Опубликовано 11.11.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-ноябрындагы № 67
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 «Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрду киргизүү тууралуу
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №37 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин баалу белеги – аты жазылган сааты (эркектердики, аялдардыкы) менен сыйлоо тартиби менен каралган Бишкек шаардык кеңешинин баалуу белектеринин – аты жазылган сааттарынын (эркектердики, аялдардыкы) техникалык мүнөздөмөлөрүн тактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №37 «Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин баалуу белеги - аты жазылган сааты (эркектердики, аялдардыкы) менен сыйлоо тартибине:
1) 3-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү «Бишкек шаардык кеңеш» деген сөздөр «Бишкек шаардык кеңеши» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пункттун төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
«Корпустун диаметри - 42 ммдан, 26,5 ммдан баштап, корпустун бийиктиги - 11,6 ммдан, 7,6 ммдан баштап, корпустун өңү алтын түстүү же башка түстөрдөн, циферблат сымбаттуу, кайыш боосу - накта териден же башка материалдардан.».
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

