Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаары

2006-жылдын 31-январы N 158

ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарындагы турак жай фондун техникалык

тейлөө менен камсыз кылуу тармагында иштердин

абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар

жөнүндө

Бишкек шаарындагы турак жай фондун техникалык тейлөө менен камсыз кылуу тармагында иштердин абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө жумушчу комиссиянын маалыматын угуп, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши мурунку мамлекеттик көп квартиралуу турак жай үйлөрдү эксплуатациялоо жана оңдоо тутуму талкалангандан кийин анын ордуна башка үзүрдүү тутум түзүлбөгөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын турак жай фондусун тийиштүү деңгээлде күтүү жана техникалык тейлөө маселелери курчуп кеткендигин белгилейт. Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайлардын жаңы менчик ээлери адистештирилген мекемелерге жана уюмдарга (көбүнчө жеке менчиктеги) кызмат акысын төлөө менен бирге аталган үйлөрдү күтүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча убада кылынган жумуштарды жана кызматтарды ала алышпайт. Натыйжада Бишкек шаарындагы турак жай фонду тездик менен талкаланууда. Жарандардын арыздары жана нааразылыктары өсүүдө.

Ошону менен бирге, көп квартиралуу үйлөрдүн, мектептердин, бала бакчалардын, ооруканалардын, поликлиникалардын жана шаардын социалдык инфраструктурасынын башка объектилеринин техникалык тейлөөсүнүн жана оңдоосунун уюштуруу жана технологиялык негизин түзгөн Бишкек шаарынын муниципалдык өндүрүштүк ишканаларынын жана уюмдарынын реорганизациясы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдерин (86, 87, 93, 94, 230-статьялары) жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамын (29-статья) бузуу менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк Фондусунун, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилеринин түздөн түз катышуусу менен жүргүзүлгөн. Муниципалдык ишканаларды жана уюмдарды бир нече өзгөртүүлөрдүн жана трансформациялоонун натыйжасында Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусу 1997-жылда жүргүзүлгөн баа боюнча ондогон миллион сомдук мүлкүнөн (кыймылдуу жана кыймылсыз), имараттарга жана курулмаларга караштуу шаардык 10 гектир жеринен ажыраган. Сантехникалык жана электротехникалык жабдыктарды монтаждоо жана оңдоо боюнча адистештирилген ишканалар, өндүрүштүк-техникалык комплектациялоо башкармалыгы, ошондой эле өз курамында 150дөн ашык анча көп эксплуатацияланбаган жүк ташычуу жана атайын автомобилдердин бирдиктерин камтыган курулуштук механизациялаштыруу базасы жана башка көптөгөн техника, запастык тетиктер, материалдар жоюуга учураган.

"Бишкектуракжайоңдоо" муниципалдык туракжай-оңдоо ишканасынын негизинде түзүлгөн менчик ЖЧК-нын көп квартиралуу үйлөрдү техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча керектүү жабдыктары, өндүрүштүк аянттары, курулуш материалдардын кору жана тийиштүү квалификациядагы адистери жок. Бул айтылгандар мурдагы ведомстволордун туракжай-эксплуатациялоо уюмдарынын негизинде түзүлгөн ишканаларга жана уюмдарга дагы тийиштүү.

Адистештирилген ЖЧК-лар, үйбашкармалары (мындан ары - ҮБ) тарабынан колдонулуп жаткан көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн күтүү жана техникалык тейлөө боюнча келишимдер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекстин ченемдерине (130, 386, 653, 657-статьялар) жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына (4, 15-статьялар) ылайык келбейт. Ошону менен бирге аталган уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2002-жылдын 22-июлундагы N 198 "Көп квартиралуу турак жай үйдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча Келишимдин формасын бекитүү жөнүндө" буйругу менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Координациялык кеңеши тарабынан туура деп табылган Типтүү келишим эске алынган эмес.

Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 1998-жылдын 23-декабрындагы N 136 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун турак жай фондусун техникалык тейлөө боюнча тарифти көбөйтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген турак жайды техникалык тейлөө боюнча тарифти азыркы учурда тараптардын өз ара мамилелеринде колдонулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине жана базар экономикасынын шарттарына ылайык келбейт.

