Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Токтом   № 152  2015-жыл  11-август

Бишкек шаарынын кошумча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы №76 «Бишкек, Ош шаарларында, Ош облусунун Кара-Суу, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн кошумча шайлоо комиссияларды түзүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө» жобого, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясый партияларга, Бишкек шаардык кеңешке кайрылуусуна ылайык,  шайлоочулар чогулуштарынан жана коомдук бирикмелерден келип түшкөн кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө бардык жазуу жүзүндөгү чечимдерди карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына шайлоочулар чогулуштарынан жана коомдук бирикмелерден кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер берилсин (1, 2, 3, 4-тиркемелер).

         2. 2015-жылдын 10-августунда саат 18.00дөн кийин документтердин киргизилгендигине байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин жумушчу тобу тарабынан катталбаган Бишкек шаарынын кошумча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлер көрсөтүлгөн 30 протокол Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.

         3. Бишкек шаарынын мэриясы тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте жаңы түзүлгөн Бишкек шаарынын кошумча участкалык шайлоо комиссияларында биометрикалык каттоо пункттарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

         4. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жаңы түзүлгөн Бишкек шаарынын кошумча участкалык шайлоо комиссияларында  биометрикалык каттоо өткөндөн кийин нак жашаган жери боюнча каттоосу болбогон жарандардын өздөрүнүн арыздары боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизүү сунушталсын.

         5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ч. К. Шейшекеевага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                             М. А. Аманкулов

Шайлоочулар жана коомдук бирикмелердин чогулушунан көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлер:

Ленинский район

Октябрьский район

Первомайский район

Свердловский район

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек  шаарындагы  катуу тиричилик

калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү

боюнча кызматтарга тарифтер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун  каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору  боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан чоң Инвестициялык грант берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы, “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасы менен  Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа бирлигинин Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун  («EUIFCA») Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын  мыйзамы менен ратификацияланган  кредиттик макулдашуунун 5.01-бөлүмүнүн (б) пунктунун 11- пунктчасын  аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 1-январынан катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгарууга жана көмүүгө төмөнкү тарифтер бекитилсин:

Бишкек шаарынын калкы үчүн - айына бир адамдан 22,50  сом өлчөмүндө, анын ичинде 4,50 сом катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;

Бишкек шаарынын пенсионерлери үчүн - айына бир адамдан 6,0  сом;

Бишкек шаарынын чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн - 1,0 куб. м. үчүн 225,0 сом өлчөмүндө, анын ичинде 45,0 сом - катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө, кызматтарды керектөөчүлөр менен катуу тиричилик калдыктардын накта ташылып чыгарылган көлөмү үчүн эсептешүү жүргүзүлөт;

менчиктин формасына карабастан, өз алдынча ташып чыгаруу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн – катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн катуу тиричилик калдыктардын накта ташылып чыгарылган 1,0 куб. м. үчүн 45,0 сом өлчөмүндө;

Бишкек шаарынын бюджеттик уюмдары жана мекемелери үчүн -1,0 куб. м. үчүн 225,0 сом өлчөмүндө, анын ичинде 45,0 сом - катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө.

2. Бишкек шаарынын мэри (К. К. Кулматов)  Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен төмөнкү маселелер боюнча  сүйлөшүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзсүн:

Бишкек шаарынын мэриясына катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу менен алектенген жеке компанияларды тартуу жана жеке компаниялар менен кредиттик каражаттарды  жоюу механизмин иштеп чыгуу боюнча укуктарды берүү;

кредиттик макулдашууда көрсөтүлгөн чен боюнча милдеттенме үчүн комиссиясын төлөө мөөнөттөрүн узартуу;

катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү кызматтары үчүн тарифтерди төмөндөтүү;

үнөмдөлгөн кредиттик жана гранттык каражаттарды пайдалануу жана аларды чыгымдардын башка статьясына багыттоо боюнча шаар үчүн керектүү товарларды жана жабдууларды  сатып алууга тендерлерди өткөрүүдө Бишкек шаарынын мэриясына укуктарды берүү.

3. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

“Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун  ишке ашыруу үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү кредиттик жана гранттык каражаттарды натыйжасыз пайдаланууга жол бербөө максатында бир топ каатчылыкка каршы чараларды иштеп чыксын;

катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн   түшүүчү   акча   каражаттар   үчүн   “Бишкек  санитардык  полигону”

муниципалдык ишканасынын өзүнчө эсеп-кысап эсебин ачсын жана бул кызматтарды төлөөгө дүмүрчөктүн өзүнчө эсебин түзсүн;

катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн Бишкек шаарынын калкынан жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринен каражаттарды толук чогултууну камсыз кылсын;

катуу тиричилик калдыктарды сапаттуу, өз убагында  ташып чыгарууну жана көмүүнү камсыз кылсын;

толук көлөмдө белгиленген мөөнөттө кредитти жоюуну камсыз кылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгарууга жана көмүүгө тарифтер жөнүндө” жана 2009-жылдын 29-декабрындагы №137 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга тарифтер жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников)  жана Бишкек шаарынын  вице-мэринин милдетин аткаруучу А. С. Омурбековага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                       М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь  2015-жыл, №144 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын архитектура жана шаар

куруу башкы башкармалыгы” мамлекеттик

ишканасын Бишкек шаарынын муниципалдык

менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы – экономикалык негиздери жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын борборунда шааркуруу жана архитектура чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун  жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөргө макулдук берилсин:

- “Бишкек шаарынын архитектура жана шааркуруу башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга;

- “Бишкек шаарынын архитектура жана шааркуруу башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жолу менен Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү “Бишкек шаарынын архитектура жана шааркуруу башкы башкармалыгы” муниципалдык ишканасын (мындан ары – “Бишкекбашкыархитектура” МИсин) түзүүгө.

2. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте “Бишкекбашкыархитектура” МИсинин мындан аркы иш-аракеттерин камсыздоо боюнча чараларды кабыл алсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2015-жыл,  № 151  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын конуштарында

жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын 2014-жылдын 12-августундагы отурумунун № 4 протоколун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын: Ленин районун “Арча-Бешик” конушунда; Октябрь районунун “Мехлесхоз”; “Тунгуч”, сейсмикалык курулуш институтунун аймагындагы конуштарда; Биринчи май районунун “Ново-Павловка, 100 га”, “Мурас-Ордо” (“Пригородный”, 145 га), “Аска-Таш" жана "Керемет", “Балбан-Таймаш” (9,3 га жана 3,41 га) конуштарында; Свердлов районунун “Ак-Тилек-2”, “Красный строитель”,  “Кайыңды”, “Чалбай”, “Учкун” конуштарында, Суворов көчөсү – Чоң Чүй каналы чектеринде жаңы түзүлгөн көчөлөргө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14-тиркемелерге ылайык аталыштар ыйгарылсын. 

 

 2. Көчөлөрдү атоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын  эсебинен жүргүзүлсүн.

 

 3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Архитектура жана шаар курулушу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

 

 

 4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына  (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (А. М. Рыскулова) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь  2015-жыл, №139 

 схема 1

 схема 2

 схема 3

 схема 4

 схема 5

 схема 6

 схема 7

 схема 8

 схема 9

 схема 10

 схема 11

 схема 12

 схема 13

 схема 14

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш”

муниципалдык ишканасынын начальниги

А. М. Атантаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө

“Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы  тарабынан Бишкек шаарынын бак-дарактарынын абалына контролдун жоктугу жөнүндө Бишкек шаарынын тургундарынын көптөгөн кайрылууларын, Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун аткарбагандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”  мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Өз милдеттерин тиешелүү аткарбагандыгына байланыштуу “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын начальниги - Анвар Мирзагелдиевич Атантаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.

 

 2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдорунун аткарылышы боюнча чара көрсүн:

    2014-жылдын 18-февралындагы №66 “Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүүнү камсыздоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө”;

    2014-жылдын 14-октябры № 99 "Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө”;

2009-жылдын 30-июнундагы №78 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган бак-дарактарды жана ирригацияны кесүү жана көчүрүү тартиби, ошондой эле  аларды кесүүдө, көчүрүүдө жана жок кылууда бак-дарактардын жана ирригациянын наркын компенсациялоо жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө”;

бир айлык мөөнөттө коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүүнү камсыздоо боюнча чара көрсүн;

    2015-жылдын 1-сентябрына чейин  ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешке берсин.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ч. К. Шейшекеевага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2015-жыл,  № 148