Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык  кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана

сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча

кызматтарга тарифтерди  бекитүү  жөнүндө

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                 

Суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн (канализация) шаардык системасын ишенимдүү эксплуатациялоо, соркыскыч-энергетикалык жабдыгын модернизациялоо, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоо, Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз  жеткирүү, агындыларды кабыл алуу жана суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү максатында,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №660 “Кыргыз Республикасынын  2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык электр энергиясына тарифтердин жогорулоосун эске алуу менен,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. 2015-жылдын 1-июлунан баштап Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

 2. Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №159  “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

 3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин  турак  жай коммуналдык  чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А. С. Омурбековага  жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

                  кеңештин төрагасы                                                  М. А.  Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 146  

                                                                 Бишкек шаардык кеңештин

                                                                 2015-жылдын “29”  июнундагы

                                                                 № 146  токтомуна тиркеме

Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга

тарифтер

Керектөөчүлөрдүн аталышы

Суу менен жабдуу –ичүүчү суу жеткирүү, сом  (1 куб/м үчүн) салыксыз

Суу бөлүштүрүү (канализация) -  агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо, сом (1 куб/м үчүн) салыксыз

Калк

   5, 38

       1, 20

 

Бюджеттик уюмдар

   7, 38

       2, 10

 

Ишканалар, анын ичинде, ЖЭБ

 

   9, 15

 

       4, 02

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                   Э. А. Нурдавлетов

  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун

учёттук каттоосун өткөрүү тартиби  жөнүндө

жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (1-тиркеме);

Бишкек шаарынын аксакалдар сотунун учёттук каттоосу жөнүндө күбөлүктүн үлгүсү (2-тиркеме);

Бишкек шаарынын аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн күбөлүгүнүн үлгүсү (3-тиркеме).

2. Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун  жүргүзүү укугу   чечим кабыл алуу жолу менен Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына ыйгарылсын.

  1. Бишкек шаарынын мэриясы:

 Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун иши менен байланышкан бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнү камсыз кылсын;

 Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Бишкек шаарынын шаардык жана райондук  соттору менен бирдикте аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүү боюнча ишти  жүргүзүүнү сунуштасын.

  1. Бишкек шаардык кенештин 2003-жылдын 19-декабрындагы №203 “Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

     5.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

    

    6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Айсаев) жана  Бишкек  шаарынын биринчи  вице-мэрине (З. Т. Малабеков) жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                      М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл, № 140 

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

2015-жылдын «29»июнундагы

№140 токтомуна  1-тиркеме

Бишкек шаарынын аксакалдар сотторун

  учёттук каттоо жүргүзүүтартиби жөнүндө

жобо

Бул жобо Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын аксакалдар сотторун учёттук каттоону тартипке келтирүү максатында иштелип чыкты.

1. Жалпы принциптер

1. Бишкек шаарынын аксакалдар сотторун учёттук каттоо Бишкек шаардык кеңеши тарабынан жүргүзүлөт.

2. Учёттук каттоо Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамында каралган аксакалдар сотторунун милдеттерин жана иш-милдеттерин аткаруу үчүн  негиз болуп саналат.

3. Учёттук каттоо аксакалдар сотторунун иш-аракеттеринин төмөнкү принципте түзүлгөн чек аралардын чектеринде жүргүзүлөт:

-  эгерде тургундардын саны 25 миңден ашпаса – бир аксакалдар соту;

- эгерде тургундардын саны 25 миңден 50 миңге чейин түзсө – эки аксакалдар соту;

- бир кичирайон – бир аксакалдар соту.

 

  1. Аксакалдар соттору тарабынан учёттук каттоо үчүн берилүүчү документтер, аларды берүү мөөнөттөрү жана тартиби

 

4. Аксакалдар сотторун учёттук каттоо үчүн Бишкек шаардык кеңешке документтердин топтому берилет.

5. Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамын 12- беренесинде  көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун өткөрүүүчүн берилүүчү документтер:

- аксакалдар сотунун  учёттук каттоосу жөнүндө арыз;

- аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн аты-жөнүн, туулган жылын, бул аймакта жашаган мезгилин, билимин көрсөтүү менен алардын кол тамгалары менен тизме;

- аксакалдар сотунун уюмдаштыргандыгын жана анын мүчөлөрүнүн шайлангандыгын тастыктаган бул аймактын тургундарынын чогулушунун протоколу;

- Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын мөөрү менен бекитилген, чогулушка катышкан жарандардын кол тамгалары менен тизме;

- аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү.

