Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

2016-жылга Бишкек шаарынын

жергиликтүү бюджетинин баштапкы

долбоорун макулдашуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин баштапкы долбоору кирешелер боюнча 8 427 969,1 миң сом суммада макулдашылсын.

2. Бишкек шаарынын 2016-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү     1, 1-2, 1-3-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов) 2015-жылдын                1-августуна чейин, 2016-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча жергиликтүү бюджеттин баштапкы долбоорун Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашууну жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Төрага

 

          М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл, №142

 

  ТИРКЕМЕЛЕР

 

   

Бишкек шаарыдк кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын

18-мартындагы №77 “2014-жылга Бишкек

шаарынын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-

жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 18-мартындагы №77 “2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

         1) 1-пунктундагы “7 123 434,5”, “4 761 977,4”, “613 810,5”, “612 700,5”, “540 054,8”, “549 891,3” деген цифралар  тийиштүү түрдө “7 139 534,1”, “4 738 013,1”, “617 783,7”, “627 372,3”, “551 786,3”, “604 578,7” деген  цифралар менен алмаштырылсын;

         2) 24-пунктундагы “51 994,8” деген цифра “52 122,2” деген цифрага алмаштырылсын;

         3) “2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1-тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

         4) “2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1-тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

         2. Чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

         3. 6-тиркеме бул токтомдун 4-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

         4. Шаардык бюджет жана райондор арасында өз ара эсептешүү боюнча 2012-2014-жылдардан тартып кирешелердин түшүп калуусунун натыйжасында карыздын түзүлгөн суммасын эсептен чыгаруу жүргүзүлсүн.

         5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ш. Докеновго жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 141   

ТИРКЕМЕЛЕР

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасынын орун басарын

шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»мыйзамынын 38-беренесинин негизинде, добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин депутаты - Чынара Казаковна ШейшекееваXXVI чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Төрага                                                                                М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл, № 138 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн”

ордени  менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө

         Бишкек шаарында искусствонун жана  маданияттын өнүгүүсүнө, Бишкек шаарынын символдорун иштеп чыгууда  кошкон салымын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-июнунда № 75 “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени  менен сыйлоого төмөнкүлөр көрсөтүлсүн:

- Сабыр Иптаров, өлгөндөн кийин – билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин авторлорунун-иштеп чыгуучуларынын бири;

- Асаналиев Майрамкул – Бишкек шаарынын символикасынын жана желегинин автору, Бишкек шаарынын Ардактуу жараны;

- Кыялбек Урманбетов – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;

- Сардарбек Жумалиев – композитор, Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген артисти.

 

 2.  Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссияга С. Иптаровду, С. Асаналиевди, К. Урманбетовду жана С. Жумалиевди “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени  менен сыйлоо жөнүндө маселени белгиленген тартипте карап чыгуу сунушталсын.

 3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 134  

  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэринин

Бишкек шаарындагы иштердин

абалы жөнүндө отчету

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык Бишкек шаарынын мэри - К. К. Кулматовдун отчётун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш:

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын мэри - К. К. Кулматовдун Бишкек  шаарындагы иштердин  абалы жөнүндө отчету эске алынсын.

 2. Бишкек шаарынын  мэри - К. К. Кулматов:

-Шааркурулуш жана сейсмологиялык курулуш мамлекеттик илимий-изилдөө долбоорлоо институту  көтөрмө долбоорлоо уюму менен түзүлгөн Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча  келишимдин көчүрмөсүн  берсин;

-Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2014-жылдын 10-декабрындагы №11/8-124-14 "Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө" көрсөтүүсүнүн аткарылышы жөнүндө  толук маалымат берсин;

- Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттарынан билим берүү тутумунун чыгымдарын каржылоо механизмин аныктасын, "Бишкек шаарынын билим берүү  уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө" жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;

- Бишкек шаарындагы магистралдык каналдардын капиталдык ремонту, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарды калыбына келтирүү боюнча программаны иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;

- 2015-жылдын сугат сезонуна карата даярдык жана Бишкек шаарын үзгүлтүксүз  сугат суу менен камсыздоо жөнүндө маалымат берсин;

- ченемдерге жана талаптарга ылайык шаардык көчөлөрдү  курууну жана күтүүнү, белгиленген технологияларды эске алуу менен чуңкур иштерин өткөрүүнү камсыздасын;

- шаардын  борбордук көчөлөрүндө  кичи автобустук   каттамдарды

оптимизациялоону жүргүзсүн;

- Бишкек шаарындагы санитардык-экологиялык абал жөнүндө  маалымат   берсин;

- 2014-жылда шаардагы жумуш орундарынын накта бардыгы жана жумуш орундарынын түзүлүшү жөнүндө маалымат берсин.

  3.  Ушул токтомдун аткарылышы боюнча жасалган иштин
жыйынтыктары  жөнүндө  Бишкек шаардык кеңешине маалымат берсин.

  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасына (М. А. Аманкулов) жана  Бишкек шаарынын мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

26- март 2015-жыл,  № 114