Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык

менчик башкармалыгынын иши жөнүндө”  маселени

талдап чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын  ишинин

жыйынтыктары жөнүндө

         2014-жылдын 12 айы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын отчётун, ошондой эле,  “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын иши жөнүндө”  маселени талдап чыгуу боюнча Бишкек шаардык кеңештин жумушчу комиссиянын  маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.                Жумушчу комиссиянын бул маселе боюнча маалымкаты жана корутундусу эске алынсын (тиркелет).

2.                Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (мындан ары - Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсы) иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

3.           Бишкек шаарынын мэри тарабынан жана Бишкек шаарынын ММБсынын ишине контролдун толук жоктугу белгиленсин.

4.           Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов):

а)  7 жумуш күндүн ичинде токтоосуз Бишкек шаардык кеңеш менен бирдикте тийиштүү аймактык мамлекеттик органдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартуу менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун муниципалдык мүлкүн  башкаруу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзсүн.

б) Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна кийин киргизүү жана бекитүү менен муниципалдык менчикте турган бардык объекттерди, анын ичинде жер участокторду инвентаризациялоо, ошондой эле маалыматтардын бирдиктүү кодификацияланган электрондук базаны түзүү боюнча ишти тездетсин.

Инвентаризациялоону өткөрүү жана реестрди даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик белгиленсин.

в) “ИДИС-Аудит-Консалтинг” ЖЧКсынан эксперттердин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында тийиштүү бухгалтердик учётту, финансылык отчёттуулукту, түзүмдүк бөлүмдөрдүн ички учётту, контролду жана отчёттуулукту уюштуруу жана камсыздоо, ошондой эле иш-кагаздарды  жана документ айланууну тийиштүү жүргүзүү боюнча, ал эми ченемдик база боюнча Бишкек шаардык кеңештин депутаты - К. К. Конгантиевдин  эскертүүлөрүн жана сунуштарын эске алуу менен, токтоосуз чара көрсүн;

г) Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсын реорганизациялоо  боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын;

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамынын табылган тартип бузуулары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсынын кызматтык жактарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карап чыксын;

е)   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен бирдикте төмөнкү административдик-техникалык персоналдарга (АТП): Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсынын башкы бухгалтери - Д. К. Мунайтпасовага муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чининин ыйгарылуусунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсынын бухгалтери-Г. А. Сармановага муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чининин ыйгарылуусунун негиздүүлүгүн талдап чыксын жана баа берсин жана мыйзам тарабынан белгиленген тартипте чара көрсүн;

ж) 2015-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарынын билим берүү жана саламаттык сактоо тутумунун муниципалдык уюмдарына жанаша жаткан жер участокторго мамлекеттик актыларды даярдоону жана берүүнү аяктасын.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууга каражаттарды карасын.

  Бишкекбашкыархитектураны, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыкты жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивин бул ишти жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүнү өтүнсүн.

з)  15 күндүк мөөнөттө Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча Бишкек шаарынын ММБсынын,  билим берүү жана саламаттык сактоо тутумунун жооптуу кызматкерлеринен жана макулдашуу боюнча Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан жумушчу комиссия түзсүн;

и) Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №153 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу  тартиби жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө”  Бишкек шаардык кеңештин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоорун Бишкек шаардык кеңешке киргизсин.

Бир айлык мөөнөттө  көрүлгөн чаралар жөнүндө  Бишкек шаардык кеңешке маалымдасын.

5.                Болгон материалдар жөнөтүлсүн:

а) талдап чыгуу жана сунуштарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешине;

б) юридикалык  баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына.

6.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасына (М. А. Аманкулов)  жана  Бишкек  шаарынын   мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

2-март  2015-жыл,  № 110  

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

“Бишкек шаардык санитардык полигон”

Муниципалдык ишканасынын абалы жөнүндө

 

         Азыркы убакта Бишкек шаарында экологиялык кырдаал татаал бойдон калууда.  Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны булгоо көйгөйү жергиликтүү мүнөзгө жана  ири шаарлар, өнөр жай  борборлору жана  биринчи кезекте Бишкек шаары үчүн мүнөздүү.

         Айлана чөйрөнү булгоонун бирден-бир негизги булагы болуп  шаардык таштанды төгүүчү жай саналат.  Тиричилик, уулу жана медициналык таштандыларды ташып чыгаруу, утилизациялоо, көмүү көйгөйлөрү абдан курч турат. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен бирдикте Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы  тарабынан  бир нече жолу шаардык санитардык полигонго баруулар жүргүзүлдү, бүгүнкү күнгө  санитардык полигондун абалы элдин  ден соолугу жана айлана чөйрө үчүн  коркунуч туудуруп жатат.

