Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29-июнь № 38

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137 “Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137 “Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  киргизилсин:

а)  киришмедеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 2-пунктун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

в) 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

  1. Жогорудагы токтом менен бекитилген Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жободого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  жана толукутоолор киргизилсин:

а) 3-пункттагы:

25-абзац алып салынсын;

29-абзацтагы “жана жер пайдалануу, куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

32-абзацтагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү,” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;

36-абзацтагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

б) 6-пункттагы в) пунктчасы алып салынсын;

в) 9-пункттагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

г) 10-пункттагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

д) 11-пункттагы 17-абзац алып салынсын;

е) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“12. Ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар чек араларды өзгөртүү, жер участогунун функционалдык багыты же жер участогун алмаштыруу мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө келип түшкөн суроо-талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларды карайт.

Чек араларды өзгөртүү, функциялык дайындоо же жер участогун алмаштыруу мүмкүн болбогон учурда, анын ичинде чектөөлөр болгондо (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары) арыз катталган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде даттануу тартибин көрсөтүү менен арыз ээсине негиздүү баш тартуу жиберет.

Чек араларды өзгөртүү, функциялык дайындоо же жер участогун алмаштыруу мүмкүн болгон учурда, 5 жумушчу күн ичинде арыз ээси тарабынан берилген документтерди архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте макулдашуу же түзүү үчүн жөнөтүүгө милдеттүү.”;

ж) 14-пункттагы:

в) пунктчасындагы “ошондой эле жер пайдалануу жана куруу эрежелерине ылайык келүүсү” деген сөздөр алып салынсын;

22 - абзацтагы “эки” деген сөз “үч” деген сөзгө алмаштырылсын;

з) 15-пункттагы 3-абзац алып салынсын;

и) 17-пункттагы “өзгөртүү киргизүү” деген сөздөрдөн кийин “же алмаштыруу” деген сөздөр менен толукталсын;

к) 18-пункттагы “ыйгарым укуктуу органдын атайын эсесбине” деген сөздөр “арыз ээсинен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

л) 20-пункттагы “15” деген цифра “7” деген сан цифра менен алмаштырылсын;

м) 21-пункттагы “ыйгарым укуктуу органга” деген сөздөр “арыз ээсине” деген сөз менен алмаштырылсын;

н) 23-пункттагы:

“ошондой эле” деген сөздөрдөн кийин “жер участогун берүү мыйзамсыз болгон учурда, көзөмөл жана сот органдарынын жүйөлүү чечимдеринин,” деген сөздөр менен толукталсын;

“көрсөтүлгөн жагдайлар” деген сөздөрдөн кийин “ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн.”;

о) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“24. Берилген жер участогунун аянты мурда берилген жер участогунун же алмаштырылуучу жер участогунун жалпы аянтынан ашпашы жана коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынуучу экономикалык-пландоо зонасында жайгашпашы керек. Ошентип, теңдеш жер участокту берүү комиссиянын чечими менен аныкталат.

Муниципалдык менчикте турган жер участокту мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алынып коюла турган жеке менчикте турган жер участокко алмаштырууга жол берилет. Ошентип, жеке менчикте турган жер участок муниципалдык менчик жерлерине которулат, ал эми жеке же юридикалык жакка анын ордуна берилген жер участок тиешелүү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө менен бул жактын жеке менчигине которулат.

Пайдалануунун белгилүү бир түрү үчүн жер участогу ижарага берилген же тоорукта ижара келишими түзүлгөн ижарачы шаар куруу регламентинде каралган түрлөрдүн тизмегинин алкагында жер участоктун функционалдык багытын өзгөртүүгө укуктуу.”;

п) 28-пункттагы “берүү” деген сөз “алмашуу” деген сөзгө алмаштырылсын;

р) 29-пункттагы “ыйгарым укуктуу органдын эсебине” деген сөздөр “арыз ээсинен эсебине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

с) 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Ижара төлөмдөрдү кошуп эсептөө Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген эсептерге ылайык жүргүзүлөт.”;

т) 31-пункттагы “15” деген цифра  “7” деген цифра менен  алмаштырылсын;

у) 32-пункттагы “ыйгарым укуктуу органга” деген сөздөр “ижарачыга” деген сөз менен алмаштырылсын;

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселесин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                          Ж. А. Абдраимов

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29-июнь № 37

 

 Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 1-пункттун биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“1. Төмөндөгүлөргө 2023-жылдын 2-апрелине чейинки мөөнөткө мораторий белгиленсин:”;

б) 1-пункттун 2-абзацындагы:

“жарнамалык көрсөткүчтөр” деген сөздөрдөн кийин “жана LED-экрандар” деген сөздөр менен толукталсын;