ЖЧК, ТКК, туракжай-эксплуатациялык кооперативдер (мындан ары ТЭК), туракжай менчик ээлеринин шериктештиктери (мындан ары - ТМЭШ), ҮБ, курулуш жана аскердик квартираларды жайгаштыруу башкармалыктар (мындан ары - КБ жана АКЖ) тарабынан калкка жылуулук, электроэнергияны-, ичүүчү сууну кайра сатууда жана жарандардык каттоо жүргүзүү, жашаган жерлеринен мааалымкаттарды берүүдө "Лицензиялоо жөнүндө" (9-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" (18-1-статьялары), "Ичичүү суу жөнүндө" (6-статья), "Ички миграция жөнүндө" (15-статья) мыйзамдарын бузуу улантылууда. Көп квартиралуу үйлөрдө жайгашкан турак жай эмес жайлардын ээлеринин жалпы мүлктү санитардык күтүүдө жана оңдоодо катышуудан баш тарткан учурлар кездешет.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, прокуратура тарабынан башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, башкаруу же пайдаланууга байланышкан мыйзам бузууларга тыюу салынбайт, күнөөкөрлөр болсо мыйзам менен аныкталган жоопкерчиликке тартылбайт.

Бишкек шаарынын мэриясы, райондук администрациялары, аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдары (мындан ары - АКӨБ) турак жай ээлеринин жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара мамилелери арасында топтолгон маселелерди чечүүдөн иш жүзүндө өзалдынча четтеп калышкан, турак жай менчик ээлеринин бирикмелерин түзүү жана калыптандыруу ишине жардам беришпейт, ЖЧК-лар тарабынан турак жайларды тейлөөдөгү аларды дискредитациялоо боюнча мыйзамсыз аракеттерине тыюу салбайт.

Бишкек шаарынын мэриясы ушул убакытка чейин көп квартиралуу үйлөрдө жашаган калк, ошондой эле, жергиликтүү өзалдынча башкаруу, аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдарынын кызматтык жактары арасында көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнө жана үйлөргө караштуу жер участокторго менчик укугун ашыруу маселеси боюнча системалуу жана максатка багытталган маалыматтык-түшүндүрүү ишин уюштурган эмес.

Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн объектилерин (жертөлөө, көмөкчү бөлмөлөр, үйлөргө караштуу жер участоктордун бөлүгү) үчүнчү жактардын пайдасына берүү боюнча аракеттери, ошондой эле турак жай үйлөрдүн ичине ишкерлик объектилерин жайгаштырууга берген уруксаттары Жарандык кодексине (245, 247, 249-статьялар), Жер кодексине (46-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" мыйзамына (15-1-статья), Курулуштук ченемдерге жана эрежелерге (КР КчжЭ 31-01:2001, 7.3.пункт) каршы жүргүзүлгөн жана турак жайлардын менчик ээлеринин мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууда. Ошондой эле, көп квартиралуу үйлөрдө сауналардын, химиялык тазалоонун, барлардын, ресторандардын, көңүл ачуу мекемелердин жана башка өндүрүшкө багытталган объектилердин жайгашкандыгы имараттардын курулуштук конструкциялардын жана жылуулук-, суу- жана электрокамсызкылуу инженердик коммуникациялардын тез эскиришине алып келет.

Ушул убакытка чейин Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү белгиленген ченемдерге жана эрежелерге ылайык күтүүнү камсыз кылган процессти квалификациялуу башкара алган жана ошондой башкарууга милдеттүү болгон көп квартиралуу үйлөрдү профессионалдуу башкаруу институту түзүлгөн эмес. Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамын (2, 9, 15, 16, 23, 28, 30-статьялар) жетектеп, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Жумушчу комиссиянын Бишкек шаарынын туракжай фондусун техникалык тейлөөсүн камсыз кылуу тармагындагы иштердин абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкү сунуштар менен кайрылсын:

