Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29 сентябрь № 51

Бишкек шаардык кеңешинин “Сыйлыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

 

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиянын ишин жөнгө салуу максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамын ыйгаруу, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик тилде «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» жобо бекитилсин.

 

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) токтомдун киришмесинде:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 122 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы" деген сөздөр алып салынсын.

б) Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө жобонун 29-пункту “фракция лидерлерин” деген сөздөн кийин “(жүйөөлүү себептер менен лидерлер жок болгон учурда, алардын орун басарларынын катышуучу укук ченемдүү)” деген сөздөр менен толукталсын».

 

3. Ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык мамлекеттик тилде «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобо бекитилсин.

 

4.  Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 “Жаңы редакциядагы “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) токтомдун аталышындагы "жаңы редакциядагы" деген сөздөр алып салынсын;

б) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

“Жалпы жоболор” I главанын 4-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

 “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамынан ажыратуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын, Бишкек шаарынын мэринин өтүнүчү боюнча, ардактуу наамдын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген аракеттер жасалган учурларда, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен чакыртылып алынышы мүмкүн.

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын чакыртып алуу тууралуу өтүнүчтү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында бул маселени кароо тууралуу чечим кабыл ала турган сыйлыктар боюнча комиссия карайт.

Маселе тийиштүү профилдик комиссия карагандан кийин сессиянын кароосуна киргизилет.”;

1-пункттун 5-абзацы «сессияда бекитүү үчүн талапкерлердин тизмесине автоматтык түрдө киргизиле турган, » деген сөздөр менен толукталсын;

3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары бир талапкерден, ошондой эле уюмдар, коомдук бирикмелер жана айрым граждандар өтүнүч катары киргизиши мүмкүн.»;

5-пунктта:

"Сунуш" деген сөз "Өтүнүч" деген сөз менен алмаштырылсын;

б) төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчү менен төмөнкү документтер киргизилет:

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатына сыйлыктарды белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген формадагы сыйлоо барагы;

кадрдык эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же сыйлануучунун таржымалы;

Бишкек шаарынын сыйлыктары, мамлекеттик сыйлыктары жана Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы бар экендигин тастыктаган күбөлүк же башка тастыктоо:

сыйлануучунун паспортунун көчүрмөсү.»;

8-пункттагы "эки айдан кийин" деген сөздөр "бир айдан кеч эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9-пункттагы "жашыруун добуш берүү менен" деген сөздөр алынып салынсын;

10-пунктагы “7 талапкер” деген сөздөр “8 талапкер” (үч чакырылыштан кем эмес катары менен шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бул санга кирбейт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин «12. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү коомчулуктун сыйлыктарынын бири, Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон адамга ыйгарылат».

“Комиссиянын функциялары” IV глава төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын чакыртып алуу тууралуу өтүнүчту карайт.”.

 

5.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын убактылуу

милдетин аткаруучу                                                                   Ж. А. Абдраимов

        

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 29 сентябрь № 50

 

Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 11 130 052,9 миӊ сом суммада, чыгашалар боюнча 10 545 388,4 миӊ сом суммада, чыгашалардан кирешелерди ашыруу боюнча 584 664,5 миӊ сом суммада бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

 

 

 

Төраганын убактылуу

милдетин аткаруучу                                         Ж. А. Абдраимов

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29 сентябрь № 48

 

Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

 

Шаардыктардын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн, салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.  Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

  1) квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15-числосуна чейин жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешине берсин;

  2)  ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул  токтом  каттоодон  өткөрүлсүн  жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                              К. Конгантиев

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 29 сентябрь № 49

 

«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына Бишкек шаарынын бюджетиненбюджеттик кредит берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын иш-аракеттерин жандандыруу үчүнколдоо көрсөтүү максатында,Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна,79-беренесинин5-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

    1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын 2022-жылгабюджетинен «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына30 000,0 миң сом суммасындабюджеттик кредит берүүгө макулдук берилсин.

    2. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) төмөндөгү шарттарда кредиттик келишим түзсүн:

2025-жылдын 15-апрелинен тартып2032-жылдын 15-октябрына чейинтекши төлөмдөр мененнегизги карыз боюнча карыздыжоюу;

жылына эки жолу негизги карыз жана бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар боюнча карызды жоюунун мезгилдүүлүгү;

0,1 жылдык пайыз - бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык коюму;

кечиктирген карыздын суммасына эсептеленүүчү 0,5 жылдык пайыз -финансылык санкциялар;

2) «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы тарабынанушул токтомдун1-пунктунда көрсөтүлгөнбюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздасын.

    3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

       4. Ушул  токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы  жана  инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу                       Ж. А. Абдраимов

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 15-сентябрь № 44

                   

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу  үчүн, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын (мындан ары - Курултай) 2022-жылдын 5-ноябрына (ишемби), саат 10:00дө, Чүй проспекти, 251 дарегинде (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония) өткөрүү белгиленсин.

 

2. 1-тиркемеге ылайык курамда Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын  курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссия түзүлсүн.

 

3. Курултайга өкүлчүлүктүн чени делегаттардын 800 санында белгиленсин.

 

4. 2-тиркемеге ылайык Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги бекитилсин.

 

5. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия:

2022-жылдын 25-октябрына чейинки мөөнөттө  Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамаатынын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрсүн;

боло турган Курултай тууралуу Бишкек шаарынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;

Курултайда аны бекитүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын күн тартибинин долбоорун иштеп чыксын.

 

6. Бишкек шаарынын мэриясы Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин.

 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы  К. К. Конгантиевге,  Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. К. Абдиевге жана биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри Э. М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                            К. Конгантиев