Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубличковано 22.10.2025.г

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 52

 

2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга

болжолун ишке ашыруу жөнүндө отчёт тууралуу

 

                  

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши

 

      ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2023-жылга  карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун ишке ашыруу жөнүндө отчёт эске алынсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты расмий сайтка жарыяласын.
  3. Шаардагы жол тыгындары боюнча пайда болгон курч кырдаалды чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы:

– эки айлык мөөнөттө борбордун жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын иштеп чыксын;

– программанын алкагында вело-жолдорду, тротуарларды, коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерди пайдаланууну эске алуу менен Бишкек шаарынын жол-транспортун өнүктүрүү концепциясын аныктасын;

– иштелип чыккан программаны Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана  инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                          Б. Усеналиев

Опубликовано 22.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ 

2025-жылдын 7-октябрындагы № 54

Бишкек шаардык кеңешинин

2011-жылдын 17-майындагы № 232

“Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы

№ 151 “Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын

иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө” токтомуна

өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кварталдык жана үй комитеттеринин иш-аракетин оптималдаштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларын шайлоо процессин жакшыртуу максатында, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы
№ 232 “Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы
№ 151 “Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө жободо:

11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“11. Көчөлөрдүн жана подъезддердин жалпы жыйналышы төмөнкү кворумунан кийин укуктуу болуп саналат:

кварталдык комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - үйлөрдүн жалпы санынын 25 %ынан кем эмес;

үй комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - квартиралардын жалпы санынын 25 %ынан кем эмес.

Жыйналышка катышкан жана жазуу түрүндө макулдук берген тургундардын жалпы санынан 50 %ын алган талапкерлер шайланды болуп эсептелинет.

Кварталдык жана үй комитеттердин мүчөлөрү 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Катары менен экинчи мөөнөткө шайлоого жол берилбейт. Жаңы шайлоо мүмкүнчүлүгү 3 жылдан кийин берилет.”.

21-пункттун “б” пунктчасында “35” деген цифралар “25” деген цифраларга алмаштырылсын.

22-пунктта:

“б” пунктчасында “35” деген цифралар “25” деген цифраларга алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы “г” пунктчасы менен толукталсын:

“г) Бишкек шаардык кеңешинин жана Аймактык башкармалыктын ушул Жобонун 20-пунктуна ылайык киргизилген эскертүүлөрүн 2 жолудан ашык аткарбаган учурда.”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн (Джунушалиев А. Дж.).

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                        Б. Усеналиев

Опубликовано 15.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7 – октябрындагы № 63

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2025-жылдын             

22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу жөнүндө

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы кезексиз

VIII сессиясынын чечиминин негизинде, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыгын, 2024-жылдын 21-декабрында III Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө”  жобону, кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 1 протоколу менен бекитилген Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын  жетекчиликке алып, кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши:

 

                            ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кезектеги IV Элдик Курултайдын (мындан ары - Курултай) делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун  жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында, саат 10:00дө, Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 230 (Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры) дарегине чакырылсын.
  2. Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун  жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны – 500 өкүл,  бөлүштүрүү ченеми: Ленин району - 157 өкүл; Октябрь району - 130 өкүл; Биринчи май району - 102 өкүл; Свердлов району - 111 өкүл.
  3. Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун  жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы ушул токтомдун    1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
  4. Курултайдын  делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча  жарандардын жыйындары 2025-жылдын 17-октябрынан 24-октябрына чейин өткөрүлсүн.
  5. Курултайдын  делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча Бишкек шаарынын  жарандарынын жыйындарынын  графиги  жана жооптуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык  бекитилсин.
  6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Б. Б. Усеналиевге жана кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри                                             А. Дж. Джунушалиевге жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        Б. Усеналиев

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2025-жылдын  “__”____________  

№ ___токтомунун  1   тиркемеси

 

 

Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун  жыйынын уюштуруу жана өткөрүү  боюнча жумушчу топтун
КУРАМ
Ы

 

Жумушчу топтун төрагасы:

Усеналиев Б. Б. - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.

Жумушчу топтун төрагасынын орун басарлары:

Абдраимов Ж. А. - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;

Байгончоков М. К. - Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Жумушчу топтун катчысы:

Бикиев А. Э. - Бишкек шаардык кеңешинин уюштуруу иши жана туруктуу комиссиялары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы. 

