянной улице, проходящей вдоль реки «Аламедин»  от восточного большого Чуйского канала до улицы И. Ахунбаева в микрорайонах «Кок-Жар» и «Улан» города Бишкек имя народного писателя Кыргызской Республики Жунай Мавлянова (схема прилагается).

       2. Мэрии города Бишкек произвести установку аншлагов в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке.

       3. Бишкекскому городскому управлению по землеустройству и регистрации прав на недвижимое имущество  (Берикбаев Б. Ж.), Муниципальному предприятию «Главное управление архитектуры и градостроительства города Бишкек» (Абдиев Б. А.) внести соответствующие изменения в учетные, инвентаризационные данные.

       4. Зарегистрировать настоящее постановление и направить в Министерство юстиции Кыргызской Республики  для включения в Государственный реестр нормативных правовых актов Кыргызской Республики.

       5. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную комиссию по муниципальной собственности, земельным вопросам, градостроительству  и архитектуре Бишкекского городского кенеша (Конгантиев К. К.) и вице–мэра города Бишкек Дюшембиева Б. О.

 

Председатель Бишкекского  городского кенеша                                                             А. М. Кененбаев

Приложение:

Схема (русский)

Схема (кыргызча)

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин өкүлдөрү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, шайлоочулардын жана коомдук бирикмелердин чогулуштарынан келип түшкөн материалдарды карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Бишкек шаардык кеңештин өкүлдөрүнүн документтери жөнөтүлсүн (тиркемеге ылайык).

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары А.А.Пирматовага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

Бишкек ш.,

27-февраль 2016-ж., №172

 

 А.М.Кененбаев

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 27-февралындагы
№ 172 токтомуна
тиркеме

Шайлоочулардын жана коомдук бирикмелердин чогулушунан көрсөтүлгөн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин сапаттык курамына
ТАЛАПКЕРЛЕР

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин сапаттык курамы

Аты-жөнү

Жынысы

Туулган жылы, айы, күнү

Улуту

Билими

Иштеген жери, кызматы

Ким тарабынан көрсөтүлдү

Жашаган жери

Тел.

1

Жумагазиев Манас

эркек

03.09.1949

кыргыз

жогорку

пенсионер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Достук кичи району, 3/10-4

0551570567

2

Сырдыбаева Айнур Асанкуловна

аял

10.08.1992

кыргыз

атайын орто

Бакай-Ата конушу № 59 кварталдык комитеттин төрайымы

шайлоочулар чогулушу

Бакай-Ата конушу, Нооруз көчөсү, 52

0555775993

3

Батырбеков Кулмырза Султаналыевич

эркек

27.01.1986

кыргыз

жогорку

Жеке ишкер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Эне-Сай конушу, 13-328

0551040007

4

Дзимидович Елена Игоревна

аял

15.01.1978

орус

жогорку

юрист-адвокат

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Түгөлбай Ата көчөсү, 51А-4

0559918899

5

Асаналиев Замирбек Асаналиевич

эркек

06.03.1960

кыргыз

жогорку

БГУнун доценти

шайлоочулар чогулушу

Көк-Жар конушу, Чар көчөсү, 63

 

6

Жума кызы Айсада

аял

05.01.1976

кыргыз

жогорку

Инженер - Бишкек почтасы

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Апамедин кичирайону. 1-76

0312635503

7

Исаков Курманбек Абдылдаевич

эркек

15.06.1959

кыргыз

орто

№ 18 МАБ - мураб

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Буденный көчөсү, 209

 

8

Турксевер Роза Турсуновна

аял

15.04.1970

дунган

жогорку

жеке ишкер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Буденный көчөсү, 95А-1