в) 3-пункттун 2-абзацына төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

“Садыгалиев көчөсүнө чейин Дэн Сяопин проспекти” деген сөздөр “Фучик көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки Дэн Сяопин проспекти” деген сөздөргө алмаштырылсын;

“Павлов көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейинки)” деген сөздөр алынып салынсын;

“А. Элебесов көчөсү (Кичи Чүй каналына чейинки),” алынып салынсын;

“Л. Толстой көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Ибраимов көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки)” деген сөздөр менен толукталсын;

“Т. Фрунзе көчөсү,” деген сөздөр алынып салынсын;

“С. Каралаев көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн Иса Ахунбаев көчөсүнө чейинки)” деген сөздөр менен толукталсын;

“Логвиненко көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Л. Толстой көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки)” деген сөздөр “(Кулатов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Панфилов көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(темир жолдон Жибек Жолу проспектине чейинки)” деген сөздөр “(Иса Ахунбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Тоголок Молдо көчөсү”деген сөздөрдөн кийин“(Москва көчөсүнөн чоң Чүй каналына чейинки)” деген сөздөр “(Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Лермонтов көчөсү” деген сөздөр алынып салынсын;

“А. Үсөнбаев көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки” деген сөздөр менен толукталсын;

“И. Раззаков көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки)” деген сөздөр менен толукталсын;

“Д. Садырбаевкөчөсү”деген сөздөрдөн кийин “(Л. Толстой көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсүнө чейинки)” деген сөздөр алынып салынсын;

“Ю. Гагарин көчөсү (Ч. Айтматов проспектинен Т. Фрунзе көчөсүнө чейинки), Ш. Руставели көчөсү (И. Ахунбаев көчөсүнөн Ю. Гагарин көчөсүнө чейинки),” деген сөздөр алынып салынсын;

“Чортеков көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Жайыл Баатыр көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки)” деген сөздөр менен толукталсын;

“Алыкулов көчөсү” деген сөздөрдөн кийин“(Дэн Сяопин көчөсүнөн темир жолго чейинки)” деген сөздөр менен толукталсын;

“Сүйүмбаев көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки)” деген сөздөр “(Москва көчөсүнөн Михаил Фрунзе көчөсүнө чейинки)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

“Михаил Фрунзе көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Сүйүмбаев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки)” деген сөздөр “(“Аламедин” суусунан Жаш Гвардия бульварына чейинки)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

“Профсоюз көчөсү” деген сөздөр алынып салынсын;

“Ю. Фучик” көчөсү, Токтоналиев көчөсү”деген сөздөр менен толукталсын;

г) 3-пункттун 3- жана 4-абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:

“Төмөнкү соода-рынок комплекстеринин жана базарларынын жээгинен өтүүчү көчөлөрдүн эки тарабындагы аймактарда:

“Дордой” базары (Элебесов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки “Айланып өтмө жолу”, “Айланып өтмө жолунан” Эмгекчил көчөсүнө чейинки Ибраимов көчөсү, Ибраимов көчөсүнөн Дордой-Ибраимов-1 көчөсүнө чейинки Эмгекчил көчөсү, Эмгекчил көчөсүнөн Дордой-6 көчөсүнө чейинки Дордой-Ибраимов-1 көчөсү, Дордой-Ибраимов-1 көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки Дордой-6 көчөсү,Дордой-6 көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки Ибраимов көчөсү, Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки Аул көчөсү, Аул көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейинки Элебесов көчөсү, Элебесов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки Курманалиев көчөсү, Курманалиев көчөсүнөн “Айланып өтмө жолуна” чейинки Элебесов көчөсү);

“Аламүдүн базары”(Муса Жалил көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки Курманжан Датка көчөсү,Курманжан Датка көчөсүнөнБуденный көчөсүнө чейинки Жибек Жолу проспекти, Жибек Жолу проспектинен Муса Жалил көчөсүнө чейинки Буденный көчөсү, Буденный көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки Муса Жалил көчөсү),

“Кудайберген базары” (Садыгалиев көчөсүнөн Патриса Лумумба көчөсүнө чейинки Профсоюз көчөсү, Профсоюз көчөсүнөн Волкова көчөсүнө чейинки Патриса Лумумба көчөсү, Патриса Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки Волкова көчөсү, Волкова көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки Садыгалиев көчөсү;

“Орто Сай базары” (Сүйөркулов көчөсүнөн Безымянная көчөсүнө чейинки Юнусалиев көчөсү, Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки Безымянная көчөсү, Безымянная көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки Жукеев-Пудовкин көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки Сүйөркулов көчөсү);