Жумушчу топтун мучөлөрү:

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары;

Дуйшекеева Э. К.  - Бишкек шаардык кеңешинин «Жаңы күч - Новая сила» фракциясынын лидеринин орун басары;

Асанбеков Ж. А. - Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынын лидери;

Бектемиров Д. Б.  - Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидеринин орун басары;

Бахтияров Э. Б. - Бишкек шаардык кеңешинин “Адилет” фракциясынын лидеринин орун басары;

Алмаз уулу Аскар - Бишкек шаардык кеңешинин “Эл Үмүтү” фракциясынын лидери;

Аденов И.Б. - Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси;

Алиев Р. Г. – Бишкек шаарынын мэринин орун басары;

Мозгачева В.А. - Бишкек шаарынын мэринин орун басары;

Кадыров А. К. - Бишкек шаарынын мэринин орун басары;

Курманбеков Н. У. - Бишкек шаарынын мэринин орун басары;

Колопов И.С. - Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;

Айтиев Т.Ж. - Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;

Орозалиев Ж.А. - Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;

Сарылбек уулу У. - Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;

Амангелдиев М. А. - Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;

Токтоналиев А. Ш. - Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын  начальниги;

Бейшембаев А. Т. - Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу - контролдоо башкармалыгынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;

Асанбаева С. И. - Бишкек шаардык кеңешинин уюштуруу иши жана туруктуу комиссиялар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;

Аристова С. И. - "Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому" коомдук бирикмесинин жооптуу катчысы.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

 

 

аппарат жетекчиси                                                                      И. Аденов

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2025-жылдын “__”____________ 

№___ токтомунун  2-тиркемеси 

 

     

Кезектеги IV Элдик Курултайдын  делегаттарын шайлоо боюнча
Бишкек шаарынын жергиликт
үү коомдоштугунун
жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча  жарандардын жыйындарынын 

графиги жана жооптуу  Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси

2025-жылдын 17-22-октябры

МАБдын

Жыйындардын өтүү орду

Өткөрүү күнү жана убактысы

Өкүлдөрдүн саны

Жооптуу депутаттын аты жөнү

Ленин району (Элдик Курултайга 23 делегат)

 

  1.  

№101 МАБ

№ 57 орто мектеби, Интергельпо көчөсү 2

17.10.2025-ж. саат 15:00

9

Кенжебаева С. К.

 

  1.  

№ 42 орто мектеби, Алыкулова көчөсү 1

22.10.2025-ж. саат 17:00

9

Кенжебаева С. К

 

  1.  

№102 МАБ

№ 40 орто мектеби,

Кахов көчөсү 7

17.10.2025-ж. саат 15:00

9

Шарапова Ж. З.

  1.  

№ 55 орто мектеби, Гагарин көчөсү 166

22.10.2025-ж. саат 17:00

9

Дуйшекеева Э. К.

  1.  

№103 МАБ

№ 82 орто мектеби, “Ала-Тоо” жаңы конушу, Ала-Тоо көчөсү 51/1

20.10.2025-ж. саат 15:00

9

Бактыбеков А. Б.

Майрамбек уулу Сыргак

  1.  

 

№ 84 орто мектеби “Ак Өргөө” конушу М. Өмүракунов к., 45

22.10.2025-ж. саат 17:00

9

Бактыбеков А. Б.

Насиралиев Э. А.

  1.  

№104 МАБ

№ 93 орто мектеп,

 Кара-Коо көчөсү, № 118

22.10.2025-ж.

саат17:00

9

Майрамбек уулу Сыргак

  1.  

№ 79 орто мектеби,

Эр-Тайлак көчөсү, 75

17.10.2025-ж.

саат 15:00

9

Асанбеков Ж. А.

  1.  

№105 МАБ

№ 68 орто мектеби, Токтогул көчөсү, 220

21.10.2025-ж.

саат 17:00

17

Токтогулов М. С.

 

  1.  

№106 МАБ

№ 117 орто мектеби, Новопавловка а.,Фрунзе көчөсү №213

17.10.2025-ж.

саат 15:00

8

Абышев А. З. Майрамбек уулу Сыргак

  1.  

№ 118 орто мектеби Новопавловка а.,Фрунзе көчөсү №213

21.10.2025-ж.

саат 17:00

9

Абышев А. З.

  1.  

№107 МАБ

№119 орто мектеби, 

Жал айылы, Сулайман көчөсү 1,

20.10.2025-ж.

саат 17:00

8

Бектемиров Д. Б.

  1.  

№ 92 орто мектеби, Селекционное айылы, Кипкалов көчөсү №1

22.10.2025-ж.

саат 17:00

9

Салымбеков Э. М.

  1.  

№108 МАБ

№ 58 орто мектеби

Киргизия а., Восточная 2

22.10.2025-ж.

саат 17:00

17

Макешов  А. Б.

  1.  