         Шаардык санитардык полигондун абалы боюнча мамлекеттик санитардык кызматтардын берген корутундуларына жана   бийиктиги 3 метр жана андан жогору жыйналган 4 гектар  жерге жаныбарлардан алынган биологиялык таштандылар айлана чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизүүчү кесепеттерге көңүл буруу зарылдыгын белгилөө керек.

         Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэринин жана тийиштүү шаардык кызматтардын жетекчилеринин  санитардык полигондун абалын жакшыртпастан,  начарлатып жаткан канааттандыраарлык эмес ишин белгилөө зарыл. Таштанды полигонунун аймагындагы мурунку кирүү жолдорунун,  Беккера чуңкуруна мурунку кирүүчү жолунун жоктугун, ошондой эле  таштандылар менен басылганын жана  чуңкурдун өзүн  жаап калгандыгын акыркы жерине баруу көрсөттү. Атайын техниканы калыбына келтирүү боюнча таасирдүү чаралар көрүлбөйт, бүгүнкү күнгө  санитардык полигондо бир дагы техника бирдиги иштебейт, 2012-жылы 7658000 миң сомго сатылып алынган бульдозер  калыбына келтирүү үчүн кошумча каражаттарды талап кылып жатат, ал эми  азыркы убакта  башка уюмдун атайын техникасы ишке тартылып жатат, мисалы, бульдозерди ижарага алуу үчүн  иштин ар бир сааты үчүн 2200 сом өлчөмүндө акы төлөө жүргүзүлүп жатат.

         Азыркы учурда “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасын каржылоо боюнча көйгөй бар, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын карызы:  2013-жыл үчүн -29798,8 миң сом, 2014-жылдын 11 айы үчүн – 26028,2 миң сом, бардыгы 55827,0 миң сом. Бүгүнкү күнгө  67,0 млн. сомду түзгөн дебитордук карызды  өндүрүү боюнча чаралар көрүлбөйт.

 Ошондой эле, Бишкек шаардык санитардык полигондун жумушчуларынын айлык акыларын өз убагында төлөө, аларды сүт азыктары, атайын кийимдер, тумшук каптар, тийиштүү санитардык ченемдери менен жайлар, ичүүчү суу, жуунчу жай менен камсыздоо, жумушчуларга медициналык кароону уюштуруу маселелери чечилбейт, дератизациялык иш-чаралар жүргүзүлбөйт дезинфекциялык барьерди, таразаны, көрмө-байкоо камераларды калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлбөйт, ташылып келип жаткан катуу тиричилик таштандылардын, биоташтандылардын саны, ошондой эле аларды көмүү боюнча так контроль жок. “Тазалык” муниципалдык ишканасына көмүү боюнча  көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн түшүүчү каражаттар боюнча анализдин жоктугун белгилөө керек.

         Жогоруда жазылгандардын, мамлекеттик санитардык кызматтардын корутундуларынын, “Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын кызматчыларынын арыздарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

-                     “Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасыныналдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынынкарызын төлөөнү жүргүзсүн;

-                     “Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын кызматчыларын тийиштүү эмгек шарттар менен камсыз кылсын;

-                      Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан  белгиленген санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык Беккера чуңкурунун ишин камсыз кылсын;

-                     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23- сентябрындагы №644 “Кыргыз Республикасынын аймагында келемиштер менен күрөшүү чараларын күчөтүү жөнүндө”  токтомуна ылайык полигондун аймагында дератизациялык иш-чараларды жүргүзсүн;

-                     катуу тиричилик таштандыларды, жаныбарлардын таштандыларын (терилер, жаныбарлар өлүктөрү) ташып келүү  жана көмүү,  таштандылардын бул түрүн ташып келүүчү  субъекттер менен келишимдерди  түзүү боюнча контролду камсыз кылсын;

-                      биологиялык таштандыларды күйгүзүү боюнча  мештин иштөөсүн камсыз кылсын;

-                      таразаны, көрмө-байкоо камераларды, полигондон чыгууда автотранспорт үчүн дезинфекциялык барьерди  калыбына келтирүү боюнча  чара көрсүн;

-                      атайын техниканы калыбына келтирүүгө кеткен каражаттардын анализин жүргүзсүн;

-                      дебитордук карызды өндүрүү боюнча маселени чечсин;

-                     таштанды полигонуна ташылып келинип жаткан (учет журналында ташылып келинип жаткан катуу тиричилик таштандылардын саны) катуу тиричилик таштандылардын учётун жана контролун күчөтүү боюнча маселени чечсин;

-                     “Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасынынабалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын, планды ишке ашыруу программасын  иштеп чыксын жана берсин;

-                     Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 25-июнундагы №85 Тазалык” муниципалдык ишканасындагы иштердин абалы жөнүндө”, “2014-жылдын 14-октябрындагы №98 “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө” токтомдорунун аткарылышын камсыз кылсын.

