Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бакаев – Айни  көчөлөрүнүн кесилишинде

жайгашкан гүлбакчаны көрктөндүрүү жөнүндө

Бишкек шаарын дүйнөдөгү эң жашыл шаарлардын бири катары кайра калыбына келтирүү,  Бакаев – Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Журналисттердин аллеясы”  катары белгилүү болгон гулбакчанын бак дарактарын  көрктөндүрүү жана сактоо  максатында, Бишкек шаардык кеңештин “КСДП”, “Республика”, “Ата-Мекен” жана “Замандаш-Современник”  фракцияларынын  кайрылуусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын  жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте  Бакаев-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  гулбакчаны көрктөндүрүү боюнча төмөндөгү  иш чараларды  ишке ашырууга  көмөктөшсүн:

      жашылдандырууга жана  бак дарактарды кароого;

тазалыкты сактоого;

жарык кылуучу  алеттерди  орнотууга;

      гүлбакчанын инфраструктурасын реконструкциялоого жана кичи   архитектуралык формаларды орнотууга;

      каржылоону  камсыздоого жана өз убагында  акча каражатын бөлүп берүүгө.

 2. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов)  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

Бишкек шаарынын сейилбактарында, гүлбакчаларында, бакчаларында  жайгашкан бардык автомобилдик май куюучу станциялар боюнча Бишкек шаардык кеңешке маалымат берсин;

Бишкек шаарындагы жалпы пайдалануу жерлеринин (сейилбактар, гүлбакчалар, бакчалар) аймагын  аныктасын жана  жер участокторго укук тастыктоочу жана укук белгилөөчү документтерди даярдасын;

жалпы пайдалануу жерлерине (сейилбактар, гүлбакчалар, бакчалар) укук тастыктоочу жана укук белгилөөчү документтерди даярдоого жана каттоодон өткөрүүгө акча каражат тапсын;

Кыргыз Республикасынын  мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте сейилбактарда, гүлбакчаларда жана бакчаларда жайгашкан автомобилдик май куюучу станциялар үчүн берилген жер участокторго ижара келишимин узартпоо мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

 3. Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаарынын вице-мэри, Бишкек шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментини директору жана Архитектура жана шааркуруу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык мэриясынын 1998-жылдын  3-апрелиндеги  № 229  токтомун  жокко чыгаруу боюнча  соттук  териштирүүнү  контролго алышсын.

 4. Бишкек шаарынын ИИББсынын начальниги (К. А. Джунушалиев) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте гүлбакчанын аймагында укук тартипти жана коопсуздукту  камсыз кылууда чара көрсүн.

 5. Архитектура жана шааркуруу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. А. Абдиев) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

а)   уруксат берүүчү документтерди берүүдө бекитилген Бишкек шаарынын    шаар курулуш документтерин жетекчиликке алсын;

б) Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңешинин жыйынында төмөнкүлөрдү карасын:

жогоруда аталган гүлбакчаны пайдалануу боюнча 2007-жылдын 28-сентябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө;

гүлбакчаны көрктөндүрүүнүн долбоорун.

 6. 2015-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты берсин.

 7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына                  (П. Н. Десятников),бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ш. Докенов) муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана  Бишкек шаарынын мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 137