Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бакаев – Айни  көчөлөрүнүн кесилишинде

жайгашкан гүлбакчаны көрктөндүрүү жөнүндө

Бишкек шаарын дүйнөдөгү эң жашыл шаарлардын бири катары кайра калыбына келтирүү,  Бакаев – Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Журналисттердин аллеясы”  катары белгилүү болгон гулбакчанын бак дарактарын  көрктөндүрүү жана сактоо  максатында, Бишкек шаардык кеңештин “КСДП”, “Республика”, “Ата-Мекен” жана “Замандаш-Современник”  фракцияларынын  кайрылуусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын  жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте  Бакаев-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  гулбакчаны көрктөндүрүү боюнча төмөндөгү  иш чараларды  ишке ашырууга  көмөктөшсүн:

      жашылдандырууга жана  бак дарактарды кароого;

тазалыкты сактоого;

жарык кылуучу  алеттерди  орнотууга;

      гүлбакчанын инфраструктурасын реконструкциялоого жана кичи   архитектуралык формаларды орнотууга;

      каржылоону  камсыздоого жана өз убагында  акча каражатын бөлүп берүүгө.

 2. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов)  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

Бишкек шаарынын сейилбактарында, гүлбакчаларында, бакчаларында  жайгашкан бардык автомобилдик май куюучу станциялар боюнча Бишкек шаардык кеңешке маалымат берсин;

Бишкек шаарындагы жалпы пайдалануу жерлеринин (сейилбактар, гүлбакчалар, бакчалар) аймагын  аныктасын жана  жер участокторго укук тастыктоочу жана укук белгилөөчү документтерди даярдасын;

жалпы пайдалануу жерлерине (сейилбактар, гүлбакчалар, бакчалар) укук тастыктоочу жана укук белгилөөчү документтерди даярдоого жана каттоодон өткөрүүгө акча каражат тапсын;

Кыргыз Республикасынын  мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте сейилбактарда, гүлбакчаларда жана бакчаларда жайгашкан автомобилдик май куюучу станциялар үчүн берилген жер участокторго ижара келишимин узартпоо мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

 3. Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаарынын вице-мэри, Бишкек шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментини директору жана Архитектура жана шааркуруу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык мэриясынын 1998-жылдын  3-апрелиндеги  № 229  токтомун  жокко чыгаруу боюнча  соттук  териштирүүнү  контролго алышсын.

 4. Бишкек шаарынын ИИББсынын начальниги (К. А. Джунушалиев) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте гүлбакчанын аймагында укук тартипти жана коопсуздукту  камсыз кылууда чара көрсүн.

 5. Архитектура жана шааркуруу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. А. Абдиев) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

а)   уруксат берүүчү документтерди берүүдө бекитилген Бишкек шаарынын    шаар курулуш документтерин жетекчиликке алсын;

б) Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңешинин жыйынында төмөнкүлөрдү карасын:

жогоруда аталган гүлбакчаны пайдалануу боюнча 2007-жылдын 28-сентябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө;

гүлбакчаны көрктөндүрүүнүн долбоорун.

 6. 2015-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты берсин.

 7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына                  (П. Н. Десятников),бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ш. Докенов) муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана  Бишкек шаарынын мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 137   

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын көчөсүн

атоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында топонимика жана ысымдарды түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2014-жылдын 22-апрелиндеги  жыйынынын № 2 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын «Джал-23» кичи районундагы И. Ахунбаев көчөсүнөн «Онтарио» комплексине чейинки  жаңы түзүлгөнкөчөгө «Онтарио» аталышы ыйгарылсын (схема тиркелет).

 

 2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.

 

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаардык архитектура жана шааркурулушу боюнча башкы башкармалыгы                   (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура  боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (Б. О. Дюшембиев)  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                           М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2015-жыл,  № 150 

   СХЕМА

  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Кувейт  Мамлекетинин муниципалитетинин

делегациясынын визитин уюштуруу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин президиумунун 2015-жылдын 28-майындагы № 19 токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кувейт Мамлекетинин муниципалитетинин делегациясынын визитин Программага ылайык уюштурууга макулдук берилсин (тиркелет).

 

 2. Программага ылайык чыгымдарды каржылоого “Өкүлчүлүк чыгымдар” беренеси боюнча 2015-жылга Бишкек шаардык кеңештин чыгымдар сметасында каралган акча каражаттарды пайдаланууга уруксат  берилсин.

 

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин фракцияларынын лидерлерине жүктөлсүн.

Төрага                                                                              М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 136 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын

уставынын долбоорун талкуулоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”  мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

Бишкек шаарынын жарандарынын жыйындарында Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоо өткөрүүнү сунуштасын;

жарандардын жыйындарын өткөрүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын ар бир муниципалдык аймактык башкармалыгынан 100 өкүлдөн кем эмес жыйында  катышкандарды тартуу менен Бишкек шаарынын төрт административдик районунда Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоону уюштурсун;

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттын уставынын долбоорун талкуулоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосунан кийин өткөрсүн.

 2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин.

 

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Айсаев) жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2015-жыл,  № 149  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарында көп батирлүү

турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги

cуу түтүк-канализациялык тармактарды

техникалык тейлөөгө тарифтерди

бекитүү жөнүндө

Үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөнү, профилактикалык, күндөлүк жана авариялык ремонтту өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу жана азыркы тарифтерди накта чыгымдарга ылайык келтирүү максатында, Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №660 “Кыргыз Республикасынын  2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык электр энергиясына тарифтердин жогорулоосун эске алуу менен,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

 1. 2015-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтер тиркемеге  ылайык бекитилсин.

 

 2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-февралындагы  №158  “Бишкек шаарынын көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк–канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөгө тарифтерди киргизүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.

 3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин  турак  жай коммуналдык  чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А.С.Омурбековага  жүктөлсүн.

 

 

 

 

Бишкек шаардык

                  кеңештин төрагасы                                                  М. А.  Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 147 

                                                                                 Бишкек шаардык кеңештин

                                                                                          2015 –жылдын «29» июнундагы

                                                                                   №147 токтомуна  тиркеме

 

Бишкек шаарындагы  көп батирлүү

турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы

колдонуучу cуу түтүк-канализациялык

тармактарды техникалык тейлөөгө

тарифтер

 

Керектөөчүлөрдүн аталышы

 

Тариф, сом

(бир жылга жалпы аянттын 1 чарчы метрине) салыксыз

Калк

 

 

6,84

Көп батирлүү

турак үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөр

 

 

6,84

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                      Э. А. Нурдавлетов