“Ош базары” (Чүй проспектинен Токтогул көчөсүнө чейинки Бейшеналиева көчөсү, Бейшеналиева көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки Токтогул көчөсү, Токтогул көчөсүнөн Павловкөчөсүнө чейинки Кулиев көчөсү, Кулиев көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки Павловкөчөсү, Кулиев көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейинки Киев көчөсү, Киев көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки Павловкөчөсү)”;

д) 5-пункттагы “(Адылбеков У. Е.)” деген сөздөр аланып салынсын;

е) 5-пункттагы “А. В. Филатов” деген сөздөр “Бишкек шаарынын муниципалдык менчик маселелерин тейлеген вице-мэрине” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

жеңилдетилген типтеги объекттердин бирдиктүү стандартын иштеп чыксын жана бекитсин жана расмий жарыяласын;

ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте 2022-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө мораторий белгиленген көчөлөргө, проспекттерге жана бульварларга жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу орундарын аныктоо жана бекитүү менен жеңилдетилген типтеги объекттер жана жарнамалык конструкциялар үчүн жер участокторго укуктарды берүү тартибин чектөө боюнча жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                          Ж. А. Абдраимов

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жыл 26 май № 30

«Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

Программаны ишке ашырууну камсыз кылсын;

жарым жылдын жыйынтыктары боюнча Бишкек шаардык кеңешине программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берсин;

программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин жана үч айлык мөөнөттө отчет берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэри           Э. М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                         К. Конгантиев

«Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү программасы (скачать, 78 Кб)

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жыл 29-июнь № 36

 

Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын Башкы планын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелери бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн;

картографиялык материалдар (Бишкек шаарынын аймагын пайдалануунун өзгөчө шарттары менен  зоналар картасы, Бишкек шаарынын аймагын укуктук зоналоо картасы, тарыхый-маданий мурасты пайдаланууну чектөөлөрдүн зоналарынын картасы) жеке менчик кызыкчылыгына зыян келтире турган учурда, Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары:                                                         Ж. А. Абдраимов

 

Тиркемелер:

- Шаарды укуктук зоналарга бөлүү картасы (1-тиркеме)

- Экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдү колдонуу зоналарынын картасы (2-тиркеме)

- Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча чектөөлөрдү колдонуу зоналарынын картасы (3-тиркеме)

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 26 май № 31

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2024-2025-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

«Бишкек Live» жана «Трафик KG» мобилдик тиркемелерин иштеп чыксын жана ишке киргизсин;

муниципалдык менчиктин ачык электрондук базасын жана Бишкек шаарынын инвестициялык картасын түзсүн;

муниципалдык кызматкерлердин эмгегин баалоо үчүн так индикаторлорду иштеп чыксын жана ишке ашырсын;

2024-жылга чейин турак жай конуштарынын статусунан толугу менен баш тартуу жана аларды шаардын кичи райондорунун катарына киргизүү маселесин карасын;

калктын социалдык аярлуу катмарын түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн эң керектүү тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн “Муниципалдык павильондор” долбоорун иштеп чыксын;

жаңы кичи район курулса, аны “Манас Сити” деп атоо тууралуу маселени карасын;

шаардын мектептеринин ар бир окуучусуна окуу мезгилинде белгилүү 30 музейдин ар бирине барууга мүмкүнчүлүк берүүчү программаны иштеп чыксын жана ишке ашырсын;

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан жаңы суу соргуч горизонтторду өздөштүрүү тууралуу маселени изилдеп иштеп чыксын;

жеке адамдардын коомдук транспортту лизингге алуусу боюнча программаны иштеп чыксын;

окуучуларга бекер жүрүүнү же мектеп автобустары менен камсыздоо маселесин карасын;

шаардын борбордук бөлүгүн маршруттук таксилерден бошотуу жана аларды жаңы автобустар менен камсыз кылуу, 2 айланма жолду тууралуу түзүү маселени карасын;

«Кумайык» программасын иштеп чыксын жана ишке ашырсын;

2023-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун даярдоодо бүтө элек курулуш объектилерине артыкчылык берсин;

шаар боюнча 1250 видео байкоо камераларын орнотууну камсыздасын;

50 км тротуар жана 25 км веложолчолорду курууну камсыздасын;

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген тартипте жол жумуштары башталган же акча каражаттары бөлүнгөн көчөлөрүндө жол тилкесин реконструкциялоо жана асфальт төшөө боюнча ишти аяктасын;

Бишкек шаарынын Чоң Чүй каналын гидроизоляция жүргүзүү маселесин карасын;

2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун ишке ашырууну камсыздасын;

2023-жылдын жыйынтыктары боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётту Бишкек шаардык кеңешине берсин.

  1. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                              К. Конгантиев

Тиркемелер:

- № 1 тиркеме ( 20 Кб)

- № 2 тиркеме (Кб)