№109 МАБ

№ 96 орто мектеби

Ак-Ордо конушу,

Каркыра көчөсү 93А

17.10.2025-ж.

саат 17:00

17

Ашанбаева О. Б.

Салымбеков Э. М.

Майрамбек уулу Сыргак

Насиралиев Э. А.

Жалпы: 15 жыйын

157

 

 

Биринчи май району (Элдик Курултайга 15 делегат)

 

  1.  

№201 МАБ

№ 29 орто мектеби,

М. Горький көчөсү № 144

17.10.2025-ж.

саат 12:00

24

Бекмуратова Д. А.

Суракматов А. А.

Исакова Н. Т.

  1.  

№202 МАБ

№ 75 орто мектеби, К.Баялинов көчөсү № 124

17.10.2025-ж.

саат 15:00

18

Жакыпов  Т. М.

  1.  

№203 МАБ

78 орто мектеби,  Көлмө конушу, Кеңеш к.№ 45/1

17.10.2025-ж.

саат 16:00

12

Касиев  М. К.

Бектемирова Д. Б.

 
  1.  

№204 МАБ

№ 83 орто мектеби, Касым конушу,П. Лумумб к. № 9

20.10.2025-ж.

саат 14:00

14

Дуйшекеева Э. К.

Аматов Р. А.

  1.  

№205 МАБ

№ 101 орто мектеби, Ак-Босого к., Профессор Зима көчөсү № 184/1

20.10.2025-ж.

саат 15:00

19

Бектемиров Д. Б.

  1.  

№206 МАБ

«Озерное» айылындагы орто мектеп, Школьная көчөсү № 7

21.10.2025-ж.

саат 14:00

5

Бектемиров Д. Б.

  1.  

№207 МАБ

«Маевка» а., Маданият үйү, Школьная көчөсү № 86

20.10.2025-ж.

саат 16:00

5

Бактияров Э. Б.

  1. .

№208 МАБ

«Маевка» а., Маданият үйү, Школьная көчөсү № 86

21.10.2025-ж.

Саат 15:00

5

Дуйшекеева Э. К.

 

Жалпы: 8 жыйын

102

 

 

Свердлов району (Элдик Курултайга 16 делегат)

 

  1.  

№301 МАБ

№ 66 орто мектеби,  “Чыгыш-5” кичирайону

 

17.10.2025-ж

саат 14:00

16

Жапиев С. М.

Бактияров Э. Б.

 

  1.  

№302 МАБ

№ 45 орто мектеби, Салиева к. № 186

 

22.10.2025-ж

саат 16:00

16

Сурапбаев Т. К.

 
  1.  

№303 МАБ

№ 10 орто мектеби,

Усенбаев көчөсү №164

20.10.2025-ж

саат 11: 00

8

Аширова А. Ж.

  1.  

№ 16 орто мектеби

Широкий көчөсү № 1а

21.10.2025ж

саат 11: 00

8

Алмаз уулу Аскар

  1.  

№304 МАБ

“Төмөнкү Ала-Арча” айылдык Маданият үйү

Кыргыз көчөсү, 193

18.10.2025-ж

саат 17:00

7

Дуйшекеева Э. К.

  1.  

№ 32 орто мектеби, Дубосеков көчөсү,39а

19.10.2025-ж

саат 17:00

3

Жапиев С. М.

 

  1.  

№305 МАБ

№ 43 орто мектеби, “Ак-Бата” конушу (“Ак-Бата”, “Ак-Жар”, “Адилет”, “Нуркожо” жана МТФ-2)

17.10.2025-ж

саат 16:00

 

8

Асанбеков Ж. А.

  1.  

№ 21 орто мектеби,

“Эне-Сай” конушу

(“Дордой”, “Дордой2”,

“Эне-Сай” жана Келечек”)

18.10.2025-ж

саат 16:00

8

Алымбаева Э. Б

  1.  

№306 МАБ

№ 5 орто мектеби, Аламүдүн аймагы, Гоголь көчөсү № 145а

20.10.2025-ж

саат 16:00

7

Насиралиев Э. А.

  1.  

“Садовое” аймагы, Садовое клубу Карасуу көчөсү № 10 (с.Мыкан)

21.10.2025-ж

саат 16:00

6

Бектемиров Д. Б.

  1.  

№307 МАБ

№ 105 орто  мектеби, Школьный ч. көчөсү № 4

17.10.2025-ж

саат 16:00

 

6

Бактияров Э. Б.

  1.  

№ 116 орто мектеби,

Восток айылы, Озерная көчөсү № 32

20.10.2025-ж

саат 16:00

 

6

Бактияров Э. Б.

  1.  