0312367930

9

Назарова Жылдызгүл Жумашовна

аял

22.01.1981

кыргыз

жогорку

мамлекеттик тил боюнча адис

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Ялтинский көчөсү, 142А

0700244847

10

Эрмекова Алтынай Искендеровна

аял

09.06.1986

кыргыз

жогорку

иштебейт

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 10-1

0557386468

11

Мухамеджанов Назарбек

эркек

10.05.1951

кыргыз

жогорку

врач-эксперт

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү, 491-34

0772526286

12

Суранаева Айдай Акылбековна

аял

27.11.1987

кыргыз

жогорку

башкы бухгалтер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 112

0708687004

13

Бектеналиев Буланбек Абдыбекович

эркек

14.09.1971

кыргыз

жогорку

Манас кинотеатрынын директорунун орун

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Жал кичирайону, 94-27

0555980040

14

Воронова Надежда Михайловна

аял

23.05.1952

орус

жогорку

пенсионер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, 5 кичирайону. 2-44

0700650834

15

Темирканова Айнагуль Шейшеевна

аял

10.05.1966

кыргыз

жогорку

иштебейт

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Адыр көчөсү, 66

0312676509

16

Асаналиев Джолдошбек Усупжанович

эркек

23.02.1964

өзбек

жогорку

Жеке ишкер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Чүй проспекти, 119-41

0312473564

17

Мамбетова Гульнара Джумагуловна

аял

07021963

кыргыз

атайын орто

иштебейт

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Гоголь көчөсү, 96-5

0772157108

18

Курумшинов Аскарбек Акматович

эркек

13.01.1956

кыргыз

жогорку

Улуттук комитет - башкы адис

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Ак-Өргө конушу, Саадак көчөсү, 41

0554412482

19

Өмүрзаков Кумарбек Токтоналиевич

эркек

11.04.1978

кыргыз

бүтпөгөн жогорку

"Асман-Арин" фирмасынын директору

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Республика көчөсү, 77А

0550251103

20

Шаршенбаев Бакытбек Рашидбекович

эркек

27.11.1991

кыргыз

жогорку

иштебейт

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Интергельпо көчөсү, 20-11

0700500522

21

Андреева Людмила Ивановна

аял

16.05.1958

орус

жогорку

Жеке ишкер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, 8-март көчөсү, 30

0559814777

22

Туганбаев Ишен Осмонович

эркек

25.06.1956

кыргыз

бүтпөгөн жогорку

пенсионер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Троицкая көчөсү, 88

0777787644

23

Казыбеков Эмилбек Мамасалиевич

эркек

12.07.1985

кыргыз

жогорку

ген. Директор

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Волков көчөсү, 159-1

0707121230

24

Курманова Гулбубу Кулманбетовна

аял

12.08.1953

кыргыз

жогорку

мугалим

шайлоочулар чогулушу

Дордой конушу, 31К

0555724339

25

Альджанбаева Мира Маратовна

аял

09.07.1962

кыргыз

жогорку

ТЖЭШнын төрагасы

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Асанбай кичирайону, 36-15

 

