Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

от 5 апреля 2022 года

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттемелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 8 651 573,5 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 8 292 921,7 миң сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 358 651,8 миң сом суммасында бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 К. Конгантиев

 

 

2022-ж. 5-апрель

Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамына ылайык, бөөдө кырсыктарды алдын алуу жана муниципалдык лифттердин иштөөсүнө контролду жүргүзүү максатында, ошондой эле, «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын (мындан ары - «Бишкекшаарлифт» МИси) 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

«Бишкекшаарлифт» МИсинин ишине жана анын ишинин сапатына контролду күчөтсүн;

бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын лифт чарбасын реабилитациялоо жана өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энерегетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрге жүктөлсүн.

Төрага                                                                                      К. Конгантиев

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  20-декабрындагы № 19

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 177 “2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы «10 237 997,9», «5 410 859,4», «1 294 219,8», «1 229 131,1», «1 109 317,4», «1 194 470,2» деген цифралар тийиштүү «10 994 086,6», «6 266 581,9», «1 264 968,1», «1 192 581,7», «1 098 512,0», «1171 442,9» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

4)  жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

5) 24-пункттагы «260 921,3» деген цифра «260 703,8» деген цифра менен алмаштырылсын;

6) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев

Тиркеме:

- токтомго бардык тиркемелер (xlxs. 168 Кб)

 

2022-ж. 5-апрель

Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамына ылайык, «Бишкекжылуулуктармак» ААКсы тарабынан жер алдындагы өтмөк аркылуу магистралдык жылуулук тармакты куруу себеби боюнча жабылган Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү жана ачуу, жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле, мындан ары Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын окуучуларынын катышуусу менен жол-транспорттук кырсыктарды болтурбоо максатында, «Бишкекжылуулуктармак» ААКсынын 2021-жылда жасаган  иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бишкекжылуулуктармак» ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету канаттандыраарлык эмес деп табылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы, «Бишкекжылуулуктармак» ААКсы:

Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү жана ачуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;

Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү «Бишкекжылуулуктармак» ААКсынын каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн;

көрүлгөн чаралар тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энерегетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энерегетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кенешинин төрагасы                        К. Конгантиев

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  20-декабрындагы № 18

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын чени төмөнкүдөй бекитилсин:

1) жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иш-аракеттер үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр үчүн - ар бир кызматкерден бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

2) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн - ар бир кызматкерден бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.

2. Бекитилген формага ылайык жыйымдын суммаларын төлөө жана тиешелүү эсептешүүлөрдү берүү төлөөчүлөр тарабынан жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн жыйымды ошондой мүлк бекитилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте жеке жактардан, ишкердик иш-аракеттер үчүн арналбаган турак жай курулуштардын ээлеринен Бишкек шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын чени, аны башкаруу тартиби маселесин иштеп чыксын жана аны Бишкек шаардык кеӊештин бекитүүсүнө киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

Бишкек шаардык кеӊешинин 2009-жылдын 30-мартындагы № 54 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ченин бекитүү жөнүндө» токтому;

Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 13 «Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы № 54 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ченин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;

Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-февралындагы № 149 «Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы № 54 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу ченин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;

Бишкек шаардык кеӊештин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» жана «Бишкек шаарынын аймагында автотранспортторду токтотуу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы                                                          К. Конгантиев