Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын  жашоочуларын

социалдык колдоо  жөнүндө

         Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Бишкек шаарынын  турмуштук кыйынчылыкка кабылган жашоочуларын социалдык колдоо максатында, Бишкек шаарынын билим берүү,  саламаттык сактоо объекттерин жана социалдык объекттерди   катуу отундун резервдик камдыгы менен камсыздоо  үчүн, кыштын узак мезгил суук болуусу болжолдонуп жаткандыгына байланыштуу, көмүр менен  коммуналдык кызматтарга баанын жогорулашына карата, стратегиялык багыттагы объекттерди, саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык объекттерди үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыздоо зарылдыгына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэри (К. К. Кулматов):

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын турмуштук кыйынчылыкка кабылган жашоочуларын  социалдык жактан колдоо жана билим берүү,  саламаттык сактоо объекттери, башка социалдык объекттер үчүн  резервдик катуу отун (көмүр)  сатып алууга акча каражатын   бөлүү  мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте стратегиялык багыттагы объекттерди, саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык объекттерди үзгүлтүксүз элекр азыктандыруу булагы (резервдик электр азыктандыруучу автономдуу генератолору) менен камсыздоо жөнүндө маселени карап чыксын.

2.  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте ай сайын Бишкек шаардык кеңешке бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Т. Сариевге,  Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ш. Докеновго жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучусу      З.Т. Малабековго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                                          М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

14-октябрь 2014-жыл, №100 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш”

муниципалдык ишканасынын иши

жөнүндө

         Шаардык айлана - чөйрөсүн жакшыртуу, Бишкек шаарынын жашыл фондун сактоо,  шаардык ирригациялык тутумду жакшыртуу жана өнүктүрүү, сапаттуу отургузулуучу материалдарды өстүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө” маалыматы эске алынсын.        

        

 2.  Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” Муниципалдык ишканасынын (мындан ары - “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” МИси) ишине контролду күчөтсүн.

        

3. “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” МИсинин  начальниги А. М. Атантаевдин “Бишкек шаарынын  жашылдандыруу курулуш” МИсинин сейил бактарындагы башкы агрономдун,  райондук агрономдордун, участоктордун устаттарынын жана участок начальниктеринин жүргүзгөн иши, функционалдык милдеттери үчүн  начар контролу белгиленсин.     

        

4. Бишкек шаарынын вице-мэри М. Н. Саккараев, “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” МИси (А. М. Атантаев), Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба жана жашоо-тиричиликти камсыздоо тутуму башкармалыгы (Н. К. Касымов),  Бишкек шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчик башкармалыгы (А. М. Омуралиев), Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы (К. А. Ажекбаров):

         - Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуикациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, 2015-жылы өз убагында жана үзгүлтүксүз ичүүчү суу берүү, Муниципалдык аймактык башкаруулар менен өз ара аракеттенүү жана  райондук агрономдордун, “Бишкек шарынын жашылдандыруу курулуш” МИсинин участок устаттарынын жана райондук МАБдардын  кол коюусу менен ичүүчү сууну берүү убагы жөнүндө МАБдардын графигин жана белгисин камтыган документти иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизсин;

         - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сапаттуу кызматтарды алуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында, Бишкек шаарынын бак-дарактарын отургузуу боюнча болжолдуу  эскиздик долбоорду иштеп чыгуу  жана  гүлдөрдү отургузууга  жана башка иштерге жеке компанияларды тартуу жана башка маселелер үчүн тендердик процесстерди өткөрүү жөнүндө маселени  карап чыксын;

         - өсүмдүктөрдүн  бардык түрлөрү боюнча Бишкек шаарынын бак-дарактарын инвентаризациялоону жүргүзсүн, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен бак-дарактарды кесүүнү  макулдашсын;

         - Бишкек шаарынын сейил бактарын, көк майсаңдарын, эс алуу зоналарын, жээк жолдорун, көчөлөрүн, аянттарын реконструкциялоо жана капиталдык жашылдандыруу боюнча Программа иштеп чыксын;

        

5. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 14-апрелиндеги №154-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын алкагында Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 18-февралындагы “Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүлүүсүн камсыз кылуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, магистралдык каналдарды капиталдык ремонттоо, шаардык ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү жана кеңейтүү, дренаждык тармактарды, скважиналарды жана сугаруучу суу түтүктөрүн калыбына келтирүү боюнча программаны иштеп чыксын, программада  көрсөтүлгөндөрдү ишке ашырууну жана каржылоону камсыз кылсын.

