Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 25.12.25

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-декабрында № 69

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын 2025-жылдын 22-декабрындагы №349-ф, «Эмгек» фракциясынын 2025-жылдын                       22-декабрындагы №424-фэ каттарынын жана Бишкек аймактык шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы №15, 2025-жылдын 19-декабрындагы №16, №17 чечимдеринин негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

1) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынан:

Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү.

2) муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынан:

Асилбеков Азирет Ысманалиевич – «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү.

3) турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс,
транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан:

Абиров Жаныбек Болотбекович - «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Майрамбек уулу Сыргак – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү.

2. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:

1) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына:

Мамырканов Бекзат Тынчылыкович - «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

2) турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс,
транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына:

Дунканаев Айбек Медетбекович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү.

3) Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу
маселелери боюнча туруктуу комиссиясына:

Майрамбек уулу Сыргак – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 2-пункттун 5-сабындагы «Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич» деген сөздөр «Мамырканов Бекзат Тынчылыкович» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2) 4-пункттун 8-сабы алынып салынсын.

3) 5-пункттун:

5-сабындагы «Абиров Жаныбек Болотбекович» деген сөздөр «Дунканаев Айбек Медетбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-сабы алынып салынсын жана кийинки саптардын номерлөөсү ылайыкка келтирилсин.

4) 7-пункт төмөнкү мазмундагы 7-сап менен толукталсын:

«6. Майрамбек уулу Сыргак – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү»

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                     Б. Усенанлиев

Опубликовано 17.11.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 17-ноябры № 68

                                                                                               

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

 

         “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, (чыгыш 2025-жылдын 14-ноябрындагы №01-04/56) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде Бишкек шаардык кеңеши,

 

   ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин түзүү үчүн 9 талапкердин документтери Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

         2. Ушул токтом каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                                      Б. Усеналиев

 

Опубликовано 11.11.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ 

 

2025-жылдын 7-ноябрындагы   № 66

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 8, муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 19/1, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 12, 12/1 чечимдерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызматтан бошотулсун:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Абиров Жаныбек Болотбекович;
  2. Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Бактыбеков Алымбек Бактыбекович;
  3. Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Сурапбаев Таалайбек Каримжанович;
  4. Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич;
  5. Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Насиралиев Эржан Алтымышович;
  6. Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын орун басары – Идырова Рамина Рамазановна;
  7. Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Жакыпов Таалайбек Маматович;
  8. Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Ашырова Айканыш Жоомартовна;
  9. Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча төрагасынын орун басары – Халилова Гульназ Мажитовна;
  10. Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча төрагасынын орун басары – Карыбек уулу Улукбек;
  11. Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Бекмуратова Динара Алмазбековна.

2. Бекитилсин:

  1. Дуйшекеева Элнура Качкыновна - Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;
  2. Бекмуратова Динара Алмазбековна – Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;
  3. Идырова Рамина Рамазановна - Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
  4. Шукуров Бектур Съездбекович – Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
  5. Бахтияров Эркин Бахтиярович – Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
  6. Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич - Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
  7. Аматов Рысбай Аматович - Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп.

3. 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

  1. 1-пункттун 3-абзацы алып салынсын.
  2. 2 – пункттун:

2-абазцындагы «Абиров Жаныбек Болотбекович» деген сөздөр «Дуйшекеева Элнура Качкыновна» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-абазцындагы «Насиралиев Эржан Алтымышович» деген сөздөр «Идырова Рамина Рамазановна» деген сөздөргө алмаштырылсын.

  1. 3-пункттун 4-абзацы алып салынсын.
  2. 4-пункттун:

3-абзацындагы «Жакыпов Таалайбек Маматович» деген сөздөр «Шукуров Бектур Съездбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-абзацындагы «Ашырова Айканыш Жоомартовна» деген сөздөр «Бахтияров Эркин Бахтиярович» деген сөздөргө алмаштырылсын.

  1. 5-пункттун:

2-абзацындагы «Бактыбеков Алымбек Бактыбекович» деген сөздөр «Бекмуратова Динара Алмазбековна» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-абзацындагы «Халилова Гульназ Мажитовна» деген сөздөр «Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-абзацындагы «Карыбек уулу Улукбек» деген сөздөр «Аматов Рысбай Аматович» деген сөздөргө алмаштырылсын.

