Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын  30-июлунун № 1

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарынын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырлышынын биринчи сессиясынын эсптөө комиссяисынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп,  Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын төрагасы болуп шайлансын.
  2. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-сентябрындагы № 72 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Сессияда төрагалык кылуучу,

Бишкек шаардык кеңешинин

«Өнүгүү-Прогресс»

фракциясынан депутат                                        О. В. Попиков

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын  30-июлунун

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын президиуму төмөнкү курамда бекитилсин:

Президиумдун төрагасы:

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.

Президиумдун мүчөлөрү:

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;

Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек” фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин “Ишеним” фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин “Социал-демократтар” фракциясынын лидери.

Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук  маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 5 “Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                  К. К. Конгантиев

 

Опубликовано 01.04.2026

Бишкек шаардык кеңешинин

ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-марты № 80

Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №361 тескемесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы      № 419 «Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө» токтомун, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин штаттык саны 34 штаттык бирдик санда түзүлсүн, анын ичинде:

саясий муниципалдык кызмат орундары - 3 штаттык бирдик;

административдик муниципалдык кызмат орундары - 25 штаттык бирдик;

техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 6 штаттык бирдик.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 140 «Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                   Б. Усеналиев

 

Бишкек шаардык кеңештин  2021-жылдын 30-июлунун № 4 ТОКТОМУ


Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын чечимдеринин негизинде менен,  Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө”;

Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 12-февралындагы № 86 “Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пуктунун 5-пунктчасы;

2019-жылдын 28-майындагы № 102 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

 2019-жылдын 28-июнундагы № 109 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2019-жылдын 23-октябрындагы № 114 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

2020-жылдын 14-январындагы № 127 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

2020-жылдын 2-декабрындагы № 169 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                     К. К. Конгантиев                                                                        

Опубликовано 01.04.2026

Бишкек шаардык кеңешинин

ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-марты № 82

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын 2026-жылдын 31-мартындагы №14  сунушунун, Бишкек шаардык кеңешинин «Эл Үмүтү» фракциясынан депутаты Р.А. Аматовдун 2026-жылдын 31-мартындагы №71ФЭ сунушунун, Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №3 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун жана Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №5 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №3 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу бекитилсин.
2.    Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №5 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу бекитилсин. 
3.    Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
4.    Алмаз уулу Аскар Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.
5.    2024-жылдын 2-декабрындагы №3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: 
«2. Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын орун басары болуп шайлансын.».
2) 3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Алмаз уулу Аскар Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын орун басары болуп шайлансын.».
    3) төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 35 «Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.».
6.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7.    Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
8.    Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                      Б. Усеналиев