         6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын   вице-мэри М. Н. Саккараевге   жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                                М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

14-октябрь 2014-жыл, №99 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Виза коюлбаган Бишкек шаардык кеңештин

2013-жылдын 27-июнундагы "Курманжан Датка

атындагы кайрымдуулук фонддун жер участогун

пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын төлөөдөн

бошотуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп

табуу жөнүндө

 

Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2013-жылдын 12-июлундагы N 11/9-10-13, 2013-жылдын 19-июлундагы N 11/20-81-13 "Мыйзам бузууларга жол бербөө жөнүндө" эскертүүлөрүнүн негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Виза коюлбаган Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 27-июнундагы "Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фонддун жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В.М.Лисниченко) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек шаары,

2013-жылдын 19-ноябры, №52 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

“Тазалык” муниципалдык

ишканасынын иши жөнүндө

Жергиликтүү бюджеттен жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын (мындан ары- “Тазалык” МИси)  чарбалык  эсептеги иштен түшүүчү  акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан 2014-жылдын 22-сентябрынан тартып 25-сентябрын кошуп алганга чейин өткөрүлгөн жолугушуулардын жүрүшүндө  коммуналдык ишкананын ишине карата кабыл алынган Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун өз убагында аткаруу боюнча чараларды кабыл алуу  максатында, “Тазалык” МИсинин канааттандыраарлык эмес иши жөнүндө шаардыктардын көптөгөн кайрылууларын эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө” маалыматы эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишин контролдоо жаатындагы иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

3. Ал түзүлгөн учурда жок болгон, “Тазалык” МИсинин кредитордук карызынын системалуу өсүп жаткандыгы белгиленсин, бүгүнкү күндө карыз  250976, 12 миң сомду түзөт (ишкана 2008-жылдын 1-августунда түзүлгөн).

4. Бишкек шаарынын мэриясы:

- “Тазалык” МИсинин начальниктеринин иштеген мезгилинде түзүлгөн социалдык фонд жана салыктар боюнча карызы жөнүндө маалыматтарды карап чыксын жана ишкананын ар бир начальнигинин иштеген мезгили үчүн түзүлгөн карыздары боюнча тийиштүү анализ жүргүзсүн;

- карызды жоюу боюнча таасирдүү чараларды көрсүн;

- чарбалык эсептик иштен жана жергиликтүү бюджеттен түшүүчү финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу  жаатында “Тазалык” МИсине аудитордук текшерүүнү дайыма жүргүзсүн;

- Бишкек шаардык таштанды полигонунда  таразаны жана видео байкоо камерасын тез калыбына келтирүү боюнча чара көрсүн;

- Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 27-июнундагы №85 “Тазалык” муниципалдык ишканасындагы иштин абалы жөнүндө” токтомун аткаруу боюнча чара көрсүн;

5. Бул  токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай- коммуналдык чарба, отун -энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н.Десятников) жана Бишкек шаарынын мэриясынын вице- мэри М. Н. Саккараевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                       М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

14-октябрь 2014-жыл, №98 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы N 39

"Үн жазуу студиясы жана офиси бар вокалдык мектептин

курулушуна колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтому күчүн

жоготту деп табуу жөнүндө

 

Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2013-жылдын 20-июнундагы N 11/7-5 каршылыгынын, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин регламентинин192-пунктунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы N 39 "Үн жазуу студиясы жана офиси бар вокалдык мектептин курулушуна колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомукүчүн жоготту деп табылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясына жер участогунун бөлүнүүсүнүн мыйзамдуулугу жана анын максаттык багытына туура келүүсү жөнүндө маселени карап чыгуу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В.М.Лисниченко) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек шаары,

2013-жылдын 19-ноябры, №51