Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө

 

Москва шаарынын Геральдикалык советинин төрагасынын орун басары Н. Ефимовдун И. Д. Кобзонго “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө ченемдик укуктук актынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө кайрылуусуна байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы №311 “Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, күбөлүгүнүн жана Бишкек шаарынын Ардактуу жарандарынын Китебинин жоболорун жана баяндоолорун бекитүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Иосиф   Давыдович Кобзонго “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамынын  ыйгарылгандыгы ырасталсын.

 

  1.  Бишкек шаарынын мэриясы И. Д. Кобзонго Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын регалийлерин даярдоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Төрага                                                                        А. М. Кененбаев

 

Бишкек шаары,

23-март 2016-жыл, №182  

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңешинин жана Циндао  шаарынын

Эл Өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык чогулушунун туруктуу

комитетинин  ортосундагы  эки тараптуу меморандумду

жактыруу жөнүндө

 

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

 

 

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         Бишкек шаарынын Бишкек шаардык кеңешинин (Парламент) жана Циндао  шаарынын Эл Өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык чогулушунун туруктуу комитетинин  (Кытай Эл Республикасы) ортосундагы  достук мамилелерди белгилөө жөнүндө эки тараптуу меморандум тиркемеге ылайык (орус жана кытай тилдеринде) жактырылсын.

 

 

Төрага                                                                                 А. М. Кененбаев

 

Бишкек ш.,

2016-жылдын 10-ноябры, №208

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19

"Бишкек шаардык кеңештин президиуму жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин Регламентинин 6-главасын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19 "Бишкек шаардык кеңештин президиуму жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

"Президиумдун мүчөлөрү" бөлүмүнүн 8-абзацындагы "Сариев Аликбай Токталиевич" деген сөздөр "Максымбеков Уланбек Абдыкаарович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 27-сентябры, №206

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

 

Референдумдун участокторунун комиссияларынын курамына

талапкерлердин тизмелерин берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана  таркатуу жөнүндө” жобого, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, Бишкек шаарынын шайлоочуларына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, Бишкек шаардык кеңешке кайрылуусуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

 

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын шайлоочулар чогулушунан, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлгөн референдумдун участокторунун комиссияларынын курамына талапкерлердин тизмелерин Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына  берсин (1, 2, 3, 4-тиркемелер).
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Төрага                                                                                 А. М. Кененбаев 

 

Бишкек шаары,

2016-жылдын 10-ноябры, № 207

ТИРКЕМЕ 1

ТИРКЕМЕ 2

ТИРКЕМЕ 3

ТИРКЕМЕ 4

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 5 "Бишкек шаардык кеңештин

туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө"

токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 5 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

3-пункттун 1-абзацындагы "Сариев Аликбай Токталиевич'' деген сөздөр "Максымбеков Уланбек Абдыкаарович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 27-сентябры, №205