Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 4

"Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын түзүү жөнүндө''

токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына "Ата-Мекен" фракциясынын мүчөсү - Эргешов Казыбек Кочкорович киргизилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 4 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 5-пунктунун 2-сабына төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

"Салиев Союзбек Сатыбалдиевич" деген сөздөр "Эргешов Казыбек Кочкорович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

Бишкек шаары,

27-февраль 2016-жыл, № 173

 

 

А. М. Кененбаев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 "Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарында жекеменчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө" жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн кайра уюштурууга байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясынын иш-аракетинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 "Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө" жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

"Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө" жобо, ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К.К.Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А.Кененбаев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 30-июнундагы
№ 194 токтомуна
тиркеме

Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жеке турак жай курулуш жөнүндө" жана "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна жана жер укук мамилелерин жөнгө салуучу жана бош жерлер бар болгондо, бекер негизде жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү тартибин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

Жобо Бишкек шаарынын аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүдө коюлган негизги талаптарды аныктайт.

2. Берүүнүн объекти болуп жеке менчикке берүүгө мүмкүн болгон Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер участоктор саналат.

3. Ушул жобонун талаптары Бишкек шаарынын аймагында жеке турак жай курууга катышуучу шаар куруу-архитектуралык иш-аракеттердин бардык субъекттерине жайылтылат жана жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун менчикке берүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын белгилейт.

II. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр

4. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:

шаар куруу регламенти - шаар куруу иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда шаар куруу документтери, курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери менен белгиленген, шаар жана айыл калкы жайгашкан жерлердеги пайдаланууга уруксат берилген жер участокторун жана башка кыймылсыз объекттердин параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;

шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлорунун документтери, башкы пландар, деталдуу пландоонун долбоорлору, чек салуулар, кварталдардын, шаар куруу түйүндөрүнүн жана калктуу конуштарды пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин курулуштары;

сары сызыктар - кыйратуучу жер титирөөлөрдүн, башка жаратылыш же технотектүү кырсыктардын жыйынтыгында имараттардын (курулмалардын, курулуштардын) урандыларынын (кыйроолорунун) таралыш мүмкүндүгүнүн максималдуу жол берилген чөлкөмдөрүнүн чектери. Сары сызыктар, эреже катары, имараттардын жана курулмалардын ортосундагы ажырыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;

кызыл сызыктар - бул көчөлөрдүн жана жолдордун туурасын аныктаган, көчөлөрдү жана жолдорду пландаштырылган түзүмдүн башка элементтеринен бөлүп турган чектер болуп саналган сызыктар;

курулуш жана жер пайдалануу эрежелери - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз объекттерди пайдаланууну жана курулуш өзгөртүүлөрүн жөнгө салуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары;

жер участокко менчик укук - Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана башка мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзам чектеринде ага тиешелүү болгон жер участогуна өзү каалагандай ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;

жер участокту уруксат берилген пайдалануу - коомдук конуштардын шаар куруу документтери, жерди пайдалануу жана курулуш эрежелери тарабынан белгиленген шаар куруу регламентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык белгиленген чектөөлөргө, ошондой эле сервитуттарга ылайык жер участокторун пайдалануу;

ыйгарым укуктуу орган - муниципалдык жер ресурстарды башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укугу берилген, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.

III. Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия

5. Ушул жобого ылайык жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна менчик укуктарды берүү процессин жүзөгө ашыруу үчүн комиссия түзүлөт.

6. Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын курамы:

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын төрагасы - Бишкек шаарындагы жер участокторго укуктарды берүү маселесин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри;

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын төрагасынын биринчи орун басары - ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси;

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын төрагасынын орун басары - Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын мүчөлөрү:

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын катчысы - ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары;

жеке турак жай курулушун тейлеген Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчысынын орун басарлары;

Бишкек шаардык кеңештеги берилген ар бир фракциядан бирден депутат;

Бишкек шаарында жер маселелерин тейлеген Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын начальнигинин орун басары;

Бишкек шаарында жеке турак жай курулушун тейлеген "Бишкек шаарынын архитектура жана курулуш башкы башкармалык" муниципалдык ишканасынын начальнигинин орун басары;

коомчулук өкүлдөрү - Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен дайындалган эки адам;

Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн адиси.

7. Комиссия төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:

а) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторго менчик укуктарды берүү маселелерин карайт;

б) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторго менчик укуктарды берүү менен байланышкан талаш-тартыш маселелерди карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда бирдей маанидеги башка жер участок берүү маселелерин карайт.

Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

а) Бишкек шаары боюнча жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторго укуктарды бекер берүү менен байланышкан маселелерди кароого жана алар боюнча чечим кабыл алууга;

б) мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыгы боюнча аларды күчүндө калтыруу/же жокко чыгаруу, жаңы чечим кабыл алуу жөнүндө башка чечим кабыл алууга.

8. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес кворум болгондо, комиссиянын чечимдери комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколу комиссиянын төрагасы жана комиссиянын отурумуна катышкан мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

9. Комиссиянын отуруму бир айда экиден кем эмес жолу өткөрүлөт. Ошону менен бирге, материалдар комиссиянын мүчөлөрүнө таанышуу үчүн комиссиянын отурумуна чейин үч күндө берилиши керек.

Материалдар басма жана электрондук түрүндө берилсе болот.

IV. Ченемдик аянт жана жеке турак жай куруу үчүн жер участок алууга укугу бар жарандар

10. Бишкек шаарында бир жеке турак үй куруу үчүн берилүүчү жер участоктун ченемдик аянты шаар куруу документтерине ылайык белгиленет, бирок 0,08 га дан ашпоосу керек.

Жер участоктун аянтынын белгиленген ченемин колдонуу Бишкек шаардык кеңештин макулдугу менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

11. Жеке турак жай куруу үчүн менчикке берилүүчү жер участоктор үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болууга жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо үчүн чектөөлөрү жок болууга тийиш.

Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук талкуулоонун өтүү датасын жана ордун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жеке турак үй куруу үчүн бериле турган жер участок жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат.

12. Бишкек шаарында жеке турак үй куруу үчүн жер участок алуу укугуна төмөнкү Кыргыз Республикасынын жараны ээ боло алат:

Бишкек шаарынын аймагында үч жылдан кем эмес жашаган;

Бишкек шаарынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын башка региондорунда жеке турак жай куруу үчүн мурда ага берилген жер участогу менчигинде болбогон;

белгиленген санитардык ченемдерге жана талаптарга жооп бербеген турак аянты бар жарандардан тышкары, турак жай (үй, батир) менчигинде болбогон;

акыркы беш жылдын ичинде үчүнчү жактарга сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуулоо, күрөөгө коюу жана башка бүтүмдөрдү түзүү жолу менен менчигинде болгон турак жайларды ажыратууда көрсөтүлгөн өзүнүн турак жай шарттарынын начарлашына багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабаган.

13. Кыргыз Республикасынын жеке турак үй куруу үчүн жер участок алуу үчүн документтерди берген жарандары, ошондой эле көрсөтүлгөн документтерди берген органдар, алардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган жоопкерчиликке тартылышат.

14. Жеке турак жай куруу үчүн берилген жер участокту, жеринде анын чектерин белгилегенге жана бекитип бергенге чейин, бул жер участогуна укугун ырастаган документти алганга чейин өздөштүрүүгө киришүүгө тыюу салынат, ошондой эле жеке менчик турак үйүнүн долбоорунун макулдугу жана курулуш-монтаждоо жумушун аткарууга тийиштүү уруксаты болуусу керек.

15. Менчик жер ээлеринин өздөрүнүн укуктарын жана аларды коргоо кепилдигин жүзөгө ашыруу чектери жана тартиби мыйзам тарабынан аныкталат.

V. Бош жер участокторун түзүү жана берүү тартиби

16. Жеке турак жай куруу үчүн бош жер участокторун берүү Бишкек шаарынын башкы планына ылайык, конуштардын башкы планынын чиймелери менен белгиленген тартипте бекитилген жеке турак жай курулушунун чиймесинин негизинде жүзөгө ашырылат.

17. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторго менчик укугу түзүлгөн жер участокторго берилет.