26

Жороканова Жылдыз Суйуновна

аял

31.08.1976

кыргыз

жогорку

"Биорг ойл" ЖЧКсынын жетекчиси

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, 7-кичирайону, 18-92

0772318174

27

Алиева Алтынай Алиевна

аял

01.01.1987

кыргыз

жогорку

№ 56 орто мектепте - мугалим

шайлоочулар чогулушу

Арча-Бешик конушу, Бах көчөсү, 493 Д

0770358501

28

Ибраева Гульмира Бексултановна

аял

18.04.1964

кыргыз

атайын орто

иштебейт

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Виноградная көчөсү, 33

0778376654

29

Маликов Эрик Маликович

эркек

12.03.1974

кыргыз

жогорку

ТЖЭШнын төрагасы

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Лев Тостой көчөсү, 142А

0312417471

30

Эбзеева Татьяна Павловна

аял

31.08.1957

орус

жогорку

ТЖЭШнын төрагасы

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Товарная көчөсу, -2К-685

0312417669

31

Решетникоеа Зинаида Адольфовна

аял

15.04.1952

латыш

атайын орто

№ 12 МАБда үй комитеттин төрагасы

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Чыгыш-5 кичирайону, 14-4

0312439965

32

Омуралиева Каниет Касмалиевна

аял

25.02.1953

кыргыз

жогорку

ТЖЭШнын төрагасы

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Чыгыш кичирайону-5, 5/3-28

0555493890

33

Дукембаева Эльмира Абуевна

аял

03.03.1966

кыргыз

бүтпөгөн жогорку

Бишкексууканал ӨЭБсы

шайлоочулар чогулушу

Ак-Өргө конушу, Камбаркан көчөсү, 28

0770044029

34

Джумагулова Гульмира Сатыбалдиевна

аял

30.05.1970

кыргыз

жогорку

КНУ - окутуучу

шайлоочулар чогулушу

Арча-Бешик конушу, Кривоносова көчөсү, 257

0557300570

35

КаракеевТаалайбек Тултемирович

эркек

20.05.1964

кыргыз

жогорку

КНУ - окутуучу

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, С.Ибраимов көчөсү, 146-1

0770020288

36

Исмаилов Улугбек Абламетович

эркек

04.07.1973

кыргыз

жогорку

Жеке ишкер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Джунусалиев көчөсү, 66-19

0556810018

37

Курумшуева Жаркын Алмабековна

аял

12.01.1986

кыргыз

жогорку

тарбиячы

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары Интергельпо көчөсү, 5-12

0703985591

38

Адылова Гульнара Мукашевна

аял

28.05.1968

кыргыз

жогорку

Сулуулук салону - башчы

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Ташкент көчөсү, 61-6

0312342122

39

Попенко Юлия Александровна

аял

09.05.1977

орус

жогорку

БББ-психолог

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Жаш Гвардия, 73-7

 

40

Бунина Оксана Дмитриевна

аял

17.02.1973

орус

жогорку

"Билим" менчик мектебинде - психолог

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Садыгалиев көчөсү, 9-19

0312357176

41

Синянская Татьяна Яковлевна

аял

25.02.1985

орус

жогорку

котормочу

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 32а-4

0555295977

42

Кенжегулова Майрамкан

аял

01.05.1949

кыргыз

жогорку

пенсионер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Ярославль көчөсү, 13

0778125207

43

Акпаралиев Эсентур Джоомартович

эркек

07.11.1983

кыргыз

жогорку

логист

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, М.Сагынбай көчөсү, 226-62

 

44

Байшериев Рахатбек Мухаммедиевич

эркек

05.09.1958

кыргыз

жогорку

аксакалдар соту № 15 МАБы

шайлоочулар чогулушу

Маданият конушу, Эгинчиев көчөсү, 7

0771310858

45

Рыспаев Талант Акимжанович

эркек

24.02.1959

кыргыз

жогорку

КГТ - содиректор

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, И.Ахунбаев көчөсү, 175А

0700554009

46

Базаралиева Гүлшат Базыловна

аял

25.08.1978

кыргыз

жогорку

тарбиячы

шайлоочулар чогулушу

Ак-Босого конушу, Чүй көчөсү, 8-4

0771103828

47

Арстанбекова Рахиса Аракеевна

аял

21.02.1965

кыргыз

жогорку

"Куттуу калкым" КБнын төрагасы

шайлоочулар чогулушу

Аска-Таш конушу, Сад көчөсү, 12

0770522421

48

Нургазиева Токтонбүбү Шаршеновна

аял

12.10.1962

кыргыз

орто

иштебейт

шайлоочулар чогулушу

Көлмө конушу, Жаңылык көчөсү, 15

0701256501

49

Жээнбаева Бурулуш Тобокеловна

аял

01.12.1960

кыргыз

атайын орто

кварталдык комитеттин төрагасы

шайлоочулар чогулушу

Эне-Сай-3 конушу, 79

0773786858

50

Мускаева Шайымбүбү Жумаковна

аял

03.12.1961

кыргыз

орто

кварталдык комитеттин төрагасы

шайлоочулар чогулушу

Келечек конушу, 1-көчө, 17

0777187314

51

Ташмаматов Абдыманап Суранбаевич

эркек

04.11.1962

кыргыз

жогорку

КГТУ - доцент

шайлоочулар чогулушу

Ак-Өргө конушу, Ак шоокум көчөсү, 59

0551850915

52

Суеров Максат Асылбекович

эркек

15.07.1972

кыргыз

жогорку

Жеке ишкер

шайлоочулар чогулушу

Эне-Сай-2, 22

0552255529

53

Кандиев Кубаныч Медетович

эркек

02.10.1963

кыргыз

жогорку

Жеке ишкер

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Күрөңкеев көчөсү, 69

0773804047

54

Джаркымбаев Альфред Абдишевич

эркек

10.06.1970

кыргыз

жогорку

иштебейт

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Аламүдүн-1 кичирайону, 93-88