2.                Бишкек шаарынын вице - мэри  М. Н. Саккараевдин, ал тейлеген “Тазалык” муниципалдык ишканасы“Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасыкызматтарынын каржылоо, полигондо автотранспорттун иши, полигондун кызматчыларынын эмгек шарттарын камсыздоо, ташылып келүүчү  катуу тиричилик таштандынын учётун  жүргүзүү, ташылып келүүчү биологиялык таштандылардын, терилердин, жаныбарлардын өлүктөрүнүн учёту,  таштандылардын бул түрүн  ташуу үчүн контракттардын  жоктугу, абоненттик базаны жана чара көрүүнү талап кылган башка иш-чараларды көбөйтүү ишин тескөө маселелерин чечүү боюнча канааттандыраарлык эмес иши белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жана  Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар  жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

2-март  2015-жыл,  № 109  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарында турган (жашаган) жери

боюнча ички мигранттарды  каттоонун кээ

бир маселелери жөнүндө

         Жарандардын социалдык кызматтарга жетишүүсүн камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Бишкек шаарында турган (жашаган) жери боюнча каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча маселелерди чечүү максатында, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “КСДП” фракциясынын лидери А. М. Кененбаевдин маалыматы эске алынсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:
  3. жумалык мөөнөттө жарандардын турган (жашаган) жери боюнча каттоо тартибинин жөнөкөйлөтүлгөн механизмин иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобун түзсүн;
  4. жумушчу топ 2015-жылдын 1-апрелине чейин  иштин жыйынтыгы боюнча  жарандарды турган (жашаган) жери боюнча каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби боюнча Бишкек шаарында  пилоттук долбоорду өткөрүүнү караган сунушту иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (Б. О. Дюшембиев) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

3-март 2015-жыл , №111    

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө

калтыруу жөнүндө”  маселени даярдоо

 жөнүндө

         Кыргыз  Республикасынын  Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ч. Т. Айтматовдун  ата мекендик  жана дүйнөлүк адабиятты, искусствону жана маданиятты өнүктүрүү ишине сиңирген эмгектерин жана зор салымын белгилөө менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги   №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра  атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоору төмөнкү  толуктоолор менен  даярдалсын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилсин:

- Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги   №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра  атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту  “Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы №29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомун аткаруудан  тышкары” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бишкек шаардык кеңештин аппараты “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги   №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра  атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө”  жана “Тынчтык проспектин Чыңгыз Айтматов атындагы проспектке кайра атоо жөнүндө” токтомдорунун долбоорлорун Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Бул маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                    М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

3-март 2015-жыл, № 112    

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын

28-декабрындагы  №4 “Туруктуу комиссиялардын

курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине

өзгөртүүлөрдү   жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, “Республика” фракциясынын  лидери - М. К. Жеенчороевдин жана “Ата-Мекен” фракциясынын лидери - С. С. Салиевдин катына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.                Төмөнкүлөр чыгарылсын:

а) “Республика” фракциясынын мүчөсү – Умуткан Молдобековна Тыналиева Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы  боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан;

б) “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү – Улан Абдыкаарович Максымбеков Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан.

 

2.                 Төмөнкүлөр киргизилсин:

а)  “Республика” фракциясынын мүчөсү – Лейля Хияновна Лурова Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына;

б) “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү – Улан Абдыкаарович Максымбеков Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына.

3.                Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын  28 - декабрындагы  №4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор  киргизилсин:

а) 2-пункттун 12-сабындагы “Умуткан Молдобековна Тыналиева” деген сөздөр “Лейля Хияновна Лурова” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 3-пункт төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:

“Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү – Улан Абдыкаарович Максымбеков;

в) 4-пункттагы 5-сап алынып салынсын.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

24-февраль 2015-жыл,  № 108