Жер участок төмөнкү учурларда түзүлдү болуп эсептелинет:

а) жер участок үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгондо (сервитуттар аркылуу бекитилген укуктардан тышкары);

б) жер участок белгиленген чектерге ээ болсо;

в) жер участоктун уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар болсо;

г) бул жер участок боюнча, андагы максималдуу уруксат берилген кубаттуулуктун инженердик коммуникацияларынын бар же жок экендиги, инженердик коммуникацияларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы, ошондой эле инженердик коммуникациялар жок болгон учурда - бул райондогу инженердик коммуникациялардын пландаштырылган өнүгүүсү, пландалуучу инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы жөнүндө маалыматтар берилсе;

д) бул жер участокто турган бак-дарактарды (алар бар болсо) пайдалануу, көчүрүү, которуу тийиштүү кызматтар тарабынан макулдашылса.

18. Суралган жер участогу боюнча "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалык" муниципалдык ишканасы (мындан ары - Бишкекбашкыархитектура) 10 жумуш күндүн ичинде топографиялык негизде аткарылган 1:500 масштабда төмөнкүлөр түшүрүлө турган жер участоктун чиймесин даярдайт:

а) участоктун бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же козголбос мүлктүн азыркы объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чектеринин байланыштары менен жер участоктун чегин;

б) жер участок аркылуу өтүүчү инженердик-техникалык тармактын азыркы трассалары.

19. Жер участокторун түзүү боюнча иштердин баскычында Бишкекбашкыархитектура инженердик-техникалык коммуникацияларга кошулуунун алдын ала техникалык шарттарын аныктоо максатында, инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен тийиштүү корутунду жана башка тийиштүү документтерди алуу максатында өз ара аракеттенүү камсыздайт.

Бишкекбашкыархитектура жер участоктун чиймеси даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кеч эмес ушул жобонун 18-пунктуна ылайык бир убакта жер участоктун чиймесинин көчүрмөсү менен суроо талапты төмөнкүлөргө жөнөтөт:

а) Кыргыз Республикасынын жер жана башка мыйзамдарына ылайык, жер участокту берүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду алуу, жер участогунун чектерин, үчүнчү жактын укугунун бар болгондугун, бул жер участогуна оорлотууну жана чектөөлөрдү тактоо жана жер участогунун чиймесин макулдашуу үчүн Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгына (мындан ары - Мамкаттоо);

б) алдын ала техникалык шарттарды алуу үчүн электр менен жабдууну, суу менен жабдууну жана канализацияны, жылуулук менен жабдууну жана газ менен жабдууну камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга;

в) тийиштүү корутунду алуу үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу органдарга;

г) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттарын аныктоо үчүн (эстеликтерди коргоо зонасында жер участогу табылган учурда) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;

д) бак-дарактарды пайдалануу шарттары, анын ичинде аларды алып салуу жана которуу жөнүндө маселелерди чечүү үчүн (муниципалдык менчикте турган жер участогунда бак-дарактар бар болсо) бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга.

20. Ушул токтомдун 19-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар 5 жумуш күндүн ичинде алдын ала техникалык шарттарды архитектура органына жөнөтүүгө, ал эми ыйгарым укуктуу органдар тийиштүү корутундуну жөнөтүүгө милдеттүү.

Алдын ала техникалык шарттарда максималдуу уруксат берилген кубаттуулуктун инженердик коммуникацияларын бар же жок экендиги, инженердик коммуникацияларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы, ошондой эле инженердик коммуникация жок болгон учурда - бул райондогу инженердик коммуникациялардын пландаштырылган өнүгүүсү, пландалуучу инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында жер участокту берүү жана куруу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда - тийиштүү мыйзамдарды сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

Инженердик тармактарга кошулуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу жер участокко менчик укугун берүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

21. Бишкекбашкыархитектура алынган материалдардын негизинде 7 жумуш күндүн ичинде белгиленген формада жер участоктун планын 2 нускада даярдайт.

Жер участоктун планы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) топографиялык негизде, 1:500 масштабында аткарылган, төмөнкүлөр түшүрүлгөн жер участоктун чиймеси түрүндөгү графикалык материал:

1) бурчтук чекиттердин координаттарын же кыймылсыз объекттерге же геодезиялык белгилерге участоктун чектеринин байланмасы менен көрсөтүү менен жер участоктун чектери;

2) жер участок боюнча өткөн инженердик техникалык тармактардын азыркы трассалары;

3) инженердик техникалык тармактар жана аларга кошуу түйүндөрү өткөн долбоордук трассалар, ошондой эле курулуш зонасына туш келген инженердик коммуникацияларды алып чыгуу трассалары;

4) курулуш сызыктары, кызыл, сары сызыктар;

5) суу коргоочу зоналардын, санитардык коргоо жана санитардык сактоо зоналарынын чектери;

6) участокко өтмөлөрдү уюштуруу;

7) токтотмо орундарын, алардын санын көрсөтүү менен (эгер талап кылынса) мүмкүн болгон жайгашуусу;

б) Кыргыз Республикасынын жер жана башка мыйзамдарына ылайык жер участокту берүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну, жер титирөөгө туруктуулук жана коркунучтуу инженердик-геологиялык, технотектүү көрүнүштөрдүн бар экендиги жөнүндө маалыматты кошуу менен жер участоктун параметрин (мүнөздөмөсүн) караган тексттик материалды.

Тийиштүү чектөөлөрдүн зоналарында участок жайгашкан учурда жер участогунун планында төмөнкү кошумча шаар куруу регламентинин бардыгы көрсөтүлөт:

1) курулуш жана жерди пайдалануунун санитардык, суу коргоочу жана башка экологиялык шарттары боюнча;

2) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча.

Жер участоктун жайгашкан ордуна жана объекттин функционалдык дайындалышына жараша төмөнкү кошумча талаптар белгиленет:

1) көрктөндүрүү боюнча жана фасадка карата талаптар;

2) токтотмо орундарын, анын санын (эгер талап кылынса) жана участокко кирүү жолдорду, анын ичинде курулуш мезгилинде убактылуу жолдорду уюштурууга болгон талаптар;

3) курулуш аянтынан инженердик техникалык коммуникацияларды алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандардан тышкары);

в) инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген инженердик тармактарга объектти кошууга алдын ала техникалык шарттар;

г) ушул жобонун 19-пунктунда каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.

Жер участоктун планы Бишкекбашкыархитектуранын жетекчиси тарабынан кол коюлат.

Жер участоктун планын даярдоодо жеринде чектерди белгилөө камсыздалат, бул жөнүндө планга тийиштүү жазуу жүргүзүлөт.

22. Жер участоктун планын даярдоонун жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын өтүнүч каты келип түшкөн күндөн тартып 28 жумуш күндү түзөт.

23. Мамкаттоо жана ушул жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар 5 жумуш күндүн ичинде ушул жобонун 19-20-пункттарында каралган маалыматты көрсөтүү менен тийиштүү корутундуну Бишкекбашкыархитектурага жөнөтүүгө милдеттүү.

Бишкекбашкыархитектура, Мамлекеттик каттоо жана ушул жобонун 19-20-пункттарында көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар берилген маалыматтын аныктыгы жана корутундуларды, башка зарыл болгон документтерди даярдоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул жобонун ченемдерине ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат.

Зарыл болгон учурда Бишкекбашкыархитектура 1 жумуш күндүн ичинде Мамкаттоонун келип түшкөн материалдарынын негизинде жер участоктун планын тактайт.

24. Бишкекбашкыархитектура ушул жобонун 22-пунктунда каралган мөөнөттүн аяктаган күнүнөн тартып кийинки күндөн кеч эмес жер участоктун планын ага тиркелген бардык материалдары менен ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет.

25. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке турак үй куруу үчүн болжолдуу бериле турган ар бир жер участогу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган маалымат топтому түзүлөт:

жер участоктун жайгашкан орду (дареги), жер участоктун кадастр номери (бар болсо);

ага тиркелген бардык материалдары менен жер участоктун планынын көчүрмөсү.

26. Түзүлгөн топтом белгиленген тартипте комиссиянын ар бир мүчөсүнө анын отурумуна чейин үч күн калганда берилет.

27. Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын мүчөлөрү үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү жөнүндө келип түшкөн материалдар менен таанышат, андан соң, жер участокторду берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алына турган отурум өткөрүлөт.

28. Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участоктор Кыргыз Республикасынын жарандарына Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду алууга түшкөн арыздардын датасына ылайык түзүлгөн, Бишкек шаарында турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жобонун 2.5-пунктуна ылайык жол-жоболоштурулган кезекте туруучулардын тизмеси менен белгиленген кезектүүлүк тартибинде берилет.

Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгү жөнүндө толук маалыматты комиссияга берүүгө милдеттүү. Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик административдик райондордун башчыларына жүктөлөт.

29. Комиссиянын чечими бардык катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн жана катчынын колу коюлган тийиштүү протокол менен жол-жоболоштурулат.

30. Комиссия отурумунун протоколунун көчүрмө бөлүгү Бишкек шаарынын мэриясынын токтомун чыгаруу үчүн, жер участокко жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мындан ары жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналат.

31. Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участок берүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун көчүрмө бөлүгү жана жер участоктун планынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү чечим кабыл алынган күндөн кийин, үч күндүн ичинде кезекте туруучуга тапшырылат.

VI. Азыркы турган жеке турак үйлөр үчүн жер участокторду түзүү жана берүү тартиби

32. Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнуна чейин курулган жеке турак үйлөрү бар жарандары жанаша жайгашкан участогу менен азыркы турган үй үчүн жер участогуна менчик укугун берүү жөнүндө кайрылууга укуктуу. Үйгө жанаша жайгашкан жер участогунун аянты ушул жобонун 10-пунктунда аныкталган ченемдик аянттан жогору болбошу керек.

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аныкталган жалпы пайдалануудагы жерлер, социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттер үчүн арналган жер участоктор жеке менчикке берилбейт.

33. Ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторго укуктар ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлгөн жарандардын арыздарынын негизинде берилет.

34. Ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды алуу үчүн арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1999-жылдын 16-июнуна чейинки мөөнөттө жеке турак жай курулушун тастыктаган фактылар;

чектешкен жер пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу;

1999-жылдын 16-июнуна чейинки мөөнөттө жеке турак жай курулуш фактыларын тастыктаган документтер: анын ичинде коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр жөнүндө дүмүрчөктөр, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр жана башка документтер болушу мүмкүн.

35. Ушул жобонун 32-пунктунда каралган учурларда жер участогун түзүү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу орган арыз келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыздын көчүрмөсүн тиркөө менен өтүнүч катты Бишкекбашкыархитектурага жөнөтөт.

Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында ниеттердин баяндалышы жана жер участоктун болжолдуу аянты, анын жайгашкан орду каралат.

Бишкекбашкыархитектура 10 күндүн ичинде топографиялык негизде 1:500 масштабында аткарылган, төмөнкүлөр түшүрүлгөн жер участогунун чиймесин даярдайт:

а) бурчтук чекиттердин координаттарын же кыймылсыз объекттерге же геодезиялык белгилерге участоктун чектеринин байланмасы менен көрсөтүү менен жер участоктун чектери;

б) жер участок боюнча өткөн инженердик техникалык тармактардын азыркы трассалары.

Бишкекбашкыархитектура жер участоктун чиймеси даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кеч эмес бир убакта жер участоктун чиймесинин көчүрмөсүн, ага тиркелген арыздын көчүрмөсү менен төмөнкүлөргө жөнөтөт:

а) жер участоктун чектерин, үчүнчү жактардын укуктарынын бардыгын, бул жер участокко оорлотуунун жана чектөөлөрдүн бардыгын тактоо жана жер участоктун чиймесин макулдашуу үчүн Мамкаттоого;

б) алдын ала техникалык шарттарды алуу үчүн электр менен жабдууну, суу менен жабдууну жана канализацияны, жылуулук менен жабдууну жана газ менен жабдууну камсыздаган инженердик техникалык кызматтарга;

в) тийиштүү корутунду алуу үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу органдарга;

г) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттарын аныктоо үчүн (эстеликтерди коргоо зонасында жер участогу табылган учурда) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга.

36. Мамкаттоо жана ушул жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар 5 жумуш күндүн ичинде ушул жобонун 35-пунктунда каралган маалыматтарды көрсөтүү менен тийиштүү корутундуну Бишкекбашкыархитектурага жөнөтүүгө милдеттүү.

Бишкекбашкыархитектура, Мамкаттоо жана ушул жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар берилген маалыматтардын аныктыгы жана корутундуларды, башка зарыл болгон документтерди даярдоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул жобонун ченемдерине ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат.

Бишкекбашкыархитектура 1 жумуш күндүн ичинде Мамкаттоонун келип түшкөн материалдарынын негизинде жер участоктун планын тактайт.

37. Бишкекбашкыархитектура ушул жобонун 35 жана 36-пункттарында каралган мөөнөттүн аяктаган күнүнөн тартып, кийинки күндөн кеч эмес жер участоктун планын бардык тиркелген материалдары менен ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет.

38. Ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун түзүүгө байланыштуу чыгымдарды төлөө Бишкекбашкыархитектурада, Мамкаттоодо жана башка ыйгарым укуктуу органдарда берилген эсептөөлөргө ылайык жеке жактар (арыз ээлери) тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ар бир түзүлгөн жер участок боюнча ыйгарым укуктуу органга бериле турган жер участок түзүүгө чыгымдардын сметасы түзүлөт.

39. Ыйгарым укуктуу орган жеке турак үй куруу үчүн болжолдуу бериле турган ар бир жер участогу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтык топтомду түзөт:

жер участоктун жайгашкан орду (дареги), жер участоктун кадастр номери (болсо);

ага тиркелген бардык материалдар менен жер участоктун планынын көчүрмөсү;

курулган жылы жана башка документтер жөнүндө маалыматтар.

40. Түзүлгөн документтер топтому белгиленген тартипте комиссиянын ар бир мүчөсүнө анын отурумуна чейин үч күндө берилет.

41. Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын мүчөлөрү үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү жөнүндө келип түшкөн материалдарды талдап чыгышып, андан соң жер участокторун берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алына турган отурум өткөрүлөт.

42. Комиссиянын чечими бардык катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн жана катчынын колу коюлган тийиштүү протокол менен жол-жоболоштурулат.

43. Комиссия отурумунун протоколунун көчүрмө бөлүгү Бишкек шаарынын мэриясынын токтомун чыгаруу, жер участокко жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мындан ары жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналат.

44. Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участок берүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун көчүрмө бөлүгү жана жер участоктун планынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү чечим кабыл алынган күндөн кийин үч күндүн ичинде тапшырылат.

VII. Жеке турак үйлөр үчүн берилген жер участокторго менчик укуктарын каттоо

45. Жеке турак үй куруу үчүн жер участокко жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны жол-жоболоштуруу, каттоо жана берүү Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалык тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.

Арыз ээси тарабынан укук белгилөөчү документти мамлекеттик каттоого берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген берүү мөөнөтү бузулганда, арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.

46. Жер участокко менчик укугу Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып пайда болот.

47. Жер участоктун чиймеси укук тастыктоочу документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат.

VIII. Жеке турак үй куруу үчүн жеке менчикке берилген жер участокко менчик укугун кайра жол-жоболоштуруу

48. Арыз ээси жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пайдасына жеке турак үй куруу үчүн ага менчикке берилген жер участогуна менчик укугунан баш тарткан учурда, бошотулган жер участок комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын муктаж болгон жарандарына кезектүүлүктүн бекитилген тартибинде берилет.

Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн жер участокко жеке менчик укугунан баш тартуу жөнүндө арыз Бишкек шаарынын мэринин атына же Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондорунун башчыларына жөнөтүлөт.

