Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

 

Бишкек шаарынын административдик

райондорун башкаруу тартибин бекитүү

жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Борбор шаардын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын административдик райондорун башкаруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы (Кулматов К. К.) төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын  кароосуна киргизсин:

Бишкек шаарынын административдик райондору жөнүндө жобону;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жалпы талаптары жана эрежелери менен муниципалдык тапшырык жөнүндө бирдиктүү жобону.

3. Ушул токтом каттоодон  өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Айсаев) жана Бишкек шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэрине (З. Т. Малабеков) жүктөлсүн.

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

20-май 2015-жыл,  № 127 

                      Бишкек шаардык кеңештин

          2015-жылдын  “20”майындагы

          №127 токтомуна  тиркеме

        

Бишкек шаарынын административдик райондорун

башкаруу тартиби

 

I. Жалпы жоболор

1.  Бишкек шаарынын административдик райондорун башкаруу тартиби Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрүнүн  административдик райондун аймагында жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен иши жана өз ара аракеттери маселелерин жөнгө салат.

2.  Бишкек шаарынын административдик райондорун башкаруу тартиби

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.

3. Бишкек шаарынын аймагы шаарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги  маселелерди чечүү максатында,  өз алдынча администрациялык-аймактык бирдиктер болуп саналбаган, азыркы чектерде төмөнкү төрт административдик райондорго бөлүнөт: Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондору.

4. Административдик райондорду башкаруу төмөнкү принциптерде жүргүзүлөт:

а)  шаардыктарды сапаттуу муниципалдык, мамлекеттик кызматтар, ошондой эле жарандардын жашоо ишмердиктерин кызматтар  менен камсыз кылуу боюнча  максималдуу шарттарды түзүү;

         б) Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде башкаруу маселелеринде  Бишкек шаарынын административдик райондорунун өз алдынчалыгы;

         в) административдик райондорду өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн каржы ресурстарын максималдуу топтоо;

г) Бишкек шаарынын административдик райондорунун өз иш-милдеттерин аткаруусу;

  д)  жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:

 коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо;

жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;

ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.

       5. Бишкек шаарынын административдик райондорун башкаруу усулдары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) административдик райондорду өнүктүрүү пландарын, административдик райондордун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын деңгээлинде Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн иш пландарын түзүү жана аткаруу;

  б)  өз иш-милдеттерин натыйжалуу аткаруусу;

  в)  өкүлдөнгөн маселелер боюнча муниципалдык тапшырыкты түзүү жана жайгаштыруу;

  г) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсү;

  д)  каржы ресурстарын башкаруу;

  е)  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү сапатын баалоо, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттын жашоо тиричиликти камсыздоо чөйрөсүндө иштин аткарылышы.

II.  Административдик райондорду башкаруу тутуму

        6. Административдик райондорду башкаруу тутумуна төмөнкүлөр кирет:

а) Бишкек шаарынын административдик райондун аппараты;

б) Бишкек шаарынын административдик райондорунун деңгээлиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү;

в) муниципалдык аймактык башкармалык.

       7.  Административдик район – Бишкек шаарынын административдик районунун аймагында жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин макулдашылган ишин камсыз кылуучу Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмү.

   8.  Бишкек шаарынын административдик районунун башчысы өз ишинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.

         9. Бишкек шаарынын административдик районунун укуктары, ыйгарым укуктары, ишин уюштуруу тартиби Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыгуучу жана Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилүүчү  жобо менен аныкталат.

10. Бишкек шаарынын административдик районунун башчысы шаардын мэриясынын аймактык бөлүмдүн жетекчиси болуп саналат жана иш-милдеттерин өзүнө Бишкек шаарынын мэри тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жүзөгө ашырат.

11.  Бишкек шаарынын административдикрайонунун башчысы:

а) административдик райондун, райондун жашоо-тиричилигин камсыз кылуу боюнча ведомстволук баш ийүүдөгү уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ошол иштердин натыйжалары үчүн жооп берет;

б) Бишкек шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды тийиштүү деңгээлде аткарууну уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

в) Бишкек шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

12. Муниципалдык аймактык башкармалык – өз ыйгарым укуктарынын алкагында, муниципалдык кызматтарды берүүнү уюштурууну, ошондой эле тийиштүү аймакта жарандардын жашоо тиричилигин камсыздоо боюнча кээ бир  иштерди аткарууну камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмү.