0700479313

55

Каныбек кызы Рейна

аял

07.11.1977

кыргыз

жогорку

Жеке ишкер

шайлоочулар чогулушу

Арча-Бешик конушу, Миң-Куш көчөсү, 89

0700441170

56

Шукуралиева Салтанат Калыбековна

аял

24.10.1973

кыргыз

жогорку

№ 80 мектептин директорунун орун басары

шайлоочулар чогулушу

Арча-Бешик конушу, 1292 уч.

0707385445

57

Туманбаева Айгуль Кубанычбековна

аял

01.09.1973

Кыргыз

жогорку

№ 104 бала бакчанын директору

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, 8-кичирайону, 30А-3

0557507013

58

Асанкожоева Жаныгүл Алиакпаровна

аяп

18.05.1960

кыргыз

жогорку

мугалим № 64 гимназия

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, 12-кичирайону, 51-32

0779777250

59

Бейшекеева Элмира Камбаровна

аял

25.02.1971

кыргыз

жогорку

мугалим № 73 мектеп

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү, 22-54

0773490419

60

Сегизекова Назгуль Эсекеевна

аял

29.02.1972

кыргыз

жогорку

мугалим № 73 мектеп

шайлоочулар чогулушу

Көк-Жар конушу, Көк-Жар көчөсү, 30

0559304029

61

Баймырзаева Эльмира Касымбековна

аял

04.06.1967

кыргыз

жогорку

№ 15 бала бакча-тарбиячы

шайлоочулар чогулушу

Көлмө конушу, Сейил көчөсү, 37

0556462616

62

Абдырахманова Айжаркын Султанбековна

аял

02.11.1988

кыргыз

жогорку

№ 123 бала бакча - мугалим

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Мрамор чолок көчөсү, 22

0554215141

63

Бектемирова Мээрим Майрамбековна

аял

27.08.1989

кыргыз

жогорку

тур. компания

шайлоочулар чогулушу

Учкун конушу, Чымындык көчөсү, 162

0550344888

64

Борубаева Айгерим Асылкановна

аял

04.11.1980

кыргыз

жогорку

эмерек салону - директор

шайлоочулар чогулушу

Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү, 28-7

0702021201

65

Тиленбаева Анаркан Жаныгуловна

аял

07.04.1967

кыргыз

жогорку

№ 80 мектепте - завуч

шайлоочулар чогулушу

Арча-Бешик конушу, Тогуз Түтүн көчөсү, 38

0555986267

66

Алымова Кымбат Кенешовна

аял

05.09.1956

кыргыз

атайын орто

иштебейт

шайлоочулар чогулушу

Арча-Бешик конушу, Абдрахманов көчөсү, 183

0709485684

67

Алтаев Бактыбек Жумагулович

эркек

13.06.1965

кыргыз

жогорку

пенсионер

шайлоочулар чогулушу

Арча-Бешик конушу, Кара-Кужур көчөсү, 69

0773007065

68

Дүйшөнбек кызы Жазгүл

аял

13.03.1992

кыргыз

жогорку

иштебейт

шайлоочулар чогулушу

Арча-Бешик конушу, Бердибаев көчөсү, 72

0778353153

69

Жамакеева Диана Жобазаровна

аял

31.05.1985

кыргыз

Орто

№ 90 мектеп - мугалим

шайлоочулар чогулушу

Арча-Бешик конушу, Арчалуу көчөсү, 34

05598560531

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси

 

Э.Нурдавлетов