Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

17.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 14-май № 129

Бишкек шаарынын административдик чек арасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-, 13-беренелерине,  “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-, 16-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы      № 24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

№ 1 тиркемеге ылайык, мамлекеттик тилдеги Бишкек шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы;

№ 2 тиркемеге ылайык, мамлекеттик  жана расмий тилдердеги Бишкек шаарынын административдик чек  арасынын баяндоосу.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                                К. Конгантиев

16.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жыл 14-май № 132

Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды мамлекеттик менчикке ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 0,201 гектар жанаша жаткан жер участогу менен, идентифкациялык коду: 1-03-05-0039-0067, жалпы аянты 1288,3 чарчы метр муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                      К. Конгантиев

 

16.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жыл 14-май № 131

“Ала-Арча” соода-оюн-зоок борборундагы муниципалдык 

турак эмес жайды  мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерди натыйжалуу  пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык  менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 299 “В” дарегиндеги “Ала-Арча” соода-оюн-зоок борборунун үчүнчү кабатынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан жалпы аянты 2000,0 чарчы метр, идентификациялык коду: 1-01-14-0060-2835-01 муниципалдык   турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына   жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.      

 

Төрага                                                                                       К. Конгантиев

16.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жыл 14-май № 130

«Томми молл» соода-оюн-зоок борборундагы  муниципалдык  турак эмес жайды  мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39 беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү, 17/ 2 дарегиндеги «Томми молл» (“Тоmmi mall”) соода-оюн-зоок борборунун экинчи кабатында жайгашкан жалпы аянты 1257,5 чарчы метр, идентификациялык коду: 1-04-13-0015-0033-0188-01 муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                             К. Конгантиев

08.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 25-апрель № 127

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 101 «Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 101 «Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) токтомдун аталышында «макулдашууну» деген сөз «макулдашуунун долбоорун» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 1-пунктта «тиркелүүчү макулдашуу» деген сөздөр «тиркелүүчү макулдашуунун долбоору» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) төмөнкүдөй мазмундагы 1¹-пункт менен толукталсын:

«1¹..Бишкек шаарынын мэрине принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен тиркелүүчү макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.»;

4)  жогоруда аталган токтом менен жактырылган Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы макулдашууда:

а) 1.1.-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында, өз ара пайдалуу кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттен Бишкек шаарынын ИИББсынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жана ремонт иштерине каражаттарды карайт.”.

б) бардык  текст боюнча «2023» деген цифралар «2024» деген цифраларга алмаштырылсын;

в)  5.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«5.1. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 3 (үч) жылдын ичинде колдонулат.».

2. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                К. Конгантиев