Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

"Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, 2016-жылдын 17-июнундагы комиссиянын № 1 чечиминин жана Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштырылган "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алып, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылга "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

1) Байзаков Шейшенбек Калильбекович - ички кызматтын генерал-майору, укук коргоо органдарынын эмгек сиңирген ардагери, Баткен окуяларынын катышуучусу;

2) Жайнаков Аманбек - физика-математика илиминин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими;

3) Жолдошева Бурмайым - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Россия Федерациясынын коопсуздук, коргоо жана укук тартиби көйгөйлөрү академиясынын азыркы мүчөсү, Н.И.Пирогов атындагы сыйлыктын лауреаты;

4) Исмаилов Кошойбек Ибрагимович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, "Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн" медалы менен сыйланган, Бишкек шаарынын № 6 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы врачы;

5) Койбагаров Алмазбек Макишевич - Республикасынын ардактуу транспортчусу, "Кыргызавтосервис" жабык акционердик коомунун президенти;

6) Султангазиева Дюшекан Бекешовна - Кыргыз Республикасынын өнөр-жайынын эмгек сиңирген кызматкери, 2009-жылдын Мыкты вино жасоочусу, 2003, 2004, 2006, 2009-жылдардагы Ялта Золотой грифон, 1997, 2007, 2012-жылдардагы KVINT-Франция эл аралык сынактарынын дипломанты, Крымдын вино жасоочулар союзунун Л.С.Голыцин атындагы Алтын медалы жана 1997-жылы Армениянын Алтын медалы менен сыйланган;

7) Шин Сергей Романович - Бишкек шаардык кеңештин XXIV, XXV, XXVI чакырылыштарынын депутаты.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 "Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө 2016-жылда бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгилерин, Грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

Бишкек шаары,

27-сентябры 2016-жыл, № 198

 

А.Кененбаев