Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

15.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 27-декабрь № 112

Нан жана нан азыктары менен камсыздоо жөнүндө

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу муниципалдык социалдык мекемелерди, ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарды нан жана нан азыктары менен камсыздоо максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-жана  3-пункттарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу социалдык мекемелер, ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн нан жана нан азыктарын өндүрүүчү болуп аныкталсын.

2.   Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                                                        К. Конгантиев