Муниципалдык аймактык башкармалыктын ишин контролдоону жана кординациялоону Бишкек шаарынын административдик району жүзөгө ашырат .

III.  Административдик районду өнүктүрүү планы

 

         13. Административдик районду өнүктүрүү планы шаарды өнүктүрүү артыкчылыктарынын, жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чектеринде аныкталган жана  Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген программаларды жана иш-чараларды кошуу менен муниципалдык аймактык башкармалык аркылуу тикелей шаардыктардын өздөрү, Турак жай менчик ээлеринин (ТЖМЭ), Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун (АКӨАБ), кварталдык, үй комитеттеринин) чогулушу аркылуу түшүүчү райондордун  тургундарынын демилгесинин негизинде түзүлөт.

      14.  Административдик районду өнүктүрүү планын түзүү этаптары:

       а) жыл сайын муниципалдык аймактык башкармалык аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар аркылуу берилген калктын артыкчылыктарын милдеттүү түрдө кошуу менен акмакты өнүктүрүү планын түзөт;

б)  административдик районду өнүктүрүү планы Бишкек шаарынын административдик районунун компетенциясына кирген Бишкек шаарынын мэриясынын  программаларды жана иш-чараларды кошуу менен муниципалдык аймактык башкармалыктын иш планынын жалпыланган көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлөт.

Административдик районду өнүктүрүү планын түзүү тартиби – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча  өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жана өткөрүлүп берилүүчү иш-милдеттер алкагында Бишкек шаарынын административдик районунун компетенциясы, Бишкек шаарынын административдик району жөнүндө жобо менен аныкталат. Районду өнүктүрүү планына Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу жана тийиштүү административдик райондун аймагында өнүктүрүүгө таасири бар программалар жана иш-чаралар  киргизилет.

15. Районду өнүктүрүү планы Бишкек шаарынын административдик районунун финансылык ресурстарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган булактарды, шаардыктардын жана өнөктөштөрдүн салымын эске алуу менен түзүлөт.

          16. Районду өнүктүрүү планы Бишкек шаарынын мэри тарабынан бир жылга бекитилет. Үстүбүздөгү жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин параметрлери бекитилгенден кийин районду өнүктүрүү планына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүүгө жол берилет.

17. Бишкек шаарынын административдик районунун башчысы Бишкек шаарынын мэри тарабынан  берилген ыйгарым укуктарды, ошондой эле,  административдик районду өнүктүрүү планын ишке ашырууну тиешелүү деңгээлде аткарууну уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык райондук администрацияга административдик районду өнүктүрүү пландарын натыйжалуу ишке ашырууга шарт түзүүчү ыйгарым укуктарды берет.

18. Бишкек шаарынын административдик району муниципалдык, өткөрүлүп берилген мамлекеттик кызматтарды, ошондой эле жарандардын жашоо тиричилигин камсыздоо боюнча кызматтарды берүүнү, анын ичинде бекитилген жобого ылайык муниципалдык тапшырыкты түзүү жана ишке ашыруу аркылуу камсыз кылат.

 

IV.  Бишкек шаарынын административдик районунунБишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара  аракеттенүүсү

 

       19. Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрүнүн иш пландары жана негизги милдеттери Бишкек шаарынын административдик районун өнүктүрүү планына ылайык келиши керек.

       20. Райондун аймагында жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрү районду өнүктүрүү планын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле мамлекеттик аймактык органдар менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде  райондун өнүктүрүүнүн негизги индикаторлоруна жетишкендиги үчүн административдик райондун башчысына отчёт берет.

       21. Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан өз милдеттери талаптагыдай аткарылбаган учурда, административдик райондун башчысы Бишкек шаарынын мэрине ага карата тартиптик таасир этүүчү чара көрүү жөнүндө көрсөтүү жөнөтөт.

 

V.  Бишкек шаарынын административдик районунунмамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү  менен өз ара  аракеттенүүсү

       22. Бишкек шаарынын административдик районунун мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсү өнөктөштүктүн жана аракеттерди макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.

       23. Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү Бишкек шаарынын  административдик районунун өнүктүрүү планын талкуулоого катышууга укуктуу.