- Бишкек шаарынын туракжай фондусун техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун, борбордун социалдык багыттагы объектилеринин өндүрүштүк негизин түзгөн, 1997-2000-ж.ж. менчиктештирилген муниципалдык менчик объектилер, анын ичинде жер участоктор, боюнча аларды кайтарып алуу же алар үчүн акчалай компенсация алуу максатында терең жана ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган жактарды белгиленген жоопкерчиликтерге тартуу жөнүндө;

- "Гнездо" ЖЧК, "Туракжайэкспо" ЖТАК, "Туракжайсервис" ЖТАК, ошондой эле, алардын туунду ишканалары - (ТЭБ-1, ТЭБ-2, ТЭБ-4, ТЭБ-6, ТЭБ-7, ТЭБ-10, ТЭБ-12, ТЭБ-14, ТЭБ-15, ТЭБ-18, ТЭБ-21) ЖЧК түзүлүшүнүн жана мамлекеттик каттоосунун мыйзамдуулугун текшерүүнү уюштуруу жөнүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ээлери дүйнөдөн кайткан же дайынсыз болуп кеткен квартираларды мыйзамсыз ээлеп алган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүү жөнүндө кайрылуу берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнө, анын ичинде үйлөргө караштуу жер участокторго, жарандардын менчик укуктарын коргоо иштери боюнча соттук практиканын биримдигин белгиленген тартипте камсыз кылуу өтүнүчү жиберилсин.

5. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин сессиясынын бул маселе боюнча материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

6. Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын көп квартиралуу үйлөрдүн техникалык абалын жана өз убагында оңдолушун контролдоо, ошондой эле туракжай үйлөрдүн ээлеринин жана ЖЧК, ҮБ-лар менен туракжай фондун техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча өз ара мамилелеринде жыйналган маселелерди чечүү иштери канааттандырарлык эмес деп эсептелсин.

7. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Бишкек шаарынын ШИИБ (шаардык ички иштер башкармалыгы) менен биргелешип 2006-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын "Ички миграция жөнүндө" Мыйзамына ылайык (13, 15-статьялар) жеке ишканалардын жана уюмдардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын милдеттерин аткарууга катышуусун чыгарып таштап, жарандардын жашаган же турган жери боюнча каттоого же жашаган жеринен маалымкаттарды берүүгө байланышкан маселелерди карап чыксын жана чечсин;

- "Бишкекжылуулуктармак" АК, "Бишкексууканал" ӨЭБ (өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы), "Түндүкэлектро" АК, "Бишкекжылуулукэнерго" КИ, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын райондук комбинаттарына Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин (383, 386-статьялары), "Лицензиялоо жөнүндө" (9-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" (18-3-статьялар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен калкка жылуулук жана электроэнергияны, ичичүү сууну берүүгө жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга келишимдерди ортомчу ишканалар жана уюмдар, анын ичинде ЖЧК, ТКК, ТЭК, ТЭШ, ҮБ - аркылуу түзүүгө мүмкүнчүлүк бербеген чараларды кабыл алсын;

- "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасын жана "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасын I997-2005-ж.ж. мезгилинде үй ичиндеги жылуулук жана суу менен камсыз кылуунун инженердик коммуникацияларын тийиштүү күтүү үчүн ар түрдүү ишканаларга жана уюмдарга контролсуз төлөнгөн каражаттарды Бишкек шаарынын туракжай фондусуна кайтарып берүүгө милдеттендирсин;

- көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлк объектилерин, анын ичинде үйгө караштуу жер участокторду, үчүнчү жактардын пайдасына берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин (245, 247, 269-статьялары), Жер кодексинин (46-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" мыйзамынын (15-1-статьялар), Курулуштук ченемдердин жана эрежелердин (КР КЧжЭ 31-01:201) талаптарын бузуу менен ишкерлик объектилерин жайгаштыруу үчүн турак үйдүн бөлмөлөрүнүн арналышын өзгөртүүгө, реконструкциялоого уруксат берүүнү токтотсун.

Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши тарабынан мыйзам бузуу фактылары белгиленген учурда кабыл алынган токтомдор жана берилген уруксаттар жокко чыгарылсын:

- шаардык жана ведомстволук туракжай фондусунун туракжай-эксплуатациялык уюмдарын (үйбашкармалыктарын) кайра түзүүнүн негизинде түзүлгөн менчик ишканалардын (ЖЧК) көп квартиралуу үйлөрдүн бардык техникалык, ошондой эле учеттук-каттоо документацияларын (квартираларды жана турак эмес жайларды менчиктештирүү жөнүндө) кайтарып алсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы N 330 "Кыргыз Республикасында туракжай-коммуналдык чарбага жана туракжай мамилелерге тийиштүү нормативдик актыларды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" жана 2003-жылдын 12-мартындагы N 127 "Кондоминиумдарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Жалалабат шаарынын мэриясынын иштери жөнүндө" токтомдорун аткаруу үчүн 2006-жылдын 1-апрелине чейин ар бир көп квартиралуу үйдүн жалпы мүлк объектилерин инвентаризациялоону аяктасын жана менчик ээлерине үйлөргө караштуу, жер участоктор менен бирге, жалпы мүлккө ээлик кылуу укугунун документтеринин толук комплектисин (үлүшүн көрсөтүү менен) өткөрүп берсин;

- 2006-жылдын февралынан баштап Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери менен бирге жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мэриянын райондук администрацияларынын, аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, туракжай-курулуштук кооперативдер, туракжай-эксплуатациялык мекемелер үчүн көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнө менчик укук маселелери жана аны күтүү милдеттери боюнча тажрыйбалуу адистерди тартуу менен окуу-консультациялык семинарлары уюштурулсун;

- иштеп жаткан туракжай менчик ээлеринин шериктештиктеринин ("Эркин үй", "Алмаз", "Ак-Бура") жана көп квартиралуу үйлөрдүн туракжайларынын менчик ээлери тарабынан түзүлгөн жалпы мүлктү башкаруу боюнча фирмалардын (мисалы, "Эмика" ЖЧК) туура тажрыйбаларын колдонуу менен жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү заказчы жана бирдиктүү акы төлөөчү принциптеринде негизделген, Бишкек шаарынын туракжай фондусун башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүү программасын (көп квартиралуу үйлөрдү жана аларга караштуу аймактарды санитардык күтүү, аларды техникалык тейлөө жана оңдоо) 2006-жылдын 1-майына чейин иштеп чыксын. Ушул максат үчүн компетенттүү адистерди, анын ичинде жеке ишканалардан жана коомдук уюмдардан тартсын жана бул көрсөтүлгөн программаны Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- көп квартиралуу үйлөрдө жайгашкан турак эмес жайлардын ээлерин (ижарачылардын) "Кыргыз Республикасында турак жай фондун приватташтыруу жөнүндө" (12-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" (13, 15, 26-статьялары) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп квартиралуу үйдүн жалпы мүлкүн күтүүсүнө, техникалык тейлөөсүнө жана оңдоосуна кеткен чыгымдарды төлөөгө катышуусун камсыз кылган аракеттүү чараларды кабыл алсын;

- 2006-жылдын 1-мартына чейин көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларды жана уюмдарды туракжайлардын менчик ээлеринин катышуусу менен ар бир көп квартиралуу үй боюнча өзүнчө иш жүзүндө 1997-2005-жылдар мезгилинде аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын, ошондой эле 2006-жылдын 1-январына карата жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн салыштырма текшерүүсүн жүргүзүүгө жана тийиштүү актысын жолжоболоштурууга милдеттендирсин;

- Керектөөчүлөрдүн укуктарын чектөөгө жол берген шарттарды жоюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын (Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 400-статьясы) бузган кызмат адамдарын администрациялык жоопкерчиликке тартуу максатында көп квартиралуу үйлөрдү санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча калкка кызмат көрсөтүүчү ишканалар жана уюмдар тарабынан түзүлгөн келишимдерди "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык (53-статья) талдап чыксын;

