Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

   Опубликовано 16.01.26

Бишкек шаардык кеңешинин

 

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-декабрында  № 79

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы

№ 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү
жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомуна
 өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

2025-жылга Бишкек шаарынын бюджеттик параметрлерин тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин
115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы
    № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы «23 009 946,6», «11 339 832,4», «3 373 824,1»,
«2 746 071,5», «2 837 178,8», «2 713 039,8» деген сандар тиешелүү түрдө
«29 428 972,1», «14 157 443,4», «4 306 704,0», «3 443 798,7», «3 881 653,1», «3 639 372,9» деген сандар менен алмаштырылсын;

2) 1, l1,12,13 - тиркемелери ушул токтомдун 1, l1,12,13 - тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;

3) 2, 21 - тиркемелери ушул токтомдун 2, 3 - тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;

4) 7-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

5) 6-пункттагы:

1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы боюнча:

Ленин администрациялык районуна - 68,3%;

Октябрь администрациялык районуна - 57,0%;

Биринчи май администрациялык районуна - 36,1%;

Свердлов администрациялык районуна - 56,5%;

патенттин негизиндеги салык, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы иш-аракетке салык, кыймылсыз мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:

Ленин администрациялык районуна - 65,3%;

Октябрь администрациялык районуна - 51,8%»;

Биринчи май администрациялык районуна - 29,0%;

Свердлов администрациялык районуна - 48,2%;

  • 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«активдер жана милдеттенмелер боюнча 100 % шаардык бюджетке»;

6) 10-пунктта:

- 4-пунктчасындагы «карылар үйүнүн» деген сөздөр «Үмүт үйү» улгайган  жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10-пунктчасынын биринчи абзацындагы «Шаардык балдар сүт ашканасынын» деген сөздөр «Социалдык өнүктүрүү департаментинин Наристелер сүтканасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 131 жана 132-пунктчалар менен толукталсын:

«131) 2025-жылдын 1-октябрынан тартып ушул пункттун
13-пунктчасында көрсөтүлгөн кызматкерлерге, жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөрдүн өлчөмүн кызматтык маянасынан 100% өлчөмүндө көбөйтүү, мында төмөнкүлөр кошулбайт:

 - администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн башкы бухгалтерлери, аларга жергиликтүү бюджеттен  ай сайын дем берүүчү төлөмдөр кызматтык маянасынан 70% өлчөмүндө көбөйтүлөт;                                                                    

- муниципалдык аймактык башкармалыктардын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башкы бухгалтерлери, аларга жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөр кызматтык маянасынан 50% өлчөмүндө көбөйтүлөт;

132) Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратын, Бишкек шаардык кеңешин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларын, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн тейлеп иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын  кызматкерлерине жылдык иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча сый акы (сый акыга бир айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө каражаттар багытталат).»;              

7) 12-пунктта:

- 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2025-жылдын
1-июлуна чейин:

3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 50 сом;

  3төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 60 сом;»;

төмөнкүдөй мазмундагы 14-пунктча менен толукталсын:

«14) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып калктын социалдык жактан аялуу катмардын, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробация жүргүзүү алкагында ваучер алган балдардын тамактануусуна жеңилдиктерди төлөөгө 120 (бир жүз жыйырма) сом өлчөмүндө.»;

8) 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:

«91 «Учкун» конушунун окуучуларын 2025-жылдын 22-сентябрынан 31-октябрына чейин, «Биримдик Кут»  жана «Лесхоз» конуштарынын окуучуларын 2025-жылдын 2-сентябрынан 31-декабрына чейин Бишкек шаарынын  мектептерине ташууну уюштурууга;»;

9) 18-пункт «футболчуларына» деген сөздөн кийин
«2025-жылдын 17-июлуна чейин» деген сөздөр менен толукталсын;

10) 19-пункт «машыктыруучуларына» деген сөздөн кийин
«2025-жылдын 17-июлуна чейин» деген сөздөр менен толукталсын;

11) 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Төмөнкүлөр белгиленсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемеси 2025-жылдын
17-июлуна чейин колдонулат;

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 52-тиркемеси 2025-жылдын
8-августуна чейин колдонулат.»;

12) 231-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«231. 2025-жылдын башталышына карата эркин калдыктардын каражаттарынын эсебинен ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык чыгашаларды жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.»;

13) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемеси ушул токтомдун
5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

14) төмөнкүдөй редакциядагы 233-пункт менен толукталсын:

«233. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун
10-тиркемесине ылайык бекитилсин.»;

15) ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакциядагы                
10-тиркеме менен толукталсын.

  1.  Бишкек шаарынын мэриясы: 

              - Бишкек шаарынын мэринин орун басары Р.Г. Алиевди, Ленин администрациялык районунун башчысынын биринчи орун басары
Б.О. Караевди, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын начальниги М.Т. Таалайбековду жана Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги Т.Т. Бекбоевди Комиссиянын жыйындарына талаптагыдай даярданбагандыктары үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени  карасын;

-  бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын контролдоону күчөтсүн, түшүүлөрдүн системалуу мониторингин жана пландык көрсөткүчтөргө жетүү үчүн өз убагында чараларды көрүүнү камсыздасын.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                               Б. Усеналиев

 

Тиркеме(xlsx.568kb)

Опубликовано 16.01.26

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-декабры № 78

 

2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык   коргоону өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»  уңгужолу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле маданият, билим берүү, социалдык өнүгүү, дене тарбия жана спорт чөйрөлөрүндө сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыздоо жолу менен Бишкек шаарынын калкынын жашоо сапатын жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык  коргоону өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын;

- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитсин;

- 2026, 2027 жана 2028-жылдардын жыйынтыгы боюнча 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Бишкек шаардык кеңешине отчет берсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                        Б. Усеналиев

 

Тиркеме(docx.270kb)

Опубликовано 16.01.26

Бишкек шаардык кенешинин токтому

2025- жылдын 23 декабры № 74

 

Бишкек шаарынын мэриясына

муниципалдык мүлктү күрөөгө коюуга

макулдук берүү жөнүндө

 

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», жана «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 19-05/54 субкредиттик макулдашууну аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык муниципалдык мүлктү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону Бишкек шаардык кенешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссияларына жана Бишкек шаарынын мэрине А. Дж. Джунушалиевге жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                           Б. Усеналиев

 

Тиркеме(docx.18kb)

Опубликовано 16.01.26

Бишкек шаардык кенешинин токтому

2025- жылдын 23 декабры № 77

 

 

Бишкек шаарынын муниципалдык

көрүстөндөрүнүн иш-аракеттеринин тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтому менен бекитилген Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүнүн иш-аракеттеринин тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэри А. Дж. Джунушалиевге жүктөлсүн.
  5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага                                                                                             Б. Усеналиев

 

Тиркеме(docx.51kb)

Опубликовано 25.12.25

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-декабрында № 73

 

Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, № 37/5, 37/6, 37/7 дарегинде жайгашкан жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 1015-т тескемесин ишке ашыруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, № 37/5, 37/6, 37/7 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-04-13-0033-0135, аянты 0,72 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                       Б. Усеналиев