Опубликовано 11.11.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-ноябрындагы № 66
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 8, муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 19/1, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 12, 12/1 чечимдерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызматтан бошотулсун:
- Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Абиров Жаныбек Болотбекович;
- Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Бактыбеков Алымбек Бактыбекович;
- Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Сурапбаев Таалайбек Каримжанович;
- Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич;
- Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Насиралиев Эржан Алтымышович;
- Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын орун басары – Идырова Рамина Рамазановна;
- Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Жакыпов Таалайбек Маматович;
- Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Ашырова Айканыш Жоомартовна;
- Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча төрагасынын орун басары – Халилова Гульназ Мажитовна;
- Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча төрагасынын орун басары – Карыбек уулу Улукбек;
- Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Бекмуратова Динара Алмазбековна.
2. Бекитилсин:
- Дуйшекеева Элнура Качкыновна - Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;
- Бекмуратова Динара Алмазбековна – Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;
- Идырова Рамина Рамазановна - Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
- Шукуров Бектур Съездбекович – Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
- Бахтияров Эркин Бахтиярович – Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
- Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич - Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
- Аматов Рысбай Аматович - Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп.
3. 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 3-абзацы алып салынсын.
- 2 – пункттун:
2-абазцындагы «Абиров Жаныбек Болотбекович» деген сөздөр «Дуйшекеева Элнура Качкыновна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-абазцындагы «Насиралиев Эржан Алтымышович» деген сөздөр «Идырова Рамина Рамазановна» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 3-пункттун 4-абзацы алып салынсын.
- 4-пункттун:
3-абзацындагы «Жакыпов Таалайбек Маматович» деген сөздөр «Шукуров Бектур Съездбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-абзацындагы «Ашырова Айканыш Жоомартовна» деген сөздөр «Бахтияров Эркин Бахтиярович» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 5-пункттун:
2-абзацындагы «Бактыбеков Алымбек Бактыбекович» деген сөздөр «Бекмуратова Динара Алмазбековна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-абзацындагы «Халилова Гульназ Мажитовна» деген сөздөр «Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-абзацындагы «Карыбек уулу Улукбек» деген сөздөр «Аматов Рысбай Аматович» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 6-пункттун 3-абзацы алып салынсын.
- 7-пункттун 2-абзацы алып салынсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

