Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

15.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-ЖЫЛДЫН 27-ДЕКАБРЫНЫН № 100

Бишкек шаарынын мэриясынын ведомствого караштуу бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды  көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-1-тиркемеге ылайык, акы төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар);

- 2- тиркемеге ылайык, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар);

-3- тиркемеге ылайык, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар).

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана  Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев)  жүктөлсүн.

Төрага                                                                                       К. Конгантиев