       24.  Бишкек шаарынын административдик району мамлекеттик органдардын тийиштүү аймактык бөлүмдөрүнүн ишин баалоону уюштурат, жыйынтыктары жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясын маалымдайт.

       25. Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү тарабынан калкка кызмат көрсөтүү боюнча иш-милдеттер талаптагыдай аткарылбаган учурда, Бишкек шаарынын административдик районунун башчысы Бишкек шаарынын мэрин тийиштүү мамлекеттик органдарга тиешелүү кызмат ээлерине чара көрүү тууралуу  сунуштарды жөнөтүү зарылчылыгы жөнүндө маалымдайт.

VI. Бишкек шаарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо  тутуму

26.  Бишкек шаарынын административдик районунун аймагында мониторинг жүргүзүүнүн  жана баалоонун төмөнкүдөй түрлөрү жүргүзүлөт:

         а) Бишкек шаарынын административдик районун өнүктүрүү пландарын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;

         б) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына калктын канааттануу деңгээлин баалоо;

         в) муниципалдык жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин баалоо.

27. Мониторинг жүргүзүү жана баалоону жүргүзүү тартиби Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.

28. Бишкек шаарынын административдик районун өнүктүрүү пландарынын аткарылышын баалоо жыйынтыктары Бишкек шаарынын мэриясынын жана тийиштүү Бишкек шаарынын административдик районунун расмий сайттарына жайгаштырылат.

29. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына калктын канааттануу деңгээлин баалоо ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагында жүргүзүлөт жана муниципалдык аймактык башкармалыктын  иш пландарын жана  Бишкек шаарынын административдик районун өнүктүрүү планын түзөтүү үчүн негиз болуп саналат.

Муниципалдык, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына калктын канааттануу деңгээлин баалоо, ошондой эле калктын жашоо тиричилигин камсыздоо боюнча кызматтар кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишин комплекстүү баалоого кирет.

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат  жетекчиси                                                               Э. Нурдавлетов

 

  

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын  билим берүү

уюмдарында балдардын тамактануусун

уюштуруу жөнүндө

            Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 25-июнундагы № 82 “Ачык мүмкүнчүлүктөр  шаары” 2014-2018-жылдарга   карата   Бишкек   шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө”  токтомунун  муниципалдык башкарууну децентралдаштыруу тутумун өркүндөтүү,  Бишкек шаарында сапаттуу балансталган тамактандырууну камсыздоо жолу менен мектепке чейинки  жана  мектеп курагындагы балдардын  ден-соолугун чыңдоо үчүн  оптималдуу шарттарды түзүү,  шаардын мектептеринде  окугандардын тамактануусун экономикалык натыйжалуу уюштуруу тутумун түзүү бөлүгүн ишке ашыруу   максатында,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо  бекитилсин.

         2.   Бишкек шаарынын мэриясы(Кулматов К. К.):

бекитилген жобого ылайык билим берүү уюмдарында  балдардын  тамактануусун уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөсүн;

тамак-аш продуктыларын жана кызматтарды сатып алууга тендерге катышуу үчүн сынактык документти  иштеп чыгууда  генетикалык модификацияланган организмдин (ГМО) химиялык жана даам берүүчү кошулмалардын жоктугуна тастыктамалардын бардыгы жөнүндө талаптарды карап чыксын

         3.  Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана  Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  жөнөтүлсүн.

         4.  Ушул токтом  расмий жарыяланган күндөн тартып  он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

         5Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы № 460 “Жалпы билим берүү уюмдарында  балдарды  тамактандырууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жана 2006-жылдын 28-сентябрындагы № 242 “Бишкек шаарынын  билим берүү уюмдарында балдарды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту  деп эсептелсин.

         6.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (А. Т. Сариев) жана  социалдык   маселелерди   тейлеген    Бишкек   шаарынын   вице-мэрине (А. М. Рыскулова)  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                     М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

20-май 2015-жыл, №129

                                                                                               Бишкек шаардык кеңештин

                                                                                               2015-жылдын “20” майдагы

                                                                                               №129  токтомуна тиркеме

 

Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында

балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

 

         1. Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы №372 ПЖ «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы  №673 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” жобого жана билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу  тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты.  

