Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин  2006-жылдын 28-ноябрындагы №266“Бишкек шаарынын күнү жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин  2006-жылдын 28-ноябрындагы №266 “Бишкек шаарынын күнү жөнүндө”  токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин:

а) 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: “1. 29-апрель - Бишкек шаарынын күнү болуп эсептелинсин.”;

б) 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: “Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүүчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн”.

2. Бишкек шаардык кеңештин  2014-жылдын 18-февралындагы №73 “Бишкек шаардык кеңештин  2006-жылдын 28-ноябрындагы №266 “Бишкек шаарынын күнү жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүүчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко)  жана  Бишкек  шаарынын  вице-мэри А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

Төрага                                                                        А. М. Кененбаев

Бишкек ш.

23-март 2016-ж., № 181  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын

штаттык санын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу”  мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2015-жылдын  27-январындагы № 26 “Бишкек шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомун, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын шаттык саны тиркемеге

ылайык бекитилсин.

            2.    Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 12 “Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө”, 2010-жылдын 27-майындагы № 190 “Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 12 “Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

3.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам. 

 

 

Төрага                                                               А. М. Кененбаев

 

Бишкек ш.,

25-декабрь  2015-жыл, №170

                                                                 

Бишкек шаардык кеңештин

                                                                  2015-жылдын “25”декабрындагы

                                                                  № 170 токтомуна тиркеме

Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын

штаттык саны

Кызмат

Штаттык бирдиктердин саны

 

Төрага

1

Туруктуу комиссиянын төрагасы

2

Төраганын орун басары

1

Аппарат жетекчи

1

Бөлүм башчы

5

Башкы адис

12

Жетектөөчү адис

13

Адис

2

Бардыгы:

37

 

ТТП

 

Башкы бухгалтер

1

Кассир

1

Кабылдаманын катчысы

1

КТП

 

Пол жуугуч

1

Айдоочу

1

Бардыгы:

42

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                   Э. А. Нурдавлетов

Бишкек шаардык кеңештин

башкы бухгалтери                                                   А. А. Абакирова

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Үсөнбаев көчөсү, 38/1 де жайгашкан жанаша жер участогу менен

турак эмес жайларды №1 төрөтүйүнүн балансына өткөрүп берүү

жана № 4 тизмектен № 1 тизмеге  жана № 1 тизмекке

которуу жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык, муниципалдык менчиктин объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы:

         а) Үсөнбаев көчөсү, 38/1 де жайгашкан аянты 0,08 га жер участогу менен турак эмес жайларды №1 төрөт үйүнүн балансына  өткөрүп берсин:

         аянты 189 чарчы метр физкабинеттин имаратын - 1 имарат, 1939-жылы эксплуатациялоого берилген;

         аянты 98 чарчы метр курулмалардын сактоо жайын - 1 имарат, 1939-жылы эксплуатациялоого берилген;

         б) жогоруда көрсөтүлгөн турак эмес жайларды № 4 тизмектен № 1 тизмеге  жана № 1 тизмеккекоторсун;

         в) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

         г)  жанаша жаткан жер участогу менен муниципалдык менчиктин жогоруда аталган объекттерди № 1 төрөт үйү үчүн максаттуу багыты боюнча так пайдалансын.

2.Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 296 “Узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага турак эмес жайларды берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасы                                                                            А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

25-декабрь  2015-жыл, №169

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин2012-жылдын 28-декабрындагы 

№ 4 “Туруктуу комиссиялардын курамын түзүү жөнүндө”  

токтомунун тиркемесине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына  “Республика” фракциясынын мүчөсү-Джолдошов Улан Болотович киргизилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын  28 - декабрындагы  № 4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту “Джолдошов Улан Болотович” деген сөздөр менен толукталсын.

3.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                        А. М. Кененбаев                                                                                        

Бишкек ш.,

25-декабрь  2015-жыл, №171

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууну улантуу үчүн кредиттик жана гранттык каражаттарды тартууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен калкты тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жаңы троллейбустарды сатып алуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаарынын мэриясына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча эки транш менен жаңы троллейбустарды сатып алууга 7,9 млн. евро суммасында каражаттарды тартууга макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүгө макулдук берилсин:

-          биринчи транш 4,7 млн. евро (анын ичинде3,0 млн.евро кредит жана1,7 млн.евро грант);

-          экинчитранш 3,2 млн.евро (анын ичинде2,0 млн.евро кредит жана 1,2 млн.евро грант).

2.  Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

-          Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча кредиттик жана гранттык каражаттарды тартууга карата макулдашууларга, ошондой эле тийиштүү карыздык милдеттемеге кол коюу боюнча ишти жүргүзсүн;

-          берилүүчү кредиттик жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, каралган иш-чараларды өз убагында аткарууну камсыздасын;

-          шаардын бюджетинде пайыздарды эске алуу менен алынган кредитти төлөө үчүн каражаттарды карасын,  жоюу графигине ылайык аны жоюуну камсыздасын.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Десятников П. Н.), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Г. А. Милицкийге жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                           А. М. Кененбаев

 

Бишкек ш.,

25-декабрь  2015-жыл, №168