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Бишкек шаары,

30-июнь 2016-жыл, № 194

 

Р. Садыралиев

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

"Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, 2016-жылдын 17-июнундагы комиссиянын № 1 чечиминин жана Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштырылган "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алып, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылга "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

1) Байзаков Шейшенбек Калильбекович - ички кызматтын генерал-майору, укук коргоо органдарынын эмгек сиңирген ардагери, Баткен окуяларынын катышуучусу;

2) Жайнаков Аманбек - физика-математика илиминин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими;

3) Жолдошева Бурмайым - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Россия Федерациясынын коопсуздук, коргоо жана укук тартиби көйгөйлөрү академиясынын азыркы мүчөсү, Н.И.Пирогов атындагы сыйлыктын лауреаты;

4) Исмаилов Кошойбек Ибрагимович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, "Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн" медалы менен сыйланган, Бишкек шаарынын № 6 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы врачы;

5) Койбагаров Алмазбек Макишевич - Республикасынын ардактуу транспортчусу, "Кыргызавтосервис" жабык акционердик коомунун президенти;

6) Султангазиева Дюшекан Бекешовна - Кыргыз Республикасынын өнөр-жайынын эмгек сиңирген кызматкери, 2009-жылдын Мыкты вино жасоочусу, 2003, 2004, 2006, 2009-жылдардагы Ялта Золотой грифон, 1997, 2007, 2012-жылдардагы KVINT-Франция эл аралык сынактарынын дипломанты, Крымдын вино жасоочулар союзунун Л.С.Голыцин атындагы Алтын медалы жана 1997-жылы Армениянын Алтын медалы менен сыйланган;

7) Шин Сергей Романович - Бишкек шаардык кеңештин XXIV, XXV, XXVI чакырылыштарынын депутаты.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 "Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө 2016-жылда бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгилерин, Грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

Бишкек шаары,

27-сентябры 2016-жыл, № 198

 

А.Кененбаев

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагында турган муниципалдык жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 5-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 22-абзацтагы "максаттуу" деген сөздөн кийин "(функционалдык)" деген сөз менен толукталсын;

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"жер участогун түзүү - бул Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана жер мыйзамдарына, ошондой эле шаар куруу документтерин ылайык чектерди аныктоого, максаттуу (функционалдык) дайындалышын белгилөөгө, анын ичинде жер участогу жөнүндө тийиштүү маалыматтарды камтыган документтерди даярдоого багытталган уюштуруу аракеттердин жана иштердин комплекси;

жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - жерлерди пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укугу берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.";

2) 8-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

"Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу" бөлүгүнүн а) жана б) пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:

"а) Бишкек шаары боюнча жер мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүн карасын жана чечим кабыл алсын;

б) мурда кабыл алынган чечимдер кайра каралсын жана кароонун жыйынтыгы боюнча аларды күчүндө калтыруу жана/же жокко чыгаруу, өткөрүлгөн тооруктардын наркын кайра кароодон тышкары, мурда кабыл алынган чечимдер боюнча ижара укуктардын акыркы наркынын өлчөмү маселелерин кайра кароону кошо, башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечим кабыл алынсын.";

3) 11-пункт төмөнкү мазмундагы д) пунктча менен толукталсын:

"д) жер участок көрктөндүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн жеке турак үйдүн курулушу үчүн берилген жер участок менен туташ (чектешет).";

4) 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"12. Калктуу пункттардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Жалпы пайдалануудагы жерлерге укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жөнгө салынат.";

5) 14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"14. Ижара укуктарын берүү үчүн жер участокторун түзүү архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке жана юридикалык жактардын (мындан ары - арыз ээси) арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат.";

6) 15-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-абзацтагы "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6) пунктчасындагы "(менчик же убактылуу пайдалануу укугу)" деген сөздөр алынып салынсын;

7) 16-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

"16. Түз сатуу жолу менен, жер участокторго укуктарды алууга, ошондой эле жер участогунун максаттуу (функционалдык) дайындалышын өзгөртүүгө талапкер болгон жеке жана юридикалык жактар арыз менен архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылышат.";

а) пунктчасындагы "ал чет өлкөлүк жаран экендиги жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", телефондун номери" деген сөздөр менен толукталсын;

д) пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:

"д) бул жобонун 11-пунктунун в) пунктчасында каралган учурда эскиздик сунушу менен ниетин баяндоо.";

8) 17-пункттагы "Ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9) 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"18. Жер участогун пайдалануу мөөнөтүн узартууга талапкер болгон жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.

Ыйгарым укуктуу орган ижара келишими боюнча жер участогун пайдалануу мөөнөтү аяктаганга чейин үч айда жер участогун пайдалануу укугун узартуу маселеси комиссия тарабынан каралуусун камсыздайт.

Жер участогун пайдалануу укугун узартуу маселелери Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесине ылайык жөнгө салынат.";

10) 19-пунктун 2-абзацы алынып салынсын;

11) 20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"20. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган 5 иш күндүн ичинде суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине ылайыктуулугун белгилейт.

Билдирилген ниеттердин ылайык эместиги белгиленгенде, архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган кийинки күндөн кечиктирилбестен, арыз ээсине суралып жаткан жер участок боюнча билдирген курулуштук ниеттер ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жөнөтөт.";

12) 21-пунктун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"21. Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттердин ылайыктуулугу белгиленсе, архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 иш күндүн ичинде топографиялык негиздеги аткарылган 1:500 масштабда түшүрүлгөн жер участоктун чиймесин даярдайт:";

13) 22-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-абзацтагы "Бишкекбашкыархитектура" деген сөздөр "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-абзацтагы "Бишкекбашкыархитектура" деген сөздөр "Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

а) пунктчадагы "Мамкаттоо" деген сөздөр "жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган" сөздөр менен алмаштырылсын;

14) 23-пунктун 5-абзацындагы "Бишкекбашкыархитектура" деген сөздөр "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

15) 25-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

бардык текст боюнча "Бишкекбашкыархитектура" деген сөздөр "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда алмаштырылсын;

бардык текст боюнча "План" деген сөз "Шаар курулуш корутундусу" сөздөрүнө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда алмаштырылсын;

б) пунктчадагы "жана куруу жана жер пайдалануу эрежелери менен" деген сөздөр алынып салынсын;

16) 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"26. Жер участоктун шаар курулуш корутундусун даярдоонун жалпы мөөнөтү архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга өтүнүч каты берилген күндөн тартып 25 иш күндү түзөт.";

17) 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"27. Бул жобонун 11-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда жер участокту түзүү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

Жеке жана юридикалык жактар архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.

Арызда ниеттердин баяндамасы жана жер участогунун болжолдуу аянты жана анын жайгашкан орду каралат.

Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган суралып жаткан жер участок боюнча билдирген курулуштук ниеттердин шаар куруу документтеринин бул жобонун 11-пунктуна ылайыктуулугун 5 иш күндүн ичинде белгилейт.

Билдирилген ниеттердин ылайык эместиги белгиленгенде, архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган суралып жаткан жер участогу боюнча билдирген курулуштук ниеттердин ылайык эместиги жөнүндө корутундунун кийинки күндөн кечиктирбестен арыз ээсине жөнөтөт.

Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайыктуулугу белгиленсе, архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 иш күндүн ичинде топографиялык негизде аткарылган 1:500 масштабда төмөнкүлөр түшүрүлө турган жер участоктун чиймесин даярдайт:

а) участоктун бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же козголбос мүлктүн азыркы объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чектеринин байланыштары менен жер участоктун чектерин;

б) жер участок аркылуу өтүүчү инженердик-техникалык тармактын азыркы трассалары.

Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участоктун чиймеси даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирбестен, бир эле убакта жер участогунун чиймесинин көчүрмөсүн, ага тиркелген арыздын көчүрмөсү менен төмөнкүлөргө жөнөтөт:

а) жер участоктун чектерин, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бардыгын жана жер участогунун чиймесинин макулдашылгандыгын тактоо үчүн Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;

б) тарых жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;

в) бак-дарактарды пайдалануунун шарттары, анын ичинде аларды кыюу же которуу жөнүндө маселени чечүү үчүн (муниципалдык менчикте турган бак-дарактарды жер участогунда бар болсо) бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга.";

18) 28-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

бардык текст боюнча "Бишкекбашкыархитектура" деген сөз "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда алмаштырылсын;

бардык текст боюнча "Мамкаттоо" деген сөздөр "Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда алмаштырылсын;

3-абзацтагы "План" деген сөз "шаар курулуш корутундусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

19) 29-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"29. Жер участогунун оң шаар курулуш корутундусу жер участогуна укуктарды белгиленген тартипте берүү үчүн негиз, курулуш объекттерин долбоорлоо үчүн баштапкы материал болуп саналат жана инженердик тармактарга курулуш объекттерин кошууга инженердик-техникалык шарттарды алууда, инженердик-техникалык коммуникациялардын жана ага кошулуучу точкалардын өтүүчү долбоордук трассаларды киргизүү үчүн пайдаланылат. Жер участогун түзүү баскычында архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.";

20) 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"30. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган бул жобонун 25 жана 28-пункттарында каралган мөөнөт аяктагандан күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен жер участогунун шаар курулуш корутундусун бардык тиркелген материалдары менен ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет.";

21) 31-пунктун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"31. Бул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторду түзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө жеке жана юридикалык жактар (арыз ээлери) тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органда, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда жана башка ыйгарым укуктуу органдарда жүзөгө ашырылат.";

22) 32-пунктун б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"б) архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органынын суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттеринин ылайык эместиги жөнүндө корутундусу же кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө терс корутундусу бар.";

23) V бөлүк төмөнкү мазмундагы 32-1-пункту менен толукталсын:

"32-1. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган жана бул жободо көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар корутундуларды жана башка тийиштүү документтерди даярдоодо берилген маалыматтардын аныктыгына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана бул жобонун ченемдерине каршы келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.";

24) 33-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-абзацтагы "План" деген сөз "шаар курулуш корутундусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) пунктча алынып салынсын;

в) пунктчадагы "Бишкекбашкыархитектура" деген сөз "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6-абзацтагы "Бишкекбашкыархитектура" деген сөз "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

25) 34-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-абзацтагы "План" деген сөз "шаар курулуш корутундусу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-абзацтагы "бул жобонун 30-пунктуна ылайык" деген сөздөр алынып салынсын;

4-абзацтагы "Бишкекбашкыархитектура, Мамкаттоо" деген сөздөр "бул жобонун 30-пунктуна ылайык архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

26) 35-пункттагы "План" деген сөз "шаар курулуш корутундусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын жана "Бишкекбашкыархитектура" деген сөз "архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

27) 37-пунктун 4-абзацындагы "План" деген сөз "шаар курулуш корутундусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

28) 38-пунктун 1-абзацындагы "План" деген сөз "шаар курулуш корутундусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

29) 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"39. Шаар курулуш корутундусун жана ага тиркелген материалдарды алууда бул жобонун 16-17-пунктарында каралган учурда архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берген күндөн тартып 5 күндүн ичинде арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.";

30) 40-пункттун а) пунктчасындагы "План" деген сөз "шаар курулуш корутундусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

31) 59-пункттун ж) пунктчасындагы "1:200" деген цифралык маани "1:2000" цифралык маани менен алмаштырылсын;

32) 61-пункттун 5-абзацындагы "Бишкекбашкыархитектура" деген сөз "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

33) 69-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

б) пунктчадагы "же түз сатып алуу жолу менен жер участогун сатып алуучуну" деген сөздөр алынып салынсын;

г) пункгчадагы "сатып алуу-сатуу же" сөздөрү алынып салынсын;

7-абзацтагы "жана түз сатып алуу жолу менен жер участогун сатып алуучуга" деген сөздөр алынып салынсын;

34) 72-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"72. Келишим кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.

Жер участогуна ижара укугу тийиштүү келишим түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан кийин пайда болот. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин үч күндүк мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу органга кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

Бишкек шаарынын мэриясынын мурдагы кабыл алынган муниципалдык жер участокторго укуктарды берүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык, жер участоктун ижара келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен Комиссиянын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.";

35) 81-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"81. Ар бир функционалдык багыт боюнча аянттар аныкталбаган (бөлүнбөгөн) келишимде көрсөтүлгөн жер участогу көп функционалдуу багытта болсо, мындай жер участогун пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөө объектти эксплуатацияга киргизүү актысы жана техникалык паспорт боюнча жүргүзүлөт, ал эми көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда жер участогунун бардык аянты үчүн эсептөө келишимде көрсөтүлгөн функционалдык дайындалыштын коэффициентинин эң жогорку көрсөткүчүн колдонуу менен жүргүзүлөт.";

36) IX бөлүм төмөнкү мазмундагы 84-1-пункту менен толукталсын:

"84-1. Объективдүү себептердин негизинде пайда болгон жер участоктун ижарачысы тарабынан пайдаланууга тоскоолдуктар бар болгондо, ыйгарым укуктуу орган соттун чечиминин негизинде ижара төлөмдөрдү эсептөөнү токтотууга укуктуу.".

2. "Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 2-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

15-абзацтагы "максаттуу" деген сөздөн кийин "(функционалдуу)" деген сөз менен толукталсын;

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - жерлерди пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укугу берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.";

2) 6-пункттун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Комиссиянын курамына Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органынын жана жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын өкүлдөрү киришет.";

3) "Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу" бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкү мазмундагы е) жана ж) пунктчалар менен толукталсын:

"е) жер участогунун ижара келишиминин шарттары бузулбаган шартта ижара төлөмүнүн өлчөмүн 20 (жыйырма) %га көбөйтүү менен жер участогун пайдалануу мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат;

ж) жер жана шаар курулуш мыйзамдарын бузуулар табылган учурда бузууларды четтетүү боюнча мындан аркы чара көрүү максатында тийиштүү жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга суроо-талаптарды жана билдирмелерди жиберет.";

4) 10-пункттун 1 жана 2-абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:

"10. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн ижарага берүү мүмкүн болгон жер участокторунун тизмегин түзөт.

Жер участокторунун тизмегин түзүү архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.";

5) 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"12. Тооруктарда же тикелей сатуу жолу менен ижарага берилүүчү жер участоктордун өлчөмү архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан курулуш документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык аныкталат.";

6) 16-пункттун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"16. Жеке жана юридикалык жактардын арызы боюнча архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн ижарага берүүгө мүмкүн болгон жер участокторун тандоону жүргүзөт жана төмөнкүлөр көрсөтүлө турган архитектуралык техникалык корутундуну даярдайт:";

7) 17-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

бардык текст боюнча "Бишкекбашкыархитектура" деген сөз "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда алмаштырылсын;

бардык текст боюнча "Мамкаттоо" деген сөз "Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда алмаштырылсын;

8) 18-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

"18. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган архитектуралык техникалык корутундуга курамына төмөнкү маалыматтарды камтыган графикалык жана тексттик материалдардын комплекти кирген жер участогунун жана жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруунун планын (мындан ары жер участогунун планы) тиркейт:";

14-абзацтагы "Бишкекбашкыархитектура" деген сөз "архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9) V бөлүм төмөнкү мазмундагы 18-1-пункту менен толукталсын:

"18-1. Жер участогунда жеңилдетилген типтеги объекттин жайгашуусу архитектуралык техникалык корутундуга, башка шаар куруу документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келбеген учурда, архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган объектти Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү үчүн жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга тийиштүү суроо-талап жөнөтөт.

