Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  20-декабрындагы № 16

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын (2021-жылдын 5-октябрындагы чыгыш № 19/2210) кайрылуусун эске алып, муниципалдык мүлктү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Бишкек шаардык кеӊеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеӊешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2021-жылдын 28-сентябрындагы № 11 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»;

2021-жылдын 28-сентябрындагы № 12 «Муниципалдык турак-жайды акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө».

2.   Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жѳнѳтүлсүн. 

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын санариптештирүү жана транспорт маселелерин тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                К. Конгантиев

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын 2-ноябрынын

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу"  жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуусун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин жете комплекттөө үчүн талапкерлердин тизмеси Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                      К. Конгантиев

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 13

ТОКТОМУ


Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 177 «2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1-пункттагы «10 230 993,6», «5 255 794,1», «1 328 086,4», «1 279 577,1», «1 130 532,5», «1 237 003,5» деген цифралар тийиштүү «10 237 997,9», «5 410 859,4», «1 294 219,8», «1 229 131,1», «1 109 317,4», «1 194 470,2» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) 12-пункттагы:

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

«3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинин  кызматкерлеринин айлык акысына - 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы»;

7-пунктчасындагы «жана башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга» деген сөздөр алып салынсын;

3) 13-пункт төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:

««Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде» - 35 сом;

Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунда - 100 сом»;

4) 14- пункт төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын:

««Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде, Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунда - 12,50 сом.»;

5) 15-пункт төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:

 «балдардын күндүзү болуусу менен адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында бир тайпага эсебинде тарбиячылардын 2,0 ставкасын күтүүгө;

балдардын күндүзү болуусу менен адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында бир тайпага эсебинде тарбиячылардын жардамчыларынын 1,5 ставкасын күтүүгө;

«Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесин күтүүгө;

Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборун күтүүгө»;

6) 16-пунктта жана 4-тиркемеде «үй комитеттеринин» деген сөздөрдөн кийин «турак жай ээлеринин шериктиктери» деген сөздөр кошулсун;

7) 21-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«21. 6, 6-1, 6-2-тиркемелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу «Алтын-Булак пансионаты» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунун кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.»;

8) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

9) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

10) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 6-2- тиркеме менен толукталсын;

11) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

12) 24-пункттагы «209 229,0» деген цифра «260 921,3» деген цифрага алмаштырылсын;

13) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                       К. Конгантиев

Тиркеме:

- 2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү (xlxs. 295 Кб)

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын 2-ноябрынын

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу"  жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуусун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин жете комплекттөө үчүн талапкерлердин тизмеси Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                      К. Конгантиев

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 12

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5, 13 жана 58-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине,  Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи  орун басары А. Дж. Джунушалиевдин 2021-жылдын 25-июнундагы № 14-1851 өтүнүч катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде өткөн Баткен окуясында курман болгон, “Эрдик” мамлекеттик сыйлыгы менен курман болгондон кийин сыйланган, Бишкек шаарында каттоосу жок, прапорщик Бекзодбек Давлатбекович Юлдашевдин жубайы Гулхаё Жамалиддиновна Кодировага Бишкек шаары, Москва көчөсү, үй №191, батир №161 дарегинде жайгашкан, индентификациялык коду 1-01-13-0013-0628-01-161 муниципалдык  турак жай   акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен  менчикке берилсин.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн  муниципалдык турак жайды акысыз негизде  менчикке өткөрүп берүү келишимин  түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана  тейлеген Бишкек шаарынын     вице-мэрине жүктөлсүн.

Тѳрага                                                                                      К. Конгантиев