Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын архитектура жана шаар

куруу башкы башкармалыгы” мамлекеттик

ишканасын Бишкек шаарынын муниципалдык

менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы – экономикалык негиздери жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын борборунда шааркуруу жана архитектура чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун  жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөргө макулдук берилсин:

- “Бишкек шаарынын архитектура жана шааркуруу башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга;

- “Бишкек шаарынын архитектура жана шааркуруу башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жолу менен Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү “Бишкек шаарынын архитектура жана шааркуруу башкы башкармалыгы” муниципалдык ишканасын (мындан ары – “Бишкекбашкыархитектура” МИсин) түзүүгө.

2. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте “Бишкекбашкыархитектура” МИсинин мындан аркы иш-аракеттерин камсыздоо боюнча чараларды кабыл алсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2015-жыл,  № 151