        2. Бул Жобо тартипти жөнгө салат жана төмөнкү категориялар үчүн Бишкек шаарынын  муниципалдык билим берүү уюмдарында (мындан ары - билим берүү уюмдары) балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча иш-милдеттерди жүктөйт:

        а) мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдар үчүн;

        б) Бишкек шаарынын атайын (көмөкчү) мектептеринин жана мектеп- интернаттарынын окуучулары үчүн;

        в) башталгыч класстардын окуучулары  (1-4-класстар), ошондой эле, билим берүү уюмдарындагы  5-7-класстардын окуучулары - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн.

II. Тамактанууну уюштуруу тартиби   

       3. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы:

     а) тамактанууну уюштуруу методологиясын иштеп чыгууну жүзөгө ашырат, билим берүү уюмдары үчүн  (мектеп-интернаттарынан тышкары) Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен (мындан ары – МСЭКБ) макулдашылган перспективдүү менюну бекитет;

     б) билим берүү уюмдарында  балдардын тамактануусун уюштуруу үчүн   мониторинг жана контроль  жүргүзөт;

    в) билим берүү уюмдарынын тамак-аш блоктору жана ашканасы үчүн  эмеректерди жана өндүрүш жабдыктарын алып берет;

    г) зарыл болгон учурда мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн адистерин тартуу менен, Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана мектеп уюмдарына жеткирилүүчү тамак-аш азыктарынын жана даяр азыктардын сапатын контролдоо боюнча комиссия түзөт.

      4. Бишкек шаарынын административдик райондору:

     а) ведомство алдындагы аймакта турган билим берүү уюмдар үчүн тамак-аш азыктарын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүүнү  өз убагында жана толук каржылоону  камсыз кылат;

     б) тамактануунун сапатын жакшыртуу үчүн билим берүү уюмдарынын тамак-аш блокторунун жана ашканаларынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана жаңыртуу боюнча иш жүргүзөт; 

     в) Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык ведомство алдындагы аймактагы тамак-аш азыктарын жана тамак берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процессинде билим берүү уюмдарында акча каражаттардын сарамжалдуу пайдаланылышы үчүн контролду жүзөгө ашырат;

     г) билим берүү уюмдарын себилдөөнү бекитет;

     д) Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык комитети тарабынан бекитилген (№ ОШ 1 формасы, №76-РИК формасы боюнча жыйынтыктоо отчёту) отчёттордун мектептер тарабынан түзүлүшүнүн тууралыгын контролдойт.

           5. Райондук билим берүү борборлор:

    а) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык билим берүү уюмдарында тамак берүү боюнча  тамак-аш азыктарын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

     б) тамак-аш азыктарынын көлөмүнө эсепти, ошондой эле, алардын  пайдаланылышы жөнүндө  отчёттуулукту  жүргүзөт; 

     в) билим берүү уюмдарынын ашканаларында жана тамак-аш блокторунда техникалык иштерди аткаруу үчүн атайын уюмдарды тартышат; 

     г) билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын  ташуу графигин бекитет;

     д) жеткирип туруучулар жана ижарачылар тарабынан  келишим  шарттарынын аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;

     е) Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте билим берүү уюмдары тарабынан тамактанып жаткан балдардын учётун так талаптагыдай жүргүзүлүшүнө, ошондой эле  мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткирилүүчү тамак-аш азыктарынын санына жана сапатына контроль жүргүзөт.

  

         6. Билим берүү уюмдары:

     а)  билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштурууну  түздөн-түз жетекчиликти жүзөгө ашырат;

     б) тамак-аш блокторду жана жабдыктарды, электр энергия булактарын тиешелүү эксплуатациялоо үчүн контролду жүзөгө ашырат; 

     в) билим берүү уюмдарында балдардын тамактануу режиминсактоону бекитетжана камсыз кылат;

     г) ата-энелер коомчулугунун жана көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен тамак-аш азыктарынын жана даярдалган тамактардын сапатын контролдоо боюнча  комиссия түзүүнү демилгелейт, ошондой эле, бул комиссиянын толук кандуу иштөөсү үчүн тийиштүү шарттарды түзөт;

     д) тамактанууну уюштуруу процессинин бардык катышуучуларынын (экспедиторлорду, ашпозчуларды, техникалык тейлөөчү персоналды) медициналык кароодон өткөндүгү жөнүндө документтеринин, ошондой эле, тамак-аш продуктыларына тастыктамалардын болуусун,  тамак-аш продуктыларын ташуунун бекитилген графигинин аткарылышын, тамак-аш продуктыларын ташып жеткирүү үчүн транспорттун тийиштүү санитардык-техникалык абалын талап кылат; 