№308 МАБ

№38 орто мектеби, Аламедин-1 кичирайону, 38/1

18.10.2025-ж

саат 16:00

 

12

Асанбеков Ж. А.

Жалпы: 13 жыйын

111

 

 

Октябрь району (Элдик Курултайга 18 делегат)

 

  1.  

№401 МАБ

63 орто мектеби,

 № 11 кичирайону, 9/1,№

(№ 11 к.р., Асанбай, ЮПЗ)

20.10.2025-ж.

саат 17:00

6

Кузнецова Т. А.

  1.  

№ 71 мектеп-интернат

№ 12 кичирайону,

(№ 12 к.р., Жогорку квартал)

21.10.2025-ж.

саат 17:00

6

Кузнецова Т. А.

  1. .

№402 МАБ

№ 62 орто мектеби,

№ 10 кичирайону,  Саманчин көчөсү, № 10-а,

(№ 9, 10, к.р.)

17.10.2025-ж.

Саат 17:00

14

Шарапова Ж. З.

  1.  

№ 64 орто мектеби,

 №8 кичирайону, №18/1,  

(№ 8, Орто-Сай айылы, Совмин шаарча

20.10.2025-ж.

саат 17:00

8

Алмаз уулу Аскар

  1.  

№403 МАБ

№ 20 орто  мектеби,

 № 7 кичирайону, № 5а,

(№ 6, 7 к.р. )

20.10.2025-ж.

саат 17:00

13

Алымкулова К. З.

Досалиева А. Б.

  1.  

№17 орто мектеби,

№ 4 кичирайону, Сүйөркулов көчөсү, № 31/1,

(№ 3, 4, 5 к.р.)

22.10.2025-ж.

саат 18:00

12

Алымкулова К. З.

 
  1.  

№404 МАБ

№ 37 орто мектеби,  ​Скрябин к. № 72,

(№ Кок-Жар, Улан-1, Улан-2 к.р., Центральный)

21.10.2025-ж.

саат 16:00

 13

Аскеров М. М.

  1.  

№405 МАБ

№ 88 орто мектеби “Көк-Жар” конушу, Санжыра көчөсү, № 1, (Көк-Жар конушу, Төкөлдөш)

21.10.2025-ж.

саат 17:00

12

Шукуров Б. С.

  1.  

№ 91 орто мектеби,  “Кара-Жыгач” конушу, Оберон көчөсү, № 20,

(Полицейский шаарчасы, Кара-Жыгач, Алтын Ордо конуштар)

22.10.2025-ж.

саат 17:00

16

Чепеев К. Ч.

Марлисбеков  Э. М

  1.  

№406 МАБ

№ 73-орто мектеби, “Тунгуч” кичирайону, 1а,

(Тунгуч к.р., Анар Бак, Өскөн Ордо конуштар)

17.10.2025-ж.

саат 17:00

12

Алымбаева Э.Б.

  1.  

№ 100 орто мектеби, “Рухий Мурас” конушу, 4-көчө, № 55/1, (Рухий Мурас, Кырман конуштар, Тунгуч 44га,)

18.10.2025-ж.

саат 15:00

10

Марлисбеков  Э. М.

  1.  

№407 МАБ

№112 орто мектеби “Көк-Жар” айылы, , Уметалиева, 16 (Көк-Жар айылы, Хан Теңир, Сары -Челек, Байсуу, Айкөл, Салкын Төр конуштар, Тоо жели дачасы

17.10.2025-ж.

саат 17:30

8

Бактияров Э. Б.

Жалпы: 12 жыйын

 

130

 

Баардыгы: 48 жыйын.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин                                                              

аппарат жетекчиси                                                                                                    И. Аденов

Опубликовано 15.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ 

2025-жылдын 14-октябрындагы   № 64

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамдарынын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентинин, 2025-жылдын 8-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Эльмир Акуналыевич Досалиевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө берилген арызынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары Досалиев Эльмир Акуналыевичтин ыйгарым укуктары  мөөнөтүнөн мурда  токтотулсун.
  2. 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилип,  2-пунктунан төмөнкү сөздөр алынып салынсын:

“Досалиев Эльмир Акуналыевич Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.”.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев

Опубликовано 15.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ 

2025-жылдын 7-октябрындагы   № 50

 

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

 

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, (чыгыш 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 01-04/1823) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 21 талапкердин документтери Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
  2. Ушул токтом каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                                      Б. Усеналиев

 

Бишкек шаардык кеңешинин

жергиликтүү өз алдынча башкаруу

жана коомдук уюмдар менен иштөө

боюнча туруктуу комиссиясынын

төрайымы                                                                                  Л. Акунова