Архитектуралык техникалык корутундунун негизинде комиссиянын чечими менен берилген жер участокко жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн милдеттүү катышуусу менен жүзөгө ашырылат.";

10) 19-пунктун 2-абзацындагы "Бишкекбашкыархитектура" деген сөз "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

11) 20-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-абзацтагы "ыйгарым укуктуу муниципалдык орган" деген сөз "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган арызды кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине белгиленген тартипте билдирет.";

12) 21-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Жеке жана юридикалык жактар жер участогуна ижара укугун узартуу жөнүндө арызды ыйгарым укуктуу муниципалдык органга беришет. Арызга төмөнкүлөр тиркелет: жер участогуна укук ырастоочу жана укук тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү жана кыймылсыз мүлк бирдиги (имарат жана курулма), жеке жактын инсандыгын тастыктоочу жана юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтер.";

13) V бөлүм төмөнкү мазмундагы 24-1 пункт менен толукталсын:

"24-1. Бул жобого ылайык жер участокторду даярдоо менен байланышкан чыгымдарды төлөө жеке жана юридикалык жактар (арыз ээлери) тарабынан берилген эсептөөгө ылайык архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органда, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда жана башка ыйгарым укуктуу органдарда жүзөгө ашырылат.";

14) 26-пункттун 29-абзацындагы "Бишкекбашкыархитектура" деген сөз "архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

15) 33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"33. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (пайдалануу мөөнөтүн узартууга) мурда берилген жер участогуна ижара укуктарын тикелей сатууда, архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органынын, ошондой эле жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайрадан чыгарылган корутундусу эгер төмөнкүлөр мурунку бойдон калса, талап кылынбайт:

а) жер участогунун аянты, конфигурациясы, жайгашкан орду;

б) максаттуу (функционалдык) багытталышы.";

16) 47-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-абзацтагы "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкү мазмундагы абзац кошулсун:

"Демонтаж жүргүзүлгөндөн кийин жеңилдетилген типтеги объекттин ээси жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө жана көрктөндүрүүгө милдеттүү.";

17) 48-пункттун бардык тексти боюнча "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда алмаштырылсын;

18) 49-пункттагы "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

19) 50-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"50. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган кампага жыюу жана сактоо жайына жөнөтүлөт. Объектти берүү жеңилдетилген типтеги объекттин ээси объектти демонтаждоого, сактоого кеткен бардык чыгымдарды төлөгөн болсо, ушул жобонун 51-пунктунун ченемдерине ылайык жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү тастыктагандан кийин жүргүзүлөт.";

20) 51-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"51. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объектти сактоо акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат.";

21) 52-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"52. Жеңилдетилген типтеги объекттерди сактоого алган Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган кампага жыюу жана сактоо жайынын администрациясы объекттин жана анын ичиндеги материалдык баалуулуктардын сакталышына жоопкерчилик тартат.";

22) IX бөлүк төмөнкү мазмундагы 53-пункт менен толукталсын:

"53. Жерди пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жеңилдетилген типтеги объекттерди 1 (бир) ай сактайт. 1 (бир) ай өткөндөн кийин Жерди пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган аларды ээсиз деп таануу жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга укугу бар.

Сот тарабынан талап кылынбаган (ташталган) жеңилдетилген типтеги объекттер ээсиз катары таанылган учурда, алар муниципалдык менчикке өтөт.".

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Конгантиев К.К.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Дюшембиевге Б.О. жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Бишкек шаары,

30-июнь 2016-жыл, № 193

 

А.Кененбаев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

"Жер ресурстар башкармалыгы" жана "Муниципалдык мүлк башкармалыгы"

жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын борбор шаарында шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын мындан ары ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, "Жер ресурстар башкармалыгы жөнүндө" жобо;

2-тиркемеге ылайык, "Муниципалдык мүлк башкармалыгы жөнүндө" жобо.

2. Бишкек шаарынын мэриясы бул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Конгантиев К.К.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Дюшембиевге Б.О. жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

Бишкек шаары,

30-июнь 2016-жыл, № 196

 

А. М. Кененбаев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
2016-жылдын 30-июнундагы
№ 196 токтомуна
1-тиркеме

"Жер ресурстар башкармалыгы жөнүндө"
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. "Жер ресурстар башкармалыгы" (мындан ары - Башкармалык) Бишкек шаарында жер мамилелеринин муниципалдык саясатын жүргүзүүнү жана экономикалык-укуктук жөнгө салууну камсыздоочу Бишкек шаарынын жерлерин башкаруу жана тескөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында уюштурулду.

Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 6-февралындагы № 44 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн кайрадан уюштуруу жөнүндө" токтомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлкүн башкаруу боюнча комитеттин (каттоо номери: 7573-3301-У-е, ОКПО коду: 21060681, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 56) жана Бишкек жер комитетинин (каттоо номери: 18209-3301-У-е, ОКПО коду: 23007849, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 31) кайра уюштурулушунун натыйжасында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 31-мартындагы № 140 "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы" мекемесин уюштуруу жөнүндө" токтомунун негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын укуктарынын жана милдеттеринин укук улантуучусу болуп саналат.

3. Башкармалык - Мекеме уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча баланска, эсептерге, бюджеттик алыш-бериш эсебине, казыначылык органдарда депозиттик эсепке (Бишкек шаары боюнча Казыналыктын региондук бөлүмү), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы бар тегерек мөөргө, фирмалык бланктарга, штамптарга жана башка кабыл алынган реквизиттерге, расмий атрибуттарга ээ, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.

4. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында Бишкек шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине, Бишкек шаардык кеңештин токтомдоруна, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдоруна жана буйруктарына жана ушул жобого ылайык иш жүргүзөт.

5. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.

6. Башкармалык өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.

7. Өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу маселелер боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен Башкармалыктын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына каршы келбеген Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.

8. Башкармалык белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

9. Башкармалыктын түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана ушул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жөнгө салынат.

10. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык гана катыша алат.

11. Башкармалыктын аталышы:

мамлекеттик тилде: "Жер ресурстар башкармалыгы";

расмий тилде: "Управление земельных ресурсов".

12. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720017, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246.

13. Башкармалыктын кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери таратылат.

14. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Бишкек шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.

15. Башкармалык өзүнүн иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэриясына отчёт берет.

16. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.

17. Бишкек шаардык кеңеш муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду жүзөгө ашырат.

2. Негизги милдеттер

18. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;

менчиктин түрүнө карабастан, бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелеринин чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;

шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык-укуктук тутумду ишке ашырууну иштеп чыгууга жана камсыз кылууга катышуу;

Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жерлерди кошуу менен жер участокторго укуктарды берүү үчүн арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде, Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча тооруктарды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын жер реформасы жана архитектуралык-шаар куруу иш-аракети чөйрөсүндө шаардык социалдык-экономикалык программаларды аткаруу.

3. Негизги иш-милдеттер

19. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткарат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;

мамлекеттик сырды сактоо жана маалыматты коргоо функцияларын аткаруу менен мамлекеттик сырга жана купуя маалымат категориясына тийиштүү маалыматтарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген коргоо режимин ишке ашырат;

Башкармалыктын автоматташтырылган маалыматтык тутумун түзүүнү, коштоону жана өркүндөтүүнү төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырат:

а) электрондук документ жүгүртүү тутуму;

б) Бишкек шаарынын менчик объекттеринин эсеби;

в) Бишкек шаары боюнча муниципалдык менчиктин электрондук реестри;

г) Башкармалыктын электрондук архиви;

д) Башкармалык жана башка жактар ортосундагы түзүлгөн келишимдер боюнча электрондук реестр.

Бишкек шаарынын муниципалдык жер участокторун чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууга бекитүүнү жол-жоболоштурат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана эсепке алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катышат;

Бишкек шаарынын жер участокторун ижарага берүүчү катары чыгат;

мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Бишкек шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналган уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана берет;

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналган уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүүдө, кайра уюштурууда жана жоюуда катышат;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүүдөн шаардын бюджетине каражаттардын түшүү болжолун Бишкек шаарынын мэриясына даярдайт жана көрсөтөт, бул түшүүлөрдү камсыздоо үчүн тийиштүү чараларды көрөт;

жер участокторду сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду сатуу жөнүндө сунуштарды уюштурат жана киргизет;

Бишкек шаарынын жер участокторунун наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;

жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү боюнча ишти белгиленген тартипте уюштурат;

өзүнүн компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө Бишкек шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;

жер пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелерде Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жана өкүлү болуп саналат;

Бишкек шаарында жер участокторго укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдеринин долбоорлорун даярдайт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акылардын эсебин жүргүзөт;

жеке жана юридикалык жактардын аларга жер участокторду берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.