     е) мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш продуктыларын жеткирүүгө табыштамаларды түзөт жана райондук билим берүү борборлоруна берет;

     ж) тамактанууну уюштуруу боюнча балдар жана ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен уюштуруу жана түшүндүрүү  иштерин жүзөгө ашырат;

     з) тамактанууну уюштуруу боюнча тийиштүү документтерди (буйруктар, төлөөгө эсептер, тамактанууга журнал/ табель) жүргүзөт;

     и) накта тамактанып жаткан балдардын так санынын күнүмкү учетун  жүргүзөт. 

  

7. Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттыксактоо департаменти:

      а)  Бишкек шаарынын мектептерине медициналык кызматкерлерди бекитет;

      б) ашкана кызматкерлери, окуучулар, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен балдардын ден-соолугун сактоо темасында профилактикалык иштерди жүргүзөт.

8. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти:

 тендердик комиссиянын чечиминин негизинде турак эмес жайларды (муниципалдык мектептердин ашканасын) жана ижарага алынган жайда турган мүлктү ижаралоо келишимин түзөт.

Ш. Каржылоо

         9. Билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусуна чыгымдарды каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

а)  бюджеттик каражаттар;

б) ата-энелердин төлөмдөрү;

в) Кыргыз Республикасынын  мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган булактар.

IV. Отчёттуулук

         10. Тамактанууну уюштуруу боюнча отчёттуулук  билим берүү уюмдары жана райондук билим берүү борборлору тарабынан Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

         11. Билим берүү уюмдары ай сайын сатып алуучу уюмга - райондук билим берүү борборлоруна жалпылоо жана административдик райондун каржы бөлүмүнө жөнөтүү үчүн отчёт беришет. 

V. Кызматташуу

         12. Тамак-аш продуктыларын жеткирип берүүчүлөрдүн жана тамактанууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жактардын  өз ара аракеттенүү тартиби жана жоопкерчилик деңгээли билим берүү уюмдарына тамак-аш продуктыларын жеткирүүгө жана ысык тамактанууну уюштурууга  келишимдер тарабынан  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жөнгө салынат.

         13. Билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу маселелери боюнча укук мамилелердин катышуучулары тамак-аш чийки заттарынын жана тамак-аш продуктыларынын техникалык регламенттеринин аткарылышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды, ошондой эле, тамак-аш продуктыларын жана даяр тамак-ашты лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн мамлекеттик эмес уюмдардын  эксперттерин жана адистерин тартууга укуктуу.   

         14. Тамактанууну уюштуруу маселелери боюнча  укук мамилелердин катышуучулары, тамактанууну уюштуруу боюнча продуктыларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча  тендердик комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамы жана бул укук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген талаптарга сатып алуулардын  ылайыктуулугун аныктоо максатында аудит жүргүзүү үчүн консультативдик агенттиктерди же уруксаттамаланган адистерди  тартууга укуктуу.

VI. Жоопкерчилик

         15. Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчылары,  социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, тамактанууну уюштуруу үчүн жооптуулар жана  билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул жобонун,  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын аткарылышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.

                                                        

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                   Э. А Нурдавлетов 

 

Бишкек шаардык кенештин

ТОКТОМУ

Турак жай ээлеринин шериктиктеринин

жалпы үлүштүк менчигине жалпы мүлктү

өткөрүп берүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин, Кыргыз Республикасынын “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  мыйзамдарын жетекчиликке алып, турак жай ээлеринин шериктиктеринин жалпы үлүштүк менчигине жалпы мүлктү өткөрүп берүү маселеси боюнча материалдарды карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

 

а) Шопоков көчөсү,  № 33 үй, № 35 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү (“Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүү укугунда турган муниципалдык турак эмес жайлардан тышкары) “Булак 33” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана  муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

б) “Чыгыш-5” кичирайону,  № 24/2 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү “Батыр Ордо” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана  муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

в) Чүй проспекти, № 73 үй  дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү “Ника” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана  муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

 г) Гоголь көчөсү, № 114 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү “Гоголь 114” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана  муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