  1. 6-пункттун 3-абзацы алып салынсын.
  2. 7-пункттун 2-абзацы алып салынсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                   Б. Усеналиев

 

Опубликовано 11.11.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ 

 

2025-жылдын 7-ноябрындагы   № 67

Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 «Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрду киргизүү тууралуу

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №37 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин баалу белеги – аты жазылган сааты (эркектердики, аялдардыкы) менен сыйлоо тартиби менен каралган Бишкек шаардык кеңешинин баалуу белектеринин – аты жазылган сааттарынын (эркектердики, аялдардыкы) техникалык мүнөздөмөлөрүн тактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №37 «Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин баалуу белеги - аты жазылган сааты (эркектердики, аялдардыкы) менен сыйлоо тартибине:

1) 3-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү «Бишкек шаардык кеңеш» деген сөздөр «Бишкек шаардык кеңеши» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 3-пункттун төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:

«Корпустун диаметри - 42 ммдан, 26,5 ммдан баштап, корпустун бийиктиги - 11,6 ммдан, 7,6 ммдан баштап, корпустун өңү алтын түстүү же башка түстөрдөн, циферблат сымбаттуу, кайыш боосу - накта териден же башка материалдардан.».

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                   Б. Усеналиев

 

Опубликовано 11.11.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ 

2025-жылдын 7-ноябрындагы   № 65

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин «Эл Үмүтү» фракциясынын 2025-жылдын                                     14-октябрындагы №269ФЭ, 2025-жылдын 4-ноябрындагы №250ФЭ, «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы №325ф, «Эмгек» фракциясынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы №331-ФЭ, 333-ФЭ жана 2025-жылдын 6-ноябрындагы №334-ФЭ, «Адилет» фракциясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы №221А каттарынын, Бишкек аймактык шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын 2025-жылдын 2-октябрындагы №11 чечиминин жана «Жаңы күч – новая сила» фракциясынын депутаты Т.К. Сурапбаевдин 2025-жылдын 3-ноябрындагы кир.№01-04/2083 арызынын негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

1) регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынан:

Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү.

2) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынан:

Абиров Жаныбек Болотбекович - «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Насиралиев Эржан Алтымышович – «Адилет» фракциясынын мүчөсү;

Досалиева Айдай Баялиевна – «Эл Үмүтү» фракциясынын  мүчөсү.

3) социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынан:

Идырова Рамина Рамазановна – «Адилет» фракциясынын  мүчөсү;

Улугбеков Алмазбек Улугбекович –  «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү.

4) муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынан:

Жакыпов Таалайбек Маматович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Ашырова Айканыш Жоомартовна – «Адилет» фракциясынын  мүчөсү.

5) Турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс,
транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан:

Бактыбеков Алымбек Бактыбекович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Карыбек уулу Улукбек – «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү;

Суракматов Айдар Азизович – Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Досалиев Эльмир Акуналыевич – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү;

Бахтияров Эркин Бахтиярович – «Адилет» фракциясынын  мүчөсү.

6) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынан:

Аматов Рысбай Аматович – «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү;

Бекмуратова Динара Алмазбековна – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү.

7) Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу
маселелери боюнча туруктуу комиссиясынан:

Сурапбаев Таалайбек Каримжанович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Майрамбек уулу Сыргак – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү.

2. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:

1) регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына:

Бактыбеков Алымбек Бактыбекович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү.

2) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына:

Идырова Рамина Рамазановна – «Адилет» фракциясынын  мүчөсү;

Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич - «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Асылбеков Тилек Асылбекович – «Эл Үмүтү» фракциясынын  мүчөсү.

3) социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына:

Насиралиев Эржан Алтымышович – «Адилет» фракциясынын  мүчөсү;

Сурапбаев Таалайбек Каримжанович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү.

4) муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына:

Бахтияров Эркин Бахтиярович – «Адилет» фракциясынын  мүчөсү;

Суракматов Айдар Азизович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Асилбеков Азирет Ысманалиевич – «Эл Үмүтү» фракциясынын  мүчөсү.

5) турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс,
транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына:

Бекмуратова Динара Алмазбековна– «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү;

Аматов Рысбай Аматович – «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү;

Абиров Жаныбек Болотбекович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Майрамбек уулу Сыргак – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү;

Ашырова Айканыш Жоомартовна – «Адилет» фракциясынын  мүчөсү.

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына:

Улугбеков Алмазбек Улугбекович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү

Досалиева Айдай Баялиевна - «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү.

7) Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу
маселелери боюнча туруктуу комиссиясына:

Жакыпов Таалайбек Маматович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Досалиев Эльмир Акуналыевич – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1-пункттун 3-сабындагы «Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич» деген сөздөр «Бактыбеков Алымбек Бактыбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2) 2-пункттун:

2-сабындагы «Абиров Жаныбек Болотбекович» деген сөздөр «Дуйшекеева Элнура Качкыновна» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-сабындагы «Насиралиев Эржан Алтымышович» деген сөздөр «Идырова Рамина Рамазановна» деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-сабындагы «Дуйшекеева Элнура Качкыновна» деген сөздөр «Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич» деген сөздөргө алмаштырылсын;

13-сабындагы «Досалиева Айдай Баялиевна» деген сөздөр «Асылбеков Тилек Асылбекович».

3) 3-пункттун

4-сабындагы «Идырова Рамина Рамазановна» деген сөздөр «Насиралиев Эржан Алтымышович»;

5-сабындагы «Улугбеков Алмазбек Улугбекович» деген сөздөр «Сурапбаев Таалайбек Каримжанович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

7-сабындагы «Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич «Эмгек» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр «Аскеров Марат Мирбекович «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү деген сөздөргө алмаштырылсын;

8-сабы алып салынсын.

4) 4-пункттун:

2-сабындагы «Эргешов Казыбек Кочкорович «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр «Чепеев Калыбек Чепеевич «Эмгек» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-сабындагы «Жакыпов Таалайбек Маматович» деген сөздөр «Шукуров Бектур Съездбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-сабындагы «Ашырова Айканыш Жоомартовна» деген сөздөр «Бахтияров Эркин Бахтиярович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-сабындагы «Шукуров Бектур Съездбекович» деген сөздөр «Суракматов Айдар Азизович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

7-сабындагы «Чепеев Калыбек Чепеевич «Эмгек» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр «Эргешов Казыбек Кочкорович «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкү мазмундагы 8-сап менен толукталсын: «7 Асилбеков Азирет Ысманалиевич «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү».

5) 5-пункттун:

2-сабындагы «Бактыбеков Алымбек Бактыбекович» деген сөздөр                 «Бекмуратова Динара Алмазбековна » деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-сабындагы «Халилова Гульназ Мажитовна «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр «Салымбеков Эркинбек  Мамытбаевич «Эмгек» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын

4-сабындагы «Карыбек уулу Улукбек» деген сөздөр «Аматов Рысбай Аматович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-сабындагы «Суракматов Айдар Азизович» деген сөздөр «Абиров Жаныбек Болотбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-сабындагы «Досалиев Эльмир Акуналыевич» деген сөздөр «Майрамбек уулу Сыргак» деген сөздөргө алмаштырылсын;

7-сабындагы «Бахтияров Эркин Бахтиярович» деген сөздөр «Ашырова Айканыш Жоомартовна» деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 8-сап менен толукталсын: «7 Халилова Гульназ Мажитовна «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү».

6) 6-пункттун:

2-сабындагы «Аматов Рысбай Аматович «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр «Акунова Лира «Эмгек» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-сабындагы «Бекмуратова Динара Алмазбековна» деген сөздөр «Улугбеков Алмазбек Улугбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-сабындагы «Акунова Лира «Эмгек» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр «Досалиева Айдай Баялиевна «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын.

7) 7-пункттун:

2-сабындагы «Сурапбаев Таалайбек Каримжанович» деген сөздөр «Жакыпов Таалайбек Маматович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-сабындагы «Майрамбек уулу Сыргак» деген сөздөр «Досалиев Эльмир Акуналыевич» деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                     Б. Усенанлиев