4. Башкармалыктын укуктары жана милдеттери

20. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:

өзүнүн компетенциясынын чектеринде Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин тескөөгө, Бишкек шаарынын жерлерине карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзүүгө;

Бишкек шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын  уюштуруу-укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, өзгөртүү жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда чарбалык коомдордун акционери катары Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;

муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген жер участокторду сатуу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;

сот органдарында Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторуна доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого;

Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек шаардык кеңешке жерлерди максаттуу багыты боюнча эмес пайдалануу, жер участогун сарамжалдуу эмес пайдалануу, жер участоктор жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарында, жер участокторуна укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга/ижарачыларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чара көрүү максатында материалдарды жөнөтүүгө;

Башкармалыктын иш-аракетин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана башка документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзүүгө;

Башкармалыктын иш-аракетинин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;

өзүнүн компетенциясынын маселелери боюнча жарандарды кабыл алууга, түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө;

өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарууга;

Башкармалык төмөнкүлөргө милдеттүү:

кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген залал үчүн жоопкерчилик тартууга;

Башкармалыктын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыздоого;

башкарууга берилген мүлктүн сакталышын камсыздоого;

белгиленген тартипте башка милдеттерди аткарууга.

21. Башкармалык ушул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу үчүн дагы башка укуктарга ээ.

22. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын жана башка каржылоо булактарынын эсебинен башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат тутумдарынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.

23. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипке ылайык чектелген жетүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт.

5. Башкармалыктын иш-аракетин уюштуруу

24. Башкармалыктын жогорку органы Бишкек шаарынын мэриясы болуп саналат, ал мыйзамга ылайык Башкармалыкты түзүү, Башкармалык жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жана киргизүү, Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу, Башкармалыктын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү, Башкармалыктын начальнигин жана начальнигинин орун басарын дайындоо жана бошотуу маселелерин чечет.

25. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын ишине тийиштүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.

26. Башкармалыктын жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу начальник саналат.

27. Башкармалыктын начальниги:

Башкармалыктын ишин уюштурат жана жетектейт;

Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген чектелген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чектеринде Башкармалыктын штаттык расписаниесин, түзүмүн жана иш тартибин бекитүүгө берет;

бекитилген штаттык расписаниеге жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Башкармалыктын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде Башкармалыкты көрсөтөт.

ишеним катсыз Башкармалыктын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;

Башкармалыктын кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;

өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Башкармалыктын мүлкүн, акча каражаттарын кошо башкарат;

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш буйруктарды чыгарат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген сметага ылайык Башкармалыктын кызматкерлерине карата сыйлоо жана жаза көрүү чараларын көрөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык Башкармалыктын иш режимин белгилейт;

өзүнүн орун басарынын компетенциясын аныктайт;

мыйзамдарга ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коёт;

финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат.

28. Башкармалыктын начальниги бир орун басарга ээ.

Башкармалыктын начальнигинин орун басары Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Башкармалыктын начальниги жокто (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар жана башка) же ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, анын ыйгарым укуктарын убактылуу Башкармалыктын начальнигинин орун басары жүзөгө ашырат.

Начальник жокто, финансылык документтерге кол коюу укугу бул жөнүндө начальниктин тийиштүү буйругунун негизинде өткөрүлүп берилет.

Башкармалыктын начальнигинин орун басары функционалдык милдеттер жана Башкармалыктын начальнигинин буйруктары тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде иш жүргүзөт.

6. Башкармалыктын мүлкү

29. Башкармалыктын мүлкүн ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттарды, каржы ресурстарды (интеллектуалдык менчиктин объекттерин кошуу менен) түзөт.

Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилип берилген мүлктү (негизги каражаттарды) тескөөгө укуктуу.

30. Башкармалыкты күтүүгө чыгымдарды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

7. Эсепке алуу жана отчёттуулук

31. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүргүзөт.

32. Башкармалык Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жана аныкталган мөөнөттөрдө бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту берет. Башкармалыктын иш-аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бул укук берилген уюмдар жүргүзөт.

33. Башкармалыктын начальниги жана башкы бухгалтери Башкармалыктын эсебинин тууралыгы жана финансы каражаттарынын жана мүлкүнүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартышат, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.

8. Эмгек мамилелери

34. Башкармалык кызматкерлердин квалификациялык талаптарын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат.

35. Башкармалык иштердин тийиштүү көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдердин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартуу укугуна ээ.

36. Башкармалыктын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.

9. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу

37. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте киргизилет.

38. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жана ал тарабынан каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

39. Башкармалыктын ишин токтотуу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

40. Башкармалыкты жоюу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган Башкармалыкты жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилеген жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

41. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, анын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.

42. Каттоо органы тарабынан тийиштүү буйрук чыккан датадан тартып, Башкармалык өз иш-аракетин токтоткон, жоюусу аяктаган болуп эсептелинет.

43. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийин, Башкармалыктын калган мүлкү, бул мүлккө буюмдук укугу же Башкармалыкка карата милдеттенмелик укугу бар Бишкек шаарынын мэриясынын атынан анын уюмдаштыруучусуна өткөрүлүп берилет.

44. Иш процессинде пайда болгон документтер, жоюу учурунда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

 

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

Бишкек шаардык кеңешинин
2016-жылдын 30-июнундагы
№ 196 токтомуна
2-тиркеме

"Муниципалдык мүлк башкармалыгы жөнүндө"
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. "Муниципалдык мүлк башкармалыгы" (мындан ары - Башкармалык), Бишкек шаарынын мэриясынын төмөнкү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн:

менчиктештирүү жаатындагы муниципалдык саясатты жүргүзүүнү камсыз кыла турган, Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттери болгон, жер участокторунан тышкаркы, муниципалдык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн (мындан ары - "Мүлк") башкаруу жана тескөө боюнча;

алардын экономикалык жана инвестициялык тартууларын жогорулатуу максатында, муниципалдык мүлктү натыйжалуу, сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо боюнча.

Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирүүчү, ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 6-февралындагы № 44 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн кайрадан уюштуруу жөнүндө" токтомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлкүн башкаруу боюнча комитеттин (каттоо номери: 7573-3301-У-е, ОКПО коду: 21060681, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 56) жана Бишкек жер комитетинин (каттоо номери: 18209-3301-У-е, ОКПО коду: 23007849, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 31) кайра уюштурулушунун натыйжасында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 31-мартындагы № 140 "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы" мекемесин уюштуруу жөнүндө" токтомунун негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын укуктарынын жана милдеттеринин укук улантуучусу болуп саналат.

3. Башкармалык - Мекеме уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча баланска, эсептерге, бюджеттик алыш-бериш эсебине, казыначылык органдарда депозиттик эсепке (Бишкек шаары боюнча Казыналыктын региондук бөлүмү), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы бар тегерек мөөргө, фирмалык бланктарга, штамптарга жана башка кабыл алынган реквизиттерге, расмий атрибуттарга ээ, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.

4. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында, Бишкек шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерине, Бишкек шаардык кеңештин токтомдоруна, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарына жана ушул жобого ылайык иш жүргүзөт.

5. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.

6. Башкармалык өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен ишке ашырат.

7. Башкармалыктын өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу маселелер боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.

8. Башкармалык белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

9. Башкармалыктын түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана ушул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

10. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык гана катыша алат.

11. Башкармалыктын аталышы:

мамлекеттик тилде: "Муниципалдык мүлк башкармалыгы";

расмий тилде: "Управление муниципального имущества".

12. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720017, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246.

13. Башкармалыктын кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери таратылат.

14. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Бишкек шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.

15. Башкармалык өзүнүн иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэриясына отчёт берет.

16. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.

17. Бишкек шаардык кеңеш муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду жүзөгө ашырат.

2. Негизги милдеттер

18. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

жер участокторунан башка, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;

менчиктин түрүнө карабастан, бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык, Бишкек шаарынын кыймылсыз объекттерин жана башка менчигин менчиктештирүү жаатындагы саясатты ишке ашыруу;

шаардык мүлк саясатын жана анын ичинде шаардык мүлктөрдү баалоонун методологиясын жана критерийлерин, мүлк үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн жана аны алуунун тартиптерин, шаардык мүлктөрдү жогорку натыйжалуу пайдалануунун экономикалык стимулдаштыруу механизмин, мүлктөрдү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну өзүнө камтыган мүлк мамилелеринин экономикалык-укуктук тутумун жөнгө салууну иштеп чыгууга жана камсыз кылууга катышуу.