- 2006-жылдын 1-январынан тартып квартиралардын менчик ээлерине жана көп квартиралуу үйлөрдү санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканаларга (уюмдарга) өз ара мамилелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын 2002-жылдын 22-июлундагы "Көп квартиралуу туракжай үйдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча Келишимдин формасын бекитүү жөнүндө" N 198 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Координациялык Кеңеш тарабынан жактырылган көп квартиралуу үйдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча Типтүү келишимди колдонууну сунуш кылсын;

- Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешине бул токтомдун ишке ашырылышы жөнүндө отчетторду 2006-жылдын 1-апрелине, 2006-жылдын 1-июлуна жана 2007-жылдын 1-январына карата берсин;

- бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

8. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары (Байло Н.И., Исаев Ж.О., Карабаев А.Д., Рахманов П.П.):

- көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлк объектилерим пайдаланууда же күтүүдө пайда болгон чыр-чатактарды квалификациялуу чечүү үчүн райондук администрацияларга караштуу администрациялык комиссиялардын курамында иштөө үчүн туракжай-коммуналдык чарбанын жана башкармалардын компетенттүү адистерин, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын өкүлдөрүн тартсын;

- администрациялык комиссиялардын ишине катышуу үчүн прокуратуранын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырсын;

- администрациялык комиссиялардын отурумдарында көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн (жер төлөө, үйгө караштуу жер участогу жана башкалар) юридикалык жана жеке жактар тарабынан уруксатсыз пайдаланган фактыларды кечиктирбестен карасын, мыйзам бузууларды жойсун жана күнөөлүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык (487-1-статьясы) жоопкерчиликке тартсын;

- 2006-жылдын 15-февралына чейин көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн жаңы келишимди түзүү, ошондой эле анын шарттарынын аткарылышын контролдоо маселеси боюнча тийиштүү материалдарды таркатуу менен көп квартиралуу үйлөрдүн үй комитеттери жана тийиштүү ЖӨБ кеңештери менен биргелешип маалымат-усулдук кеңешмелерди уюштурсун жана өткөрсүн;

- көп квартиралуу үйлөрдүн туракжай жана турак эмес жайлардын менчик ээлерин, ошондой эле калкка көп квартиралуу үйлөрдү санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү бардык ишканалардын (уюмдардын) жетекчилерин аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүү фактыларды ченемдер жана эрежелер тарабынан белгиленген тийиштүү тастыктоосуз, суммасы жайлардын ээлеген аянты боюнча төлөө методу менен эсептелген калктан жыйналган каражат мыйзамсыз экендигин эскертсин.

9. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана конкуренцияны өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине төмөнкү сунуштар жиберилсин:

- 1997-2005-жылдар мезгилинде үй ичиндеги жылуулук-, суу- жана электрокамсыз кылуу инженердик коммуникацияларды тийиштүү деңгээлде күтүү үчүн ар кандай ишканаларга жана уюмдарга контролсуз төлөнгөн каражаттарды "Түндүкэлектро" жана "Бишкекжылуулуктармак" акционердик коомдорунун Бишкек шаарынын туракжай фондусуна кайтарып берүүсү жөнүндө;

- газды пайдалануу Эрежелерин, электроэнергиясын пайдалануу Эрежелерин, жылуулук энергиясын пайдалануу Эрежелерин, ошондой эле үй ичиндеги жылуулук-, газ- жана электрокамсызкылуу инженердик коммуникациялардын тийиштүү техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдерди камтыган калкка жылуулук энергиясын, жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимдерди тезинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө жана квартиралар ичиндеги жылуулук-, суу- жана электрокамсызкылуу тутумдарынын элементтерин күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн Прейскурантын иштеп чыксын.

10. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин "Бишкек шаарынын өзалдынча башкаруусунун туракжай фондусун техникалык тейлөө тарифинин көбөйүшү жөнүндө" N 136 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрайымы Н.С.Байболовага жана Бишкек шаарынын мэри А.И.Ногоевге жүктөлсүн.

Депутаттардын Бишкек шаардык

Кеңешинин Төрайымы Н.Байболова