6. Каттоого берилген документтер көктөлгөн жана номерленген  болуусу керек.

7. Бишкек шаардык кенеш аксакалдар сотторун учёттук каттоо үчүн берилген документтердин аныктыгын текшерүүгө укуктуу.

8. Бишкек шаардык кеңеш төмөнкү учурларда учёттук каттоо жүргүзүүдөн баш тартат:

- документтер толук эмес же анык эмес болгондо;

- аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө карата коюлган талаптарга туура келбегендиги аныкталганда;

- бул аймактын тургундарынын чогулушун даярдоо жана өткөрүү жол-жобосу бузулган фактылар табылганда.

9. Аксакалдар сотун учёттук каттоодон баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун

учёттук каттоосун жол-жоболоштуруу

 

10. Бишкек шаардык кеңештин сессиясы Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоо жөнүндө чечимди кабыл алат.

Бишкек шаардык кеңештин сессиясы аксакалдар сотторун учёттук каттоо жүргүзүүнү Бишкек шаардык кеңештин профилдик туруктуу комиссиясына ыйгарууга берүүгө укуктуу.

11. Бишкек шаардык кеңештин ыйгарым укуктуу адис  жүргүзгөн Бишкек шаарынын аксакалдар сотторун учёттук каттоо журналына учёттук каттоо киргизилет.

12. Учёттук каттоодон өткөн Бишкек шаарынын  аксакалдар сотторуна   белгиленген үлгүдөгү Бишкек шаарынын аксакалдар сотунун  учёттук катталгандыгы жөнүндө күбөлүгү берилет.

13. Бишкек шаардык кенеште учёттук каттоодон өткөн Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө  күбөлүк  берилет. Аксакалдар сотторунун төрагасы же мүчөсү соттун курамынан чыгарылган учурда мурда берилген күбөлүк Бишкек шаардык кеңешке кайтарып алынат жана күчүн жоготту деп саналат.

14. Аксакалдар сотунун  иш-аракеттеринин чек аралары өзгөргөн учурда, жаңы түзүлгөн аксакалдар соту бул жобо тарабынан белгиленген тартипте  учёттук  каттоодон өтөт.

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                      Э. А. Нурдавлетов

                                                                  Бишкек шаардык кеңештин

2015-жылдын  «29»июнундагы

                                                                  №140 токтомуна 2-тиркеме

Бишкек шаарынын аксакалдар сотун

учёттук каттоо жөнүндө күбөлүктүн үлгүсү

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ

 

Аксакалдар сотунун учёттук каттоосу жөнүндө

№____КYБθЛYК

 

Бишкек шаары                                         201_- жылдын  “____” _________

 

Бул күбөлүк Бишкек шаарынын _____________________________                                                                        (райондун аталышы)

административдик районунун №___ Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан ________________________________________________________________

                                               (Аксакалдар сотунун аталышы)

аксакалдар сотуна Бишкек шаардык кеңеште 201___жылдын «____»___________№____ учёттук каттоодон өткөндүгү жөнүндө берилди жана ____________________________________________________________

______________________________________________________________                                                   (чектердин аталышы)                         

аймактын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз иш-аракетин  жүзөгө ашырат.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                              ________________

(кол тамгасы)

                   М.О

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                      Э. А.  Нурдавлетов

Бишкек шаардык кеңештин

2015-жылдын «29»июнундагы

№140 токтомуна 3-тиркеме

 

Бишкек шаарынын аксакалдар сотунун

мүчөсүнүн күбөлүгүнүн

ҮЛГҮСҮ

 

 

Сүрөттүн

орду

Бишкек

 

шаардык кеңеши

 

№ ______КҮБӨЛҮК

_______________________________

(аты-жөнү.)

_____________________________________________________________________________________

 

___________________________________________

(кызматы)

 

20__жылдын «___» _______ чейин жарактуу

 

 

Кеңештин төрагасы (кол тамгасы)

 

 

 

Герб Бишкека

Герб Бишкека

Бишкекский

 

Городскойкенеш

 

УДОСТОВЕРЕНИЕ №___

_______________________________

(Ф.И.О.)