3. Негизги иш-милдеттер

19. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткарат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасын мыйзамдарында каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;

мамлекеттик сырды сактоо жана маалыматты коргоо функцияларын аткаруу менен мамлекеттик сырга жана купуя маалымат категориясына тийиштүү маалыматтарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коргоо режимин ишке ашырат;

Башкармалыктын автоматташтырылган маалыматтык тутумун түзүүнү, коштоону жана өркүндөтүүнү төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырат:

а) электрондук документ жүгүртүү тутуму;

б) Бишкек шаарынын менчик объекттеринин эсеби;

в) Бишкек шаары боюнча муниципалдык менчиктин электрондук реестри;

г) Башкармалыктын электрондук архиви;

д) Башкармалык жана башка жактар ортосундагы болгон келишимдер боюнча электрондук реестр.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз объекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, Бишкек шаарынын мүлкүнө тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Бишкек шаарынын мэриясын көрсөтөт;

Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууга бекитүүнү жол-жоболоштурат;

муниципалдык менчик объекттерге чектелген буюмдук укуктарды берет;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартиби бузулган учурда, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде тийиштүү чараларды көрөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана эсепке алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катышат;

Бишкек шаарынын мүлкүн ижарага берүүчү катары чыгат;

мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Бишкек шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;

Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте мүлктүк маселелер боюнча эл аралык иш-чараларда, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду, анын ичинде, чет өлкөлүк инвесторлорду да тандоодо катышат;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана берет;

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүүдө, кайра уюштурууда жана жоюуда катышат;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чарбалык коомдордо Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда акцияларды (үлүштөрдү) кармоочу болуп саналат, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чектеринде чарба коомдорунун уставдык капиталдарындагы муниципалдык менчикке бекитилген акциялар (үлүштөр) боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызыкчылыктарын көздөйт;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн Бишкек шаарынын ишканаларын, уюмдарын жана башка мүлкүн менчиктештирүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдайт;

Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюмдук укуктарды менчиктештирүүдөн жана берүүдөн каражаттардын шаардын бюджетине түшүүлөрүнүн болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда аталган каражаттардын түшүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;

Бишкек шаарынын турак эмес жайлар фондунун объекттерин сатуу боюнча ишти уюштурат жана жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды сатуу жөнүндө сунуш киргизет;

Бишкек шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттерин менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, инвестицияларды тартуулардын долбоорлорун иштеп чыгат;

өзүнүн компетенциясынын чектеринде Бишкек шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди чыгарат;

Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Бишкек шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;

ижарачылар менен ижара мамилелерде Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жана өкүлү болуп саналат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ижара шарттарда мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү мүлктү пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;

жеке жана юридикалык жактардын аларга мүлккө укуктарды берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чара көрөт;

бошогон батирлердин эсебин жүргүзөт, бул батирлерди бөлүштүрүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарынын долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт;

Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде турак аянтка жалдоо келишимди белгиленген тартипте жол-жоболоштурууну жана берүүнү жүргүзөт.

4. Башкармалыктын укуктары жана милдеттери

20. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:

өзүнүн компетенциясынын чектеринде Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин тескөөгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Бишкек шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;

Башкармалыктын карамагындагы мүлктү камсыздандыруучу коргоону жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууга;

Бишкек шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын уюштуруу-укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, өзгөртүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда чарба коомдорунун акционери катары Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;

муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды сатуу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын чечимин белгиленген тартипте ишке ашырууга;

муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүнү белгиленген тартипте ишке ашырууга;

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы ведомстволук ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документтик текшерүүнү (ревизияны, инвентаризациялоону жана башка) жүргүзүүнү, ошондой эле алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө жана башкармалыктын реестрине киргизүүнү контролдоону жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгондо Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык, өз компетенциясынын чектеринде тийиштүү чара көрүүгө;

Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын сот органдарында көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторуна доо арыздарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доо арызды, өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого;

муниципалдык менчикти пайдалануу маселелери боюнча ижарачыларга көрсөтмө берүүгө жана тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында тийиштүү органдарга материалдарды жөнөтүүгө;

мүлктү пайдалануу боюнча муниципалдык мүлктү текшерүүнү, экспертизаларды жүргүзүү, мүлктү пайдалануу боюнча иш-чаралардын аткарылышын текшерүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга;

Башкармалык төмөнкүлөргө милдеттүү:

кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген залал үчүн жоопкерчилик тартууга;

Башкармалыктын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыздоого;

башка милдеттерди белгиленген тартипте аткарууга.

21. Башкармалык ушул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу үчүн дагы башка тийиштүү укуктарга ээ.

22. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын жана башка каржылоо булактарынын эсебинен башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат тутумдарынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.

23. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипке ылайык, чектелген жетүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматын сактоо режимдерин аныктайт.

5. Башкармалыктын иш-аракетин уюштуруу

24. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Башкармалыкты түзүү, Башкармалык жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жана киргизүү, Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу, Башкармалыктын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү, Башкармалыктын начальнигин жана начальнигинин орун басарын дайындоо жана бошотуу маселелерин чечкен, Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын жогорку органы болуп саналат.

25. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын ишине тийиштүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.

26. Башкармалыктын жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу начальник саналат.

27. Башкармалыктын начальниги:

Башкармалыктын ишин уюштурат жана жетектейт;

Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген чектелген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чектеринде Башкармалыктын штаттык расписаниесин, түзүмүн жана иш тартибин бекитүүгө берет;

бекитилген штаттык расписаниеге жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Башкармалыктын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде Башкармалыкты көрсөтөт;

ишеним катсыз Башкармалыктын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;

Башкармалыктын кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;

өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Башкармалыктын мүлкүн, акча каражаттарын кошо башкарат;

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш буйруктарды чыгарат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген сметага ылайык Башкармалыктын кызматкерлерине карата сыйлоо жана жаза көрүү чараларын көрөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык Башкармалыктын иш режимин белгилейт;

өзүнүн орун басарынын компетенциясын аныктайт;

мыйзамдарга ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коёт;

финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат.

28. Башкармалыктын начальниги бир орун басарга ээ.

Башкармалыктын начальнигинин орун басары Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Башкармалыктын начальниги жокто (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар жана башка) же ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, анын ыйгарым укуктарын убактылуу Башкармалыктын начальнигинин орун басары жүзөгө ашырат.

Начальник жокто, финансылык документтерге кол коюу укугу бул жөнүндө начальниктин тийиштүү буйругунун негизинде өткөрүлүп берилет.

Башкармалыктын начальнигинин орун басары функционалдык милдеттер жана Башкармалыктын начальнигинин буйруктары тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде иш жүргүзөт.

6. Башкармалыктын мүлкү

29. Башкармалыктын мүлкүн ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттарды, каржы ресурстарды (интеллектуалдык менчиктин объекттерин кошуу менен) түзөт.

Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилип берилген мүлктү (негизги каражаттарды) тескөөгө укуктуу.

30. Башкармалыкты күтүүгө чыгымдарды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

7. Эсепке алуу жана отчёттуулук

31. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүргүзөт.

32. Башкармалык Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жана аныкталган мөөнөттөрдө бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту берет. Башкармалыктын иш-аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бул укук берилген уюмдар жүргүзөт.

33. Башкармалыктын начальниги жана башкы бухгалтери Башкармалыктын эсебинин тууралыгы жана финансы каражаттарынын жана мүлкүнүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартышат, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.

8. Эмгек мамилелери

34. Башкармалык кызматкерлердин квалификациялык талаптарын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат.

35. Башкармалык иштердин тийиштүү көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдердин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартуу укугуна ээ.

36. Башкармалыктын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.

9. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу

37. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте киргизилет.

38. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жана ал тарабынан каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

39. Башкармалыктын ишин токтотуу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

40. Башкармалыкты жоюу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган Башкармалыкты жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилеген жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

41. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, анын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.

42. Каттоо органы тарабынан тийиштүү буйрук чыккан датадан тартып, Башкармалык өз иш-аракетин токтоткон, жоюусу аяктаган болуп эсептелинет.

43. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийин, Башкармалыктын калган мүлкү, бул мүлккө буюмдук укугу же Башкармалыкка карата милдеттенмелик укугу бар Бишкек шаарынын мэриясынын атынан анын уюмдаштыруучусуна өткөрүлүп берилет.

44. Иш процессинде пайда болгон документтер, жоюу учурунда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

 

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев