Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 22.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 62

 

 

 

Отун лабораториясынын жабдууларын мамлекеттик

менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Муниципалдык мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасынын пайдалануусунда турган отун лабораториясынын жабдууларын тиркемеге ылайык мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.26kb)

Опубликовано 22.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 61

 

 

 

Бишкек шаарындагы, Фере көчөсү, 48 дарегинде жайгашкан жер участогу менен өндүрүштүк базаны мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарындагы, Фере көчөсү, 48 дарегинде жайгашкан аянты  0,4466 га, идентификациялык коду: 1-03-02-0009-0550 жер участогу менен өндүрүштүк базаны мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев

Опубликовано 22.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 55

 

 

 

Электр жабдуу объекттерин мамлекеттик

менчикке акысыз ээликтен ажыратууга

макулдук берүү жөнүндө

 

 

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу берүүнү камсыздоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясына жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен курулуп бүткөн электр жабдуу объекттерин, тиркемеге ылайык мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.16kb)

Опубликовано 22.10.2025 г. 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 58

 

 

Бишкек шаарынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесинин  3-бөлүгүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелер боюнча 32 773 370,7 миң сом, чыгашалар боюнча 32 773 370,7 миң сом суммасында долбооруна макулдук берилсин.

2. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 1 жана 2-тиркемелерге ылайык аныкталсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы алдын ала параметрлер боюнча түзүлгөн 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана иивестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеӊешинин

төрагасы                                                                             Б. Усеналиев

 

Тиркеме (xlsx.25kb)

Тиркеме 2 (xlsx.19kb)

Опубликовано 22.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 53

 

 

 

2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,

39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт эске алынсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылга социалдык өнүктүрүү программасын жана 2025-2026-жылдарга болжолун ишке ашыруу боюнча жетишсиз иш алып баргандыгы белгиленсин.
  3.  Бишкек шаарынын мэриясы:

- 2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2025-2026-жылдарга болжолунун аткарылбай калган пункттарын Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген 2026-2028-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына толуктап киргизсин;

- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 87 токтомунун аткарылбай калган 2-пунктун 2026-2028-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизсин;

- 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты расмий сайтка жарыяласын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана  инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                Б.Усеналиев