Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэринин

Бишкек шаарындагы иштердин

абалы жөнүндө отчету

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык Бишкек шаарынын мэри - К. К. Кулматовдун отчётун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш:

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын мэри - К. К. Кулматовдун Бишкек  шаарындагы иштердин  абалы жөнүндө отчету эске алынсын.

 2. Бишкек шаарынын  мэри - К. К. Кулматов:

-Шааркурулуш жана сейсмологиялык курулуш мамлекеттик илимий-изилдөө долбоорлоо институту  көтөрмө долбоорлоо уюму менен түзүлгөн Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча  келишимдин көчүрмөсүн  берсин;

-Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2014-жылдын 10-декабрындагы №11/8-124-14 "Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө" көрсөтүүсүнүн аткарылышы жөнүндө  толук маалымат берсин;

- Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттарынан билим берүү тутумунун чыгымдарын каржылоо механизмин аныктасын, "Бишкек шаарынын билим берүү  уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө" жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;

- Бишкек шаарындагы магистралдык каналдардын капиталдык ремонту, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарды калыбына келтирүү боюнча программаны иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;

- 2015-жылдын сугат сезонуна карата даярдык жана Бишкек шаарын үзгүлтүксүз  сугат суу менен камсыздоо жөнүндө маалымат берсин;

- ченемдерге жана талаптарга ылайык шаардык көчөлөрдү  курууну жана күтүүнү, белгиленген технологияларды эске алуу менен чуңкур иштерин өткөрүүнү камсыздасын;

- шаардын  борбордук көчөлөрүндө  кичи автобустук   каттамдарды

оптимизациялоону жүргүзсүн;

- Бишкек шаарындагы санитардык-экологиялык абал жөнүндө  маалымат   берсин;

- 2014-жылда шаардагы жумуш орундарынын накта бардыгы жана жумуш орундарынын түзүлүшү жөнүндө маалымат берсин.

  3.  Ушул токтомдун аткарылышы боюнча жасалган иштин
жыйынтыктары  жөнүндө  Бишкек шаардык кеңешине маалымат берсин.

  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасына (М. А. Аманкулов) жана  Бишкек шаарынын мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

26- март 2015-жыл,  № 114