д) 5-кичирайон, № 15 үй дарегинде жайгашкан  жалпы мүлктү “Пятнашка” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана  муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

е) 12-кичирайону, № 33 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү (“Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүү укугунда турган муниципалдык турак эмес жайлардан тышкары) “Ынтымактуу үй” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана  муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

ж) Исанов көчөсү, № 143 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү “Тынчтык миллион” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана  муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

  2. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 30-ноябрындагы     № 382 “Муниципалдык менчиктин объекттеринин тиешелүүлүгү маселесин талдап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтому менен бекитилген турак үйлөрдө жайгашкан муниципалдык жайлардын тиешелүүлүгүн табуу жана мындан ары аларды турак жай ээлеринин шериктиктиктерине өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча комиссия бул багытта ишти улантсын.

 

  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                         М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл,  № 123 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясынын

түзүмү жана штаттык саны жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу”  мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2015-жылдын  27-январындагы № 26 “Бишкек шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна  ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин:

       Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү (1-тиркеме);

        Бишкек шаарынын мэриясынын  аппаратынын  штаттык саны (2-тиркеме).

2. Бишкек шаарынын мэриясы (Кулматов К. К.):

 үч айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясынын колдонуудагы түзүмүн бул токтомго ылайык келтирсин;

түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн натыйжасында бошой турган жайларды жана аймакты муниципалитеттин социалдык объекттерин жайгаштыруу үчүн гана, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бошотулуучу (Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246да жайгашкан)  жайларды Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын оперативдүү башкаруусуна Борборлоштурулган китепкана тутумун жайгаштыруу үчүн өткөрүп берүү менен пайдалансын;

2015-жылдын 1-сентябрына чейин ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешке берсин;

2015-жылдын 1-декабрына чейин ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө отчётту Бишкек шаардык кеңешке берсин.

3. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 53 “Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук администрациялардын аппараттарынын түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү жөнүндө”  токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укуктук тартип боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко)  жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                   М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш., 20-май 2015-жыл, № 126 

 

Приложения:
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү

лифттерди күтүүгө, техникалык  тейлөөгө жана

уюштурууга  тарифтерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин 72-77 - беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына  ылайык, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин муниципалдык жана жалпы үлүштүк менчигинде турган Бишкек шаарынын лифттерин тиешелүү техникалык тейлөөнү жана эксплуатациялоону уюштурууну камсыздоо, ошондой эле шаардыктардын жашоосунун социалдык шарттарын теңдөө максатында, Бишкек шаардык кеңеш,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрдөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга төмөнкү өлчөмүндө тариф бекитилсин:

а)релейлик лифттерге батирдин жалпы аянтынын  (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсептебестен) 1,0 ч.м. үчүн айына 2,73 сом, анын ичинде  батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,70 сом өлчөмүндө лифттерди эксплуатациялоону уюштурууга жана  техникалык тейлөөгө жана күнүмдүк оңдоо иштерине батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,03 сом;

б) электрондук лифттерге батирдин жалпы аянтынын (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсептебестен) 1,0 ч.м. үчүн айына 3,12 сом, анын ичинде  батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,70 сом өлчөмүндө лифттерди эксплуатациялоону уюштурууга жана  техникалык тейлөөгө жана күнүмдүк ремонт иштерине батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,42 сом.

  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Кыргыз Республикасынын бекитилген ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык муниципалдык лифттерди тиешелүү күтүүнү, техникалык тейлөөнү жана коопсуз эксплуатациялоону  камсыз кылсын;

 б) эксплуатациялоонун ченемдик  мөөнөтүн өтөп бүткөн муниципалдык лифттерди этап-этабы менен модернизациялоону жана капиталдык-калыбына келтирүү ремонт иштерин, аларды кийин жашоочулардын жалпы үлүштүк менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берүү менен улантсын;

в) 2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде муниципалдык лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга каралган каражаттарды эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрүн өтөп бүткөн Бишкек шаарынын  лифт  чарбасын реабилитациялоого багыттасын.

  3. Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 199 “Бишкек шаарынын турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди камсыздоого жана техникалык тейлөөгө тарифти бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

  4. Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын ишин текшерүү тапшырылсын.

  5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

  6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт  жана   коммуникациялар   боюнча   туруктуу   комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэри   М. Н. Саккараевге  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                    М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл,  № 124