Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын

18-мартындагы №77 “2014-жылга Бишкек

шаарынын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-

жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 18-мартындагы №77  “2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

         1) 1-пунктундагы “7 108 641,7”, “4 953 568,7”, “560 226,2”, “556 449,9”, “489 215,4”, “549 181,5”  деген цифралар тийиштүү түрдө “7 123 434,5”, “4 761 977,4”, “613 810,5”, “612 700,5”, “540 054,8”, “594 891,3” деген цифраларга алмаштырылсын;

         2) 16-пунктунун 16-кичи пункту алынып салынсын;

         3) 24-пунктундагы “19 199,2” деген цифра “51 994,8” деген цифрага алмаштырылсын;

         4) “2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

         5) “2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1 тиркемелерине ылайык редакцияда  берилсин.

         2. Бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча атайын каражаттардын пландуу суммасы 14 792,8 миң сомго көбөйтүлсүн.

         3. Бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бекитилсин.

         4. 6-тиркеме бул токтомдун 5-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

         5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ш. Докеновго жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

26-декабрь 2014-жыл, №107 

Скачать Приложения

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

“Тунгуч” кичи районундагы 135 квартиралуу №17/2

жана 90 квартиралуу №36/2 үйлөрдү жер участоктору

менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине

кабыл алууга  макулдук берүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 692 “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 404-б буйругун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулушу департаментинин балансынан “Тунгуч” кичирайонундагы аянты  0, 27 га жер участогу менен 135 квартиралуу №17/2  үйдү жана аянты 0,2 га  жер участогу  менен 90 квартиралуу №36/2 үйдү тийиштүү инженердик инфраструктурасы менен  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга  макулдук берилсин.

         2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн мүлк менен бардык иш-чараларды жүргүзсүн. 

         3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У. Е.) жана Бишкек шаарынын  вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

Бишкек ш.,

24-декабрь 2014-жыл, №106 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын  көрүнүктүү

мамлекеттик ишмери Дүйшөналы Жабиновдун

атын  түбөлүккө  калтыруу  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы  географиялык  аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын  22-октябрындагы №4 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын “Учкун” конушундагы аты жок көчөгө Дүйшөналы Жабиновдунаты ыйгарылсын (чийме тиркелет).

 

 2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык  башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы (Б. А. Абдиев) учёттук жана  инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

 

 3. Бул  токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

 

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар курулушу жана архитектура  боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А.М. Рыскуловага жүктөлсүн.

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

31-октябрь  2014-жыл, №104 

 ЧИЙМЕ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын участкалык шайлоо

комиссияларынын резервин толуктоо үчүн

талапкерлердин тизмесин түзүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана  таркатуу тартиби жөнүндө” жобого ылайык, шайлоочулар жана коомдук бирикмелердин чогулушунан келип түшкөн материалдарды карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шайлоочулар жана коомдук бирикмелердин чогулушунан көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо үчүн  алфавит боюнча талапкерлердин түзүлгөн тизмелери  (тийиштүү 1,2, 3,4-тиркеме) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
  2. Ушул токтомдун  аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жүктөлсүн.

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

24-декабрь 2014-жыл, №105 

Приложения:

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Академик Мирсаид Миррахимовдун

атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы  географиялык  аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын  9-августундагы  №3 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын 5-кичирайонундагы аты жок көчөгө академик  Мирсаид Миррахимовдун  аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).

 

 2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык  башкармалыгы (Б.Ж. Берикбаев), “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы (Б. А. Абдиев) учёттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

 

 3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар курулушу жана архитектура  боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                    М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

31-октябрь  2014-жыл, №103 

 ЧИЙМЕ