Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү

лифттерди күтүүгө, техникалык  тейлөөгө жана

уюштурууга  тарифтерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин 72-77 - беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына  ылайык, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин муниципалдык жана жалпы үлүштүк менчигинде турган Бишкек шаарынын лифттерин тиешелүү техникалык тейлөөнү жана эксплуатациялоону уюштурууну камсыздоо, ошондой эле шаардыктардын жашоосунун социалдык шарттарын теңдөө максатында, Бишкек шаардык кеңеш,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрдөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга төмөнкү өлчөмүндө тариф бекитилсин:

а)релейлик лифттерге батирдин жалпы аянтынын  (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсептебестен) 1,0 ч.м. үчүн айына 2,73 сом, анын ичинде  батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,70 сом өлчөмүндө лифттерди эксплуатациялоону уюштурууга жана  техникалык тейлөөгө жана күнүмдүк оңдоо иштерине батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,03 сом;

б) электрондук лифттерге батирдин жалпы аянтынын (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсептебестен) 1,0 ч.м. үчүн айына 3,12 сом, анын ичинде  батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,70 сом өлчөмүндө лифттерди эксплуатациялоону уюштурууга жана  техникалык тейлөөгө жана күнүмдүк ремонт иштерине батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,42 сом.

  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Кыргыз Республикасынын бекитилген ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык муниципалдык лифттерди тиешелүү күтүүнү, техникалык тейлөөнү жана коопсуз эксплуатациялоону  камсыз кылсын;

 б) эксплуатациялоонун ченемдик  мөөнөтүн өтөп бүткөн муниципалдык лифттерди этап-этабы менен модернизациялоону жана капиталдык-калыбына келтирүү ремонт иштерин, аларды кийин жашоочулардын жалпы үлүштүк менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берүү менен улантсын;

в) 2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде муниципалдык лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга каралган каражаттарды эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрүн өтөп бүткөн Бишкек шаарынын  лифт  чарбасын реабилитациялоого багыттасын.

  3. Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 199 “Бишкек шаарынын турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди камсыздоого жана техникалык тейлөөгө тарифти бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

  4. Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын ишин текшерүү тапшырылсын.

  5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

  6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт  жана   коммуникациялар   боюнча   туруктуу   комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэри   М. Н. Саккараевге  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                    М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл,  № 124   

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Тынчтык  проспектин Чыңгыз Айтматов

атындагы  проспектине кайра  атоо  жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 29  «Ч. Т. Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын сунушун, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын чечимин эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын Тынчтык проспекти Чыңгыз Айтматов атындагы проспектине кайра аталсын (схема тиркелет).

2. Бишкек шаарынын мэриясы аншлагдарды орнотууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жүргүзсүн.

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаардык архитектура жана шааркурулушу боюнча Башкы башкармалыгы (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш., 29-апрель 2015-жыл, №117

 

ТИРКЕМЕ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын

12-июнундагы № 316 “Бишкек шаарынын

жарды жана жеңилдик алууга укугу бар

тургундарын  социалдык колдоо жөнүндө”

токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын

жарды жана жеңилдик алууга укугу бар

тургундарына даректүү социалдык жардам берүү

тартиби жөнүндө”  жобого өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

         Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча, Улуу Ата Мекендик Согуш жылдары оруктагы күжүрмөн эмгеги жана каармандык менен өтөгөн  аскердик кызматы үчүн ордендер жана медалдар менен сыйланган Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлеринин, оруктун эмгекчилеринин жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында жана 1941-1945- жылдардагы Улуу Ата Мекендик Согуштагы  Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого карата, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316            “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын  социалдык колдоо жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын жарды жана  жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

         - III бөлүмдүн 13-пункту төмөндөгү мазмунда “г” кичи пункту менен толукталсын: “Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында орукта жан аябай кылган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден, медалдары менен сыйлангандарга, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде иштеп, "За оборону Ленинграда" медалы, "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйлангандарга, Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) күч менен мобилизацияланган жана кийин акталган граждандарга, экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткунда болгондорго,Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө - 2015-жылдын 1-майынан тартып ай сайын - 1000 сом (өмүр бою);

- IIIбөлүмдүн 14-пунктунун “в” кичи пункту алынсын.

         2.  Бишкек шаарынын мэриясы  (К. К. Кулматов) 2015-жылга  шаардын бюджетинин долбоорун  киргизүүдө   бул токтомду ишке ашыруу боюнча  финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын  колдонуудагы мыйзамдарына ылайык  карасын.

         3.  Ушул токтом  каттоодон өткөрүлсүн жана  Кыргыз Республикасынын  ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына (А. Т. Сариев), Бишкек шаарынын  биринчи вице-мэри  З.Т.Малабековго жана Бишкек шаарынын  вице-мэри  А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кенештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл, №115

  

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги

№ 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра

атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө"мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра  атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту  “Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомунан  жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоодон тышкары” деген сөздөр менен толукталсын.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясыКыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоо жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даярдасын жана  Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык   кенешинин  муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице - мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                         М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл, № 116      

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

1941-1945-жылдарда Улуу Ата-Мекендик

согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын

майрамдоого даярдык көрүү  жана өткөрүү

жөнүндө

1941-1945- жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 93 “1941-1945- жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого карата “Бессмертный полк” тизилүү акциясы даярдалсын жана  өткөрүлсүн.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте Бишкек шаардык кеңеши жылына элдин эркиндиги үчүн жанын берген баатырларды эскерүү менен “Бессмертный полк” тизилүү акциясын уюштурсун.
  3. Бишкек шаарынын мэриясы:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте 2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярданууга жана өткөрүүгө керектүү каражаттарды карасын.

4. Кыргыз Республикасынын“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө”  мыйзамына ылайык төмөнкүлөр сунушталсын:

а) Бишкек  шаарынын   мэриясынын    райондук   администрациялары  (А. С. Омурбекова, А. Т. Алиев, Б. К. Алымкулов, Аскар уулу Мирлан) муниципалдык аймактык башкаруулар менен бирдикте Бишкек шаарынын элинин арасында  “Бессмертный полк” тизилүү акциясын, 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта Жеңиштин 70 жылдыгына даярдануу жана  майрамдоо жөнүндө түшүндүрүү боюнча ишти белгиленген тартипте жүргүзсүн;

б) Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы (Мейрманова С. Ж.)  Бишкек шаарынын мектептеринде 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган сабактарды өткөрүүнү белгиленген тартипте уюштурсун, ошондой эле “Тимурчулар кыймылын” жандандыруу боюнча ишти жүргүзсүн.

в) Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаменти (Мурзалиев А. Дж.) 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарына жана катышуучуларына  белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн (диспансердик текшерилүү, кошумча дары-дармектер жана диагностикалык текшерилүү).

г) Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгы (Абылаев З. А.) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарына жана катышуучуларына   үйгө жана стационардык социалдык мекемелерде даректүү социалдык тейлөөнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;

 д) “Тазалык” муниципалдык ишканасы (Сарпашев Р. А.) 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш жөнүндө эскерүүнү түбөлүккө калтыруучу эстеликтерди жана Баатырлар аллеясын калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча ишти жүргүзсүн. 2015-жылдын 1-апрелине чейин маалымат берсин.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасына (Аманкулов М. А.) жана Бишкек шаарынын мэрине (Кулматов К. К.) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                           М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

3-март 2015-жыл, № 113