Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 29 сентябрь № 50

 

Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 11 130 052,9 миӊ сом суммада, чыгашалар боюнча 10 545 388,4 миӊ сом суммада, чыгашалардан кирешелерди ашыруу боюнча 584 664,5 миӊ сом суммада бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

 

 

 

Төраганын убактылуу

милдетин аткаруучу                                         Ж. А. Абдраимов

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 29 сентябрь № 49

 

«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына Бишкек шаарынын бюджетиненбюджеттик кредит берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын иш-аракеттерин жандандыруу үчүнколдоо көрсөтүү максатында,Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна,79-беренесинин5-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

    1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын 2022-жылгабюджетинен «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына30 000,0 миң сом суммасындабюджеттик кредит берүүгө макулдук берилсин.

    2. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) төмөндөгү шарттарда кредиттик келишим түзсүн:

2025-жылдын 15-апрелинен тартып2032-жылдын 15-октябрына чейинтекши төлөмдөр мененнегизги карыз боюнча карыздыжоюу;

жылына эки жолу негизги карыз жана бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар боюнча карызды жоюунун мезгилдүүлүгү;

0,1 жылдык пайыз - бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык коюму;

кечиктирген карыздын суммасына эсептеленүүчү 0,5 жылдык пайыз -финансылык санкциялар;

2) «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы тарабынанушул токтомдун1-пунктунда көрсөтүлгөнбюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздасын.

    3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

       4. Ушул  токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы  жана  инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу                       Ж. А. Абдраимов

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 15-сентябрь № 44

                   

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу  үчүн, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын (мындан ары - Курултай) 2022-жылдын 5-ноябрына (ишемби), саат 10:00дө, Чүй проспекти, 251 дарегинде (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония) өткөрүү белгиленсин.

 

2. 1-тиркемеге ылайык курамда Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын  курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссия түзүлсүн.

 

3. Курултайга өкүлчүлүктүн чени делегаттардын 800 санында белгиленсин.

 

4. 2-тиркемеге ылайык Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги бекитилсин.

 

5. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия:

2022-жылдын 25-октябрына чейинки мөөнөттө  Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамаатынын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрсүн;

боло турган Курултай тууралуу Бишкек шаарынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;

Курултайда аны бекитүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын күн тартибинин долбоорун иштеп чыксын.

 

6. Бишкек шаарынын мэриясы Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин.

 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы  К. К. Конгантиевге,  Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. К. Абдиевге жана биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри Э. М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                            К. Конгантиев                 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29 сентябрь № 48

 

Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

 

Шаардыктардын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн, салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.  Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

  1) квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15-числосуна чейин жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешине берсин;

  2)  ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул  токтом  каттоодон  өткөрүлсүн  жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                              К. Конгантиев

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29-июнь № 43

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы №3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын,  Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин, Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Попиков Олег Владимирович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Абдраимов Жылдызбек Асанкулович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү.

 

2. Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Давыдов Эрмурза Давыдович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү киргизилсин.

 

3. Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы №3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

в) 1-пунктта:

6-саптагы “Усубалиев Таалайбек Болотбекович” деген сөздөрдөн кийин “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү” деген сөздөр кошулсун;

төмөнкү мазмундагы 7-сап менен толукталсын;

“7. Давыдов Эрмурза Давыдович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү”.

б) 6-пункттун 5-сабы алынып салынсын;

в) 4-пункттун 8-сабы алынып салынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                             К. Конгантиев