_____________________________________________________________________________________

 

__________________________________________

(должность)

 

Действительно по «___» ______ 20__ года

 

 

Председатель кенеша(подпись)

 

 

 

 

КыргызРеспубликасы

 

 

 

 

ГЕРБ

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

АКСАКАЛДАР СОТУ

 

 

Кыргызская Республика

 

 

 

 

ГЕРБ

 

 

 

СУД АКСАКАЛОВ

КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

 

Эскертүү:

1. Күбөлүктүн мукабасы – кызыл түстө.

2. Мукабадагы соттун аталышы – алтын түстө.

3. Yлгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын 2002-жылдын 10-декабрындагы чогулушу тарабынан бекитилген аксакалдар сотунун мүчөсүнүн күбөлүгүнүн бирдиктүү үлгүсүнүн негизинде иштелип чыкты.

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                     Э. А.  Нурдавлетов

  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын

2-апрелиндеги №19 “Бишкек шаардык кеңештин

президиуму жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

         Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 6-главасын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын  2-апрелиндеги №19 “Бишкек шаардык кеңештин  президиуму жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а)  “Ардамина  Любовь Викторовна” деген сөздөр  “Шейшекеева Чынара Казаковна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) “Сагынов Таалайбек Джолдошбекович” деген сөздөр “Сарымсаков Анарбек Жуманазарович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 2.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

Төрага                                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл, №145 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Кувейт Мамлекетинин муниципалитети менен

Бишкек шаардык кеңештин ортосундагы

эки тараптуу макулдашуу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Бишкек шаарынын  жергиликтүү жамаатынын уставын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин президиумунун  2015-жылдын  28-майындагы  №18 токтомунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кувейт Мамлекетинин муниципалитети менен Бишкек шаардык кеңештин ортосундагы  эки тараптуу  макулдашуу  тиркемеге ылайык  (араб, орус, кыргыз жана  англис тилдеринде) жактырылсын.

 

Төрага                                                                             М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл, №135 

 КЕЛИШИМ

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин

2015-жылдын 29-апрелиндеги №118

“2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетин

бекитүү жана 2016-2017-жылдарга болжолу

жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги №118 “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

  1) 1-пунктундагы “7 681 292,7”, “4 970 047,0”, “678 005,7”, “699 534,2”, “621 626,3”, “712 079,5” деген цифралар тийиштүү түрдө “7 745 321,1”, “5 033 515,6”, “678 014,9”, “699 534,2”, “621 926,3”, “712 330,1” деген цифраларга алмаштырылсын;

2) 13-пункттун 6-пунктчасындагы “14,00 сом” деген сөздөрдөн кийин “2015-жылдын 1-сентябрынан тартып - 28,00 сом” деген сөздөр менен толукталсын;

3) 16-пункту төмөндөгү мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын: “Бишкек шаарынын административдик райондорунда киреше бөлүгү боюнча план аткарылбаган учурда эмгек акыларын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөрдү төлөөгө карата шаардык бюджеттен административдик райондорго өткөрүлүп берилүүчү каражаттар боюнча”;

4) 22-пунктундагы “17 747,3” деген цифра “106 077,8” деген цифрага алмаштырылсын;

5) 23-пункттагы “7-тиркемеге” деген сөздөрдөн кийин “Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 28-апрелиндеги №50 корутундусун эске алуу менен” деген сөздөр менен толукталсын;

6)  “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

       7) “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

       2. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттар боюнча калдыгынын чыгашаларын жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттар боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөрү бул токтомдун 3, 3-1-тиркемелерине ылайык багыттоо бекитилсин.

       3. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык бектилсин.

       4. 6-тиркеме бул токтомдун 5-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

       5. 7-тиркеме бул токтомдун 6-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

       6. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөр үчүн акча каражаттарды караштырсын:

а) Боталиев көчөсүнө көчө жарыктануусун коюууга - 1200,0 миң сом суммада;

б) Токолдош көчөсүнө көчө жарыктануусун коюууга - 1000,0 миң сом суммада;

в) Бишкек шаарынын мэриясынын КМККБсы үчүн “Кара-Жыгач” конушунда канализациялык түтүкчөлөрүнүн долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө - 1000,0 миң сом суммада;

г) үлүштүк курулуш программасын өнүктүрүүгө - 8000,0 миң сом суммада.

7. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы №20 “Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун (түзүүнүн) тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого ылайык муниципалдык жерлерде көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруу үчүн тартылган каражаттар үлүштүк куруу программасын өнүктүрүүгө максаттуу каражаттар менен багытталаары белгиленсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ш. Докеновго жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл, №143

  ТИРКЕМЕЛЕР