Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэринин

Бишкек шаарындагы иштердин

абалы жөнүндө отчету

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык Бишкек шаарынын мэри - К. К. Кулматовдун отчётун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш:

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын мэри - К. К. Кулматовдун Бишкек  шаарындагы иштердин  абалы жөнүндө отчету эске алынсын.

 2. Бишкек шаарынын  мэри - К. К. Кулматов:

-Шааркурулуш жана сейсмологиялык курулуш мамлекеттик илимий-изилдөө долбоорлоо институту  көтөрмө долбоорлоо уюму менен түзүлгөн Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча  келишимдин көчүрмөсүн  берсин;

-Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2014-жылдын 10-декабрындагы №11/8-124-14 "Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө" көрсөтүүсүнүн аткарылышы жөнүндө  толук маалымат берсин;

- Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттарынан билим берүү тутумунун чыгымдарын каржылоо механизмин аныктасын, "Бишкек шаарынын билим берүү  уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө" жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;

- Бишкек шаарындагы магистралдык каналдардын капиталдык ремонту, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарды калыбына келтирүү боюнча программаны иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;

- 2015-жылдын сугат сезонуна карата даярдык жана Бишкек шаарын үзгүлтүксүз  сугат суу менен камсыздоо жөнүндө маалымат берсин;

- ченемдерге жана талаптарга ылайык шаардык көчөлөрдү  курууну жана күтүүнү, белгиленген технологияларды эске алуу менен чуңкур иштерин өткөрүүнү камсыздасын;

- шаардын  борбордук көчөлөрүндө  кичи автобустук   каттамдарды

оптимизациялоону жүргүзсүн;

- Бишкек шаарындагы санитардык-экологиялык абал жөнүндө  маалымат   берсин;

- 2014-жылда шаардагы жумуш орундарынын накта бардыгы жана жумуш орундарынын түзүлүшү жөнүндө маалымат берсин.

  3.  Ушул токтомдун аткарылышы боюнча жасалган иштин
жыйынтыктары  жөнүндө  Бишкек шаардык кеңешине маалымат берсин.

  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасына (М. А. Аманкулов) жана  Бишкек шаарынын мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

26- март 2015-жыл,  № 114

   

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Депутаттык ыйгарым укуктарын

өз ыктыяры менен тапшыруу жөнүндө

 “Замандаш-Современник” фракциясынан Бишкек  шаардык  кеңештин   депутаттары Л. В. Ардаминанын жана С. В. Епифанцевдин  депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшыруу жөнүндө түшкөн арыздарына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”  мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Замандаш-Современник” саясий партиясыны  фракциясынан Бишкек  шаардык  кеңештин депутаттары Любовь Викторовна Ардаминанын жана Станислав Викторович Епифанцевдин депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшыруу жөнүндө түшкөн арыздары  канааттандырылсын.

2. Ушул токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлсүн.

3. Токтом жалпыга –маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

20- май 2015-жыл, № 132     

Бшкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын

28-декабрындагы  №4 “Туруктуу комиссиялардын

курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине

өзгөртүүлөрдү   жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын  лидери – А. М. Кененбаевдин катына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр чыгарылсын:

а) “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Алмаз Муканович Кененбаев Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер,  укук  тартиби боюнча  туруктуу комиссиясынын курамынан;

б) “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Дамирбек Толосунович Джумашов Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы  боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан.

  2. Төмөнкүлөр киргизилсин:

а)  “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Алмаз Муканович Кененбаев Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына;

б) “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Дамирбек Толосунович Джумашов Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына.

  3. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын  28 - декабрындагы  №4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор  киргизилсин:

а)  1-пункттун 5-сабы алынып салынсын.

б) 2-пункттун 5-сабындагы “Дамирбек Толосунович Джумашов” деген сөздөр “Алмаз Муканович Кененбаев” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 4-пункт төмөнкү мазмундагы 9-сап менен толукталсын:

“Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Дамирбек Толосунович Джумашов;

  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

20-май 2015-жыл, № 130    

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасынын  орун басарынын

ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн

мурда токтотуу жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын  орун басары Л. В. Ардаминанын түшкөн арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

   1. “Бишкек  шаардык   кеңештин    төрагасынын   орун   басары

Любовь Викторовна  Ардаминанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

   2. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №6 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

   3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

20-май 2015-жыл, № 133

     

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин «Бишкек шаардык

кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 153

«Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде

турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу

тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин токтомун Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык келтирүү максатында,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 153  «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 5-пункттагы:

«муниципалдык менчик жана жер маселелери» деген сөздөр «муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура»деген сөздөргө алмаштырылсын;

«вице-мэр А. В. Филатов» деген сөздөр «муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, шаарды өнүктүрүү жана реконструкциялоо маселелерин тейлеген вице-мэр (Б. О. Дюшембиев)» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2.  Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы        № 153 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

“Комиссиянын мүчөлөрү” пунктунун 2-абзацындагы “башкармалыктын начальниги” деген сөздөр “бөлүм башчысы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Комиссиянын мүчөлөрү” пунктундагы 3-абзац алынып салынсын.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, шаарды өнүктүрүү жана реконструкциялоо маселелерин тейлеген вице-мэрге (Б. О. Дюшембиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

20-май 2015-жыл, № 128