Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 26 май № 34

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) киришмедеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” деген сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

б) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө” жобонун:

2-пунктундагы “өткөрүп берүүгө (мындан ары - өткөрүп берүү)” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинде күрөөгө коюуга” деген сөздөр менен толукталсын;

4-пункттун 23-абзацындагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

13-пункттагы:

“органга” деген сөздөн кийин “кандайдыр бир объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле жайгаштыруу каралбаган жер участоктордон тышкары” деген сөздөр менен толукталсын;

“Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 жумуш күндүн ичинде архитектуралык-пландоо шарттарынын бар же жок экендиги жөнүндө тийиштүү документти жана жер участогун пайдалануу укугун узартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.” деген  сөздөр “Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга уруксат берүүчү документтин бардыгы же жоктугу жөнүндө тийиштүү маалыматты жөнөтөт.” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

14-пункттун 1-кичипункту “10 пайызга” деген сөздөн кийин”, анын ичинде “кандайдыр бир объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле жайгаштыруу каралбаган жер участокторго” деген сөздөр менен толукталсын;

21-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Эгерде  жер участок мурда ижара акысын төлөө шартысыз берилген болсо, жер пайдалануу укугун узартуу ушул жобонун 14-пункту менен жөнгө салынат.”;

V бөлүмдүн аталышындагы “өткөрүп берүүгө,” деген сөздөрдөн кийин “күрөөгө коюуга” деген сөздөр менен толукталсын;

23-пунктундагы “өткөрүп берүүгө,” деген сөздөрдөн кийин “күрөөгө коюуга” деген сөздөр менен толукталсын;

25-пункттагы “жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган эксплуатацияга киргизүү актысы болгон учурда, ошондой эле”  деген сөздөр алынып салынсын;

26-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Долбоорлоо жана куруу, ошондой эле кандайдыр бир объекттерди жайгаштыруу каралбаган жер участокторун пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө макулдук жер участогу келишимдик мамилелерге ылайык пайдаланылган учурда берилет.”;

төмөнкү мазмундагы 27-1 - пункту менен толукталсын:

“27-1. Жер участогун пайдалануу укугун күрөөгө коюуга макулдук объектти эксплуатацияга киргизүү актысы болгон учурда берилет.

Жер участогун пайдалануу укугун күрөөгө коюунун колдонуу мөөнөтү ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. Колдонуу мөөнөтү аяктагандыгы боюнча жер участогунун ижара келишими токтотулган учурда жер участогун пайдалануу укугунун күрөө менен камсыздоо жер участогуна колдонулбайт.

Күрөө предметин соттон тышкары жана соттук тартипте өндүрүп алууда имараттын жана курулуштун менчик ээси ыйгарым укуктуу орган менен ижара келишимин кайра түзүүгө, жер участогун пайдалануу мөөнөтүн узартууга же жер участогун баштапкы абалына келтирүүгө милдеттүү.”;

29-пункт  төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Жөнөкөй шериктештик (биргелешкен иш) келишимин түзүүгө макулдук берүү ижарачыга арызы катталган учурдан тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде берилет жана жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын кароо актысын талап кылбайт.”;

32-пункттагы “бир айдын” деген сөздөр “эки айдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“35. Чарба шериктештиктеринин жана коомдорунун уставдык капиталына салым же өндүрүш кооперативине пайлык төгүм катары жер участогуна укуктарды киргизүү үчүн макулдук берүүгө жол берилбейт.”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев

 

Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин  негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 6-пунктунун 3-абзацындагы “ Чеченова Мадина Жамаловна” деген сөздөр “Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                 К. Конгантиев           

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу тутумун өркүндөтүү, шаардыктарды тейлөө сапатын жана маданиятын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш-аракеттерди тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, ишканалардын жетекчилеринин Бишкек шаарында транспорттук тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы №264 «Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кенештин төрагасы                                                            К. Конгантиев

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу тутумун жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү жана жөнгө салуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 50 «Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

         3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана  транспорт маселесин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                     К. Конгантиев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 5  апрель № 23

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеӊештин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын № 2 Тизмеси;

2-тиркемеге ылайык, № 2 тизмеге киргизилген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусуна бериле турган муниципалдык мүлктүн объекттеринин № 2 тизмеги.

2.      Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу башкаруу  боюнча департаменти белгиленген тартипте:

 муниципалдык мүлктүн реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин (№ 1, 2 жана 3 тизмектер) жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

эки айдын ичинде муниципалдык мүлкүн анализин (анализ бардык көлөмүн жана суммасын катышы керек) даярдасын;

2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө муниципалдык менчиктин жаңыланган реестрин даярдасын;

Маалыматтардын электрондук базасын иштеп чыксын жана 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө муниципалдык мүлктүн абалы тууралуу онлайн режимде киргизсин

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев