Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

15.01.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 27-декабрь № 102

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, жүргүнчүлөр транспортунун муниципалдык ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомунун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаарынын аймагында жол жүрүү акысы үчүн жаңы тарифтер менен экспресс каттамдарды уюштуруу жөнүндө маселени иштеп чыксын;

б) жол жүрүү билеттеринин түрлөрүн (суткалык, жумалык, айлык, жылдык) көбөйтүү жөнүндө маселени карасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                           К. Конгантиев